Ырчы маек

Замир Мырза:
"Көрүнбөй калганыма шоу-бизнестин кожоюндары күнөөлүү"
- Көптөн бери көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алектенип жатасыз?
- Көптөн бери көрүнбөгөнүмдүн себеби, мен эле эмес, башка бир катар жаш таланттар менен улуу муундагы ырчылар дагы көрүнбөй калышты. УТРКдагы продюсерлер азыркы шоу-бизнесге кожоюн болуп алганы менин көрүнбөй калганыма себеп болду. Теледен көрүнбөй калсак дагы, чыгармачылыгыбыздын үстүндө кызуу иштеп, жаңы чыгармаларды жаратып, элге тартуулоодобуз. Мен өзүмдүн аткаруумдагы жаңы жана хитке айланган мурунку ырларым киргизилген ыр альбомумду чыгарууга жетиштим.
- Билишибизге караганда сиз жакында концерт берүүнүн астында турасыз, ошол концертиңизде кандай жаңылыктар, өзгөчөлүктөр болот?
- Сахнага төө менен чыгуу же болбосо вертолёт менен учуп келүү сыяктуу көрүнүштөр болбойт. Анткени, мен андай стилге жакын эмесмин. Мен бул боло турган концертиме өтө чоң даярдыктарды көрүү менен, эң жогорку деңгээлде, өз күйөрмандарыма чоң ыр майрам тартуулоонун аракетин көрүп жатам.
- Азыркы шартта концерт бериш деле оор болсо керек. Чыгармачылыгыңызга колдоо көрсөтүп, жардам берген продюсериңиз барбы?
- Азыркы учурда продюсерим жок. Мурда белгилүү продюсер Ассоль Молдокматова менен иштешчүмүн, бирок кийинчерээк өзүнчө иштөөнү туура таптым. Ошондон бери чыгармачылыгым менен өзүм эле алек болуп келе жатам. Ал эми материалдык жактан демөөрчүлөрүм менин урук-туугандарым. Азырынча ошолордун жардамы эле мага жетиштүү болуп жатат.
- Сиз менен шоу бизнестин чоң сахнасына чогуу чыккан ырчылар бир эмес, бир нече жеке концерттерин уюштурууга үлгүрүштү. Билишибизге караганда бул сиздин Бишкектеги биринчи жолку жеке концертиңиз болсо керек. Эми гана чыгынып жатканыңызга караганда тоскоолдуктар болдубу же сааты чыкпай жаттыбы?
Мен өзү Бишкекке концерт бергенге деле шашылган жокмун. Келечегим алдыда, дагы аткарыла элек көптөгөн пландарым бар. Ошол пландарымды аткарып, элиме дагы кызмат кылышым керек. Ал эми кээ бир жаш ырчылар продюсерлеринин артынан казак ырларын которуп же болбосо бир ырды хитке айландырып алып жеке концерттерин бир жылда эки-үч жолудан берип жатышат. Мисалы, бир ырчынын концертине барып, андан кийин башка ырчылардын концертине барсаң, ошол эле ырчылар ошол эле ырлары менен чыгышат. Бул концерттин деңгээлин төмөн түшүрүп коёт. Менин айтаар сөзүм ырчылар концерт берээрден мурун көп ырларды жаздырып, анан чоң сахнага чыгышса жакшы болмок.
- Азыркы ырчылардын "плагиат" ырларына кандай карайсыз?
- Чет элдерден ырларды которуп алышып менин ырым деп ырдап чыгып, ошондон көптөгөн чыр-чатактар пайда болуп жатат. Ошондуктан ырларды которуп ырдоого мен терс көз караштамын. Анткени биз казак, өзбектердин ырларын которуп ырдап, кыргыздын маданиятын жоготуп жатабыз. Биз ырларды которуп ырдоо менен казак-өзбектердин маданиятына кошулуп бара жатканыбыздды сезбей жатабыз. Ошондуктан, ырчылар дайыма кыргыздын обончулары жана акындары менен иштешип, байланышта болуп турушу зарыл. Анткени, кыргыздардын акын-обончулары четте калды. Ошол себептен биз кыргыздын ырларын ырдап, андан кийин которуп ырдасак болот го деп ойлойм. Азыркы жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылар ырчы эмес, котормочу жана ууру болуп кетишти. Ууру дегенимдин себеби ырларды которуп алышып, менин ырым деп ырдап жүрүшөт.
- Сиз "Кайып булак" кино тасмасына тартылганыңыздан кийин коомчулукта Неля экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кыз-жигиттик мамилелер бар экен деген кептер айтылууда. Буга не дейсиз?
- Ооба, мындай кептерди мен дагы көп жолу уктум. Бирок мен Неляны чыгармачылыктагы сахналаш кесиптешим, талантуу ырчы катары сыйлайм жана урматтайм. Ал эми экөөбүздүн ортобузда кыз-жигит катары эч кандай мамилебиз жок. Андай болгон эмес, болбойт жана болушу да мүмкүн эмес.

Назгүл Эсеналиева,
"Алиби"




  Күлүк жарыш

Шайтан арабачы Азиянын чемпиондугун жеңип алды
Евгений Ваккер Япониянын Нара шаарында болуп өткөн велоспорт боюнча Азия чемпионатында марага биринчи келип, алтын медалды жеңип алды.
Аралыгы 32 километрди түзгөн жеке жарышта кыргызстандык марага 43.03 секундда биринчилерден болуп жетип келип, 18 өлкөдөн чогулган 27 атаандашын артка калтырып ишенимдүү жеңишке ээ болду.
Женядан кийин марага келген коңшубуз, казакстандык Алексей Колесов "күмүш" медалдуу болсо, турнирдин кожоюну, жапониялык Аширо Мусуи коло байгелүү болду.
Ошентип, өткөн жылкы лидерлигин сактап калган Евгений Ваккер Азиянын эки жолку чемпиону болуу менен, жалгыздап жарышууда бүткүл Азия континенти боюнча азырынча ага теңдеш эч ким жок экендигин дагы бир жолу далилдеди.
Бул жарыштан үч күн өткөн соң, Евгений Ваккер аралыгы 182 километрди түзгөн жалпы топтук жарышка түшүп, дагы бир байге үчүн ат салышкан. Тилекке каршы, маарага 40 километр калганда спортчубуздун шайтан арабасынын арткы дөңгөлөгү сынып, жарыштан чыгып калган.
-Дагы бир медалга аз калганда велосипедимдин сынып калышы, мен үчүн аянычтуу болду. Бирок, ошентсе да, ушундай эски техника менен алтын медалды жеңип алышым мен үчүн чоң күтүлбөстүк болду-дейт Евгений Ваккер.



  Кыйынсыңбы?

Алмаз Акун эрежесиз эр уруштун "эркеги" аталды
Кожомкул атындагы спорт ордосунда 18-19-апрель күндөрү эрежесиз эр уруш-панкратион боюнча Кыргызстандагы Панкратион Федерациясынын мүчөсү, маркум Камчыбек Осмоновду эскерүүгө арналган бешинчи эл аралык турнир болуп өттү.

Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жоон билек эрендери чогулган бул мелдеште, өлкөбүздүн намысын "Дордой-Жакып", "Бек-Барс" сыяктуу бир катар спорттук клубдар татыктуу коргошту. Чыныгы мушаташка суусаган панкратион күйөрмандары Спорт ордосунда бир да орун калтырбай, жык толуп, спортчуларыбызга моралдык өтө чоң колдоо көрсөтүп турушту.
Эки күн бою, Азиянын чемпиондугу үчүн 70 жана 80 килограмм салмактык категорияларда бардыгы болуп 20 дан ашык мушташ болуп, жыйынтыгында 70 киллограммга чейинки салмактык категорияда Атбашылык "Дордой-Жакып" спорттук клубунун тарбиялануучусу "Бөлтүрүк" деген каймана атка ээ Мирлан Октябрев чемпион аталса, 80 киограммдык салмакта Азиянын жана Евразиянын бир нече жолку чемпиону Кызыл-Кыялык Замирбек Сыргабаев (Мундуз) эң мыкты аталды.
Андан кийинки панкратиондун жапон версиясы боюнча Евразиянын чемпиондугу үчүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, казакстандык Ардак Назаров менен өзбекстандык Бегалы Азизов кез келишти жана мушташтын 57-мүнөтүндө казахстандык жеңишке жетишти.
Ал эми эң негизги супер мушташ бул турнирдин экинчи күнү панкратион боюнча Азиянын абсолюттук чемпиондугу үчүн Атбашылык "Бөрү" каймана атка ээ Алмаз Акун менен Алматылык Динмухаммед Азимовдун ортосунда өтүп, жыйынтыгында мушташ жердешибиздин татыктуу жеңиши менен аяктады. Ошентип, "Дордой-Жакып" спорт клубунда машыккан Алмаз Акун панкратион боюнча бешинчи эл аралык чемпионаттын жеңүүчүсү гана болбостон, кычыраган "Гольф 3" автоунаасынын ээси да болуп калды.
Эрнис Балбаков,
"Алиби"