№36, 19.03.08-ж.
  Дүйнө Жаңылыктары

Иран межлисине болгон шайлоолордо консерваторлор жеңишке жетишти
Өткөн жумада Иран Ислам мамлекетинин парламентине болгон шайлоолордо учурдагы президент Махмуд Ахмадинеджадды колдогон консерваторлор жеңишке жетишишти.
Иран парламенти -межилистеги 290 орунга баардыгы болуп 4500 талапкер ат салышмак, бирок, шайлоого аз калганда "Ислам революциясынын коргоочуларынын кеңеши" деп аталган Иран парламентинин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү атайын органдын чечими менен 1700 адам, көпчүлүгү реформачыл багыттагы талапкерлер шайлоодон четтетилген. Ошентип парламеннттен 70 пайыз орун камсыз кылууга жетишкен консерваторлордун колдоосуна ээ Махмуд Ахмадинежад өз саясатын андан ары улантмакчы.




Либериянын мурунку президенти "киши жегич" деп айыпталууда
Либериянын экс-президенти Чарльз Тейлор Гаага трибуналы тарабынан жүргүзүлгөн сот процессинде 1991-2001-жылдар аралыгында коңшусу Сьерра-Леонедеги жасаган аскердик оор кылмыштары үчүн жооп бергени турат. Ал эми ушул жылдын 13-март күнү ага "каннибализм" б.а "киши жегич" деген жаңы күнөө коюлду.
Сьерра-Леонеде өкмөткө каршы согуш жүргүзүп келген "Бириккен революциялык фронттун" көтөрүлүшчү-боевиктерин курал-жарак, финансылык жактан үзгүлтүксүз камсыз кылып келген Ч. Тейлор он бир жыл ичинде өлтүрүлгөн 150 миң адамдын канына себепкер деп күнөлөнүүдө.
2006-жылы бийликтен кеткен Либерия президенти Ч. Тейлордун мурунку кызматчысы Жозеф Марзахтын берген көрсөтмөлөрүндө каннибал-президент кол алдындагы боевиктерине, туткундагы адамдарга Сьерра-леондогу өкмөттүк армиянынын аскер кызматчыларынын, өзүнүн душмандарынын ошондой эле өлкөгө киргизилген БУУнун жана Африка уюмунун эл аралык аскер кызматчыларынын этинен жасалган тамактарды жедиртип, баш тарткандардын тагдырын бир ок менен чечип турган.




Украин журналистин өлтүргөн кылмышкерлер жазаларын алышты
Өткөн жуманын 15-март күнү Киев шаарынын апелляциялык соту тарабынан мындан сегиз жыл мурун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн "Украинская правда" басылмасынын редактору Георгий Гонгадзенин өлүмү боюнча сот өкүмү чыгарылды.
Эсиңиздерде болсо, 2000-жылы мууздалып өлтүрүлгөн Георгий Гонгадзенин өлүмүнө шектүү деп Украина ИИМнин тышкы көзөмөл жүргүзүү жана криминалдык чалгындоо департаментинин кызматкерлери Николай Протасов, Валерий Костенко жана Александр Поповичтер кармалышып, 2005-жылдын 19-декабрында сот процесси башталган эле. Массалык маалымат каражаттарынын катышуусуз жабык эшик артында өткөн сот процессии дээрлик эки жылга созулуп, бул чуулгандуу кылмыш ишине чекит коюлду. Соттун чечими менен Н.Протасов 13 жылга ал эми В. Костенко жана А. Поповичтер 12 жылдан жаза мөөнөттөрүн алышты. Бул кылмыш ишинин негизги уюштуруучусу катары күнөөлөнүп жаткан ушул эле Департаменттин мурунку башчысы Алексей Пукачка издөө жарыяланган.




Кытай мамлекеттик кеңешинин башчысы өз кызматын сактап калды
Өткөн демалыш күнү эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытайлык чогулушунун кезектеги сессиясында КЭРдин мамлекеттик кеңешинин премьерлик кызматына Вэнь Цзябао кайрадан шайланды.
Вень Цзябаонун бул кызматтагы мөөнөтү беш жылга созулмакчы. Жекшембилик бул отурумдун күн тартибинде, ошондой эле Кытай Эл республикасынын борбордук аскердик кеңешинин, Жогорку элдик сотунун, Жогорку элдик прокуратуранын төрагаларынын орун басарларын шайлоо болуп өттү.
Ал эми 2007-жылы октябрь айында Кытай Коммунисттик партиясынын башчылыгына шайланган учурдагы кытайлыктардын 65 жаштагы башчысы Ху Цзиньтао мындан бир күн мурун Кытайдын төрагалык кызматына бир добуштан кайра шайланган эле.




Тибеттеги будда козголоңу
Кытай Эл республикасынын составындагы Тибет Автономдуу районунун борбору Лхаса шаарында болуп өткөн башаламандыктардын натыйжасында жүз адам, расмий Пекин берген маалымат боюнча он адам каза тапкан.
Эскерте кетсек, өткөн аптанын жума күнү "Кытайдын улуттук боштондук армиясына" каршы тибеттиктердин көтөрүлүшүнүн 49 жылдыгына арналган буддалык монахтардын демонстрациясы учурунда бийлик тарабынан алардын жүрүшү токтотулуп, көздөн жаш чыгаруучу газ, союл-таяктар менен аларга күч колдонулуп, бир нече монах камакка алынган. Буга нааразы болгон жүзгө жакын монах жана аларга кошулган катардагы жарандар Лхаса шаарынын көчөлөрүндө каршылык акцияларын уюштуруп, этникалык кытайларга тийиштүү дүкөндөрдү, полиция автоунааларын өрттөө менен этникалык кытайларды ур-токмокко алышкан. Шашылыш түрдө аймакка аскердик абал киргизилип, шаарды аскердик бөлүктөр курчоого алышкан.
Тибет Автономдуу районунун өкмөт башчысы Жамба Пунцогдун айтымында абал акырындап өз калыбына келип, бул толкундоолордун негизги уюштуруучулары териштириле башталды.
Ал эми КЭРдин Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Сун Цян бул башаламандыктарга "далай-ламынын катышуусунда лхасалык монахтардын тобу тарабынан кылдаттык менен уюштурулган акция"- деп баа берди.




Бхуттонун жесири Асиф Али Зардари премьерликке камынууда
13-март бейшемби күнү Пакистандын премьер-министрлик кызматына террористик актыдан каза тапкан оппозиция лидери Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари көрсөтүлдү.Ал жубайы башчылык кылып турган Пакистан элдик партиясында Бхутто тирүү кезинде эле тең төрагалык кызматты аркалап келген. Пакистан парламентине болгон шайлоодо Пакистан элдик партиясы эң көп мандат чогултууга жетишкен. Бул партия парламенттик шайлоолородо Беназир Бхуттонунун партиясынан кийинки эле экинчи орунду ээлеген Наваз Шариф жетектеген Мусулмандар лигасы партиясынын толук колдоосуна ээ. Демек, Зардаринин премьер-министр болуп калышы чечилген маселе.




Латвиялык улутчулдар фашисттик ССтин ветерандарын даңазалоодо
16-март күнү мурунку мекендешибиз Латвия мамлекетинде 1500 жергиликтүү улутчул жаштар тарабынан Waffen SS же "латыш легионерлери" деп аталган СС ветерандарынын урматына салттанаттуу жүрүш уюштурулду.
1944-жылы дал ушул 16-март күнү нацистик Германия тарабында согуш жүргүзгөн латвиялык легионерлер советтик аскерлерге каршы Ленинградын алдында эң алгачкы салгылашуусун өткөрүшкөн.Ошол окуядан туура элүү жыл өткөн соң, 1994-жылы бул датаны Латвия өкмөтү расмий майрам катары белгилөө чечимин кабыл алышкан, ал эми 2001-жылы кандайдыр себептер менен бул датаны расмий майрамдардын катарынан алып коюшкан.
Бирок, прибалтикалык бул мамлекеттин евро үй-бүлөөгө кошулуусу менен бул маселе кайрадан көтөрүлүп, ал гана эмес ,Латвия парламенти советтик окуппацияны жокко чыгарып, тангандарга кылмыш жазасын колдонуу жөнүндөгү атайын мыйзамдын үстүнөн иштеп жатышат.




Францияда биринчи дүйнөлүк согуштун акыркы ардагерин аркы дүйнөгө жөнөтүштү
17-март күнү Франциянын борбору Париж шаарында биринчи дүйнөлүк согуштун акыркы ветераны 110 жаштагы Лазаре Понтичеллини акыркы сапарга узатышты.
Ветеранды акыркы сапарга узатуу аземине Франциянынын азыркы жана мурунку президенттери Николя Саркази жана Жак Ширак, Француз премьер-министри Франсуа Филлон жана ошондой эле Италиянын коргоо министри Артуро Паризи катышышты.
Понтичеллинин табытын көтөргөн чет элдик легиондун он бир жоокери Напалеон Бонапарт баштаган ар кайсы доордун атактуу аскер адамдарынын сөөктөрү коюлган "Инвалиддер үйү" деп аталган чиркөөгө алынып келинип, кийинчирээк шаар четиндеги Иври-сюр-Сен аймагындагы үй-бүлөлүк мүрзөгө кобюлду.
Италия улутундагы Лазаре Понтичелли 9 жашында Францияга көчүп келип, 16 жаш кезинде француздук чет элдик легиондун катарына алынган. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча биринчи дүйнөлүк согуштун тогуз гана ардагеринин көзү тирүү.

Э. Балбаков