№38, 02.02.08-ж.
  Кыргыз качан жана кайдан чыккан?

Редакциядан:
Кыргыздар өз тарыхыбызды билебизби? Күнү кечээ экс-мамкатчы О.Ибраимов кытай архивдеринен көтөрүп чыгып, кыргыз улутунун жаралыш тарыхын 2500 жыл экен деп, бир дуулдап барып басылдык эле.
Бүгүн дагы бир экс-мамкатчыбыз Д.Сарыгулов "Кемтилген китеп, кемиген кыргыз" аттуу китебин жазып, жарыкка чыгарды. Тарыхий-публицистикалык ыкма менен жазылган бул китептен автордун бүгүнкү бийликке, бүгүнкү заманга болгон инсандык ачык позициясынан тышкары кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүн 4миң жылдан (бүгүнкү тарыхыбызга 2008-жыл болгондугун эске алып койгула) ашуун мезгилге жеткирип, жеткиргенде да илимий булактардан алынган далилдер менен бекемдеп берүүсүнүн өзү эле китептин ат көтөргүс жүктү көтөрүп тургандыгынын ачык-айкын далили деп эсептесек болот.
Кыргыздын түпкү теги сактардан, арийлерден башталабы? Түрк атабыз Кыргыздын бир бутагы болуп калабы? Манас атабыз эпостук каарман эмей эле, чыныгы турмушта жашап өткөн адамбы? Биздин заманга чейинки миң жылдыкта азыркы Өзбекстандын аймагында Манас каналы болгонбу? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолорго жоопторду "Алиби" гезитинин сандан-санга жарыялануучу Д.Сарыгуловдун китебинен тапсаңыздар болот.

( Башы өткөн санда )
Сары-Арка деген жерди сунуш этишет, дагы бирөөлөрү Алай, Суусамурды ылайык дешет. Кошойдун сунушу менен Каркыра тандалат.
Бул жерде көңүлгө алынбаган чоң сыр жатат. Ашты бөлөк элдин жерине өткөрбөйт. Демек, айтылган жердин баары кыргыздын жери болгон.
Алтайдан Тянь-Шанга чейин бир эле маданиятты жараткан уруулар бирикмеси Андронов доорунда, тактап айтканда, б.з.ч. II миң жыл - б.з.ч. 1200 жыл мурун болгон.
Карасук доорунда Алтай менен Тянь-Шандын байланышы болгон (мүрзөлөрдө көп окшоштук аныкталган), бирок бул байланыш анча жакын болбой, бир топ ажырым орун алган (б.з.ч.IX-VII к.к. хунндар экиге бөлгөн болуш керек деп божомолдойм).
Үчүнчү.
Ашка элди чакырууга дайындалган кабарчылардын ичинде алтымыш түрдүү тил билген жаш Айдар да болот.
Демек, ошончо ар түрдүү элге кабар айтылат (арасында жөөт, арабдар да бар).
"Манаста" чабарман Айдарга минтип айтылат:
"Сулаймандын тушунда,
Журт бузулуп ушунда.
Жабырга малын салыптыр,
Кытайдан качып кыйла журт,
Жапон болуп калыптыр.
Жайы жакшы болуптур,
Жапон атка конуптур,
Көтөрүш деген эри бар,
Сыймун арал жери бар" - деп.
Кабар берилген элдердин көбү - тектеш, чектеш эл болгон. Алардын баары ашка чакырылганы, биринчиден - ортосунда ажырым күчөй элек, дагы ынтымакта болушканын билдирет. Ошондой эле негизинен, алардын түбү бир болгонун далилдейт (Алтайдан тарагандарын).
Бул андронов дооруна гана таандык болгон.
Экинчиден, кийин бири-бири менен аесуз чабышып, касташкан доордон бул окуя кыйла мурда болгон.
Төртүнчү.
Сагымбайдын айтуусунда, "Чоң чабуул" окуясында", Макел дөө "Эсенкан эгер оңбо деп, Лаат-Манат колдо деп" сыйынып, Манаска каршы жолго чыкканы баяндалат.
Аль-Лат, Манат - байыркы арабдардын ислам динин кабыл алганга чейин (б.з.VII кылымы) сыйынган кудай-буттары.
Ислам дини кабыл алынгандан кийин эки кылымдын ичинде эски ишеним, сыйынуулар толугу менен жокко чыгарылып, эл ээсинен өчүрүлгөн.
XIX кылымда манасчы Лаат-Манатты айтып жатканы (ислам динин арабдар кабыл алгандан бир миң эки жүз жыл кийин!) Кыргыз араб элинин исламга чейинки динин, кудай-буттарын байыркы доордо эле таанып, билип, эсинде сактаганын билдирет!!
Ошол эле учурда, кыргыздардын арасында XIX кылымда ислам дини терең тарай электигин да көрсөтөт (ислам динин туткандар араб элинин эски кудай-буттарынан кабарсыз, аларды билбейт).
Бешинчи.
Манаста (Сагымбайдын айтуусунда) 500 ашык жер, суулардын аттары баяндалат, 113 элдин аттары аталат.
Жер аттары бүт Евразияны камтыйт: Кырым, Урум, Орол, Эдил, Мисир (Египет), Гималай, Тибет, Индия, Кытай, Магрип (Африка өлкөлөрү), Алтай, Орто жана Борбордук Азия ж.б.
Айрымдарына токтолсок жетиштүү болоор.
Көкө-Ноор - Кытай Эл республикасынын Цинхай провинциясындагы көл, Көмөк - Афганистандын чыгышындагы жер, Көкөтөйдүн ашына эл чакырганда айтылат:
Балыктын башы Көмөктөн,
Бактысы ашык бөлөктөн,
Кыргыз уулу бу дагы
Улугу багыш жедигер,
Жедигердин багышы,
Уруудан чыккан бу бир эр;
Көөнө-Турпан - Чыгыш Тянь-Шань тоолорунун этегиндеги ойдуң жана ал жердеги шаар, Ымалай (Гималай - эң бийик тоо кыркалары): "Күн чыгышы Ымалай, Шолорду да жердеген Шоруктун эли бар далай";
Ындыстан (Индустан) - түштүк Азиядагы өлкө, Иле - кыргыздын жери катары сүрөттөлөт: Кордай менен кол салып, Көл-Камышка жол салып, Ашкан журтум барсыңбы? Ары багыт кең Иле түшкөн журтум барсыңбы?;
Илепси - кыргыз мекендеген жерлердин бири, Жунгар Ала-Тоосунан агып чыгып Балхаш (Балык-аш) көлүнө куйган дарыя жана анын боюндагы өрөөн; Кенжут - алтайлык кыргыздар көчүп барган жердин аты, түндүк Индиядагы жер (Ч.Валиханов: Канджут - Хунза менен Нагар княжествосунун эски жалпы аты); Кен-Тоо - Чыгыш Түркстандагы тоолордун бири; Кер-Көл-Ата - Ысык-Көлдүн эски аталышы, кер-чоң дегенди билдирген, демек - Чоң-Көл-Ата делген; Керме-Тоо - Тибеттин түндүгүндөгү Куэнлун тоо кыркасы
- Керме Тоонун оюна,
Кең Котондун боюна,
Эр Төштүктүн тоюна
Элчи келди деген сөз
Элге текши билинди;
Котон - кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган шаар, Көкөтөйдүн керээзинде:
Койнотто шаар Котондон,
Козголоң салып ошо элден
Кыдырып жүрүп айтпасын,
Кытай, орус калыкка,
Кытайдын батышындагы дарыя, оазис, шаар;
Тагарма - Памирдин күн чыгышындагы жер,
Тагарманын калаадан
Шооруктун кызы Акылай
Шоодураган капырай
Карматып алдым камоодон;
Тай-Ашуу - Шиңжаңдагы Жылдыз тоосунун ашуусу;
Таңшут - кытай калаасы, Манас бошоткон алтынчы шаар;
Теңир-Ноор - Кытай эл республикасынын Тибет автоном районунун Лхаса шаарынын түндүк-батышында жайгашкан көл,
Көкө-Ноор көлү бар,
Губий-Шаму чөлү бар,
Теңир Ноор көлү бар,
Текши-Арш деген чөлү бар - деп, Кытай, Монголиядагы жер-суу аттары менен чогуу эскерилет;
Тибет - Тибет, кыргыздарга чектеш, карым-катнашы бар элдин жери катары көп эскерилет,
Бир чети Тибет чөл болсун,
Күн чыгыш жагы кытайдын,
Камбылдын Кунар бел болсун,
Чакырарым тоюма
Шондон берки эл болсун - дейт Жакып, Манас туулганда берилген тойдо;
Көбү-Шаму - Монголия эл республикасынын түштүгүндө жана Кытай чөлкөмүндө жаткан эбегейсиз зор чөлдүү аймак;
Испара - Манастын бабаларынын жери, Кыргызстан менен Тажикстандын аймагындагы Исфара чөлкөмүнө дал келет;
Какшаал - кыргыздар жашаган жерлер катары айтылат, Кыргыз республикасы менен КЭР аймагындагы кырка тоолор;
Көтөлөктүн Сары-бел - Тарбагатай тоосундагы Кытайга ашып түшчү ашуу;
Мамырдын Кара Сазы - Жакыптын Алтайда жайлап турган жери;
Көк-Арал - "Көпкөк темир тон менен, Көк-Арал деген жол менен", Жунгариядагы жерлердин бири;
Кара-Суу - Алтайдагы жер, Манастын жентек тою Кара-Суунун боюнда өткөрүлгөн,
Кара-Суунун боюна,
Карап турган калайык
Кан Жакып кылган тоюна;
Кан-Тоо - Алтайда Жакыптын турган жери, Манас ордо ойногон жер;
Канды-Тоо - Манас төрөлгөндөгү жентек тою Канды-Тоонун оюнда өткөрүлөт,
Канды-Тоонун оюна,
Кара-Сунун боюна,
Карап турган калайык
Кан Жакып кылган тоюна.
Бамбей - кыргыздардан алыс турган атактуу шаар, өлкө катары Манаста бир топ жолу эскерилет, Индиянын ири шаары.
Баргана - эпосто кыргыздар эзелтен мекендеген аймак, Нааман жергеси атагып, Манастын бабаларынын мекени деп эсептелет (Фергана, Наманган).
Бул тизмени улантса дагы 70 баракка батпайт! 532 жер, суунун аттарын камтыган Манас дастаны байыркы доордон бери кыргыз мекендеген же карым-катнашта болгон элдердин жерин мүнөздөп, баяндайт.
КПСС жалган айткандай, кыргыз эгерде эл катары араң XVI-XVIIкк. калыптанса, кокту-колотто жашаган маданиятсыз, караңгы, билимсиз, жапайы, чачылган уруулар болсо, анда мынча жер-суулардын аттарын каяктан билмек эле?!
КПСС тарыхтын чөлүнө синген суудай жок болгонуна 15 жыл толду, бирок анын калп сөзү кыргыздын аң-сезимин, акылын дагы эле кое бербей, мыкчып, манкурт кылып кармап турат.

( Уландысы эмки санда )