№38, 02.02.08-ж.
  Талашасыңбы?

МАНАС ЖҮҮТПҮ же ЕВРЕЙ КЫРГЫЗБЫ?
(олуттуу маселеге дилетант-бүтүм)
Соңку жылдары басма сөз беттеринде "Манас" деген сөздүн этимологиясын, б.а. таржымалын жана Айкөлүбүздүн тек-жайын иликтөөдө бирибиз Тибеттин туу чокусунан "Ас+Ман"дап жөнөсөк,бирибиз индустардын байыркы "Махабхаратасына" такап, түштүк туугандарыбызды тим койсок Канкорубузду Алла-тааланын амири менен пайшамбадан жума намазга караган түнү "туудурушмак"...
Булардын баарын улам окуп коюп чыдап келдим эле, "Асабадагы" (11.08.95) кош макала жанды биротоло кашайтпадыбы..
Анын биринде Манастын туулган жылын тактайм деп автор Искендер Кошмүйүздөн чала кошуп: "демек - анда..." дегендей курдүрмөт тыянактарын "чыгарымыш" болсо да алиги бир бабабыз "миң жашаганын" (он кылым!) негизги далил катары көрсөтүп жатышы жаш баланын жомогу жыттанып калбадыбы, байкебай?!
Берки макалада Айкөлдүн ысымын "Алла-таала" түшүнүгү менен ашкере жакындатуу аракети - түпкүлүгү Манасты дин ислам жаатындагы Ыйыктарга кошуу далбасын от алдырып, тек буга чейинки дүйнөлүк залимдерден өткүдөй ырайымсыз купьтту жамы кыргыз журтуна чаптап алышыбыз мүмкүн. Азыртан эле чоңдорубуз чыдамы кеткенде: "Силерди Манастын арбагы урат!", - дегендей айкалыштарды колдоно коюп, башкалары кыргыз келечегиндеги жаңы маңкурттарды ийгиликтүү ийлеп туруу багытын көздөгөн "Манас идеологиясы" сымак жуан-жуандык саясатын иштеп чыгуу максатында азыркы кыргыз "каймактарын" чогулта салып кеңешип жатышы - биз кыйытып өткөн "арбак!" багытындагы опуртал иштердин алдыртан күүлөнүп баратканын каңкуулагансыйт...
Дегинкиси "Манас" деген аталыштын тек-жайын чечмелөөдө айрым авторлорубуз далбасташкандай "арбак!" деңгээлиндеги ашкере мистикалык (грекчеден алсак: mistika o бүбү-бакшылык чегиндеги купуя молдогерлик, сырдуу ырым-жырымдар) кубулуштарды издебесек деле болчудай экен: жакында "Библейская энциклопедия" деген килтейген китепти барактап отурсам, Айкөл Манасыбыздын ысымына тектеш "Манассия" деген ат (еврейчеден которгондо "унуттурат" деген мааниде) туптуура жети (!) жолу кездешпедиби! Анан ошол жетөө тең байыркы жүүттөрдүн тукумунан экен, бирок ошентсе да "жетөөнүн бири кыдыр" демекчи, ар биринен кыскача кабар берип койсок, кыргыз-Манас таануучуларыбызга да пайдасы тийип калгысы бардыр:
1-Манассия (Тоораттын "Бытие" китебинен 46-бап, 20-сап) Иосифтин (Жусуптун) тун уулу. Иосиф өз баласын минтип атаган себеби, анысы төрөлгөндө: "Теңирим башымдан өткөргөн жаманчылыктардын баарын ата-бабамын үй-бүлөсү менен кошо унуткарып берди" деп тообо кылыптыр. Бир туугандарынын айынан Иосиф кезинде Египетке кулдукка сатылып кетип, ошояктан уулдуу болуп жатпайбы. Кийин киндик каны тамган Ханаан жерине кайтканда эр жеткен Манассия көп жерди басып алып, урук-тукумдары аябагандай жоокер эл чыгыптыр...
Жети-жүүт-Манастардын ичинде башкаларына караганда дал ушунусу кыргыз-Манас менен кыргыз эпосубуздун жалпы нугуна үндөш жактарынын көптүгү менен таң калтырат, калыс болуңуз:
1. Биздин Манастын атасынын аты Жакып-кан болсо, жүүт-Манастын чоң атасынын аты да Иаков (Жакып) экен, болгондо да жүүттөрдүн Түпатасы турбайбы.
2. Айкөлүбүз Алтайда, жүүт-Манас Мисирде - бөлөк эл, бөтөн жерде төрөлүп, бирок экөө тең журтуна кайтып хан болот...
3. Биздин Манас аштык айдап Аккулага (аны менен кошо далай атак-даңкка) жетсе, еврей-Манастын атасы Иосиф жети жылдык эгинди белендеп, Фараонго жакшы көрүнүп бийлик алат... Биерде дыйканчылык курсак тойгузуп, максатка жеткирет дегендей пикир Тоорат менен Эпосто бирдей мааниде айтылып жатканы эки Манастын ортосундагы үндөштүктү дагы да бекемдегенсийт.
2-Манассия Ионафан деген левиттин (левит - еврейлердин диний жана турмуштук ырым-жырымдары менен үрп-адаттарын сактап жүрүүчүлөр деп бир аз эркинирээк которуп койсок болот..) чоң атасы: Бу Манассиядан Гирсон деген туулуптур. Ионафан ошо кишинин баласы делинет гректердин жазганында. Бирок башка бир булактар боюнча Ионафанды Моисей пайгамбардын небереси деп айтышат. Моисей бүтүн еврейлерди Египет тозогунан куткарып чыгып, алардын жашоо-турмушун бүтүндөй мыйзамдаштырып бергенин эске алсак, Манассия менен Моисейдин аталык даражасы бипбирдей коюлуп калышы бекеринен эмес: Айкөлүбүз элибизге Моисей деңгээлинде болсо керек...
3-Манассия Иудея мамлекетинин 14-падышасы, бийликке 12 жашында келиптир. Бирок барып турган зөөкүр чыгып, өзү түгүл элин да динбезерликке жеткиргенде Кудайдын каарына калып, ассириялыктар аны колго түшүрүп чүлүктөп маскаралашкан экен да,
Вавилонго жетелеп барышыптыр. Аерден ал анан чын Кудайга жалынып тообо кылган соң кайрадан элине келип, өлөөр алдында көп жакшылык иштерди жасап элинин алкышын алыптыр.
4- жана 5-Манассиялар еврей тарыхында теги бөтөн катындарынан ажырашып атак алышкан: еврейлер Вавилон туткунунда жетимиш жыл жүргөн соң булардын Ездра деген даанышманы падышадан өз элине ырайым сурап алып, жүүттөр жергесине кайта башташат. Ошондо Ездра-даанышман еврей арасында Моисей мыйзамдарын кайра калыптандыруу аракеттерин жүргүзүп, айрыкча нике тазалыгын кармануу жагы катуу талап кылынган экен...
6-Манассия бей-бечараларга кайрымдуулугу менен атак алыптыр.
7-Манассия өз улутунан гана аял алганы менен белгилүү экен..
Албетте, соңку 4 Манассия жүүттөрдүн ошо кездеги саясатына төп келип калса керек, биздин идеолог үйрөнчү жерлери бар экен. Бирок баары бир еврей тарыхында Манас аттуулардын көптүгү жана дээрлик тектүү жерден чыкканы ойлондурбай койбойт. Бирок андан жогору үч Манассиянын таржымалын кошкондо Айкөлүбүздүн элеси еврейлердин байыркы Тооратынан алынган Жети-Жүүт-Манастардын жалпыланган образынан пайда болгонбу деп да кетесиң. Анан калса Күлчоросу менен бипбирдей аздектеп келген эмчектеши Канчоронун Семетей бабабызды карөзгөйлүк менен сатып кеткен жүзүкара чыккынчылыгы деле жүүттөр жараткан Инжилдеги Ыйса пайгамбарды 30 сөлкөбайга сатып жиберген Иуданын итчилиги менен бапбарабар үндөшүп, анан биздин эпосто Канчоронун айынан Семетей бабабыз бейкут жаткан элин, асыл жары Айчүрөгү менен кошо Кыяз кудай аткырдын колуна айласыз салып берип кайып болуп кеткен сыңары, азрети Ыйса пайгамбарыбыз да эң жакшы көргөн Иуда шакиртинин кесепетинен наадандар тарабынан дарга керилип, акыры асмандап кайып болуп кеткен экен - бүтүн христиан дүйнөсү а кишинин кайра тирилип келээрин (воскресение) алигүнчө күтүп жүрөт...
Албетте, жогорудагы шайкештиктерден биз байыркы кыргыз еврейден тараган экен, же еврей баласы кыргыздан тукум алыптыр деген тыянак чыгаруудан алыспыз. Бирок дүйнөдөгү эки чакан элдин генийинен бири жазма, бири оозекилеп Залкар Чыгармалардын пайда болушу да бекеринен эмес ко, сыягы. Тек бир аз маңыздыгыбыз ("манас" айтат десе кайсы бир жылы Эстебес акебиз Манас айтып жатып: "Тапанчасын колго алып..." дегенде кудум ок тийгендей кулагам: Дөөтү колдогур (баса, бу киши да жүүт), жаңы "манасчыларыбыз" бир күнү "Калашников" карматып ит болбосок мейли го...) жана да Кудай тандоо жагыбыздан эле бир аз жаңылыштык кетпесе (а кезде Улуу Чыгыш философиясы кыргызга тикелей таасирин тийгизип турганын эстеңиз), ушул эки чыгарманын көтөргөн жүктөрү да бирдей: ар бири өзүнө тийиштүү элдин ой-мүдөөсүн, жашоо-тирилигин толугу менен камтып, шартка жараша өмүр көчүн кай багытка кандай жол менен алып жүрүүнү эскерте келиптир, эми Тоорат менен Инжилде Моисей менен Ыйса пайгамбар эмес, алардын жасаган иштери, алар чакырган ыйман, кудай ж.б. жандүйнө жагдайлары биринчи катарга коюлган сыңары, биз дагы биринчи кезекке Манастын баатырдыгын эмес, эпостогу жандүйнө багытындагы айтылган ойлорго көбүрөөк көңүл бурганыбыз дурус ко. Баса, еврейлер бүгүн азыр да Моисейдин мыйзамдары менен жашап келет экен - а киши Ыйса пайгамбардан 1574 жыл илгери жашаптыр, андан) бери 3569 жыл өтүптүр да...
Ушуерден бир аз айырмабыз бар экен: кыргыздардын салт-мыйзамдары улам оошкон кылым менен чырлашпай жашап келет. Бүгүн күнгө жыйырманчы кылымдын этеги, демократиялуу мыйзамдын бешигинде термелген гуманитар мамлекеттердин кучагында туруп, анан эле чыдабай "Арбакка койдум!" деп айкырганыбыз заманын сыйлап жашап келген бабаларыбыздын дал ошол арбактарын сыйлабагандыкка жатпас бекен?! Анан калса айрымдарыбыз бүгүнкү даңгырбайга дүрбөп, Манас атабызга байкоосуз селде салып коер бекенбиз? Же жамы кыргыз "кыргыз идеологиясы" деген шириден бирден баса кийип калабызбы? Айтор бирибизге той экен, бирибизге ой экен - тоюбуз ылайым тойго улансын, кедейдин бир тойгону - орто байыганы.
Бирок бу кургур, тойдун эртеси да болот турбайбы: анан ошондо "манастап" ураан чакырмак түгүл жер тепкилесең да заманаң оңолуп кетээр бекен дейм да. Жети-жүүт-Манастуу еврейлер бизди туураса таза жылаңач калышмак экен - еврей да...
ЖАНЫЗАК,

Баса: Абдан эсепчилер билгиси келсе: биринчи жүүт-Манастын атасы Иосиф Ыйса пайгамбардан 2256 жыл илгери туулуптур. Ошондо жүүт-Манас бүгүн 4221 ге чыкмак турбайбы десең!




Кыргызга душман керекпи?!
"Алибинин" өткөн санындагы жаш окумуштуу Искендербек Айдарбековдун "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деген макаласындагы айрым аныктамалар кыргыз маңызына караманча каршыдай сезилгендиктен, биз андай окумуштуу болбосок да ошо макаланын абзацтары боюнча жооп жазып көрөлү дедик...
Алды менен макаладагы өзөктүү терминди - "социалдык инженерия" деген сөзайкашты жакшылап териштирип алыш үчүн орустардын Википедиясына (интернеттеги энциклопедия) баралы - аерде: "Социалдык инженерия дегенибиз - эч кандай техникалык каражаттарды колдонбостон туруп башка бирөөнүн маалыматына же маалымат сактоо системасына уруксатсыз жетишүү ыкмасы" - делинет. Бул ыкма адам баласынын чабал жактарын кеңири пайдаланууга негизделет экен да, кудай ургандай талкалоочу күчкө эгедер имиш.

1. Кыргызстанды ким башкарат?
Анан бу жаш окумуштуу чү деген эле жерден "Кыргызстанды еврейлер башкарууда" деген аныктамасын таштап, бирок эч кандай түшүндүрмө бербейт. Бул өксүктү биз макалабыздын акырында толуктайбыз..
Жаш окумуштуу анан алигиндей социалдык инженерлердин катарына "Сорос-Кыргызстан" фондун мисал келтирип өтөт..
Ырас, социализмдин таш-талканы чыккандан кийин Кыргызстанда гуманитардык жаатында зор жоготуу болуп, врачтар, акын-жазуучу, окумуштуу-мугалимдер - айтор, бюджеттен айлык алып жашаган карапайым эмгекчилер дээрлик талаада калды. Так ушул тапта батыш өлкөлөрдүн фонддору жардамга келди жана алардын ичинен Чынара Жакыпова жетектеген "Сорос-Кыргызстан" фонду эч кандай еврей саясаты жок эле, итбекер жардамдарын бере баштады: далай окумуштуу, жазуучулардын далай жылдардан бери басылбай келаткан далай эмгектери жарык көрдү. Ал эмгектерди нукура кыргыздар кып_эле_кыргызча жазышкан, урматтуу жаш окумуштуу.
Тилекке каршы, ошо батыш фондулардын айрымдары (анын ичинде биз сөз кылып жаткан "Сорос-Кыргызстан" кошо) кыргызчылыкка кыйшайып кеткен шекилди, себеби алгачкы жылдардагыдай "о-оо!" дегидей эмгектер чыкпай калды, орчундуу аракеттер жокко тете. Бу жагдайда еврей Сорос эмес, ошол еврей каржылап жаткан фондуну өзүнүн акырына айландырып алган кыкебизди "социалдык инженердин бутасы" десек жарашат го дейм, урматтуу жаш окумуштуу.
Соңку кездери кыргыз басмасөзүндө "Санжар Айтматов - Сиабеко - Чынгыз Айтматов - Акаев - Бирштейн - Кумтөр" деген айкалыштар улам кайталанып жазылып жатат жана алиги жаш окумуштуунун "Кыргызстанды еврейлер башкарууда" деген аныктамасына жогорудагы шурудан бир эле еврей - Бирштейн гана ырас келет экен. Бирок биз жогоруда айтпадыкпы: "Социалдык инженерия... адам баласынын чабал жактарын кеңири пайдаланууга негизделет" деп. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстанга алтынды көрсөтүп коюп, анан шашпай гана чөнтөгүнө салып кеткен сиабеко-бирштейндерди каргап-шилегенибиз жөндүүбү, же алиги "кыргызмын!" деп көкүрөк кагып, бирок бираз тереңдеп каза келгенде Кыргызстандын үмүтүнө суу сепкен социалдык инженерлер санжар-чыңгыз-акаевдерди жемелесекпи, урматтуу жаш окумуштуу?
Кыргызстанды башкарып, өз элине тикелей кастык кылган социалдык инженерлердин ана башында Абдыкерим Орозбаков туруптур да - а киши өзбек Ахунбабаевге Шахимарданды картага уттуруп коюптур, капырай. Биз болсо а кишинин ысымын азыр аздектеп-кастарлап жүрөбүз.
Анан эле Акаев Үзөңгү-Куушту кайсы жыргалына жумшаганын билбейт экем, эми минтип Бакиевдин тушунда Каркыра менен пансионаттардын чуусу чубалжып чыгууда - канакей, булардын кимиси еврей?!

2. Шам чырак сатып алсакпы...
Жаш окумуштуунун Рим диктаторлорунун "нан жана оюн!" саясатына кайрылганы жана аны бүгүнкү телевизор менен салыштырганы кызык болду. Бирок ар бир "жаман" делген нерсенин жакшы жактары да жок эмес - ошол эле гладиаторлорду алсак, жада калса карапайым эл деле кимиси жалган, кими чын экенин ажырата билээрин биз "Гладиатор" деген ажайып тасмадан көрбөдүкпү: Рим падышасы Коммод зор куйтулук менен гладиатор Максимусту аренага алып чыгып салгылашып жатканда ошол эл тынымсыз "Максимус!" деп кыйкырып жатпадыбы. Соңку күндөрү кыргыз жамаатында кеңири жайылган күбүр-шыбыр кептерден биз чындап келсе кандайдыр бир боор ооруп, же жан тартып, же астейдил кайгырууну деле байкабадык. Тескерисинче, айрымдардын үмүттүү боздогону гезит беттеринен жаңырып турду..
Жаш окумуштуу экрандагы кан менен секстен, телевизор убактыбызды жегенден аябай капа болуптур.. Экрандагы кан менен секске келсек, мен, мисалы, жакшы коюлган боевиктерди жан-дилим менен көрөм, бирок мен адам кырган сволуштардан эмесмин. Мен, мисалы, орой эмес, бирок тамшандырган секс-кинолорду, "Королева Маргону", "Анжеликаны" жана анын чубалжыган сериалдарын көрүп жаным жыргайт, бирок ошо тасмадагы башкаармандарды армандабайм, себеби аларга жетишим күмөн экенин, жеткен күндө деле жыргатып жибербесимди билем. Тек, ошол сыяктуу тасмалар мага мээ сергитүүгө жардам берет. Мынакей, социализм кулагандан бери жыйырма жылга чукулдап калды, бирок мен али алигиндей социалдык инженерлердин торуна кабыла элекмин жана кабылбаймын дагы. Себеби азыр ушул турушумда Ыйса Теңирдин жардамы менен менин көрөңгөм алда канча таза жана эми булганышы өтө кыйын.
Мен телевизордон баш тарткым келбейт, үйдө электр жарыгы эч убакта өчпөсө дейм, бирөө келип интернет байланышты чектебешин каалайм. Мен ошондой эле мыйзамдан чыкпай тандоону башка баардык буйрук ыңгайлардан артык көрөм. Ал эми кыргыз мыйзамы дүйнөлүк алдыңкы деңгээлдеги мамлекеттердин мыйзамдарынан калышпоого тийиш деп эсептейм.

3. Балдакчан "беш тапшырма"...
1. "Мамлекет алкагында бир диндин артыкчылыгы.." деген сөзайкашты кайсыдыр бир фанатиктин былжырагы деп тоотпой кетсек болот эле, бирок муну жаш окумуштуу делген азаматыбыз айтып тургандыктан, бираз сөз таштап койолу: шүгүрчүлүк, биздин мамлекет азырынча светский, ким каалаган кудайына, каалаган молоташына, каалаган мазарына, каалаган арбагына ишенүүгө акылуу, бирок Башмыйзамды аткарууга милдеттүү. Биерде руханий мүдөөлөрүн жана дене милдеттерин ажырата билгенибиз жөндүр, урматтуу жаш окумуштуу. Дене милдеттерин мыйзам беренелери менен берсе болот, бирок руханий мүдөөлөрдү буйрук берип таңуулай албайсың. Мен үчүн, мисалы, Кыргыз Атамын Арбагы кайдагы бир башка тилде бабыраган пенделерден түбөлүк эсе жогору.
Мен кыргызды башка тилде сыйынууга мыйзам чегинде мажбурлоо аракетин жасап жаткандарды кыргыз насилине тикелей кастык кылып жаткан социалдык инженерлер деп эсептеймин.
Жаш окумуштуу тээ жогоруда айтып кеткен: "Кыргызстанды еврейлер башкарууда" деген аныктамасын так ушул "бир дин.." аныктамасы менен ишке ашыргысы келип жатканы биерден кашкайып көрүнүп турат, капырай..
2. Бу пунктуңузга макул.
3. "Эл аралык алмашуу ыкмасын колдонуу (чийки заттарды даяр продукцияларга берүү)" дегениңиз "жалаң алып-сатарлык менен күн көргөн" деген башка бир айыптооңузга дал келип жаткан жокпу? Орто кылымдагы Роттердамдын өнүгүшү тууралуу тарыхтан окудуңуз беле? Эгер окусаңыз, так ошол "жалаң алып-сатарлык менен.." күн көрүүнүн натыйжасында Голландия дүркүрөп өскөнүн таналбасаңыз керек? Бирдемени сатыш үчүн, аны алды менен бир жерден алыш керек да, кандай дейсиз? Мисалы, Дордой тегеректеген менчик тикмечилерден "фирменный" джинсыларды дейли. Анан ошо менчик тикмечи бир күнү ири тикмечилик фабрикасын негиздебейт деп сизге ким айтты?!
Башка маселе: өндүрүштүн өнүгүп кетишине жалаң чийкизат жана адам күчү эмес, ыңгайлуу мыйзам да керек. Ушул жагына келгенде биздин чиновниктер алкымды бираз тыйып, Башмыйзамды аткарып.. -ып... -ып..
4 . "Конституцияны өзгөртүп, Президенттин иш мөөнөтүн 10 жылга узартуу.." деген аныктамаңыз азыркы президентке тикелей кошоматчылык болуп калды. Ал эми "Себеби, мөөнөтү чектелүү экендигин билген Президент эл менен өлкө жыргалчылыгы жөнүндө баш оорутуп отурбастан.." деген сөзайкаштарыңыз 2010-жылга ташталган эң алгачкы жем болду десем жаңылбайм - буга чейин али бир да "дүжүрчал" мындай тилегин айтып чыгалек болчу. Айтыла турган сөз акыры минтип "балп" этти..
Мындай бети жоктук менен айтылган итчилик батыш демократиясында таптакыр мүмкүн эмес жана сиз бираз кырчаңгыланган Голливуд жайгашкан АКШ мынакей азыр күзгү шайлоого тынымсыз даярданып жатканын жана ал даярдык кандай өтүп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Ошол президенттиктин мөөнөтү болгону 5 жыл экенин эгер чын эле жаш окумуштуу болсоңуз, билишиңиз керек эле..
5. "Акыйкаттык принциптерин.." сиз экөөбүз кантээр экенбиз, минтип көз көрүнөө жана алдын ала кошоматтанып жатсак..
Тьфу, иттики. Социалдык инженерлерди издеп кантээр экенбиз дейм да..

Жаныбек Жанызак,
Ыйык Семетей_дин жарчысы