Акыйкаттан адашсаң, Алибиге кайрыл!

"Адвокат-профи" жооп берет
Өлгөн кызымдын үйүн күйөө балам талашып жатат
- Мен улуу кызым турмушка чыкканда 1998-жылы белекке турак-жай бергем. Жолдошу менен никеси катталып, бирок кызым катуу ооруп 2 жыл төшөктө жатканда, күйөө балам үйдөн кетип калган. Тилекке каршы, кызым 2007-жылдын март айында кайтыш болуп кетти. Эми күйөө балам келип, үйдү мен мураска алам деп талашып жатат. Эмне кылсак болот? Муктар, Талас облусу

- Белекке берилген турак-жай эрди-аял ортосундагы мүлк болуп саналбайт. Алардын ортосунда бала болсо баласына же эрине мураска жазса болот. Бирок, сиз өзүңүздүн тартуу келишимиңизди кайра сот аркылуу чакыртып алууга укугуңуз бар. Турак-жайыңыз кайсы жерде жайгашса, ошол жердеги сотко материалды кароо үчүн бересиз. Кызыктар тарап катары нотариалдык контораны чакырсаңыз болот.
Күйөөм үйдөн кууп чыкты. Не кылам?
- Мен 1999-жылы турмушка чыккам. Жакында күйөөм 3 балам менен кошо үйдөн кууп чыкты. Биз, биргелешип жашап жалпы тиричилик кылып, 2005-жылы үй сатып алганбыз айылдан, аны кайниме каттап койгон. Кайним анда 14 жашта эле, тактап айтканда эч жерде иштеген эмес жана үй сатып алчу каражаты жок болчу. Мен үйдөн өзүмдүн үлүшүмдү ала-аламбы? Сабира, Ош облусу

- Сиз сотко берүү менен жалпы мүлктү бөлүштүрө аласыз. Өзүңүздүн үлүшүңүздү гана эмес, балдардын да үлүшүн болуп алууга акыңыз бар. Азыр сиз күбөлөрдүн көрсөтмөсүн же үйдүн мурунку ээлеринин көргөзмөсү менен аны жалпы мүлк катары таанытып, андан сиздерге таандык үлүштөрдү мыйзам чегинде бөлүп алсаңыз болот.
Айыл өкмөтү мени коркутуп жатат
- 2007-жылы мен 3 гектар жер иштетип күздүк буудай тиккем. Ал жер үлүшүнө менин укугумду ырастоочу күбөлүк да бар. Айыл өкмөтүнүн жер адиси келип, эгин талаамды башка кишиге чийип берип койду. Мага айыл өкмөтүнөн жердин контурдук картасын көрсөтүп, бул жерди сен туура эмес пайдаланып жүрүптүрсүң, керек болсо бул үчүн сени жоопкерчилике тартабыз деп коркутушту. Эмне кылсам болот? Алтынбек, Баткен облусу

- Сиз райондук кыймылсыз мүлктүү каттоо бөлүмүнө барып, контурдук картаны карап, өзүңүздүн күбөлүгүнүз менен ырастаңыз. Айыл өкмөтүнүн кылган кыймылы мыйзамсыз. Сиз көрбөй калган пайданы айыл өкмөтүнөн жана алар жерди бөлүп берген жарандан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 14-беренесине ылайык өндүрүп алсаңыз болот
Соттон шегим бар
- Кайсы учурда судьядан баш тартуу жөнүндө арыз берүүгө болот? Акыл, Сокулук району
- Сиз төмөнкү учурларда судьядан баш тартуу жөнүндө арыз бере аласыз:
1)Эгерде сот, ал ишке катышкан жактардын же алардын өкүлүнүн биринин тууганы болсо;
2) Эгерде сот, ал жеке өзү, түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин натыйжасына таламдаш болсо же анын калыс экендигине күмөн туудурган башка жагдайлар бар болсо;
3) Эгерде сот, ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, тилмеч, өкүл сот жыйналышынын катчысы катары катышса, ишти карай албайт жана андан баш тартылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын ЖПК-нын 17- беренесине ылайык ишти карап жаткан соттун курамына өз ара тууганчылыгы бар адамдардын кириши мүмкүн эмес экендигин билүүгө тийишсиз.
Арыз жаздым эле...
- Мен айыл өкмөтүнө өзүмө таандык жер үлүштү жолдошумдун ээлигинен бөлүп берүүсүн сурап бир ай мурун арыз менен кайрылгам. Менин арызым кайсы мөөнөткө чейин каралышы керек? Салтанат, Ак суу району

- Арыз келип түшкөн жана катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралышы керек. Атайын текшерүү жүргүзүү же башка чараларды көрүү зарылчылыгы болгон учурда өзгөчө тартипте арыз же даттануу берген адамга бул туурасында билдирүү менен 2 айдын ичинде. Бул иштер "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" КРнын мыйзамынын 8- беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Доонун баасын аныктай аламбы?
- Мен жапа тарткан адам катары доонун баасын аныктай аламбы? Суран.
- Ооба. Доонун баасын сиз көрсөтө аласыз, кеткен чыгым, көрбөй калган пайдаларды эсептеп. Эгерде сиз көрсөтүлгөн баа туура эмес болсо, ал сот тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын ЖПК-нын 100,101 беренелерине ылайык.
Арыз канча мөөнөттө каралышы керек?
- Мен никени бузуу жөнүндө доо арызды бир ай мурун сотко бергем. Доо арыз канча мөөнөттө каралышы керек? Гүлмира, Бишкек шаары

- Сотко арыз келип түшкөн учурдан тартып 5 күн ичинде аны сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселени кароого милдетүү. Доо арызды кабыл алуу боюнча сот КРнын ЖПК-нын 134 беренесине ылайык аныктама чыгарат.
Жолдошум менен ажырашпай туруп, балдарыма алимент өндүрсөм болобу?
- Жолдошум башка бүлөө күтүп алды. Менин эки балам бар, өзүм кош бойлуумун эч жерде иштебейм. Балдарыма алимент өндүрсөм болобу, жолдошум менен ажырашпай туруп? Ырыскүл, Жалалабат облусу

- Ооба. Сиз эки балага жана өзүнүзгө да алимент өндүрө аласыз. Сотко доо арызды Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 95 беренесине ылайык бересиз. Сот токтому менен 2 балага жана сизге балаңыз төрөлүп үч жашка чыканга чейин алимент өндүрүп берет.
Өз балдарым мени бакпай жатат
- Мен 75жаштамын, бир айга 750сом пенсия алам. Менин үч балам 4 неберем бар, алар колунда бар баары жакшы турат. Азыркы учурда пенсиям мага жетпей жатат. Турмуш шартым абдан начарлап кетти. Балдарыма жардам бер деп кайрылсам, үйдү бизге жазсаң жардам беребиз дейт. Үйдү аларга жаза турган болсом мени үйдөн кууп чыгышат. Эмне кылсам болот? Жамал эне, Кант шаары
Сиз балдарыныздан алимент өндүрүү үчүн сотко доо арыз менен кайрыласыз. Үйбүлө кодексинин 16 главасын колдону менен сотко доо арыз келтирип өзүңүзгө алимент өндүрсөнүз болот.



"Адвокат профи"
Урматтуу окурмандар!
Эгерде Сиздер юристтерден кеңеш алгыңыздар келсе, же укук коргоо органдары тарабынан адилетсиздикке дуушар болсоңуздар, биз менен байланышып, акыйкаттыкты коомчулук алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. "Алиби" гезити жана "Адвокат профи" фирмасы сиздер менен кызматташууга даяр.
Дарегибиз: Бишкек шаары
Токтогул көчөсү 167
Телефон 21-66-28
gazetaalibi@mail.ru




  Эл "өкүртөөр" палатасынан...

Парламент кимдин кызыкчылыгын коргойт?
Байыртадан кыргыз эли бир кулак сууга, алакандай жер үчүн өлүмгө тике карап, намысты өмүрдөн жогору коюп, Мекенин коргогон. Дүйнөнүн тең жарымын басып алган Чынгызхан да саксактанып, Уулу Жучуну кыргыздарга жөнөткөн. Ал эми Жучу хан эгерде кыргыздар кан төгүшпөй, тынччылыкка келишсе, жеринин чеги сакталарына убада берип, ата-бабаларыбыз Мекенинин бүтүндүүлүгүн сактап калганын тарых тастыктаган.

Азыркы күндө эгемендүү өлкөбүз деп мактанган менен коңшу өлкөлөргө да басынып, күнкор мамлекет экендигибиз ачык көрүнүүдө. Мурдагы парламенттер бийлик мунарасындагылар канча кысым көргөзсө да, алардын келишимин ратификациялабай, кыргыз жерин бүтүн сактап калууга зор салым кошкону ачык көрүндү.
Арман күн, бийликтин кол баласы болгон, парламенттин негизин түзгөн "Ак Жол" фракциясы акыры карааны калдайган Каркыраны ажо К.Бакиев казак жергесине кур кол барбасын деп белекке бергенге уруксат берип, чечим чыгарышты.
Вена конвенциясын бетине кармап, ушул фракциянын мүчөсү З.Курманов согуш коркунучуна алып келерине көзү ачыктык кылды. Ой-тобо! Эгерде Каркыранын биз каалаган бөлүгүн бербесеңер согуш ачабыз, - деп Кыргызстандын тышкы иштер министерствосуна нота келдиби? Же аскер күчтөрүн кыргыз жергесине киргизүү үчүн бүтүндөй чек араларга топтоп, ок ата баштады беле?
Чынында, мындай коркунуч болсо, анда неге БУУнун кеңешмелеринде бул маселе коюлган эмес?
Парламенттин сессиясында А. Мадумаровдун "Силерди шайлоочулар эмнеге шайлады эле? Элдин кызыкчылыгын гана эмес, мамлекеттин кызыкчылыгында коргошуңар керек", - деп ныгырыла сүйлөшү эмнени билдирет?
Мамлекетти кимдер түзөт? Жооп бериңизчи? Мамлекет эл үчүн кызмат кылабы же эл мамлекет үчүн кызмат кылабы? Депутаттарга добушту эл бердиби же мамлекет бердиби? Деги, силер кимдердин өкүлүсүңөр?
Элди мамлекеттен, мамлекетти элден бөлүп карагандар чынында эле саясий жактан жетилбегендиктин белгиси эмеспи? Кыргыз эли болбосо, Кыргыз республикасы мамлекет болбосун ойлодуңарбы? Эл болбосо мамлекет болбосун али аңдабаган депутаттар жазган мыйзамдарды, чечимдерди ким сыйлайт?
Чек ара маселелерин да "кумда ойногон балдар да талкуулайт", бирок алар өз Мекенинин үзүм жерин башка элге бергиси келбейт! Алар касиеттүү Каркыра сыяктуу жайлоолорду мындай коелу, ошол өздөрү ойногон кумдун бир уучун силерге окшоп, башкага бербейт.
Макул, Каркыра чек арага чектеш экен, казактарга "тартууга" кеткен Ысык-Көлдөгү 4 пансионат кайсы чек арада экенин депутаттарыбыз көргөзүп бере алат бекен? Аны кыргыз эли өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетсе, жумушчу орун түзүлбөй калабы? Мына, Ак Жол" фракциясынын мүчөсүнүн түшүнүгү.
Эл менен мамлекетти бөлүп, элдин кызыкчылыгына каршы чыккан депутат эл өкүлүмүн деп айтууга укугу жок, аны тартипке чакырбай колдогон "Ак Жол" партиясынын элдик партиямын дегенге моралдык укугу барбы? Аны өз абийирлерине коелу.
Жогорку Кеңешке калк добуш бергенде силерди элдин кызыкчылыгын коргоочу өкүлү катары шайлаган. Демек, алар элдин кызыкчылыгынан бийликтин кызыкчылыгын жогору койсо, анда өздөрүн өздөрү тартуусу жана мамлекеттик ишке кетүүсү (эгерде кызмат берсе) зарыл. Болбосо, элди теңсинбеген парламентти таратууга кол топтоо башталышы мүмкүн.
"Эсиң барда, этегиңди жап", - дейт кыргыз. Элди кордоого эч кимдин укугу жок. Мамлекеттин стабилдүүлүгүнүн сакталышына бийлик мунарасындагылардын одоно сөздөрү терс таасир берерин айтып койсок ашыкча болбос…

Эртабылды
Аттокуров,
"Алиби"