№37, 26.03.08-ж.
  Мыйзам туу

Соттук абийир кымбатпы же акчабы?
02.11.2000-жылы менин жолдошум Кенжебаев Токтомамат Аматович келишим түзүү жолу менен Бакирова Айнагүл деген аялга 2400 америка долларын алты айга карызга берген. Келишимге анын жашы 18ге толгон төрт уул-кызы тең кол коюп, ошол кезде он үчкө чыгып жаткан уулу Азамат үчүн Ленин райондук акимчилигинин алдындагы опека жана попечительства органынын өкүлү Касымбекова А.Б. кол койгон, ал органдын мөөрү басылган.
Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө акчабызды бербеген соң, биз Ленин райондук сотуна кайрылып, сот 05.12.2001-жылы чечим чыгарып, биздин пайдабызга Бакирова Айнагүлдөн балдары Максат, Салтанат, Туратбек, Сабина менен бирдикте 133629 сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.
Жоопкерлердин акча каражаты жоктугунан сот аткаруучу алар жашаган, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" конушундагы Кара-Шоро көчөсүндө жайгашкан №19-үйдү аукционго чыгарып, аларман болбогон соң 20.08.2002-жылдагы протокол менен биздин менчигибизге өткөрүп берген. Анын негизинде биз үйдү күйөөмдүн атына жаздырып, мамлекеттик каттоодон өтүп, керектүү кагаздарын алып, жашап жүргөнбүз.
2007-жылдан баштап эрезеге жеткен Абдылдаев Азамат пайда болуп, мурдагы сот чечимдерин буздурууга аракет кылды эле, андан эч майнап чыкпады.
Анан ал 20.08.2002-жылдагы Ленин районунун сот аткаруучусу М.Соколованын үйдү ачык соода жолу менен сатуу протоколун жараксыз деп таап берүү талабы менен Бишкек райондор аралык сотуна кайрылып, ишти кароо судья Ирисов Рахматилла акаге тапшырылыптыр. Бул 2007-жылдын октябрь айы болчу. Ошол мезгилде апам каза болуп, биз үй-бүлөбүз менен Ош областынын Кара-Кулжа районун биринчи Май айылында жүрүп калган элек. Шаардагы үйүбүзгө келсек сотко чакырган аныктама бар экен, бардым.
Судья Рахматилла Ирисов ака "эмне үчүн повестка жиберсем келбейсиң?" - деп опузалап кирди.
Мен буулугуп, ансыз да араң турган элем "апам каза болуп, Ошто жүрдүм. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган повесткаңыз мына, колумда турат. Үйүмдө эч шартым жок. Көк көйнөк кийип сотко келе албадым" - деп буркурап ыйлап жибердим.
Р.Ирисов мага "апаңдын арты кайрылуу болсун. Бирок, иш деген иш. Тезинен миң доллар таап кел. Болбосо үйүңдү тигилерге өткөрүп коем. Бар, жөнө" - деп чыгарып койду. Боздоп шартымды түшүндүрүп, "кийин алып келип берейин, азыр акчам жок эле" - десем да болбоду.
Сот отурган имараттын сыртында "Адилет министрлиги" деген жазуу илинип турса, шордуу жаным буларга ишенип отурбаймынбы "адилет адамдар экен" - деп. Көрсө жегич, паракорлор ушул жерде отурат турбайбы.
Үйүмдөн ажырап калбайын деп акча издедим. Миң доллар дегениң бизге окшогон бечаралар үчүн асмандаган акча экен. Өзүм арендага киоск алып, бирди бирге улап эптеп оокат кылып жатсам, күйөөм орукчан болсо, бизге ишенип эч ким акча деле бербейт экен. Айла кетип, 20.10.2007-жылы Р.Ирисовго кайра бардым. "Акча таппадым, ака. Жардам бериңиз. Мен сизге карыз болойун" - десем, "бара бер" - деп койгон.
11.02.2008-жылы Абдылдаев Азаматтын доо арызын канааттандырып, сот аткаруучунун протоколун жараксыз деп таап салды.
Адвокаттарга кайрылып, Р.Ирисовдун чечимин окутсам, баары эле "туура эмес. Мыйзамга ылайык келбейт" - деп жатышат. Миң доллар бербей койсо сот каалагандай чечим кабыл ала берсе болобу? Алардан сурап алар кишилер жокпу?

А.Жолдошева.









Редакциядан:
Сурап алчу кишилер, тиешелүү уюмдар бар го деген ниет менен газетага жарыяланган сиздин катыңызды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Президенттин администрациясынын укук бөлүмүнө жана сот иштеринин адилеттүүлүгү боюнча улуттук комиссияга жөнөтөбүз. Сиз айыптап жаткан судья Р.Ирисовго кандай чара көрүшөт, - алардын абийиринин иши. Биз өз милдетибизден кутулуп, сиздин көңүл көйүңүздү коомчулукка жеткирдик. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн сиздин апелляциялык арызды гезит бетине кошо жарыяладык.
P.S. Бизге билдирилгендей, А.Жолдошеванын аппеляциялык арызы 26.03.08-ж. Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.