№38, 02.02.08-ж.
  Парасатту пайгамбар

(Улуу жазуучубуз
Чыңгыз Айтматовго ыр терме)
Башынан элдин салты бар,
Байкаган баарын жансыңар.
Маараке куттуу тойлордун,
Мааниси, баасы,наркы бар.
Негедир суроо жаралат,
Негизги салты кайсылар?
Баарыңар теңир алдында,
Парасат менен байсыңар.
Кылымдар бою келеткан,
Кыргызда ыроо-тартуу бар.
Ар түркүн улуу элдердин,
Ар түркүн белек, шарты бар.
Ыр экен өлбөс,өчпөгөн,
Ыроодон десек, кайсылар?
Анткени биздин агайдын,
Ааалмга чейин даңкы бар…!

Албетте, элдер өтө көп,
Айтматов жүргөн көчө!-деп,
Катар кыл домбурасы бар,
Казагым төөсүн жетелеп,
Тарттуулап турган кези бар,
Тагдыры окшош өз элек.
Өзбектер ала чапанчан,
Өзгөчө сыйлайт акелеп!
Ой-тилек айтып теледен,
Окемдер бокал көтөрөт…
Тажигим,каракалпагым,
Таланты баалап безенет.
Түркмөндөн келген тулпардын,
Туягы жерге төшөлөт.
Чикеме жазуу жагынан,
чынында көбү жете элек.

Байкасам арбын эмеспи,
Баарысын айтыш керекпи?
Чикебиз келет түшүрбөй,
Чыгарма байрак-желекти.
Арийне ыроо жагынан,
Алыскы, түрктөр көп өттү.
Чынында он төрт томдугун
Чыгарып бизге жөнөттү.
Биз кыргыз эли ойлонуп,
Берсек дейм ырдан белекти !

Той боло берсин тойду-улай,
Токчулук берсин чоң кудай.
Жеткилең иштер көп болсун,
Жер шары курсант богудай.
Орошон китептери үчүн,
Окусам көңүл тойгудай,
Жетелеп тулпар келсем-дейм
Сүрөткө тартып койгудай.
Билдириш үчүн сыйыңды
Бир жылкы, уй,төө кыйынбы?
Акылдан бийик койбогон
Ак калпак башка буюмду?
Жылкы, төө, авто, уй эмес,
Жетелеп келдим ырымды…
Чылбырын кармап Терменин
Чыкеме бизден сунулду.
Кыргызым айткан белек-деп,
Кыдырса болот кылымды.

Тулпарды ырдан миниңиз…
Термеден зооту кийиңиз.
Аккелте-калем колдо бар
Аны да билген түрүңүз
Ак олпок кийип алгандай
Айкөл да бийик сүрүңүз
Ааламдан келген адамдай
Арабызда көп жүрүңүз
Баягы сизден Бата алган
Барчынбек -деген иниңиз
Ыр терме-тулпар жиберген
Ыроо!-деп байке билиңиз!

Депутат болгон кезинде,
Демилге болгон сөзүндө.
А биздин Академик-деп,
Ар кимдин болгон эсинде.
Кинону көп жыл башкарып,
Кийин да салттуу өсүүдө.
Элчилик кесип аркалап,
Эл ишин туура чечүүдө.
Сыйлаган өлкө, улуттар
Сыпайы таазим этүүдө…

Дал өзү болгон сыймыктын,
Дайыны болгон чындыктын,
Даңкынан айта туралы,
Даанышман абам Чыңгыздын.
Ашыгып турган жагы бар,
Акыйкат сөзгө кыргыздын.
Абама келет жез эмес
Алтындан айкел тургузгум.

Байыркы элим чөкпө-деп,
Баатырдай турган бетме-бет.
Көңүлү сүйгөн адамга,
Көк теңир акыл-эс берет,
Жашоонун окшойт мыйзамы,
Жакшы сөз дайым эстелет.
Замандын болгон эркеси,
Залкарды залкар деш керек.

Табият кандай керемет
Тапттаза нурун себелеп,
Ак калпак эли эзелтен,
Ачыгын айткан эл элек,
Ташкындап тунук дайрадай,
Таланттар дагы төрөлөт
Булбулду булбул деп айтып
Бууданды буудан-деген эп!

Айрылбай бийик сапаттан,
Акылга чындык жашаткан.
Түбүнөн биздин кыргыз эл
Түйүндү чечип чаташкан,
Шар сүйлөп биздин элибиз,
Шаркырап,суудай таза аккан.
Күлүктү күлүк-деп айтып,
Күкүктү күкүк-аташкан


Жалганга дайым өгөйбүз,
Жайдары чындык мененбиз,
Бийиктик наркы не болот,
Билбесек баркын эгер биз?
Бакубат мындай адамды,
Бакайга дагы теңейбиз.
Урматтап, эли башынан
Улууну улуу дегенбиз.




  Долон бийге чейинки санжырадан

Редакциядан:
Урматтуу окурман!
Д.Сарыгуловдун изилдөөлөрү менен катар "Кыргыз санжырасы" китебинен үзүндүлөрдү бекеринен берип баштаган жокпуз. С.Закиров жазгандай "илимий фактылар менен санжырадагы уламыштардын бирдей келишин" өзүң салыштырып көр. Ойлонсун, ата-тегин билсин деген аруу тилек менен алдыңа тарттык.
Сандан-санга берүлүүчү "Кыргыз санжырасы" ар мезгилде "Ала-Тоо" журналына жарыяланган, ар кандай авторлордун чыгармаларынан турат. Алардын башын бириктирип, жазуучулар К.Кушубеков менен М.Апышев 1994-жылы бирдиктүү китеп кылып чыгарышкан. Китепти толугу менен силерге жеткирүүнү моюндап отурабыз.

( Башы өткөн санда )

Ал убакта Самаркантты Борукенин уулу Токе билип, Ургенчти Үркөркандын уулу Эртегинин Эр Шорук ээлейт. Кийин бул экөөнүн ортосунда согуш чыгып Эртегинин Эр Шорук Токе ханды өлтүрүп Самаркантты ээлейт. Кыргыздар Жети Сууга сүрүлөт. Ал убакта Жети Суу деп Талас, Чүй, Иле, Ысык-Көл, Каратал, Көксу, Лепси суулары агып жаткан өрөөндөрдү атаган. Барак хандан калган Калыбай кыргыздарды ээрчитип келип жети сууга бөлүп, өзүнүн ордосун Кара-Балта суусунун Чүйгө куйган жерине курат. Ал жер кийин "Калы куту, капка таш" деп аталат. Анткени, ал жерге Калы бий куту салган. Калыбийдин аялы маңгыттан чыккан Сармандын карындашы экен. Ошондуктан маңгыттар да кыргыз менен жамаатташ жашап, дону бирге доолашып, жоону бирге жоолашкан. Калыбийдин аялы - Ай сулуу жалаң эле сулуу эмес акылман да болгон. Андан эки уул туулат. Бири - Сагын, экинчиси - Арашан. Сагын бышык чыгып он экисинде сөзгө илинип, Бала Сагын аталат. Ошол мезгилде Отор шаарын Жанчархан бийлеп калат.
Сагын шаар кыдырып, байыркы ата-бабасынын жерин иликтеп чыгайын деп ойлойт. Жанчархандан корккон Калыбий аны жибергиси келбейт. Сагын басканга ылдам, жүгүрсө чыккан, эмчи, төлгөчү, тамырчы болгон. Ага казактын Абак бийинин Баглан деген кызын алып берген. Андан Ташы туулат. Баласы үчкө чыкканда Сагын жер кыдырып кетет. Эл көрүп, жер көрүп, илим үйрөнүп элине кайтат. Сагындын жер кыдырып кеткенине далай убагы болгон экен, анын үчтөгү баласы эр жетип, эл карап, калмактын Боролдой, Боом деген баатырларын өлтүрүп элге алынып калыптыр. Ал атасы менен көрүшүп, көргөн билгенин сурайт. Сагындын атасы Калыбий мурутунан күлүп: "Эл кыдырып дубана болбо десем болбой кетти элең эмне максатка жеттиң" - дейт. Анда Сагын: "Ээ ата, жөн жаткандан көрө, эл көргөн жакшы экенин билдим, жакшы менен жаманды ажыратып келдим. Өскөн эл менен жоголуп бараткан элдин айрымасын билдим. "Ат жакшысы арада, эр жакшысы калбада" боло турганын байкадым. Шаар, кала салбаса, эл болбосун түшүндүм, жазуу-окуу болбосо билимдин өспөсүн түшүндүм, атчан жасактан, жөө жасак күчтүү боло турганын билдим. Ата-бабабыздын шары Оторду басып алуу зарыл экенин билдим" - дейт.
Ошол мезгилде калмактар каптап Жети-Суудагы кыргыздарга кол салат. Сагын, Ташы аларга каршы аттанып согушта жеңип чыгат. Жети-Суу хандыгы түзүлүп Бала Сагын хан болот. токмоктун үстүнө ордо куруп, кала салдырат. Ал Бала Сагын шаары деп аталат. Бала Сагын баласы Ташыга Карача бийдин кенже кызы Мактымды алып бермек болот. мактымдын жер чийген чачы, айдай ийилген кашы ошол мезгилдеги хан, бектердин балдарынын түгөнбөс ырына айланат. Кырк кулач чачтуу кыз Мактым, Ак Мактым аталат. Анын атасы Карача бий ошол кезде Ногойго карап турган Көкчө калаасынын бийи болгон. Ногойдун ханы Жанчаркандын уулу Кочкоркан ак Мактымды эч кимге бергиси келбей Карача бийдин агасынын баласы Кунтуума менен жашырын макулдашып өзү алмак болот. Ага карабай Бала Сагын Ташыга маңгыттын Сарман баатырын кошу пак Мактымга жиберет. Сармандын Агыш деген баатыр небереси 40 жигити менен Ташыга кошулат. Алар Карача бийге келишкенде ал сүйүнүп тосуп алат. Карача бий Ногойдун ханы Жанчархандын уулу Кочкорхандын жашырын сүйлөшкөнүн билген эмес. кочкорхан атасы өлгөндөн кийин он сан Ногойду бийлеп, Отор шаарында ордосун курат. Карача бий жуучуга келген адамдарга Мактымды Ташыга Бере турганын эскертет, бирок Күнтуумага айтпасак болбойт дейт. Ал убакта казактар Күнтуума билип, экинчи жагынан ханга сөзү өтүп турган экен. Бул сөздү уккан Агыш Ташы менен Мактымды жашырып жолуктуруп макулдаштырып коет.
Күнтуума аларды уккандан кийин ичинен жини келип, аялы Еренчени Мактымга жиберип, өзү жашырын Кочкорханга барат. Кочкорхан ачууланып Күнтууманы өлтүрмөк болот. Ал сен тигил жакка макулдугуңду берип, бул жакка калп эле келдиң - деп күнөөлөйт. Бирок куу Байсак деген аярын чакырып акыл салса, кой Күнтууманы өлтүрбө, аны өлтүрсөк казак, кыргыз биригип кетет, согуш чыгат, андан көрө аны алдап Ташы менен Агышты колго түшүрүп, кыз Мактымды макулдатуу керек, Бала Сагын баласы колго түшсө айласы кетип Адөөлөтканга барат. Анда өз бир тууганы+ Зарлык хан болуп турбайбы, ошентип тынчтык менен иш бүтөт дейт. Куу Байсактын сөзү Кочкорханга макул келет. Жарайсың, аярым, - деп далыга чабат. - Көтөрүшүңчө алтын ал, - деп казнага киргизет. (Аяр деп ал убакта канга акыл кошкон жардамчысын айтчы экен). Капилет жерден ой таап, камалган жерден жол тапкан киши аяр атагын алган. Угуз уруусунда Төлгөчү кара Төлөк менен куу Байсак ошондой атка жетишкен экен.
Кочкорхан Күнтууманы алдап, жалдап жолго салат. Бирок Күнтуума Кочкорхандын мамилесинин кескин өзгөрө түшкөнүнөн шек санап ишенбей калат. Ал келээр менен Сарман, Карача бий, Ташы, Агыштарга болгон ишти бүт айтып коёт. Андай болсо мен өзүм барып Кочкорхан менен сүйлөшөм - дешет. Ташы, Күнтуума, Карача бий экинчи жагынан Ташынын таекелери болгон. Ошондон уламбы Күнтууманын жакындык сезими козголуп: "Кой өзүң барып, өлүмгө жолукпа, мен барып дагы бир чалып келейин" - дейт. Күнтуума Кочкорханга барып иштин оңолуп жатканын айтымыш болуп сырын тартат. Баары бир Кочкорхан чечилип кетпейт. Күнтуума Ташыга келип барба деп эскертет. Ага болбой Ташы жөнөмөк болот. Андай болсо Ташынын артынан Сарманды жөнөтмөк болот. Ошол учурда Отор шаары он эки капка калаа экен. Темирден дарбаза салып абдан бек кылып, ички ордосун да жасаткан экен. Ордонун ичинде Ороз, Оторхан, Сарыбай, Желдең, Айтак, Парман, Турта, Разынын сүрөттөрү чегилип жазылыптыр. Көргөндүн көзүн талдырган кооз айбандардын сүрөттөрүн да тарттырган экен. Ташы Оторго келгенде Кочкорхан шаан-шөкөт менен тосуп, кучакташып көрүшөт.
( Уландысы бар )