№36, 19.03.08-ж.
  Аксыда элдик сот болду,
бийликтин соту бок болду

2008-жыл 17-март. Аксы
Ушул күнү Аксы районунун Каражыгач айылында кыргыз элинин каада салтына ылайык элдик сот өткөрүлдү. Элдик сотко катышуу үчүн саясатчылар, укук коргоочулар жана журналистердин калың тобу барышкан. Эсиңиздерге сала кетсек, Аксы окуясынын алты жылдыгына арналган элдик соттун болоору, мындан бир ай мурун Аксылык жабырлануучулардын кыргыз элине болгон кайрылуусу менен белгилүү болгон.
Элдик сотту Т.Тургуналиев ачып, элдик соттун курамына көргөзүлгөн кыргызстандын булуң-бурчунан келген талапкерлерди тааныштырды. Элдик сотко мүчө болгон бардык талапкерлерди элдик сотко катышуу үчүн келген адамдардын добуш берүүсү менен бекитишти. Алардын курамына кирген Э.Каптагаев, Р.Дырылдаев, М.Чолпонбаев, Г. Мамбеталиев, А.Орозбаков, А. Маматов, А. Мадмаров, А. Мониев, Р.Алымкулов, Э.Каримкулов, Ж.Асанов ж.б.у.с. өздөрүнүн төрагасын, атайын жасалган боз үйдүн ичинде шайлашты. Натыйжада, кыргыз тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан элдик соттун төрагасына Кочкорлук адвокат Э.Каримкулов шайланды. Ал эми, элдик айыптоочулардын курамына, Д.Садырбаев, Тургуналиев, Т.Исмаилова жана аксылыктардын алмашкыс адвокаты С.Жайчибековдор бир добуштан шайланышты. Алгач сөз алган Д.Садырбаев: "Аксы окуясы боюнча акыркы парламенттик комиссияны мен жетектедим. Т.Тургуналиев мен Т.Исмаиловалар көз карандысыз комиссияларды жетектеп келишти. Бирок, биз өз ара кеңешкенден кийин, элдик сотто баяндама жасоону, башынан бери бул ишти изилдеп келген өзүңүздөрдүн адвокатыңыздар С.Жайчыбековко берели деп чечтик" - деди.
Д.Садырбаевдин мындай пикирине көпчүлүк макул болушту. Андан кийин сөз алган элдик айыптоочулардын баяндамачысы С.Жайчибеков төмөндөгүлөрдү билдирди:
- Мен өз сөзүмдө айыптоочуларды жөн гана курулай сөз менен эмес, милициялардын өз колу менен, прокуратура кызматкерлеринин өз колу менен толтурулган документтеринин негизинде бекемдейм. Акаев өз колу менен жалганчылардын, паракорлордун жана коррупционерлердин бийлик элитасын түзүп келиптир. Ошол системага каршы чыккан биздин А.Бекназаровду жок кылыш максатында, бүтүндөй Аксы элин жабыр тарттырды. Бир адамды душман күтүп бүтүндөй Аксы элин душман кылды. Ошол кездеги Аксы окуясына "күнөөм жок", "мен чет өлкөдө болчумун", "мен барган эмесмин" дегендердин баарысынын күнөөлөрү бар экенин, мен кагаз жүзүндө далилдеп берем. 2002 жылдын 8 январында ошол кездеги башкы прокурор Ч.Абышкаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында мындай деп айткан. "Биз айрым күбөлөргө, тергөөчүлөргө А.Бекназаров тарабынан кысым болбосун деп, аны камоого аргасыз бардык. А. Бекназаровду камоодо облустун прокуратура кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан эмес, аларга менин дооматым жок. Азимбекти камоого негиз бар"-деп, ошол кездеги областтык прокурор З.Кудайбергеновду калкалаган.
Ал эми иш протоколдорунда таптакыр башка көргөзмө берген. Мен аларга токтолбой эле коеюн. Эми, ошол кездеги депутат Б.Асановдун Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнөн кыскача үзүндү келтирейин. "6-январь күнү мен областтык прокурор З.Кудайбергеновго кирдим. Экөөбүз 15-20 мүнөттөй сүйлөштүк. З.Кудайбергенов А.Бекназаров жөнүндө көп чатак кылбасаңар, ал унчукпаса, биздин айтканыбызга көнсө, биз чараны өзгөртөбүз. Козголгон ишти токтотуп коюшубуз да, мүмкүн. Бүгүн Жалалабад облусундагы бийлик мага берилген. Кааласам спикерди посажу, кааласам губернаторду отургузам. Керек болсо сени дагы отургузам, ага негиз бар деди. Мени мыйзамсыз, далилсиз отургузгуча, атып салбайсыңарбы дедим. "Атып сала албайбыз" деди. Анда эч нерсе эмес экен дедим". Көрдүңүздөрбү? Ошол кездеги облусттук бийлик кимдин колунда болгонун. Жогорку бийлик Аксы окуясы боюнча ар бир ишти алдын-ала пландаштырып койгон. Аксы элин эки-үч ай мурун эле күнөөлүү деп табышып, анан 17-мартта аткылашкан. Мен эми ушуну далилдеп берейин: 2002-жылы укук коргоо уюмдарынын координациялык кеңешмесинде З.Кудайбергенов мындай деген, "Так на митинге от 25-января 2002-года со стороны Т.Тургуналиева были высказаны клеветнические мышления в адрес органов власти, однако ни прокурор района, ни начальник РОВД не проявили инициативу по пересечению не законных действий" - деп, Топчукени эле күнөөлөп келе жатып, аягына кошуп коюптур "и активных участников" деп. Ал эми 6-мартта митингдерге карата эч чара көрүлбөгөндүгү үчүн, район прокурору Калдоровко эскертүү берген. Райондук милиция ошол кездеги саясий акцияларга катышып жүргөн 100 активисттин форма №1 бланкаларын паспорттук столдон алып, иш козгогонго даярдап коюшкан. Мына, алардын баары азыр менин колумда турат. Бул кагаздар эч кимге берилчү эмес, алар көтөрүп турушкан. Эми 17-март жөнүндө айтсак, менде ошол кездеги милиция кызматкерлерин өздөрүнүн берген сурак протоколдорунун көчүрмөсү бар. Ошондо жазылып жүрөт "Кулиев Данияр элди карап биринчи ок чыгарды. Аны өз көзүм менен көрдүм. Анын огу кимге тийгенин көргөн жокмун, бирок анын ок атканын көрдүм. Андан кийин эле автоматтан ок атылып, мен эч нерсе көрбөй калдым" - деп. Ага суроо берилип жатат. Ким "команда берди эле?" - деп. "Команданы ким бергенин билбейм, бирок Кулиев аткандан кийин автоматтар атылган" - деп. Он баланын көргөзмөсү көрсөтүп турса да, Кулиев "мен аткан жокмун" - деп, танып кеткен. Сот ошонун сөзүн колдогон. Милициялардын өздөрүнүн түзгөн жалган экспертизасынын жыйынтыгы боюнча, Аксыдагы элге күч колдонуу үчүн 4 автомат, 2 пистолет гана колдонулуптур.
Эми ошол ок атылган автоматтардын бирөөсүнөн чыккан ок Э.Токтоболотовго тийгендиги аныкталса, бирөөсү Үмөткуловду аткан пистолет болуп чыккан. Жарадар болгондордун бирөөсүнөн чыккан ок Жалалабад облусунун милициясынын орун басары А.Калбаевтин пистолетине тиешелүү болсо, дагы бирө спецназдын жоокери Жаныбаевдин автоматынан чыккан ок экендиктери далилденген. Бул экспертизанын жыйынтыгы. Чынында канча курал колдонулган? Мына ошол кездеги облусттук милициянын начальниги К.Токобаевдин министр Т.Акматалиевке берген докладындагы запискасында мындай деп жүрөт: 14 автомат, 5 пистолет, 28 бронежилет, 17 дубинка деп. Ал эми 18-мартта Кербен шаарчасында атып өлтүрүлгөн Үмөталиев Элдиярдын жанында жүргөн баланын түшүндүрмөсү боюнча, Элдиярды машинанын эшигин ачпастан атышкан. Тергөөчүлөр окуя болгон жерди протокол түзмөк турсун карашкан да эмес, тактаган да эмес. Ошол жерде атылган гильзалар калып калган. Аны К.Садиев өзү терип алган. Бул жөнүндө "Дело №" газетасына чыккан. Лейла Саралаеванын көзүнчө алган гильзаларды К.Садиев "тергөөгө өткөрөм" - деп, протокол түзүп туруп алган. Бирок, ал протокол тергөөгө жеткен эмес. Себеби, ошол аткаргандардын башында К. Садиев өзү турган. Мындан сырткары дагы, далилдүү фактылар бар. Мисалы "мени дубинка менен ыргыта чапты, өлүктөрдүн арасына кошуп ыргытып жиберди" деген Адылбековдун түшүндүрмөсү бар. Акесине ок тийип, башын жөлөп отурса, аны дубинка менен бир чаап, өлүктөрдүн арасына ыргытып жиберишкен. "Аке мен сизди тааныйм, менин акеме ок тийиптир, мен жардамга келдим" деп, жалдыраса да болбой, өлүктөрдүн арасына ыргытып жиберишкен. Ошол жерден медсестралар муну көргөн "ой бул бала тирүү экен" дешкен. Д.Кулиевтин атканын көргөн көргөзмөлөр он чакты. "Мен көрдүм" - дегендер толтура. Бул жерде Четинбаев Амангелди дегендики бар. Кулиевтин кандай кылып атканын көргөнү тууралуу. Жыйынтык болгон эмес.
Бизде Бакыт Абдразаков деген болгон, УККнын райондук башчысы, ошого иш да козголгон жок, эч нерсе болгон жок. Аны айтып атат бул документте, Ниеталиев Раимбек деген бала, " ээ оногу атчан отурган 12-13 жашар баланын атып атат, көйнөгүн тешип кетти" -деп. Бир эле бул бала айткан жок, Сеиткулов деген да айтып атат, "көргөм Абдразаков атып атат ошону"деп.
Ушул күбөлөрдүн көргөзмөсү боюнча Абдразаковду бир да жолу сурап койгон эмес. Ал пистолетин экспертизага бербей коюптур, менин пистолетим жок деп. Эмне үчүн экспертизага берген эмес?
Экспертизага 5-6 окту гана жөнөтүшкөн. Мына, менин колумда азыркы күнгө чейин жүрөт, мындай гильзалар (көрсөтөт). Ошол кезде элдер чогултуп алган. Мындай патрондор миңдеп жүрөт. Мына, көрсөтмөлөрүндө жүрөт. Спецназдын Карабалаев деген жоокеринин көргөзмөсүндө жүрөт "мен алты патрон аттым" - деп, Тилебалиев айтып атат "мен 10 патрон аттым" - деп. Мына ушул миңдеген патрондордун баарысы экспертизадан өтүш керек болчу. Тилекке каршы өткөн эмес. Исмаил Исаковко ошондо бир пакет кылып жыйып беришкен. Ошол октордун бирөөсү да, экспертизадан өткөн эмес. Атургай бир ок бүтүн чыккан. Кийин ошол бүтүн патрон атылган төрт автоматка тиешелүү эмес деген бүтүм чыккан. Бирок кошуп текшерсе болот эле да? Мына, Доолбеков деген милициянын көрсөтмөсү бар "мен автомат көтөрүп бардым бирок, ок аткан жокмун" - деген. А.Кенжебаев деген мурунку начальник милициянын (Д.Кулиев) айдоочусу, азыр да ГАИде иштеп жүрөт, ал да айтып жатат, "мен автомат алгам бирок аткан эмесмин" - деп. Булар болсо айтып атат "төрт эле автомат алынган, ошондон өлүшкөн" - деп. Андай эмес да? Бекиев Айбек деген жазып атат "мен 19 - катардан автомат алгам" - деп, демек, ага чейин 18 адам курал алышкан. Анысы аз келгенсип айтып атат "мен беш, алты эле ок аткам, Карабалаев Заир деген менин колумдан жулуп кетип, атып-атып келди эле, мен автобуска келгенде кайра алып алдым" - дейт. Экөөсүн беттештирип сурап койгон киши болгон эмес? Башкаларын айтпай эле коеюн. Мына, экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү (көрсөтөт). Бул жерде конкретно жазылып турат. "Өскөнбеков Улуктун бутунан чыккан ок, Калбаев Абдымиталдын пистолетине тиешелүү" - деп. Аны Чубак Абышкаев өзү дагы айткан. №СВ277К деген пистолеттен атылган деп. Кылмыш ишинин 3 - томунун 145-бетинде тигилип турат. Экинчи автоматтын номерин берип атат АКМ №ее1833 деп. Булар айтып атпайбы 4 эле автомат болгон деп. Менин билгеним боюнча ошо күнү саат экиге чейин эле 29 автомат алынган, 29 автоматты ошол кездеги милициянын начальнигинин орун басары Ашыралиев алган. Ал дагы 1080 патрон алган. Боспиектин аткылоодон алардын огу түгөнүп калып, Күлүк дөбөгө качып келишкен, анан Калбаев команда берген "ок алып келгиле өлүп калабыз, биякта бизди кырып салды" - деп. Анан Токтосунов Бакыт деген барып, Ашыралиевдин алдына салып айдап келген. Ашыралиев 1080 патронду эч кандай кагазы жок эле таркатып берген. Болгону Нурлан деген участковыйдын тетрадына жазышкан, мынча алышты деп. Кийин ал дептер дагы жоголуп кеткен. Кийин 1080 патронду "списать" этип салышкан. Эми далилдери келтире берсем күн батат. Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөрдүн башында А.Акаев турат. Эмнеге? Биз А.Акаевке комиссия менен киргенибизде ал айткан "мен чет өлкөдө болчумун"- деп. Ал эми, К.Жумалиевдин сурак протоколунда мындай деген жери бар "Аксыда тополоң чыккандан кийин, мен Бакиевдин совещаниесинде отурсам, мени чакырып алып, Аксылык жигиттерди чогултуп алып, учуп барбасаң болбойт дегенинен, мен 28 адамды алып, Аксыга учуп бардым" - дегени Акаев чет өлкөдө жүрсө, анан кайдан Бакиевдин кабинетинен Жумалиевди чакыртып алган? Ал эми К.Бакиев болсо, "Тайфун" операциясы анын милдетине кирбесе да, ага кол коюп, аны жетектеген. "Өлкөдө биринчи адам кол коймоюнча курал колдонулбайт, дүйнөлүк практикада да, мындай жок" - деп, мага спецслужбанын авторитеттүү адамдары айтышкан. Биздин өлкөдө эки жолу мындай чечим кабыл алышыптыр, 1963-жылы Т.Усубалиев кол койсо, 1990-жылы А.Масалиев кол коюптур. К.Бакиевдин кол коюга укугу жок болчу! Кол койгондон кийин бүт жоопкерчилик ошол кишинин мойнунда болот.
"Тайфун" операциясына кол койгонду мен мындай чечпейм. Коменданттын сааты киргизилип, элди атмакка булар Жогорку Кеңештен уруксаат ала алышмак эмес. Мындай кылып, "Тайфун" операциясын киргизип салалы дешкен. Анткени, "Тайфун" операциясы боюнча курал колдонууга уруксат берчү жери бар. Ошондуктан Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле курал колдонгондон кийин, ага жооп бериш керек. Ошондой эле, бул жерде К. Садиевдин күнөөсү бар. Ошол жердеги баардык нерселерге К. Садиев башчылык кылган. Атургай, өлгөн адамдарды Алабукага алып барып, сойгонго да вертолет даярдап койгон".

Мен жогоруда келтирилген айрым далилдердин баарысы, булардын күнөөсү бар экендигин көргөзүп турат. Ушундай далилдер турса дагы, буга чейинки болгон соттор мындай далилдерге көз жумуп коюшкан. Мурунку болгон соттордо З.Кудайбергеновду, К. Садиевди, С. Дубанаевди, К. Токобаевди кызмат адамдары эмес деген шилтеме менен актап жиберишкен. Ошол кездеги Башкы прокурордун орун басары К. Абдиев 18-мартта Аксыда балдар атылып өлүп жатса, ага каршы кылмыш иши козголбостон, тескерисинче аксылыктарга кылмыш иши козгогон. Ал ишти азыркыга чейин бекитип жүрүшөт.
Ушундай адилетсиздиктерден улам, аксылыктар элдик сот өткөрүүнү эп көрүштү.
Элдик айыптоочу С.Жайчыбековдун баяндамасынын баардыгын бере албасак да, анын негиздүү жерлерин берүүгө аракет кылдык. С.Жайчыбековдун баяндамасынан улам элдик соттун мүчөлөрү элдик айыптоочуларга бир нече суроолорду узатышты. Суроолорго С.Жайчыбековдон башка Д.Садырбаев, Т.Исмаилова жана Т.Тургуналиевдер жооп беришти. Д.Садырбаев Аксы окуясы боюнча парламенттик комиссиянын корутундусун жарыя кылбаш үчүн, азыркы бийлик бир миллион доллар акча сунуш кылганын айтты. Эскерте кетсек, окуя түшүрүлгөн кассета үчүн мурунку бийлик Чүйдүн губернаторлугун сунуштаган. К.Садиевдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар дегенге, "18-мартта Кербен шаарында кубалап жүрүп аттырган ушу киши" - деген жооп алышты. З.Кудайбергеновдун Аксы окуясы болоор алдында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине инструктаж өткөрүп, чектен чыкканын да, айыптоочулар айтып беришти.
Элдик айыптоочу Д.Садырбаев элдик соттун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып мындай деди: "17-марттын 3123 номерлүү өкмөттүн токтомунда ошол кездеги премьер-министр Курманбек Салиевич Бакиев Аксы жергесиндеги 200гө жакын элди тынчытуу үчүн 506 автомат, 193 тапанча, 1521 кызматкер, 330 калкан, 270 дубинка жана 50 ок өтпөй турган кемсел жөнөттүргөн. Ээ, айланайындар 506 автомат менен Аксы элин эле эмес, Кыргызстандын жарымын кырып таштасаң болот да. Аксылыктарга атылган октордун баарысы так маңдайга атылган, эч бир ок курсакка же башка жерге тийген эмес. Демек, снайперлер атышкан. Ал эми жаракат алгандардын көпчүлүгүн өрүктөн жыгылып жаракат алды кылып коюшкан. Бул деген чектен чыккан мыкаачылык". "З.Кудайбергенов курал колдонсоңор болот. Мен керек болсо силерге адвокат болуп берем. Мен прокурормун, керек болсо жоопко тартам. Атургай Д.Кулиевди өзүн коркуткан, "Сен чара көрбөсөң мен сага чара көрөм" - деп. Өзүнүн координациялык кеңешмесин өткөргөн, спецназдын балдарына инструктаж берип, "мен силердин министриңерге айтып койдум" - деп, жүргөнүн С.Жайлыбеков сот мүчөлөрүнө айтып берди.
Т.Тургуналиев элдик соттун мүчөлөрүнө мындай маалыматты айты:
"Тынч бараткан Аксылыктарды атуу үчүн бийликтин күн мурунтан даярдангынын далили мындай. Ш.Осмонов Боспиектеги элдердин алдына куралдуу күчтөр менен келип алып айтып жатат. "Он беш мүнөттүн ичинде таркап кеткиле, болбосо мен силерди коргой албай калам"-деген жери бар. Мен ушуга маани берем, "коргой албай калам"-деп айтып жатпайбы? Он беш мүнөтүн күтпөй эле, алты мүнөт өткөндөн кийин эле аткылай башташкан. К.Бакиев А.Акаевдин мажбурлоосуна туруштук бере албай "Тайфун" операциясына кол койгон. Азыркы Акүйдө отурган төрт-бешөөсүн камап койсо эле, айтып беришет. Эмне үчүн дегенде, аларың бат эле сынып берет. Алардын бирөөсүн мурун камап койгондо төрт эле саатта сынып берген. Аксы окуясына түздөн-түз күнөөлүлөрдү же кылмышка тиешеси барлардын баарысы Акүйдө отургандан кийин, Аксы окуясы ачылмак беле?".
Ошентип, Аксыдагы элдик соттун жыйынтыгында сотко барган Султан Урманаев гана акталып, калган 41 адам күнөөлүү деп табылды. Алардын башында алфавиттин башындагыдай эле, Акаев менен Бакиев турат. Мурунку бийлик Аксы окуясын үч жыл сүйрөсө, азыркы бийлик андан ашып бараткансыйт. Аксы окуясынын үч жылдыгында Акаев бийлиги менен кош айтышыты эле, азыркы бийликтин абалы кандай болоор болду экен? Аксы окуясы өзүнүн этегине чыкпаса да, ажолордун этегине чыгаары толук мүмкүн. Аксыдагы элдик соттон алынган маалымат өтө көп болгондуктан, айрым адамдардын сүйлөгөн сөздөрүн бердик. "Ак ийилет бирок, сынбайт" дегендей эле, Аксы окуясы боюнча элдик соттун жыйынтыгы чыкты, эми кезек бийликтин сотунда. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" эмеспи…
Бишкек-
Кербен-Бишкек
Р.Момбеков