№40, 16.02.08-ж.
  Бийлик билгенин кылса,
оппозиция оюндагысын айтат

( Курултайдагы курч сөздөрдөн кыскартылып алынды )
Болот Шерниязов, "Ата Мекен" партиясынын өкүлү:
- Тарыхта Курултай биринчи жолу 1206-жылы өтүп, майда, бытыранды монгол урууларынын башын бириктирип, улуу монгол империясын түзгөнгө өбөлгө болуп, ушул күнгө чейин менменсиңген калктар атын укса жүрөгү оозуна кептелген дүйнөгө Чыңгызханды берген. Биз бүгүн кыргыздар уруу - урууга бөлүнүп, улут катары жок болоор алдында, XXI кылымда кыргыздар космос, атом, Нано технологиясы эмес, кыргыздын күнү тезекке түшүп турган убакта Курултай өткөрүп атабыз!
Мен силерден, урматтуу Курултайдын катышуучулары, суранып кетээр элем. Бүгүн бири-бирибизге болгон таарынычыбызды, ич күптүбүздү унутуп, бири-бирибизге кыйынсынбай, куру намыска алдырбай, өз элибиздин, ата-бабадан калган жерибиздин келечеги үчүн белди гана байлабай, башты сайып, ынтымакка келип, жүрөгүбүздө кыргыздын каны жүгүргөн Манастын урпактары баш кошпосок, анда чала сага, анда чала мага. Анда бизди, кыргызды, Коңурбайдын балдары бийлейт.
Урматтуу Курултайдын катышуучулары, мен "Ата Мекен" партиясынын атынан чыгып сүйлөп жаткандан кийин, өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу бир - эки ооз сөз айта кетейин. Шайлоо мыйзамды одоно бузуу менен өткөнүнө кыргыз эли гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук күбө болду. Элдин добушун уурдап, зордук - зомбулук менен мандат алган Жогорку Кеңеш, ошол элдин кызыкчылыгы үчүн иштейби? Жок иштебейт. Ошол элдин атынан сүйлөөгө, элдин атынан чечим кабыл алууга акысы барбы? Жок дейт "Ата Мекен" партиясы. "Жок деп коюп эле унчукпай тымпыйып олтура бересиңерби?" - дейт шайлоочуларыбыз. Акчага сатылбай, аракка сатылбай, коркутуп-үркүткөнгө кайыл болуп, берген добушутарын балапанга окшоп оозунан алдырып ийген биздин шайлоочуларга, биздин партиялаштарга айта кетет элем. "Жок, төрт айдан бери өзүңүздөр көрдүңүздөр. Биздин шайлоочулардын укугун тынчтык жолу менен, мыйзам жолу менен коргоого кылган аракетибизден эч майнап чыкпаганын. Ушул убакка чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыяламак турсун принципиалдуу мүчөлөрүн өз коомунан чыгарып, ыплас өткөргөн шайлоонун шакмарын тазалоо жан далбасында. Ооз жүзүндө "тынчтык керек, стабилдүүлүк керек" деген бийлик, өз элинин укугун өзү тебелеп, өз элинин эрки менен эсептешпей, кайра келекелеп, "колуңардан эмне келди?" деп маскаралап, жасалма жыйынтык камсыз кылган бийликтин күчүнө, бийликтин кумарына мас болгон "ак жолчулар" Кыргызстанда шайлоо институтун талкалап салганын сезди бекен?
Анын арты эмне менен бүтөөрүн саясатчылар эмес, карапайым, жөнөкөй айылдык адамдар да сезип турат.
КОР деген программанын артынан "Алга, Кыргызстан!" эсиңердеби? Жакырчылыкты биротоло жоюп, даңгыраган "Ак Жолдо" итке минип, тезек издеген айылдык кыргызбыз.
Бүгүнкү айылдын акыбалы, бүгүнкү кыргыздын акыбалы. Суу башында туруп сууга зар кыргыз айылы. "Таза суу" программасы эбак эле коррупциянын ылайына батып, балчыкка айланган. Кыргыз элинин ырыскысы энергетиканы да элге ээ кылбады. Мектептерде билим берүү деңгээли боюнча Кыргызстан эбак эле Африка өлкөлөрдүн артында калган. Дыйкандардын абалын айтпай эле коеюн.
Кыргыз айылы жок болсо, кыргыз жок болоору, кыргыз айылы өлсө кыргыз өлөөрүн бүгүнкү кыргыз бийлигин ойлонтоор бекен? Бүгүн кыргыз айылын ким сактап турат? Кыргыз бийлигиби, аскериби, МВД, СНБ же чекарачыларыбы? Жок. Бүгүн кыргыз айылын ар - намысы тебеленип, адамдык укугу кордолуп, тоокчо мууздалып жатканына да кайыл болуп, чет жерде иштеп жүргөн айылдык уул - кыздарыбыз сактап турат. Кыргыз бийлиги чет жактан, айылдагы бала - чакасына, картайган ата-энесине жөнөтүп жаткан акчаларды санагандан мурда жыттап көргүлөчү. Ал акчалар шор жыттанып, кыргыздын уул - кызынын көз жашына нымдалган акчалар. Ал акчалар кан жыттанат.
Жакында эле 100 миңдей кыргыз Россиянын жарандыгын алыптыр. Ар бири өзүнүн үйбүлөсүн Россияга көчүрүп кетсе, Кыргызстандын канча эли кемип калганын санаңызчы?
Кечээ күнү Каркыраны берүү жөнүндөгү келишимди колдоп берип, бул Жогорку Кеңеш кыргыз элинин кызыкчылыгы эмес, ар-намыс, абийирин тебелеткен карама сокур, чөнтөк парламент экенин дагы бир жолу далилдеди.
Каркыра - бул Манас атабыздын ысымына менен байланышкан ыйык жер. Манастын арбагын сыйлабаган адам - ал кыргыздын душманы. Манасты сыйлабаган кыргызды- казагың сыйлабайт. Манасты сыйлабаган кыргызды намысы бар дүйнө эли сыйлабайт. "Бетеге кеткен, бел калган. Бектер кеткен, эл калган". Акаев кетти, Бакиев да кетет! Бул дүйнөгө эч ким устун болгон эмес. Убакыт өтөт. Акаев да, Бакиев да унутулат. Бирок, кыргыздын Каркырадай ыйык жерлерин берген жоругу кылымдап кыргыздын бетине жабылган көө болот.
Акын Тургунбек Бекболотов:
"Бийликтин тартып кумарын,
Унуткан элдин убалын.
Арбагы түгүл Манастын,
Кудайдан коркпойт буларың" - деп бекер боздобогон чыгар.
Бабабыз Манас жайлаган, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыраны бергенибиз- бул- кыргыз деген элдин рухуна, абийирине, ар-намысына, аброюна урулган сокку катары эсептейм. "Өлбөй кал Манас, өлбөй кал" - деп боздогон кыргыздын акыбалын мен бүгүн өз жон терим менен сезип турам. Манас өлсө да, Манастын арбагын туу туткан, элим - жерим деген бычакка сап кыргыздын уул-кыздары, көтөр башыңды! Жашыбайбыз, чөгөлөбөйбүз кыргыздар! Бизде биримдик болсо, жерибиздин биримдиги болот. Бизде биримдик болсо, элибиздин биримдиги болот.
Жоомарт Сапарбаев,
жаш саясатчы:
2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоо бардыгыбыз үчүн абдан олуттуу жана тарыхый күн катары болооруна ишенип, кыргыз эли адилеттүүлүктү, эркиндикти, азаттыкты күткөнбүз. Бирок, ордуна эмнени кабыл алды? Анын ордуна ырайымсыз мыйзам бузуулар, зордук-зомбулук менен элди коркутуп-үркүтүү жолу менен Жогорку Кеңешке шылуундар келип олтурат. Муну баарыбыз билебиз. Алардын ишинин жыйынтыгын кечээ эле көрдүк. Биздин тарыхыбыздын пайдубалы болгон Каркыраны сатып жатышат. Булар дагы төрт жыл олтурса, Кыргызстанды жок кылып, кыргыз элин таратып жиберет деп ойлоп тынчсызданат жаштар.
Мына ошол 16сы күнү "Ата Мекен" партиясынын жаштары менен бирге, кыргыз элинин бүткүл жаштары, башка саясий партиялардын жаштары чыгып, адилеттүүлүк үчүн, азаттык үчүн күрөшүп чыкканыбызда эмне болду? Камашты, сабашты, коркутуп-үркүтүштү. Бирок, жаштар корккон жок. Жаштар сынган жок. Анткени "ак ийилет, бирок сынбайт".
Бүгүн Курултайда ошондогу биз менен чыгып, биз менен камалып, Атамекен үчүн белди бекем бууган жаштар олтурат. Буларга миң мертебе рахмат айтаар элем. Бирок, менин оюм боюнча кеп жаш - карыда эмес. Кеп намыста.
Кечээ мамлекеттүүлүктүн пайдубалы болгон жаштар Каркыраны сатып жатканда чыркырап чыктык. Бизди 12 саат камап коюп, шашылыш түрдө Каркырага кол коюп жатышат. Бул эмнени көргөзөт? Ошол мен айткан шылуундар жаштардан коркуп батыраак Каркыраны берели дешти. Ошентип Каркырабыздан айрылдык.
Ушул бийликтин айынан биздин эки шумкарыбыз бүгүн камакта олтурат. Бирөө үч күнгө, бирөө беш күнгө. Менин айтаарым, ушул камактар, соккулар бийликтин анык кейпин көрсөтүүдө. Азыр бийлик бизден коркуп атат. Биз бийликтен коркпошубуз керек. Биз чындыкты жана адилеттүүлүктү айтышыбыз керек. Кыргыздын төрт сап жакшы ыры бар болчу:
"Жериң барбы Кыргыз эли баспаган?
Зоолор барбы кыргыз эли ашпаган?
Жооң барбы кыргыз эли чаппаган?" - деп.
Азыр эмне болуп калдык:
"Жериң барбы кыргыз эли сатпаган,
Намысың барбы кыргыз эли сактаган?
Азыр болсо думананын кейпин кийип,
Ханың барбы кыргыз эли даңктаган?" - деген абалга келип олтурабыз.
Биз коркпойбуз, сынбайбыз. Каркыра кете элек. Керек болсо Каркыра үчүн чоң казатка чыкканга чейин барабыз. Жаштар ага даяр!

Мирослав Ниязов,
коомдук ишмер:
Бүгүн бийликти канча урушсак дагы жарашат буларга. Чынында эле оор акыбалга кептелип калдык. Жалпы эл, жалпы Кыргызстан оңой эмес акыбалда. Ушул акыбалдан кантип чыгабыз? Кыргызстандын келечеги барбы же жокпу? Айрым эксперттер айтып атышат: Кыргызстандын келечеги жок. Өздөрүнүн колунан эч нерсе келбейт",- деп. Муну четке какса да, угуп койсо да болот. Биз бүгүн ушул акыбалдан чыгып, намысыбыз бар болсо башыбызды көтөрүп келечекке түз барышыбыз керек. Мына азыр жаштарды коркутуп, башкаларды үркүтүп атат. Минтип биз эч качан жакшылыкка баралбайбыз. Урушуп, үркүтүп элди эч качан коркута албайт. Канча көп коркутуп - үркүтсө ошончо көп натыйжасы чатагыраак болуп чыгып калышы ыктымал.
Эмне себеп менен биз бүгүнкү акыбалга келдик? Ушул суроого жоопту тапсак, анда келечек жолун таап алабыз. Эгемендүүлүктү алгандан бери 18 жылга жакындап келатат. Эмне көрдүк? Бийликке кандай адам келбесин Акаев болобу башынан баштап бийликтин бүт баарын колума алып алсам. Ошондо элди жыргатам деп келди. Ортодо 7-8 Конституция алынып кетти. Кана, бийликти алып жыргаттыбы элибизди?
Мына кийинки президент Бакиев келди. Ал андан да эки эсе бийлик толугу менен менин колума тийсе, ошондо мен элди жыргатам- деди. Эмне болду? Дүйнө жүзүндө бир адамдын акылы менен мамлекет өнүгүп - өсүп кеткен жок. Улуттун ичинен, элдин ичинен чыккан акылман, тажрыйбасы зор адамдардын демилгеси менен көтөрүлгөн мамлекеттердин баары. Биз бүгүн бир жакшы адам келсе ошол көтөрүп кетет дегенибиз туура эмес. Мен ойлойм, президенттин чексиз бийлигине чек коюш керек. Эч качан президент ошол чексиз бийлиги менен элге жакшылык алып келбейт. Үйбүлөсү менен кийлигишип элдин байлыгын улам тоноп кетип атышат бардыгы.
Биринчиден, бийликтен президенттин бийлигин четтетиш керек. Экинчиден, бийликтин жетиштүү көпчүлүгүн жер - жерлерге бериш керек. Ансыз да түндүк - түштүк деп бири - бирибизге карама - каршы болуп кала жаздап атабыз. Анткени, түндүктөн бийликке келсе, түндүктүн кадрларын коет экен, түштүктөн келсе түштүктүн кадрлары коет экен. Ошентип, элди карама - каршы кылып атат. Бул туура эмес. Элге зыян алып келе турган кадрлык саясат бизге эч качан жакшылык алып келбейт. Жер-жерлерге бийлик беришибиз керек. Мындан коркпош керек. Аймактарыбызда патриот, жогорку билимдүү, тажрыйбалуу жигит - кыздарыбыз, элибизди көтөрө турган патриотторубуз жок эмес, бар.

Наргиза Абдуллаева,
"Мен ишенбейм" жаштар уюму
- Бүгүнкү Курултайга чогулган максатыбыз- өлкөдө түзүлгөн оор абалдан чыгуунун жолдорун табуу. Коррупция, жакырчылык, жумушсуздук, миграция, баалардын күндөн - күнгө өсүшү, суулардын, энергетиканын, кыргыздын нукура жерлеринин сатылышы күндөн - күнгө курчуп, коомчулуктун тынчын алууда.
Эгемендүүлүк алгандан бери биз Швейцария, Турция, Малайзия болуп көрдүк. Бирок, өзүбүздүн жолубузду таба алган жокпуз. Ал эми бүгүнкү Бакиевдин бийлиги элдин үмүтүн актадыбы? Үч жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болду? Курманбек Салиевич берген убадасын ишке ашырдыбы? Бул суроолорго бүгүнкү элдин абалы өзү эле жооп болуп берет деп ойлойм. Биз бүгүнкү күндө бийликтин жүзүн, мыйзамдын алсыздыгы көрүп турабыз. Кыргыз элибиз Конституциялык укугунан айрылды. Бүгүнкү күндө жаштардын келечеги жабык эшиктин ары жагында келечекке айланып жатат. Биздин суроолорго жооп жок.
Ал эми кыргыздын келечеги жүрөгүн өйкөп турган кыргызстандык жаштардын талабынан, суроосунан корккон бийлик, аларды бүгүнкү күндө каматып жатат. Ошондой эр жүрөк, азаматтардын бири, Кыргызстан жашылдар партиясынын "Мен ишенбейм" мүчөсүнүн лидери Тилек Сыдыков бүгүн түрмөдө жатат. Анын эң негизги айыбы, өз жерин сүйгөнү, өз элин ойлогону. Демек, бүгүнкү бийлик өз жерин сүйүү, өз элин ойлоо кылмыш деп ойлойт. Бүгүнкү бийликтин азабынан патриот Бектемир Акунов байкебизден айрылып олтурабыз. Бүгүнкү бийлик - элибиздин шору.
Ошондой эле бийликтин кемчиликтерин көзгө сая турган бирдиктүү оппозициянын жоктугу. Азыркы абалдан чыгуунун жолу- бүтүндөй системаны алмаштыруу. Бүгүнкү система бийликти саясий банкротко алып келди. Мындай системаны жокко чыгаруу зарыл.
Жалпы элдик курултай элдин үнү болуп, жер - жерлерде, аймактарда, райондордо, айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде өткөрүлүп, мамлекетибизге, элибизге маанилүү маселелер курултайда талкууланып, каралып, чечимдери бийликке сунушталып, бийликке таасир көрсөтүп өз тагдырын өзү аныктоо башкы маселе болуш керек. Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алып, анын механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Кыргызстандын бүгүнкү абалын чогуу, биримдикте чечип сөздөн ишке өтө турган мезгил келди!

Уран Рыскулов,
Чүй облусунун өкүлү:
- Бизде ыйман, абийир булганып турат. Анан кантип биз өнүккөн мамлекетти курабыз. Мына айтып атабыз биринчи экономика деп. Мен айтаар элем. Экономика эмес, биринчи ыйман керек. Ыйманды жоготуп атабыз. Ыймансыз, абийирсиз, атасын-энесин, элин-жерин сатканга даяр кишилер бийликке келип алып, кыргыз жерин ушул акыбалга алып келип олтурат.
Мына жакында президент өлүмүш болуп жатып алып, мамлекетти башкарды. Бирок, ал кишинин өмүрү узун болсун. 28-мартта аэропорттон көрүнгөндө мен ошол кишиге өмүр тиледим. Бирок ага болгон ишенич өлүп калбадыбы кыргыздарда. 28-марттан баштап ал биздин президент эмес. Азыр президенттин таажысы жерде жатат. Бүгүндөн баштап "Арнамыс", "Асаба" , "Атамекен" деген жок, бардыгы бир муштумга бирикти. Таажы жатат жерде, алгыла! "Атам"-десе аркаңарда биз туруп беребиз жаштар.
Жогору жакта олтуруп алып "Саясат- бул сойкулук" деп айтышат. Өздөрүнө - өздөрү баа берип атпайбы. Кантип коомчулукка айтат "биз тазабыз" деп. Таза десе ким ишенет ошого. Ыймандын кеткенин мындан билгиле, саясатчылар эмес балдарыбыз да сойку болуп бүткөн.
Жакында Европадан бир журналист келди. Ошол айтат": "Силер бизди экономикалык жактан 50 жылда кууп жетесиңер, бирок, ыймандуулук, абийир жактан Европа силерге эч убакта кууп жетпейт"- деп. "Бизде эркек менен эркек үйлөнсүн деген мыйзам чыгарып койгон. Аял менен аял жашаса болот деген мыйзам чыгарып койгон. Бизде бала төрөлбөйт. Баланын ордуна ит - мышык багат" - дейт. Анан кантип биз Европадай болуп өнүгүп? батыш цивилизациясын туурагыбыз келет. Алар өздөрү туңгуюкка кабылганын айтып атса, биз кайра ошолорду туурап отурабыз.
Мындан жыйырма жыл мурда 13 жашар баланын арманын угуп, баарыбыз жаман көрүп калганбыз ошол кишини. Азыр атасы эмес энеси таштап кетип жатат балдарын. Ош базарынын тегерегин карап көргүлөчү, канча бала жүрөт. Бүгүн ыр эмес, кошок кошо турган кезек келди. Биз каякка келдик? Эмне деген мамлекет куруп атабыз? Бир машине авария болсо тегеректеп турган эл чогулуп "жаңы экен" - деп ичи ачышат. Бүтүндөй мамлекетибиз авария болуп жатса эмне унчукпайбыз? Бизди ушул абалга Ленинграддан окуган академик, Куйбышевден бүткөн жогорку билимдүү адамдар алып келди. Ооба, урдаганга, жегенге гана жогорку билимдүү булар. Биз жөн гана кайдыгерликти жеңишибиз керек.

Мукар Чолпонбаев,
"Кыргызстанды сактап калуу"
кыймылынын лидери:
- Бүгүн бизде Акаевдыкынан да күчтүү авторитардык бийлик орнотулду. Эми президент өз партиясы аркылуу, парламентти, андан кийин өкмөттү, ал эми кызматка коюу, кызматтан алуу жолу менен сот бийлигин толук көзөмөлдөйт. Кыргызстанда президентсиз чымын да учпай калды. Жыйынтыгын кечээ эле көрдүк. Легитимсиз парламент элдин каршылыгына карабай, митингге чыккан жаштарбызды камап коюп, Казакстанга белек кылып Каркыраны, пансионаттарды менчикке берди. Бийликти президент өзү жеке алса деле мейли дегиң келет, эгерде ошондон элдин турмушу оңолуп кетсе. Жүздөгөн жылдар эңсеп келген демократия, саясий эркиндик Кыргызстанда дагы эле орногон жок. Энономикалык абал күндөн - күнгө төмөндөөдө. 2007-жылы ички дүң продукция 8%га өстү дейт бийлик. Ошол эле мезгилде инфляция 20% га өстү. Бул- биз өсүүнүн ордуна 12%га төмөндөдүк дегенди билдирет. Мунун далили катары тамак- аштарга, күнүмдүк керектелүүчү товарларга, автотранспорт кызматына, электр энергияга баанын өтө өсүп кетиши далил болот. Эмгек акы жана пенсия 10-20%га өссө, баа 50-200%га көтөрүлүп турса, элдин колуна алган акчасы жашоо минимумуна керектелүүчү акчанын жарымына да жетпесе, биздин турмушубуз оңоло баштады дегенине ким ишенет? Анын үстүнө президентибиз "жер байлыктарын, энергосистеманы, Акаев учурунда сатылбай калган кен байлыктарын менчикке сатабыз. Менчиктештирүүнү 2008-жылы толук бүтүрөбүз, тезек теребиз" - деп жатса. Анда Кыргызстандан башка жакка көчүп кетебиз деген кыргыздардын саны дагы күн санап өсөт. А көчүп кете албагандар кантип жан сактайбыз. Келээрки жылда абалдан чыгуунун жолу барбы? Албетте бар. Биринчи иретте баягы эле эл талап кылган Конституциялык реформаны өткөрүү. Ошону менен башкаруу системасы өзгөртүү. Мамлекетте бир эле адам башкаруу системасын сөзсүз түрдө кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга алып келээри анык. Конституцияда бекитилген мындай бийлик турганда Акаев болобу, Бакиев болобу, дагы башка бирөө келеби, эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Баягыдай эле ага - ини, тууган - туушкан бийлик жүргүзө бериши мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени, азыркы Конституцияда президентке берилген бийликти бир адам алып жүрүшү мүмкүн эмес. Демек, күнөө башкаруу системасында да бар. Реформа өткөргөндө да аны мыйзамдуулуктун негизинде өткөрүү негизги талаптардын бири.
Реформа десе эле Конституцияны референдумга алып чыга коюш эмес. Реформа деген аны толук мыйзамдуулукка алып баруу. Мыйзам кайсыл жерден бузулса ошол жерден кайра баштап түздөө жолу. Негизги мыйзам Конституция 1994-жылы референдум өткөрүп ага өзгөртүү киргизүү менен бузулган. Калган мыйзамдардын баары бузулган мыйзам менен тактап айтканда, мыйзамсыз кабылданган. Ошондуктан алгач референдумдар менен кабыл алынган Конституцияларды мыйзамсыз деп таап, бузулган негизги мыйзамды - Конституцияны калыбына келтириш керек. Ошонун негизинде жаңыдан парламентти жана президентти шайлап, алгандан кийин гана Конституцияга легитимдүү парламент аркылуу бүгүнкү турмуштун талабына туура келе турган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Өзгөртүү киргизүү учурунда президенттин ордун так аныктап, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын туура тактап, теңдештирип, бири - биринин ишине мыйзамсыз кийлигишпей тургандай кылып жасасак, өлкөнүн турмушунда көп маселелер чечилет.

Жыпарбек Тойчубеков,
Талас облусунун өкүлү:
- Президентибиздин жакында эле айтканы бар, "тезек тергиле" деп. Ошого деле макул болуп, биздин эл кышка тезек даярдайын десе, койлордун арыктыгынан койдон тезек чыкпай, уйларга жайыт жок, жегендери топурак болуп, ичтери өтүп тезектери суюк болуп чогулта албай жатабыз дешти эле. Он жети жыл бою мындан да жаман кыйынчылыктарга чыдаган карабууралыктар мунусуна деле тез көнөт. Бирок, уй - кою жок шаарда жашаган бала - чакаларыбыздын көргөн күнү не болот, өзүбүздүн тезегибиз өзүбүзгө жетпей жатканда.
Сөзүмдү кыскартып бүгүнкү талкууга төмөндөгүдөй сунуштарымды киргизем:
* Бүгүнкү курултай бүткөн мөөнөттөн баштап Президентке, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана сот - бийлигине "элдик ишенбөөчүлүк жарыялансын".
* Ошол күндөн баштап бийлик элдин колуна өткөзүлүп берилсин, башкача айтканда азыркы элдик парламентке бийлик убактылуу тапшырылсын.
Даярдаган Г.Молдокулова