№37, 26.03.08-ж.
  Кыргызтаануу

Сапарбек Закиров
Долон бийге чейинки санжырадан
Редакциядан:
Урматтуу окурман!
Д.Сарыгуловдун изилдөөлөрү менен катар "Кыргыз санжырасы" китебинен үзүндүлөрдү бекеринен берип баштаган жокпуз. С.Закиров жазгандай "илимий фактылар менен санжырадагы уламыштардын бирдей келишин" өзүң салыштырып көр. Ойлонсун, ата-тегин билсин деген аруу тилек менен алдыңа тарттык.
Сандан-санга берүлүүчү "Кыргыз санжырасы" ар мезгилде "Ала-Тоо" журналына жарыяланган, ар кандай авторлордун чыгармаларынан турат. Алардын башын бириктирип, жазуучулар К.Кушубеков менен М.Апышев 1994-жылы бирдиктүү китеп кылып чыгарышкан. Китепти толугу менен силерге жеткирүүнү моюндап отурабыз.

( Башы өткөн санда )

Мурдагы сөз боюнча угуздар Ороздун берген ашында ирандыктарды кубалап чыгуу үчүн беталышат. Оторго ошол ашта жасак башы берен деген наам берет. алар Самаркантта турган ирандыктарга аттанып Жылгындынын тоосунда (Букара жагы) согушат. Ирандыктын колбашчысы Гуусташ колго түшөт, калганы Самарканга Кире качат. Ирандын Самаркандагы шагы Кудаз бир нече күндөн кийин Иранга качат. Оторкан кандыкка шайланат. Разы менен Арланга үйлөнүү тою кошо өткөрүлөт. Оторкандын тушунда жасак куру күч алып, согуштук наам берилет. Эң чоңу берен, андан кийин нойон, андан кийин кыраан, миң башы, жүз башы, он башы деп аталат. Төрө, мырза деген наамдар киргизилет. Ички тартипти башкаргандарга аяр деген ат берилет. Төрө диндин башында турган адамга берилген. Бул наамга Оторкандын тушунда Желдең, Парман, Орозду татыктуу болгон. Мырза деген ат жазуу иштерин жүргүзгөн адамдарга берилген. Бул атка Тарак, Жолон татыктуу болгон. Берен бардык колду башкарган. Бул наам Сарыбайга берилген. Нойон - беренден кийинки наам. Буга Турта, Токтор татыктуу болгон.
Оторкан мамлекетин түзгөндө улуттук оюндарды, эски салттарды тактап, заң-законго оңдоолор киргизген. Мурда киши өлтүрсө канга - кан кубалса, Оторкан кун алууну кийриген эрдин өлүгүнүн, эриш бузуунун наркын тактаган. Конокту милдеттүү сыйлоону кийриген, конокту кабыл албагандар жазаланган. Өлгөн адамга аш берүү, адам өлгөндө үн чыгарып өкүрүү, кыз бергенде кошок кошу, жыл айырлышында чоң көжө жасоо, күн батканда от жагып аластоо, караңгыда мылтык атыш салттарын кийриген. Оюндардан көк бөрү тартыш, ат чабыш, оодарыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш, кыз бергенде төшөк талаш, өпкө чабыш, кыз оюн өткөрүш өкүм сүргөн. Оторкан шаарды куруп, учу кыйырсыз жерди жайлап жүргөн угуз тукумдарын, түрк урууларын он санга санап, өзүнчө майда кандыктарга бөлүп кан шайлаган. Кандарды курултайда такташып, ортого куту коюп, чыбык кыркып ант беришкен. Отор шаарында кыргыз, кыпчак, казак, маңгыттан куралган эл турган. Ошол учурда Ирандан экинчи жолу кол келген. Оторкан аны да батчытын чыгарып талкалаган. Ошондон кийин мамлекеттин чегин кайра тактаган. Отор кандыгына Эдил, Каспии, Ооган, Индустан, Алтайдагы Найман, Кангыга чейинки жерлер караган.
Отордун Разы аялынан Үркөр туулган. Аны Сарыбай (тайатасы) асырап алган. Кийин ал Ургенч шаарын негиздеген. Үркерден Бараккан туулган. Отордун экинчи аялы Арландан Көкчө дагасын (шаарча) курат. Оторкандын Уркөр деген уулу Туртанын кызын алат. Анын баласы Жолондун Күмүшай деген нарксыз сулуу кызына үйлөнөт. Ошондон "күн түбүндө Күмүшай сулуу" деп аталып калган. Отордун Кумаркөз деген кызын Токтордун Сарт деген баласы алат. Сарт Анжыянды бийлеп кыпчак, кангы, жедигер уруусун башкарып, согушта сарт ураанын чакырган.
Ал убакта түрк уруулары дешпей угуз уруулары (айрымдары Огуз уруулары) деген. Урааны да угуздар деп чакырылган. Чачылган эли жыйналып, ачынган эли тоюнган. Ирандар киргенде алардан ырк кетип, бөлүндү болду. Өз канын кан дей албай сатылгандар болду. Кара жанын багып кирип кеткендер болду. Эл экен, журт экен кайра уюп Оторкан убагында баш кошту. Ирандыктарды кубалап, "Отор" деп ураан чакырды. Эл элине келди, жер өзүнө кайтты. Башка эл менен тең болуп соболосу артты. Тектеш элдерди: кыргыз, казак, кыпчак, курама, жедигер, калча, кытай, катаган, он тогуз уруу коңурат, он эки уруу тайчык, жети уруу желдең, кара калпак, ногой, түркмөн, эштек, кыят, кошкурутту бириктирип Оторкан өттү.
Отордун Ургөр уулу жанына тынч жай издеп, Ургенч суусунун боюна шаар салдырды, таттуу тамак ичип, сулуу кыздарды ырдатып, шааншөкөт жолуна түштү. Өз башынын камын ойлоп, тынч уктады. Бирок анын Бараккан деген баласы жашынан бышык чыгып, эл камын колуна алды. Чоң атасынын ордуна кан болуп анын заңын улантты. Ирандыктар Баракандын жаштыгынан пайдаланып элге кол салды. Бараккан "Отордоп" ураан салып, ирандыктар менен катуу салгылашты. Улуу-кичүү биригип анын сөзүн укту. Фарстар менен Мадыярлар катуу талкаланды. Жай сүйлөшүп, бүтүмгө келишти. Ирандыктар, мадыяр (авган) жердеген жерин эли менен берип элдешти.
Кийин Барак мадыярларды татар, чубаш, уйгур, каңгы угуздарына кошуп кытай, моңголго, манжурияга чабуул жасады. Ал жеңиш менен кайтып Отор шаарына курултай өткөрдү. Ага караган көп элди, көп жерди башкаруу үч үн айрым кандыктарга бөлүнгөндө жеңил боло турганын кеңешти. Эл макул болуп мурдагы Угуз, кийинки Отор мамлекети бир канча кандыкка бөлүндү. Элдин жайгашкан жерине, ынтымагына карап тогуз кандык түздү. 1. Ооган өзүнчө бир кандыкта болду. 2. Он эки урук он сак Барак өзүнчө кан болду. 3. Кыпчак, жедигер, калча бир кандыкты түздү. 4. Он тогуз уруу коңурат, он эки уруу тайчык, карамаңгыт, катаган, кытай (уруу) кошулуп бир кандык болду. 5. Казак, каракалпак, курама, маңгыт, кыргыз бир кандыкта болуп Жолондун уулу Чынтемир башкарды. 6. Он сан ногой өзүнчө кан болуп Көкчө башкарды. Сарайчыкка кала куруп, ордо күттү. 7. Түркмөндөр өзүнчө хан күтүп, Айтактын уулу Мендини кан көтөрдү. 8. Уйгур өзүнчө болду. 9. Найман, кангы Найман хандыгы деп аталып Аотайды жердеди.
Ар ким өз максатына жетип, эл тынчыгандай болду. Кандары Барактын сөзүн угуп, ишин жүргүздү. Кутка сыйынып, кунуну сыйлашты. Барак чыгарган тыйын, пул элдин соодасына, сатыгына кирди. Өлүк көмүү адаты мурдагы боюнча калды. (Өлгөн адамды кийими, идиш-аягы, тамагы, минген аты, алган аялы менен көмгөн). Алар турмушун тиги жактан улантат деп ишенишкен. "Кулалы таптап куш кылдым, куюккан жыйып журт кылдым" - деп Бараккан өттү. Анын уулу Аланча кан болду. Ал ат үстүнөн түшпөй эл жерин согуш менен кеңейтти, масакат, искибтерди талкалап, Кавказ, Кырымды караты. Индия, Кытайга коркунуч туудурду. "Кулаалы таптап куш кылдым, куюккан жыйып журт кылдым" - деп ал өттү. Аланчактан Боруке туулду. Ал ата салтын тынчтык менен өткөрдү. Ыйлаганды сооротуп, ач калганды тойгузду. Боорукер тууган Боруке хан атанып, кой үстүнө торгой жумурткалады. Жылдар жылып ал дагы жылас болду. Андан аты чуулу Атылакан туулду. Түн уктабай, күн эс албай өмүрүн ат үстүндө өткөргөн согушчан чыкты. Ар кандай ишти кылычтын мизи менен чечти. Эл кансырап, жору-кузгун тоюнду. Көркоо бөрү күч алып, эл тынчтыгы бузулду. Ат үстүндө жүрүп Кытайдын түндүгүн талкалап, Монголияны багындырды. Ирандын көп жерин алып, Балканга өттү. "Менин тулпарымдын туягы тийбеген жер калган жок" - деп мактанып турганда анын да көзү өттү. Андан кийин анын уулу кан ичме Карач хан болду. Ал өз элине касап болуп чыкты. Улууну сыйлабады, кичүүдөн айбыкпады, элдин салтына, дартына көңүл бурбады. Атасы кураган чоң мамлекет ташка тийген чыныдай быркырай баштады. Кырк сан Кырым хандан кетти, эки Ооган кетти, төрт уйгур хандыгы кетти. Он сегиз Барак менен, он сан Ногой калды. Көп узабай он сан Ногой да бузулду. Өзүнө ээрчиген элди кошуп, сарт ураанын чакырып кан ичме Карачка кол салды. Аны өлтүрүп, бийликти алды.
Ошону менен Оторкандан тараган Бараккан тукумунун калдыгы бүттү. Согуш менен куралган эл, согуш менен кайра тарады. Улуу мамлекет бузулуп, хандык талкаланып мурдагы ата бирикмесине түштү. Ошентип мурдагы угуз уруулары мындай аталарга бөлүнүп калды.
1. Кыргыз,кыпчак - бир ата. 2. Курама, маңгыт - бир ата. 3. Казак, каракалпак - бир ата. 4. Жедигер, калча - бир ата. 5. Катаган, кытай - бир ата. 6. Коңурат, тайчык - бир ата. 7. Түркмөн - өзүнчө бир ата. 8. Ногой, башкырт, эштек, кыят - бир ата. 9. Татар, чубаш - бир ата.
Эл арасында:
Отор, Отор болгондо,
Он сан Барак болгондо,
Он сан Ногой болгондо,
Кырк сан кырым болгондо
Урум, урум болгондо,
Ай-ааламды алган,
Аты чуулу Атылакан болгондо,
Кан ичме Карач болгондо
эл бузулган, -
деген сөз калды.
Аты чуулу Атылакан согушчан болгон менен акылман эле. Анын көп сөзү элге лакап болуп тарады. Өлүм алдында жатып Төлгөчү осуятын айтты: "Баатыры миң болсо, бийи бир болсо - эл болот, бийи миң болсо баатыры бир болсо эл бузулат - муну унутпа". Өлүктүн сөзү эси жок балага эс болмок беле. Кан ичме Карач ата сөзүн сыйлабай аягы сай таппай жоголду. Атылакан Балканды каратып, ошол жерден өлгөн эле. Анын увазири Төлгөчү кара Төлөк уйдун шүдүнгүтүн минип, того чыгып арманын айтып зарлады:
Балкан, балкан, балкан тоо,
Балкан того мен чыксам,
Башында бар айры тоо,
Айры того мен чыксам,
Көлдө жаткан көр өрдөк,
Лаачын тийсе бөлүнөт.
Лаачындай шумкарым,
Атылакандан айрылып,
Элди кайдан табамын,
Эл карааны көрүнбөйт.
Тамакты кайдан ичемин.
Кийимди кайдан кийемин.
Элди кайдан табамын,
Журтту кайдан табамын.
Ал арманын айтып, зар-муңун чыгарып, көз жашын тыйып элине кайтты. Төлөк сөзгө чечен, комузга шыктуу акылман адам экен, айткан сөзүн асылкеч аялына, асыраган баласына катуу тийип калбасын деп комуздун муңдуу күүсү менен Атылакандын өлгөнүн элине угузат. Кан ичме Карач атасы өлгөндө бир көптү, элди бузуп ал өттү. Хандык эми Көкчөнүн тукуму Алоокеге өттү. Алооке он сан жаткан ногойду ээрчитип Оторго кирди. Аны ээрчип келген ногойлор:
Эдил кайда, эл кайда,
Карача торгой тоо кайда -
деп ырдашты, жерин сагынп Эдил, Жайыкты унутпады.

Уландысы эмки санда