№39, 09.02.08-ж.
 "Адвокат профи" фирмасы

"Адвокат профи"
Мыйзам деген эмне?
Мыйзам - бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси камтылган ченемдик - укуктук акт. Алар адамдардын укуктарын жана милдеттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат. Конституция Жогорку Кеңешке долбоорун киргизүүгө укуктуу жактардын чөйрөсүн белгилейт. Бул укук Мыйзам долбоорун сунуштоо демилгеси "деп аталат" жана Конституцияда белгиленген мыйзам кабыл алуу тартибинин биринчи баскычы болуп эсептелет.
Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси менен чыга албайт. Ал муну адатта өкмөт аркылуу ишке ашырат.
Парламентке киргизилген мыйзам долбоору адегенде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети тарабынан каралат да, андан кийин ЖКнын бардык депутаттарынын кароосуна киргизилет. Эреже катары, мыйзам долбоору талкуулоонун биринчи баскычынан же биринчи окуу деп аталган жол-жободон өткөрүлөт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Эгер мыйзам конституциялык мыйзам статусуна ээ болсо, анда үч окууда каралат жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандан кийин мыйзам Президент тарабынан кол коюлушу жана республикалык гезиттерде жарыялануусу тийиш. Мыйзам эгер анын өзүндө же мыйзамды күчүнө киргизүү тартибинде башкача каралбаса,жарыяланган күндөн тартып, күчүнө кирет. Мыйзам ошондой эле, жалпы элдик добуш берүү жолу менен добуш берүү тизмесине киргизилген жарандардын жарымынан ашууну колдосо, референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.
Биздин Конституцияга ылайык Президент мыйзам күчүнө ээ жарлыктарды кабыл алууга укуктуу.Бул төмөнкү эки учурларда болуусу мүмкүн: эгер Жогорку Кеңеш Президентке бир жылдан ашык эмес мөөнөткө мыйзам кабыл алуу укугун бергенде, ошондой эле Жогорку Кеңеш таратылган учурда.
Мыйзамдык акт деген эмне?
Мыйзамдык актыларга Президенттин Жарлыктары, Жогорку Кеңештин токтомдору, Өкмөттүн токтомдору, Өкмөт, министрликтер жана мекемеликтер тарабынан кабыл алынган ар кыл инструкциялар жана жоболор кирет. Бардык мыйзамдык актылар өзүнүн күчү боюнча мыйзамдардан төмөн турушат. Мыйзамдык актылар менен мыйзамда карама-каршылыктар кездешкен учурда мыйзамга артыкчылык берилет.
Мыйзамдык актылар ченемдик жана ченемдик эмес болуусу мүмкүн. Ченемдик укуктук актылар ченемдик эместерден айырмаланып, адамдардын кеңири чөйрөсүнө жана аларды көп ирет колдонууга эсептелет.Мисалы, Өкмөттүн токтому менен бекитилген айыл чарба багытындагы жерлерди сатуу, сатып алуунун тартиби жөнүндө жобо бул айыл чарба багытындагы жер участокторунун ар бир менчик ээси үчүн бирдей милдеттүү күчкө ээ мыйзамдык ченемдик укуктук акт.Ал эми Премьер-министрдин "Асановду" өзүнүн жардамчылыгына дайындоо жөнүндөгү буйрутмасы ченемдик укуктук акт болуп саналбайт, анткени ал Асановго гана тиешелүү жана бир гана ирет колдонулат.
Ченемдик-укуктук актыга кантип жана кайда даттанууга болот?
Мыйзамсыз ченемдик укуктук актыны жогорку мамлекеттик органга же сотко даттанууга болот. Мисалы, министрдин буйругуна Өкмөткө, Өкмөттүн токтомуна-Президентке даттанууга болот. Ал токтомду өзүнүн жарлыгы менен токтото турат же жокко чыгарат.
Мыйзамдык ченемдик укуктук акт мыйзамга карама- каршы келген учурда аны жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга болот.Соттун чечиминин негизинде андай актыны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ага өзгөртүү киргизүүсү же аны өз күчүн жоготту деп табуусу тийиш. Конституцияга карама-каршы келген мыйзамдар жана мыйзамдык актылар конституциялык сотко кайрылуу менен жокко чыгарууга жатат.
"Адвокат профи"
Турмуш деген ар кандай болот эмеспи. Ортобузда балабыз да, талаш-тартыш мүлк деле жок. Үйлөнгөнүбүзгө төрт жыл болду, тез арада кантип ажырашсак болот.
Дилбар. Кочкор району.
Сиздердин ортоңуздарда бала жок болгондон кийин, анда сиздер экөөңүздөр тең макулдашып, талаш-мүлктү тактап, эгер мүлк болбосо мурда кайсыл райондун ЗАГСына каттоодон өтсөңөр ошол жакка арыз жазып кайрылсаңар сотсуз эле ажыраштырып коет. Ал эми жашаган райондун сотуна кайрылсаңар мыйзамга ылайык үч ай мөөнөт бүткөндө сот ажыраштырат.
Алматыда 1998-жылы төрөлгөн уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жоготуп алганбыз. Бирок, төрөлгөндүгү тууралуу справка бар. Ал справка боюнча Кыргызстандан күбөлүк бербей жатат, төрөлгөн жеринен алгыла деп. Ушул туурабы? Жолдошум менен ажырашып кеткем, ал экөөбүздүн никебиз болгон эмес. Балама күбөлүктү кантип алсам болот?
Мунара. Кочкор району Чолпон айылы.
Мунара, сизге бул жерден күбөлүк бербей жатканы туура көрүнүш. Күбөлүк төрөлгөн жерден берилиш керек. Бала төрөлгөндүгү тууралуу далилдер, ошол мамлекеттин архивинде сакталат. Күбөлүк алуу үчүн Алматыга барууга туура келет.
Чогуу иштеген жигит менен үйлөнүүнү чечкенбиз. Бирок, жарандык никеде гана болуп, ЗАГСтан катоодон өтпөй, экөөбүздүн тапкан акчабызга эмерек сатып алып, анын үйүнө койгонбуз. Көрсө, анын үй-бүлөсү бар экен. Алган оокаттарымды кайтарып бер десем, бербей жатат, эмне кылам?
Самара.
Сиз ал адамга эмерек-мүлктөрүңүздү жөндөн - жөн эле карматып коюптурсуз. ЗАГСка тургандан кийин гана биздин жарандык да, үй-бүлөлүк да мыйзам боюнча, эгерде эки жубайдын ортосунда келишимдик жоопкерчилик менен байланыштуу болбосо, анда мүлк тууралуу укуктук кайсы бир жыйынтыктар болот. Сиздер ЗАГСта никеге бир мүлк сатып алсаңыздар, ошол мүлктүн жарымысы сиздикии, жарымысы күйөөңүздүкү болот. Эми мындай мыйзамсыз никеге тургандан кийин, бардыгы эркектин абийирине көз каранды.
Аталык укуктарымды үйлөнбөй туруп арыз жазуу жолу менен каттай аламбы? Баладан баш тартканым жок.
Бактыбек.
Каттай аласыз Үй-бүлө Кодексинин 51-беренесине ылайык баланын энеси болуп биргелешкен арыз менен ЗАГСка кайрылышыңар керек.
Мен Курбанова Назира 1983-жылы Талас районундагы Бешташ айылына турмушка чыккам, эки балам бар. 1993-жылдары жер бөлүштүрүу учурунда мен жолдошум жана 2 балам үчүн деп 2,5га жер үлүшүн алганбыз. Ар бир жанга 0,50га жер үлүшү тийген. Бирок, мен 2004-жылы сот аркылуу ажырашып кеттим. Азыркы учурда шаарда турам. Мен өзүмө жана балдарыма таандык 1,50га жер үлүшүн кантип бөлүп алсам болот? Назира.
Cиз айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылууңуз абзел. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14 беренесине ылайык. Эгерде, айыл өкмөтү маселеңизди чече албаса сиз сотко кайрылып 1,50га жер үлүшүн бөлө аласыздар. Жада калса, 2004-жылдан тарта азыркы күнгө чейин жер үлүшүңүздү колдонбой, көрбөй калган пайданы өндүрө аласыз. Ал үчүн 1,50га жерге дан өсүмдүктөрүн тиксе, анда сиз айыл чарба департаментинен Бешташ айылы 1га жер үлүшүнөн канча дан өсүмдүк аларын тактоочу тактама, айыл өкмөттөн 1,50га жер үлүшү бар деген аныктама жана айыл өкмөтүнө берген арызыныздын көчүрмөсүн, сиздин Кыргыз Республикасынын 289 беренесинин негизинде 1,50га жеринизди бөлүү жана ошол эле кодекстин 14 беренесине ылайык көрбөй калган пайданы өндүрүү жөнүндө доо арызынызга тиркеп сотко тапшырасыз.
Мен айыл жергесинин тургунумун 1993-жылдары атам, апам, эжем жана мен болуп айыл-чарба багытындагы 1,20га жер үлүшүн алганбыз. Азыркы учурда жерди мен иштетип келем. Ата -энем кайтыш болуп кеткен 2007-жылдын май айларында. Мен кандай жол менен ата-энеме таандык 0,80га жер үлүшүн мурастай алам? Бакай.
Сиз ата-энениздин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсүн, айыл өкмөтүнөн аныктама, ата-эненизге канча жер үлүшү таандык экендигин тактоочу аныктама жана эжеңиздин сиз 0,80га жер үлүшүн мурастооңузга каршылыгым жок деген тил катын алып, райондогу мамлекеттик менен кайрылсаңыз мурастоо мөөнөтүн өткөрүп жибергениңиз жөнүндө нотариалдык контора, сизге аныктама чыгарып берет Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1155 - беренесине ылайык. Аныктаманы тиркеп райондук сотко мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн кайрыласыз. Сиздин пайданызга чыккан чечим менен кайра нотариалдык конторага келип 0,80га жер үлүшүнө мурастоочу күбөлүк аласыз.
Мага 2005-жылы 22-февралда коңшум 1га жер үлүшүн саттым деп тил кат жазып, 40000сом алган. Мага 1га жер үлүшүнө күбөлүк берилген. Ал жерди мен колдонуп келгем. Бирок, азыркы учурда коншумдун аялы келип жер биздики, бошот деп жатат. Коңшум 2006-жылдары эле кайтыш болуп кеткен.
Толубай. Бул маселе менен сотко кайрылуунуз абзел. Тактап айтканда 1га жер үлүшүн сатып алган күн деп кыймылсыз мүлктүү каттоочу бөлүмдө сиз жана коңшуңуздун ортосунда түзүлгөн келишим каттаган күн эсептелет. Сиз сотко 1га боюнча келишим түзүлгөндүгүн таанып берүү жөнүндө кайрыласыз.

"Адвокат профи"
Урматтуу окурмандар!
Эгерде Сиздер юристтерден кеңеш алгыңыздар келсе, же укук коргоо органдары тарабынан адилетсиздикке дуушар болсоңуздар менен байланышып, акыйкаттыкты коомчулук алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. "Алиби" гезити жана "Адвокат профи" фирмасы сиздер менен кызматташууга даяр.
Биздин дарек: Бишкек шаары.
Токтогул көчөсү 167
Телефон 21-66-28.
e-mail:gazetaalibi@mail.ru



  Көңүл бургула:

ИИМ конкурс жарыялайт
Ички иштер органдарынын жетектөөчү кызматтарынын бири болгон кылмыш изилдөө кызматы 2008-жылдын 5-октябрында өзүнүн 90 жылдык юбилейин өткөрүүгө даярдык көрүп жатат. Ички иштер Министринин буйругу менен кылмыш изилдөөнүн оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгү жана аскердик традициясы, тарыхы жөнүндө жазылган макала жана репортажга конкурс жарыялайт. Конкурстун негизги максаты- кылмыш изилдөөнүн аскердик традициясын пропагандалоо, кылмышкерлер менен күрөшкөндөрдүн алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу жана кызматтык миледетин аткарып жатып баатырларча курман болгон кызматкерлердин элесин түбөлүккө сактоо.
Тиешелүү жобо боюнча, бул конкурска журналисттер, маалымат массалык каражаттарынын штаттан тышкары активисттери, ички иштер органдарынын кызматкерлери катыша алышат. Республикалык прессада мамлекеттик жана официалдуу тилде жарыяланган макала, очерк, аудио жана видео көрсөтүүлөрдү ИИМдин пресс-кызматына 2008-жылдын 1-октябрынан калтырбай "Конкурска" деп белги коюп жөнөтүү зарыл.
Жеңгендер үчүн төмөнкүдөй сыйлыктар каралды:
- бир биринчи - 3000 сом,
- эки экинчи - 2000 сом,
- үч үчүнчү - 1000 сом,
- он кызыктыруучу - 500 сом.
Мындан тышкары, ички иштер органдарынын ардагерлеринен жана кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ кылмыш изилдөөнүн оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгү аскердик традициясы жана тарыхы жөнүндө мемуарлар китебин жана хроникалдуу-документалдуу фильмин тартууга киришти.
Бетти даярдаган
Келдибек уулу Азизбек
"Алиби".