Мас болсоң, МАИ атат...

Максимди кимдер аткан?
20-апрель күнү Канттагы Россиянын аскер базасынын финансылык иштер боюнча орун басары Максим Зотовду кыргыз МАИсинин кызматкерлери байкабай атып алышкан.
Денесинен ок жеген орус офицери бүгүнкү күндө улуттук хирургия бөлүмүндө жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда 24 жаштагы Максимдин атылган октон өпкөсү тешилип, кабыргалары сынып кеткен. ИИМдин орун басары генерал Т. Субановдун айтымында "орус офицерлери мас абалында В 75-54 N номерлүү "Тойота-Ариста" автомашинасы менен жол эрежесин бузуп качканы аз келгенсип, жете барган МАИ кызматкерлерине каршылык көргөзгөн экен. Ал эми, Оруссиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма- сөз кызматынын башчысы В. Харченко "кыргыз МАИ кызматкерлери орус офицерлерине күч колдонуп, жерге жыгып, көмкөрөсүнөн жаткырып, анан аткылашкан" дейт. ИИМдин өздүк коопсуздук кызматынын начальниги Э. Кангелдиев кыргыз милиция кызматкерлеринин иш-аракеттери мыйзам чегинде болгондугун кабарлады. Окуя боюнча азырынча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Чүй областтык прокуратурасы азырынча кылмыш ишин козгоого ашыккан жок. Максим маалымат бергиче МАИчилерди коргогон кожоюндарынын маарап жибергенине караганда, мандем паста эмес көрүнөт.




  Пул барбы?

Эсеп палатасына акча керек
Жаныш Бакиевдин кан досторунун бири саналган Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов 18-апрелде Жогорку Кеңешке келди. Ал парламенттеги бюджет маселелерин тейлеген комитеттеги "жеп-утаттардан", то есть депутаттардан өзүнүн карамагындагы кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүп берүүнү суранды.
Көрсө, өлкөбүздөгү бардык бюджеттик органдардын финансы чыгымдарына көзөмөлдүк кылган Эсеп палатасынын кызматкерлери кол алдындагы аткаруу бийлигинин кызматкерлеринен да аз маяна алышат экен. Эгер алардын эмгек акысын кобойтууго Жогорку Кеңеш "добро" бербесе, анда Эсеп палатасындагы мыкты адистердин көбү аткаруу бийлигине кетип калуу коркунучу туулуптур. Андыктан, Искендер мырзанын айтканын аткара көргүлө, урматтуу депутаттар…

  Кош келиңиздер!

Корея Кыргызстандык жумушчуларды өзүнө чакырат
Аз күн мурда Ак үйдүн үстүнкү кабатында 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев Кореянын Кыргызстандагы өкүлү Кенг Юль мырза менен жолугушту.
Кенг мырзанын айтымында, Корея өкмөтү Кыргызстандык эмгек мигранттарына болгон квотаны эки эсеге көбөйткөн. Тагыраак айтканда, өткөн жылы өлкөбүздүн 2500 жараны гана Кореяга барып эмгектенүүгө укук алса, быйыл анын саны эки эсеге көбөймөкчү.




  Элге сөзүн айтпаса, эрендерден не пайда?

Аликбек Жекшенкулов:
"Кыргыз президентинин Астанага иш сапарынан азырынча кубанарлык жыйынтык чыккан жок"
"Албетте, визит учурунда реалдуу экономикалык кызматташтыктын келечеги туурасында сөз болгондугун танбаш керек"- деп билдирди А.Жекшенкулов, -"24-kg" агенттигине берген билдирүүсүндө.
Принцибинде бул визит биз алдын ала күткөндөй эле болуп өттү. Тилекке каршы", - деп айтты экс министр,- эки тараптуу алгылыктуу чечимдерге жеткен жок. Эки мамлекеттин башчылары кол койгон документтердин чечимдеринде эч кандай жаңылык жок. Туурасын айтканда, мындан 3-4 жыл мурда айтылган сөздөр кайталанды. Кыскасы, эки тараптуу мамилелерде эч кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болбойт деген тыянакка келүүгө болот.
"Өнүгүү жана саясат" боюнча эл аралык агенттиктин башчысынын айтымына таянсак, болуп өткөн визиттин жыйынтыгы боюнча коомчулукка тийиштүү маалымат жеткен жок. Аталган Эл аралык комиссиянын чечиминин алкагында кыргызстандыктарга таасир калтыраарлык эч нерсе сезилбейт. Белгилүү болгондой, Казакстан жаңы түшүмгө чейин Кыргызстанга экспортту кыскарткан болчу. Мындан тышкары, Кыргызстан үчүн жеңилдиктер жана башка маселелер каралган.
Тилекке каршы, болуп өткөн визиттин маңызы чек араларды ратификациялоо келишимдери жана Ысыккөлдөгү пансионаттарды Казакстанга өткөрүп берүү боюнча маселелердин айланасында чектелип калган тура. Башкача айтканда, так, ачык маалыматтын "дудуктугу" ушундан келип чыккан.
Буга кошумча Тышкы иштер министрлигинин экс -башчысы А.Жекшенкулов Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү интеграциялык процесстердин алкагындагы маселелер да ордунда эмес деп эсептейт. "Жеке менин оюмча", - дейт ал, Борбордук Азия боюнча союз түзүү идеясын колдойм…
А.Жекшенкулов терең ишенгендей, "Казакстан Кыргызстан үчүн кызматташтыктын бардык багыттары боюнча ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана боло берет.
Данияр Каримов




  Токтогулдун баласынын токтому

Ысык суу токтойт
Бишкек шаары боюнча ысык сууну берүү 12-майдан баштап бир айга токтотулат.
Мындай токтомду кечээ Бишкектин мэри Данияр Токтогулович токуду. Бир айга токтотуу учурунда, келээрки жылга даярдык көрүү үчүн ремонт иштери башталат экен. Ысык суу менен камсыз кылган Бишкек ТЭЦи жакында күрөөгө коюлду эле, эми минтип ремонтко коюлду. Рахмат Данияр Токтогуловичке, мыйзамдарды эстеп койгонуна. Күн деле жылып калбадыбы, агын сууга чайканып алсаңар дегени окшойт. Менчиктештирүүнүн шамалына агын суулар кабылбайт чыгар? Жок дегенде, көчөдөгү көлчүк суулар калаар.



  Көлдүкмүн деп көкүрөк каккандар көрүнбөйт...

Ысыккөлдүн аттуу-баштуу аксакалдары кайдасыңар?
Аттиң дүйнө, карагай черлүү Каркыра жайлоосу казактарга ыйык Ысыккөлдүн баш көтөрөөр тың чыкмалары барбы(?), бар болсо бир үн катып коюуга жарашпайбы..?

1. Абдуразаков Ишенбай
2. Орозбаева Бүбүйна
3. Сооданбеков Жумагүл
4. Чынгышев Турсунбек
5. Бийбосунов, академик
6. Исаев Кусеин
7. Алымбеков Эркин
8. Урманаев Султан
9. Малиев Арслан
10. Исабеков Кубанычбек
11. Өмүралиев Эсенгул
12. Акунов Бейшебай
13. Жакиев Бексултан
14. Акматов Казат
15. Султанов Омор
16. Жекшеев Жыпар
17. Мамакеев Мамбет
18. Иманбаев Сулайман
19. Ишемкулов Тилектеш
20. Турсунов Эрнис
21. Керексизов Ташкул
22. Байкожоев Мукаш
23. Сейдакматова Жамал
24. Өзүбеков Асылбек
25. Мураталиев Акылбек
26. Иманалиев Муратбек
27. Жапаров Садыр
28. Молдоташев Ишен
29. Сарыбаев Асанбек
30. Мусаев Сыртбай
31. Каниметов Жангороз
32. Барктабасов Урмат
33. Бекбасаров Рашид
34. Байжиев Мар
35. Мамытов Токон

"Акыйкат үчүн" кыймылы жана Коомдук парламент




  Анки-манки

"Манас" авиябазасындагылар арака жакынбы?
Кыргызстандагы АКШнын аскер базасында кызмат өтөп жүргөн жоокерлердин он бири арак ичишкендиги үчүн ири суммадагы айып акчага жыгылган.
АКШнын басма-сөзүнүн билдиргенине таянсак, Кыргызстандагы арак ичкен 11 жоокердин ар биринин айлыгынан 1500 доллар кармалып алынган.
Көрсө, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү АКШнын аскер базаларынан Кыргызстандыкы бир өзгөчөлүгү менен айрымаланат экен.
Башка базаларда спирт ичимдиктерин ичүүгө такыр тыюу салынса, Кыргызстанда 2 бөтөлкө пивого чейин уруксат берилет экен. Бирок, америкалык аскерлер ага алымсынбай, анда-санда базанын сыртынан арактарды сатып алып, ашказандарына кылк эткизип куюп коюшат.

Бетти даярдагандар
Рыскелди Момбеков,
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"