№38, 02.02.08-ж.
  Кууш жолдор

Өзбектердин камын жеп, казактардын нанын жеп, орустардын шамын жагабызбы?
Экономика
Элибиз эгемендик алган күндөн бери, экономиканын үзүрүн эмес, түзүгүн да көрө элек. Эски бийликти карызга батырдың деп качырып, жаңы бийликти жардамга чакырып, "Бакиев" деп бакырып, баатырлык кылган элибиздин эмгеги эмне болду? Бийлик алмашкан үч жылдан берки экономикалык көргөзгүчүбүз кандай? Менимче, өзгөрүү болду деген адамдардын жеке турмуштарында гана өзгөрүүлөр болбосо, жалпысынан алганда эч кандай деле өзгөрүүлөр болгон жок. Тышкы карызыбыздын көлөмү азайгандын ордуна көбөйүп жатса, анан кайдагы өзгөрүүлөрдү айтып, элибиздин башын оорутабыз? Ички дүң продукциялардын өсүш көлөмү боюнча, азыркы бийлик мурунку бийликтен аша алган жок. 2003 жана 2004 жылга салыштырмалуу, былтыркы жылдын өсүү көлөмү жогору болгону менен, жалпы үч жылдагы көрсөткүчүбүз менен Акаев бийлигинин акыркы үч жылдагы көрсөткүчүнүн айырмасы жок. Демек, оор экономикалык маселелерди чечүүгө азыркы бийликтин алы жетпей жатат десек, аша чапкандык болбос. Аткаруу бийлигинин алсыз саясатына өткөн жылдардагы саясий акциялар өз таасирин тийгизди дегенибиз менен, алардын ачык экономикалык пргораммаларын азырынча көрө элекпиз. Быйылкы жылы кандайдыр бир экономикалык жылыштарды байкайбыз дегенибиз, жаш баланы сооротуу менен барабар. Жыл башындагы кыштын суугу экономикабыздын эң негизги тармагы болгон энергетикага өзүнүн эбегейсиз зор залакасын тийгизди. Аба ырайынын мындай катаал шарты, азыркы бийликтин алдыга койгон иш аркаеттеринин баарысын ойронун чыарды. Жазгы тала иштерине көрүлүүчү камкордуктар кагаз жүзүндө гана калды. Күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөргө, күйүүчү майларга болгон баалардын өсүшү, оор экономикалык кризистин босогосунда турганыбыздан кабар берет. Чудиновдун өкмөтү азыркы оор абалдан оңой чыкканы менен, күзүндө күтүлбөгөн оор соккуларга дуушар болот. Анткени, акыркы жылдарда байкалып келаткан жаздын кыскалыгы, жайдын ысыктыгы, суунун тартыштыгы менен баалардын өсүшү, энергетиканын азайышы кошулуп кетип, чоң проблемаларды жаратат. Азыркы өкмөтүбүз андай оор кырдаалды сезгени менен, анын алдын ала албайт. Ага кудурети да жетпейт. Мугалимдердин айлык маяналарын көтөргөнү менен, алардын карыздарын толук төлөп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатпайбы? Энергетика маселесин чечебиз деген эргулдар, эртең кайсы сууну кечебиз деп ойлонсо болмок? Экономиканын эртеңкисинен эч кабар жок десек, эч ким таарынбайт чыгар?

Саясат
Азыркы саясый абалыбызды мурунку эки жылга салыштырмалуу түзүк десек болот. 2005 - жана 2006 - жылдары кайнап турган кыргыз саясаты, азыркы күндө бир калыпта. Бакиев мырза саясатта бир топ жетишкендиктерге жеткени менен, эпсиз экономиканын эсебин таппай отурат. Андыктан, алсырап калган кыргыз оппозициясы бийликке дагы бир топ тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Кыргыз оппозициясына эң сонун шарт түзүлдү. Азыр алар бийликтин ар бир кадамын карап калышты. Бир четинен бийлик буга өзү күнөөлүү. Конституциялык реформанын шылтоосу менен, бүт жоопкерчиликти өз баштарына үйүп алышты. Эми эмне болбосун, элибиз бийликти билектен эмес, кокосунан алат. Оппозициянын күткөнү дагы ушул. Азыр алар кандай сүйлөсө да жарашат. Анткени, алардын башы бош, курсагы ток, жоопкерчилиги жок.
Кыргыз саясат майданында тирешүүлөрдүн жаңы формасы пайда болушу толук мүмкүн. Эгер буга чейинки оппозиционерлер элди ойготконго аракет жасап келген болсо, азыр акча таап, элди акцияларга чыгаруунун деле кереги жок. Анткени, алардын жасай турган ишин, бийлик өздөрүнө өткөрүп алган. Өткөн парламенттик шайлоолордон кийин, элдин бийликке болгон ишеними болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен. Энергетика тармагын менчиктештирүү, чек ара маселелерин чечүү аракеттери ордунан жылбай тургандыгына, элдин маанайы себеп болууда. Бийлик элди алдаганга, оппозиция от жакканга даяр турат. Азыркы бийликтин башын оорута турган оппозиция күчтөрү эмес, өткөн шайлоодо алданган калың эл. Айрымдар айтып жатышпайбы, "оппозиция өзүнүн жүзүн сактап калуу үчүн аракет жасоодо" деп. Оппозиция эмес, бийлик өзүнүн жүдөмүш жүзүн сактап калыш керек.

Тышкы саясат
Тышкы саясатыбыздын тыңгылыктуу жүрбөй жатканына тышкы иштер министрлиги эмес, ички саясатыбыз тоскоол болууда. Митинг, пикеттерден чарчабаган өлкөгө кайсы инвесторлор келмек эле? Бийлик бир команда менен, бир программа менен, бир нукта, бир калыпта саясат жүргүзө албаса, бир дагы мамлекет бизге жардамга келбейт. Үч жылдын ичинде биздин мамлекетке бир дагы батыштагы бай мамлекеттердин башчысы келген жок. Бакиев мырза башчы болгон күндөн бери, Батыш өлкөлөрүнүн бирисине дагы расмий сапар менен чыга элек. Батыш өлкөлөрүндө жайгашкан бай уюмдардын баарысы, биздеги саясатты катуу сынга алып жатканы бекеринен эмес. Аларга биздеги саясий стабилдүүлүк эмес, демократия багытындагы стабилдүүлүк керек. Кошуна өлкөлөр менен болгон мамилелерибиз жакшы жолго түштү деп айтыш кыйын. Анткени, алардын биздин мамлекетке койгон талаптарын аткарууга азырынча алсызбыз. Россия менен Казакстан биздин энергетикалык ресурстарга, жаратылыш байлыктарыбызга кызыгып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Аларды карматып жиберсек, Америка, Батыш өлкөлөрүнөн кол үзөбүз. Демократиянын түбүнө жетебиз. Американын аскер базасын саясий куралга айландырып алдык. АКШнын мамлекеттик департаментти биздеги шайлоолорду сынга алды эле, Бакиев "силерди чыгарам" мүнөзүндө корс этти. Ганси аскер базасы үчүн америкалыктар жылына 20 млн. долларга жакын акча төлөйт, ал эми Канттагы базасы үчүн орустар канча төлөйт? Өткөндө каржы министрибиз Т.Калимбетова бир дагы тыйын төлөбөйт десе, кече коргоо министрибиз И.Исаков 4.5 млн. доллар төлөйт деп чыкты. Кимисине ишенебиз? Төлөсө төлөп жаткандыр? Бирок, кимге? Мамлекеткеби же бир адамгабы?
Азыркы бийлик ачыктан ачык эле кошуна мамлекеттердин кожоюндарын угуп калды. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Америкалыктар аскер базасын Афганистанга же Пакистанга көчүрүп кетсе, анда ишибиздин бүткөнү. Орустар оңой эле кирип алышып, саясатыбызды каалагандай калчашат. Эгемендигибизге шек кетпейт деп, кимиси кепилдик бере алат? Бизге эмне керек? Батыштын бай өлкөлөрү сунуш кылган демократиябы же, кошуна өлкөлөр сунуш кылган автократиябы?
Демократиянын шатысы менен бийликке жеткен адам, ал шаты менен түшкүсү келбей калды. Демократия менен ойногон Акаевдин тагдырын Бакиев мырза эске алыш керек. Баткендин ашын жеп, Ташкендин камын жеп отургуча, Батыштын нанын жесек болбойт беле?




  Алибинин айлампасы

Зайнидин Курманов
Акыркы кездерде Зайнидин мырза массалык маалымат каражаттарынын беттеринен түшпөй калды. "Ак жолдун" таза шайлоолор менен келгенин түз айта албаса да, акыл айтуу жагынан азырынча эч кимди алдына салдырбай келет. Азаттык үналгысына берген маегинде, "Оппозиция алсыз иштесе, бийлик диктатурага айланып кетиш коркунучу бар" деп божураптыр. Анчалык эле оппозицияга жаны ооруса, анда алар көтөргөн талаптарды эмне айыптайт? Кошуна мамлекеттер сурап жаткан пансионаттарды бериш керек деп, Акүйгө аябай жагынууда. Анткени, ал пансионаттарды казактар союз кезинде өз акчаларына куруптур. Патриот болбосоң кое кал!
Анчалык кыйын болсоңуз, союз кезинде Кыргызстандын акчасына Ярослав облусунда "Кыргызстан" деген совхоз курулган, ошону талашып бербейсизби?. Миңдеген Орусиядагы мигранттарыбыз жумуш таап оңуп калышсын. Казактардын калканын көтөргүчө, кыргыздардын кылычын чапсаңыз, кыйла жерге жетет элеңиз го?
Кыйналып кыргызча сүйлөгөнүңүздү, жыйналып орусча сүйлөгөнүңүздү түшүнсөк да, багытыңызды түшүнбөй калдык, Зайнидин мырза!

Сапар Балкыбеков
Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы менен Сапар мырзанын министрлик орунда олтуруш мөөнөтү дагы тартылып бараткансыйт. Анткени, азыркы күндөгү актуалдуу маселелердин баарысы ушул министрликке келип такалат. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү тууралуу божомолдор менен билинбей көтөрүлүп кеткен күйүүчү майлардын залакасы, Сапар мырзаны саясий курмандыкка кудалап коюшу толук мүмкүн. Акаевдерге аш көтөргөн Балкыбеков, Бакиевдерге баш көтөрмөк беле? Айрым саясий ушакчылардын айтканына ишенсек, Балкыбековдун ордуна Т.Сарпашев отурат деген имиш бар. Ошол эле айткан адамдын сөзүнө таянсак, А.Келдибеков жакын арада ажонун жарлыгы менен мамлекеттик катчылык орунга жабышат экен. Сапар садага чабылабы же акчалуу орунга тагылабы, азырынча белгисиз.

Нурлан Шакиев
Президенттин пресс катчысы Н.Шакиевдин мындай жооптуу жумушка ылайыксыз экенин көпчүлүк буга чейин эле айтып келишкен. Кечээ президентибиз К.Бакиев өкмөттүн жыйынында "пресс служба как хромала, так и хромает" деп ачуу сынга алганына караганда, Нурлан мырзанын кызматынан кетиши толук мүмкүн.
Президентибиз жөнүндөгү ушак-айыңдарга оппозиция эмес, администрация кызматкерлери күнөөлүү. Биринчиден, ажонун пресс - катчысы күнөөлүү. Алгач 16 мартта келет деп жар салды, анан көп өтпөй ажобуз ооруган жок, эс алып эле жүрөт деген бүдөмүк сөздөрү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Мына, ажобуз бүтун даарылатканын ачык эле айтып чыкты.
Билбегенден кийин, унчукпай эле отурбайбы десең...
Жалган айтканы үчүн жазага тартылбаса да, ажону жандап баспай койсо деле болот. Пресс катчы бүгүнкү күндө стресс катчыга айланып жатса керек.

Акылбек Жапаров
Бакиев командасынын коргоочусу Акылбек мырза, кээде чабуулга өтүү ыкмасын дагы өздөштүрүп алды. Бирок, кимге чабуулга чыкканы белгисиз. Кумтөрдөн мурунку бийлик акча алган дейт да, атын атабайт.
Анда неге айтты? Менден кызмат үчүн Акаевдин жакындары акча сураган дейт дагы, анысын ачыкка чыгарбайт. Ажосу Германияда жүргөндө "Азаттыкка" маек куруп, олку-солку багытын билгизди. "Ыңкылап Кочкордон башталган" деп, түштүктүктөрдү түртүп салды. К.Бакиев дагы бир айга кармала түшсө, Акылбек мырза Акүйдөн оппозицияга аттап кетет беле? Депутат кезинде экономика, каржы министрлерин кабыландай качырчу эле, өзү ал кызматтарга барганы, өзгөчө момун болуп калды. Элибизге акыл айткан Акылбек эмес, ачык айткан Акылбек керек. Жоо кеткенден кийин кылычыңды булгабай эле коюңуз, Акылбек мырза.

Мурат Жураев
СДПКнын күчү менен кайрадан эски ордуна келген депутат Мурат мырза борборду Ошко көчүрөбүз деген талапты кайрадан козгой баштады.Ордону Ошко көчүргөндөн эле кыргыздардын жашоо шарты өзгөрүп кетмек беле? Мурат мырзанын мындай демилгесинен кийин, мурдунан алысты көрө албагандар мултуңдаша баштады. Түштүк жергесиндеги оор экономикалык абалды жеңилдетүүнүн жарасы бул эмес.
Борборубуз Ош болгондо эле, миграция токтоп калбайт. Орусиядагы жарым миллион кандаштарыбыз кайрылып келип калмак беле? Дегеле, Ошту ордо шаар кылабыз деген идеянын актуалдыгы жок. Мындай мамлекеттик деңгээлдеги маселени элдик референдум аркылуу чечсе болмок. Эл өкүлүмүн деп эле эпсиз маселени козгогуча, элибиздин эртеңки келечегине керек боло турган энергетика маселесин козгосоңуз болмок, Мурат мырза…!

Р. Момбеков