№37, 26.03.08-ж.
  Батукаев көтөргөн экинчи "козголоң"

Өткөн жуманын 2-март күнү Чүй областынын Москва райондук сотунун чечими менен ордо калаабыздан алыс эмес Беловодское айылындагы №16 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мыйзамсыз дүйнөнүн мыйзамдуу кожоюну деп таанылган белгилүү криминал Азиз Батукаев абак мыйзамдарына баш ийбеген, тартипсиз жүрүм-туруму үчүн эки жылдык мөөнөткө Нарын областына айдалган.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаевге 2006-жылдын август айында уюшкан кылмыштык топту түзүү, ок атуучу куралдарды сактоо, наркозаттар менен соода кылуу жана ошондой эле Молдовановка түрмөсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев менен анын эки жардамчысынын, ГУИН башчысы Икматулло Полотовдун өлүмдөрү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу сыяктуу күнөөлөр тагылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 16,5 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөөгө Беловодский айылындагы №16 колонияга жөнөтүлгөн.
Соттун жогорудагыдай чечимине нааразы болгон Батукаевдин абакташтары козголоң чыгарып, он адам ооздорун тигип, эки адам курсагыбызды жарабыз деп, жүздөй адам колунун кан тамырын кесебиз деп коркутушуп, жети жүз адам ошол күнкү түшкү тамакка чыкпай койгон.
"Анын тагдырына кайдыгер эмеспиз. Биз эч кандай чыр-чатакты каалабайбыз. №47 колониядагы абактык бейтапканага жаткырып, ден-соолугуна кам көрүп, "братандын" ал-ахыбалы жөнүндө бизге кабарлап коюушуңарды гана өтүнөбүз" деген Александр аттуу абак адамы Азиз Батукаевдин баш-сөөгүнөн катуу жаракат алгандыгын жана медициналык жардамга муктаж экендигин айтып өттү.
Мындан үч жыл мурун Бишкек шаарынан 40 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан №31 Молдовановка абагында мөөнөтүн өтөп жүргөн кезинде өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, каалаганын жасап келген Азиз Батукаев колонияга тийиштүү эки кабаттуу жатакананы өзүнө ыйгарып, бардык ыңгайлуулуктарды түзүп алган. Ал гана эмес колониядагы жашоону өзү башкарып, кимди жазалаш керек, кимисинин туугандары менен жолукканга акысы бар, кимиси андай укуктан ажыраган сыяктуу бардык маселелерди өзү чечип, колония адмнистрациясына акыл үйрөтүп турган. Анын мындай жосунсуз жоруктарына чекит коюуну көздөгөн бийлик аны Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторуна камоо чечимин кабыл алгандан кийин №31 колонияда жогоруда аталган адамдар менен кошо жыйырмадай адамдын өмүрүн алып кеткен баш аламандыктар болуп өткөн.
ГУИН жетекчиси Капар Мокеев мындан эки жыл мурун берген интервьюларында:

"Биз ачык айтышыбыз керек, зоналарда общактар болгон, бар жана боло бермекчи, №31 колонияда "общакты" эми жаңы адам башкарат. Ал эми Азиз Батукаев кайрадан көтөрүлүүгө аракет кылууда, бирок анын бул ою эч качан ишке ашпайт"- деген эле.
Бирок, кайсы гана абакта болбосун өзүн ыңгайлуу сезген токмоктук "авторитет" №16 колонияда да Молдовановкадагыдай иштерин жасай баштагандыгына тынчсызданган ички иштер министрлиги Азиз Батукаевди Нарынга жөнөтүүнү бир жыл мурун эле ойлонуп койгон окшойт.
Адилет министринин пресс-кызматы маалымдагандай министр Марат Каиповдун атайын жарлыгы менен Кыргызстандагы бардык жаза өтөө мекемелеринде өзгөчө кырдаал киргизилип, абактагыларга сырткы турмуш менен байланышуунун баардык түрлөрүнө катуу тыюу салынды.
Кылмыш дүйнөсүнүн "вор в законе" наамынын Кыргызстандагы ээси Азиз Батукаев криминалдык дүйнөнүн чаң-тополоңун чыгарган тайманбас генерал Өмүрбек Субаналиев жетекчилик кылган областка айдалып келиши бекеринен эместир, балким, атактуу Катанибиз чечен ээнбашын эске келтирип, тартипке салаар.




  Үтүк менен башка чаап өлтүрүлгөн журналист

Өткөн жумадагы кыргыз журналистикасынын дагы бир жоготуусу-бул өкмөттүк "Слово Кыргызстана" гезитинин бир кездеги белгилүү журналисти Данил Кыштообаевдин табышмактуу өлүмү коомчулукта бир топ бүдөмүк ойлорду жаратты.
22-март күнү Данилди акыркы сапарга узатканы келишкен "Слово Кыргызстана" гезитиндеги кесиптештеринин айтымында Данил Кыштообаев жүрөк оорусунан каза болгон.
Бирок, 20-март күнү Ички иштер министрлигинин пресс-кызматы таратып туруучу күнүмдүк криминалдык билдирүүлөрүндө төмөнкүдөй маалыммат жарыяланган:
"19-март 2008-жылы Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн 59-үйүнүн 7-квартирасында жашаган, 1971-жылы туулган Д.К.Кыштообаевдин баш сөөгү талкаланган жансыз денеси табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам аракетинин негизинде изи сууй элек бул кылмыш ишинин бети ачылды. Кылмышка шектүү деп Бөкөнбаев көчөсүнүн ошол эле үйүнүн жашоочусу 1974-жылы туулган маркумдун бир тууганы Кыштообаева А.К кармалды. Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде эки бир туугандын ортосундагы үй-бүлөлүк чыр-чатактын натыйжасында Кыштообаев Д.К үтүк менен башка чаап өлтүрүлгөндүгү аныкталды. Тергөө иштери улантылууда"
Данил иштеген "Слово Кыргызстана" басылмасынын журналисттери жана кызматчылары ИИМдин пресс-кызматы көрсөткөн даректе чындыгында эле Данил Кыштообаевдин бир тууганы А.К Кыштообаева жашаарын, бирок,экөөнүн ортосунда эмне окуя болгондугунан кабардар эместигин айтып отурушат.
"Биз Данилдин өлүмү жөнүндөгү суук кабарды 22-март күнү уктук.Кесиптешибизди акыркы сапарга Данил өмүрүнүн акыркы жылдары жашап жүргөн шаардын чет жакасындагы жаңы конуштардын бириндеги ата-энесинин үйүнөн узаттык. Ал эми Бөкөнбаев көчөсүндө чынында эле карындашы үй-бүлөсү мене жашачу"-дейт маркумдун кесиптештери.

Бир жуманын ичинде эки журналист көз жумду
"Вечерканын" кабарчысы Ю.Александровду жан сакчысы балталап өлтүрдү
24-март, дүйшөмбү күнү Ысык көл областынын Чолпон ата шаарында Кыргызстандагы көлөмдүү орус тилдүү басылмалардын бири "Вечерный Бишкек" газетасынын кабарчысы Юрий Александровду жана жубайы Ангелина Александрованы акыркы сапарга узатышты.
Жаз айынын улуу майрамы эсептелген 21-март Нооруз күн ички иштер министрлигинин тергөө-оперативдик тобунун кызматкерлери үчүн кадимки жумуш күндөгүдөн да чыңалган мүнөздө өттү. Себеби, ушул айдын 7-мартынан бери дайынсыз жоголуп, өлүүсү же тирүүсү билинбей коомчулукта көптөгөн бүдөмүк божомолдорду жаратып келген Юрий жана Ангелина Александровалардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денелери ушул күнү кылмышка шектүү деп каралып жаткан адамдын Төмөнкү Маевка айылындагы үйүнүн жер төлөөсүнөн табылган.
Жубайлардын башын кескилеп эрмектеген мыкаачы "кой терисин жамынган бөрүгө окшоп" Александровдордун Бишкек шаарындагы үйүндө батирде жашап, ошол эле мезгилде, Юрий Александровдун уулунун жан сакчысы болуп эмгектенген, бокс боюнча спорттун мастерлигине талапкер 1985-жылы туулган Ринат Казакбаев болуп чыкты.
Бул мушкердин эки адамдын өмүрүн кыйуудагы негизги көздөгөн максаты эмне экендигин тергөөчүлөр кылдат изилдөөдө, бирок, каралып жаткан кээ бир божомолдор боюнча, ошол күнү журналисттин жанында ири суммадагы акча бар экендиги кылмышка шектүү делинген Ринат Казакбаевге белгилүү болгон.Ошондой эле сурак маалында Ринат өзү моюнга алгандай, анын Александровдордун үй-бүлөөсүнө болгон жек көрүүчүлүк мамилеси бул мыкаачылык иштин себеби болуп калышы да мүмкүн.
Кыргызстанда кесибин мыкты билген журналист катары таанылган Юрий Александров "Вечерний Бишкек" газитинин Ыссыккөл областы боюнча жергиликтүү кабарчысы болуп көп жылдардан бери эмгектенип келген. Ошол 7-март күнү Юрий жубайы Ангелина менен "Вечерний Бишкек" гезити 8-март аялдардын күнүнө карата уюштурган корпоративдик кечеде кесиптештери менен майрамдап, 9.30 чамасында "Пекин өрдөгү" кафесинен чыгып кетишкен бойдон аларды эч ким көргөн эмес. Ал эми 20-март күнү журналистке тийиштүү "Мерседес 180 С" автоунаасы Ибрагимов-Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Тет-а-тет" кафесинин автоунаа токтотуучу жайынан табылган.
Акчага азгырылган 23 жаштагы Ринат Казакбаев көрпенделик жыргалчылыгы үчүн татынакай бир үй-бүлөнү талкалап, өмүрүнүн ойноп-күлөөр жаштыгын, балким, өмүрүнүн жарымын түрмөнүн түрү суук дубалдарына алмаштырып отурат.

Эрнис Балбаков "Алиби"