№40, 16.02.08-ж.
  Азыркы бийликте Кыргызстанды
өнүктүрүүнүн реалдуу программасы жок

(Ө.Ч.Текебаевдин 2008 жылдын 12 -апрелинде өткөрулгөн курултайда сүйлөгөн сөзү)
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн өлкөдө кырдаал татаал. Аны мүнөздөө үчүн, баа берүү үчүн мен төмөнкү эки мисалды келтиргим келет.
Жыл өткөн сайын биздин өлкөдө өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн саны өсүүдө. 2007-жылы мындай кайгылуу кубулуштун рекорду белгиленди - 485 адам өз жандарын өздөрү кыйышты. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде эле 137 кыргызстандык өз өмүрлөрүн өздөрү кыйышты. Эмне үчүн жыл сайын биздин жүздөгөн жарандарыбыз өмүрдү эмес, өлүмдү тандап алышууда? Эмне үчүн алар чет элдиктер жер бетиндеги жаратылыш бейиши эсептеген өлкөдө жашоону каалабай жатышат?
Жүз миңдеген жарандарыбыз жан айласы-жашап кетүү үчүн жумуш издеп Кыргызстандан башка өлкөлөргө кетишүүдө.
Биздин жердештерибизди чет жерлерде кандай тагдыр күтүп турат? Кара жанды карч урган кара жумуш менен элибиздеги "чакырылбаган конок-шыпырылбаган жерге отурат" деген накыл кептегидей кем тагдыр.
Жума сайын биздин ага-ини жана эже-карындаштарыбыздын ичинен кимдир бирөө эмгектин жан чыдагыс кордуктуу шарттарынан улам майып болушса, айрымдары өздөрүнүн легалдуу эмес абалдарынан улам кулдукка баш байлашса, үчүнчүлөрү кылмышкерлердин курмандыгы болушууда. Анан биздин өлтүрүлгөн, майып болгон, дарексиз жоголгон жердештерибиздин ордуна чет жерлерге күн сайын башка кандаштарыбыз кетип жатышат.
Жарандарыбыздын өз өмүрлөрүн кыюуларынын жана жакшыраак жашоо издеп жапырт көчүүсүнүн чыныгы себеби - бийликтен көңүл калуудан улам кара тумоодой каптаган аргасыздык жана үмүтсүздүк деп эсептейбиз.
Өткөн, 2007-жылы эле биздин эмгек мигранттар расмий жана расмий эмес жолдор менен Кыргызстанга 1,5 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Үстүбүздөгү жылы алар Мекенибизге дагы бир жарым миллиардан ашык каражат жөнөтүшөт. Биз жердештерибиз жөнөткөн ар бир доллар алардын "бөлөк эл, бөтөн жерде" катаал шарттардагы оор эмгектеринин акыбети экенин жакшы билебиз. Мындагы эң өкүнүчтүү жагдай ушул эбегейсиз көп акча каражаттары Кыргызстанда кармалып калбагандыгында, иштетилбегендигинде. Алар дароо бүгүнкү күндө өлкөнүн дүң базарлары менен дүкөндөрүндө батпай турган арзан, экинчи сорттогу кеңири керектелүүчү товарларга алмаштырылып, кайрадан чет өлкөлөргө чегерилип кетет. Азыркы бийлик башында турган биздин мамлекет мигранттарыбыздын валюта чегеримдеринин атамекендик өнөр жайды жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өлкөнүн жыргалчылыгына кызмат кылгыдай шарттарды түзүү үчүн эч кандай аракет кылган жок.
Биз жердештерибиздин "таман акы, маңдай терлери" жана кан-жаны менен иштелип табылган эбегейсиз зор каражаттардын кайрадан чет жакка чыгып кетип жатканына өкмөт күнөөлүү деп эсептейбиз. Ушул убакка чейин эмгек мигранттарынын эрдиги Кыргызстандын бутуна турушуна жардам бериши үчүн бийликтин эч нерсе кылынбагандыгы патриоттуулук эмес, түпкүлүгүндө кечирилгис кылмыш болуп саналат.
Антүүнүн ордуна бийлик инвестициялардын жетишсиздигине шылтоолоп, кайра-кайра биздин экономиканын жетектөөчү тармактарын: тоо кен иштетүү өнөр-жайын, энергетика комплексин, темир жана аба жолдорун жана башка мамлекеттик компанияларды сатууга жан далбастоодо.
Бир канча жылдардан бери азыркы бийликтин аткаминерлери Кыргызстандын энергетика тармагын атайлап кризиске жана банкроттукка түртүп келатышат. Мындай саясаттын кесепетин миллиондогон катардагы граждандарыбыз жон терилери менен сезишүүдө. Азыр бийлик электр энергиясын өчүрүү дээрлик бир жылга чейин созулаарын моюндарына алышууда. А чындыгында Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин керектүү деңгээлде калыбына келтирүү үчүн бир нече жыл талап кылынат.
Ошондо да биздин бийлик эчтемке болбогондой, мында өздөрүнүн эч айыбы жоктой жүрүшөт. Суусу тартыш жылдардын кезеги келатканы мурда дайын болсо да, алар кийинки үч жыл бою, 2005-жылдан тартып, жай мезгилинде Өзбекстан менен Казакстанга сугат үчүн суу берүүнүн көлөмүн көбөйтүшкөн. Кыргызстандын эң кымбат баалуу байлыгы болгон суу өлкө кызыкчылыгы үчүн эмес, коңшу өлкөлөрдүн пахта талааларын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн кандыра сугаруу үчүн пайдаланылган! Өлкүнүн бийлиги Кыргызстандын улуттук экономикасына эбегейсиз зор, мүмкүн орду толгус зыян келтирүү менен башка мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн иштеп келди. Мына эми ушундан кийин деле өлкөнү энергетикалык кризиске алып келип кептеген адамдар, биздин өндүрүштүн токтоп турганына түздөн-түз күнөөлүү адамдар элге кышка карата тезек жыйноого кеңеш беришүүдө. Бул эки жүздүүлүктүн жана ашынган жоопкерсиздиктин жеткен чеги!
Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасы кезектеги, бул ирээт оор энергетикалык кризиске кабылып олтурат, анын азабын карапайым калк тартууда, анткен менен адаттагыдай эле күнөөлү эч ким жок. А турмак, эл кызыкчылыгына каршы ушул саясатты жүргүзүү менен коңшу өлкөлөргө суу агызган аткаминерлер мурдагыдан да жылуу, андан дагы жогорку кызматтарга көтөрүлүшкөн. Бири - премьер-министр, экинчиси - борбор шаардын мэри, үчүнчүсү - легитимсиз парламенттин спикери, төртүнчүсү - энергетика министри болуп олтурушат. Калган тармактардын кыйроосуна күнөөлүү аткаминерлер да эмгиче тиешелүү жазаларын алышкан жок.
Азыркы бийликте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн реалдуу программасы жок, болгон да эмес. Андай программа азыр пайда болгон күндө да, бул бийлик аны аткара албайт. Анткени, өткөн үч жылдын ичинде ал убакытты текке кетирди жана мамлекеттик саясаттын башкы таянычы - элдин өз мамлекетине жана анын аткаминерлерине болгон ишеничинен таптакыр кол жууду.
Эми бийлик эл ишенимине эмес, биздин республиканын улуттук байлыгынын мүмкүн болгон кардарларынын жашыруун колдоосуна таянып калды. Кыргызстандын энергетика комплексин приватташтыруу программасынын артында ким турат? Биз ал адамдарды энергобарондор дейбиз. Эмне үчүн энергобарондор кыргыз энергетикасын приватташтыруу планын өзгөчө көшөрө кайра-кайра көтөрүшүүдө? Анткени, алар эки-үч жылдан кийин анын наркы көптөгөн миллиарддаган долларга кымбаттаарын жакшы билишет. Алар дүң базардагы кызыл кулак чайкоочулар сыяктуу Кыргызстандын убактылуу кыйынчылыктарынан пайдаланып, мүлкүбүздү текейден арзанга сатып алууга жандалбасташууда.
Азыркы бийлик жүзөгө ашырып келаткан саясий окуялардын чыныгы заказчиктери да мына ушул энергобарондор. Референдумду өткөрүүнүн заказчиктери да ошолор, "өздөрүнүн" парламентин дайындашкан да ошолор, өкмөттө да мына ошолордун адамдары олтурушат. Бүгүнкү күндө президент да, өкмөт да, парламент дагы өз план, максаттарын жашырып-жаппай калышканы мына ушунун ачык-айкын далили. Алар 2008-жылдын аягына чейин, Кыргызстандын элинин колунда калган байлыктарды сатып бүтүү ниеттерин ачык жарыялашууда.
Анан ушундай жагдайда биз бир суроо салгыбыз келет, эмне үчүн аткаминерлерибиз мамлекеттин башкы байлыктарын жеке менчикке берүүгө ашыгышууда?
Жооп айдан ачык - бул чыккынчылык!
Кыргызстандын тарыхы, тагдыры дили да, колу да булганыч эларалык шылуундардын колуна түшүп калганын ачык айткыбыз келет, алар эбак өз сценарийлеринде баарын так жазып коюшкан, эми тек гана оңой олжого тундураар куурчактарын ойнотуп коюп отурушат. Алар өз пландарын дээрлик ишке ашырууга жетишишти - мамлекеттик бийликтин бардык органдарын жана бардык бутактарын басып алышты.
Аларды Кыргызстандын бүткүл элинин бирдиктүү, бөлүнгүс жана бекем эрки гана ооздуктап токтото алат.
Бийликтин түптүүлүгү жана легитимдүүлүгү кош түркүккө - элдин ишенимине жана мыйзамдуулукка таянат. Азыркы бийлик жүргүзгон эл кызыкчылыгына жооп бербеген саясат өлкө калкынын ага болгон ишенимин караманча кыйратты. Ал эми акыркы референдумдун жана парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын одоно бурмалоолор бул бийлик эми элдин ачык-айкын эркин билдирүүсүн жана мыйзам ченемдерин сыйлабастыгын дагы бир ирээт ашкерелеп көрсөттү. Бийлик "шайлоо" деп атаган обу жок оюндун жүрүшүндө кээ бир партиялар каттоодон мыйзамсыз алынып салынса, калгандарынын алган добуштары бийликтин шайлоо комиссиялары тарабынан уятсыздык менен уурдалды. Натыйжада, мыйзамды одоно бузган азыркы бийлик лиегитимдүүлүктүн экинчи олуттуу таянычынан (мыйзамдуулуктан) куржалак калды.
Ушуга байланыштуу биз, бүгүнкү бийлик органдары - президент, өкмөт жана парламент мындан ары легитимдүү эмес деп айта алабыз. Бийлик саясий банкроттукка учурады, кудурети куруду. Мындай бийликти алмаштыруу зарыл.
Бүгүнкү бийликтин объективдүү түрдө жана тарыхый жактан күнү бүттү. Мындай өкүмдүн жүйөөсү биздин айыптообузда эмес, кыргыз аткаминерлеринин бүгүнкү кастасынын адеп-ахлактык жана кесиптик жактан таптакыр артта калгандыгында. Бул адамдар жана алардын иштөө ыкмасы замандын талабына жооп беришпейт жана азыр өткөндүн калдыгы катары кунарсыз көрүнүшөт.
Жаңы бийликти төмөнкүдөй ачык-айкын принциптердин негизинде түзүү зарыл:
1. Патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү. Патриоттуулук сезими болбогон бийликтен пайда болбойт, ал өз элинен, өз өлкөсүнөн бөлүнүп калат.
2. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыктарды так түшүнүү, ыйык тутуу. Бийлик жеке кызыкчылыктар менен бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарын аралаштырбоосу жана алмаштырбоосу керек. Башка мамлекеттердин жана жеке адамдардын кызыкчылыктарына кызмат кылбоосу тийиш.
3. Коррупция менен чындап күрөшүү. Мурда коррупциялык көрүнүштөргө, мамлекеттик бюджет каражаттарын максатка ылайыксыз жумшоого же кызмат абалынан кыянат пайдаланууга тийиштиги бар адамдарды мамлекеттик башкарууга жакын жолотпоо.
4. Жеке жоопкерчиликти күчөтүү. Катардагы кыргызстандыктар аткаминерлердин жаңылыштыктары жана кемчиликтери үчүн жабыр тартпашы керек. Коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдар, өздөрүнүн статусуна жана кызматына карабастан бул үчүн саясий жазадан тартып кылмыш жазасына чейин тартылышы керек.
Мамлекеттин жетекчилерине жана аткаминерлерине карата коомдун өктөм талапчыл жана принципиалдуу мамилеси гана мамлекеттик бийликтин жакшы сапатынын кепилдиги боло алат.
Үч башкы шартты сактаганда гана коом аткаминерлердин аракеттерине таасирдүү көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыра алат.
1. Бийликке бир адамдын же адамдардын тобунун монополиясына жол бербеген эркин саясий атаандаштык.
2. Чындыкка жана адамдардын аң сезимине монополияга жол бербеген маалымат жана идеялардын эркин атаандаштыгы.
3. Экономикалык субъекттердин эл кызыкчылыгындагы эркин атаандаштыгы.
Кыргызстанда чыныгы элдик башкарууну сактап калуунун кепилдиги болуучу, биз талбастан күрөшүүбүз зарыл болгон үч башкы эркиндик мына ушулар. Ушул шарттарды кыйшаюусуз сактаганда гана ар бир гражданин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясаттын жоопкерчиликтүү жана эркин катышуучусу боло алат. Ушунда гана ал бийлик төбөлдөрүнүн колундагы каалагандай калчануучу ташкуурчак эмес, өзүнүн ажайып кооз жана намысы бийик өлкөсүнүн чыныгы кожоюну боло алат.
Биздин таянар - тоо, карманар кожобуз да ушул Кыргызстандын катардагы, абийири таза, жоопкерчиликтүү жана саясий активдүү гражданы. Ал жалпы элдин жагалданган кошоматын күтпөйт жана утурумдук саясий атак даңктын артынан түшпөйт, депутаттыкка же министрлик кызматка жутунбайт. Ал бар болгону адилеттикти ашкере аздектеген жана өз өлкөсүнүн тагдыры үчүн күйүп-жанган, өзгөчө жоопкерчиликтүү жөнөкөй адам.
Ал адилетсиздикти көрүп туруп унчукпай кала албайт.
Ал утурумдук пайданын артынан түшкөн шылуундарга өз Мекенин бөлүп-жарып сатууга жол бербейт.
Ал өз балдарынын жана неберелеринин келечегин кан-жаны менен коргоп кала алат.
Биз мына ушул адам - кыргыздын катардагы эмгекчил эр азаматы, Мекенинин ак ниет, намыстуу, патриот уулу Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүнүн башкы таянычы болушун каалайбыз. Биздин эң ыйык да, бийик да максатыбыз ушул - жөнөкөй адамдын жардамы менен, жөнөкөй адам үчүн кызмат кылуучу саясий системаны куруу. Биз мына ушундай адамга ишенебиз. Ал акыры жеңип чыгат!



Курултай алдында.
Мен силер мененмин, мекендештер!
Менин көз карашымча биздин улутубуздун алдында өтө маанилүү эки маселе турат.
Биринчиси - катаал атаандаштык күч алып жаткан дүйнөдө кантип мамлекетибизди сактап калабыз жана аталар бизге калтырган улуу дөөлөттөрүбүздү канткенде өнүктүрүп кетебиз?
Экинчиси - балдарыбызга кандай келечекти сунуш кылабыз, башкача айтканда, мамлекеттүүлүк менен улутту бириктирген Мекенибиздин эртеңкиси кандай болот?
Бул эки маселе Кыргызстанда жашап жаткан, мекенин сүйгөн ар бир кыргызды ойлонтуп, түйшөлтөт, бушайман кылат. Ал эми сыртта жүргөн кыргыздарды эки эсе көп ойлонтуп, эки эсе кабатыр кылаарын айткым келет. Анткени, алыста жүргөндө Мекениң үчүн сыймыктануу же ардануу сезимиң күчөп, анын артыкчылыгы же кемчилиги, күчү же алсыздыгы, келечеги жана туңгуюгу алаканга салгандай көрүнүп турат.
Чынын айтканда, кайсы жерде болбойлу, бүгүнкү күндө Мекенибиздин жетишкендиктери үчүн сыймыктана албастыгыбызды, абалынын оордугун, келечегинин арсарлыгын мамлекетибиздин ичинде дагы, сыртында дагы жашап жаткан уул-кыздарыбыз, элибиздин көпчүлүгү мойнубузга алууга мажбурбуз.
Мына ушундай кыйын маалда Мекенибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңкисине баа берүүчү курултайдын чогулушу-менин оюмча толугу менен бүгүнкү күндүн зарылчылыгынан чыгып отурган мыйзам ченемдүүлүк деп эсептейм. Себеби, коомубуздун чыныгы ишенимине татыган традициялык бийлик институттарынын пайда болуусу, ал аркылуу элдин расмий бийликтен мамлекетти иштиктүү жана таза башкаруусун талап кылуусу бүгүн бизге аба менен суудай керек болуп турат. Мамлекетти жана улутту өнүктүрүү менен өзгөртүүнүн башаты - эл бийлиги жана эл ишеними деп ойлойм.
Ушул маалда алыста жүргөндүгүмө карабастан мен силердин жасап жаткан ишиңерди колдойм, ага колмо-кол өз салымымды кошо албасам дагы Мекенибиздин келечегин, ордун аныктоодо болгон аракетиңерде мен дайыма силер мененмин. Ошондуктан, курултайдын ишине ийгилик, катышуучуларына кайрат жана бекем ден-соолук каалайм.
Равшан Жээнбеков
Массачусетс технологиялык институту.
Кембридж шаары, АКШ.