№42, 30.02.08-ж.
  Футбол талаасында

"Ак жол" акча чач,
"Ата Мекен" ЖКдан кач…
"Алибиде" саясий матч…
"Б" командасы - "О" командасы.
Башкы арбитр - эл
Оң тараптагы арбитр - БШК
Сол тараптагы арбитр - Жогорку сот

"Б" командасы.
Машыктыруучу Курманбек Бакиев
Команданын эки тизгин, бир чылбыры бокс боюнча спорттун чеберинин колунда. Өз учурунда "А" (Акаев) командасында такшалып, анын машыктыруусунун арты менен запастагы оюнчудан башкы чабуулчуга чейин жеткен. Өз командасын түзгөн соң, оюндун өзгөрбөс эрежелерин улам - улам бузуп, туруксуз командасын жеңишке карай алып келатат. Саясий оюндарды жүргүзүүдө калыстардын калыссыздыгына таянат.
1. Капитаны Медет Садыркулов
"А" командасындагы мыкты капитандардын бири эле. Эрежелерди бузгандыгы үчүн оюндан чыгарылып, "Б" командасынын машыктыруучусунун көңүлүн таап, ушул матч башталаар алдында командага капитан болуп келди. Саясий матчтарды уюштуруу боюнча абсолюттук чемпион, рекордсмен.
2. Дарбазачы Адахан Мадумаров
"Б" командасынын формалдык эмес лидери. Сталиндик катуу тартипти жактырып, оюнчуларды "ооз ачыртпай" кармагысы келет. Демократия менен диктатураны "конвергенциялоону" (бириктирүү) көздөп эрежелерди элге билгизбей өзгөрткөнгө маш. Эрежеси жок ойногусу келген "голкипер". "А" командасына каршы мыкты чабуулчулардын бири болгон. Саясий матчтын чебери.
3. Борбордук коргоочу Чолпон Баекова
"А" командасынын убагында эл аралык эмес, мамлекеттик маанидеги арбитр милдетин аркалаган Чолпон айым, командалар алмашса да өз ордун өзгөгө бербей өжөрлөнүп отурганы отурган. Матч "эрежелеринин" улам-улам өзгөрө беришине "эмгегин сиңирген".
"А" командасынын тиреги болгон партия түзүлгөндө көч баштап, №1чи оюнчу болгону менен, "төө кыядан өткөн соң" Мадумаровко дарбазаны берип, каршылаштары тепкен топту тосууга макулдугун берген.Макул болбоого айласы барбы, машыктыруучунун каалоосу ошондой болсо. "А" командасында да, андан кийин да, матч "эрежелерин" мыкты өздөштүргөн оюнчу.
4. Коргоочу(оң канаттан) Марат Кайыпов
"О" (оппозиция) командасынын мурунку мыкты оюнчусу М.Кайыпов кызмат милдетине байланыштуу оң коргоочулукту аркалап калды. Эрежелердин "атасын эмес, энесин окуткандыктан", каршылаштары жасаган чабуулдун мизин кайтарып турат. Эрежени бузуп, коргоочулукту таштап, чабуулга өтүп кеткен учурлары да бар.
5. Коргоочу(сол канаттан) Мелис Эшимканов
Матчтын биринчи таймында "О" командасынын форварды болгон Мелис мырза экинчи таймда 180 градуска бурулуп, "Б" командасынын негизги коргоочусуна айланды да калды. "А" командасынын учурунда да ойкуп-кайкып, эки команданын ортосунда жүрүп, саясий матчтын амбициялуу чеберине жеткен.
6. Борбордук жарым коргоочу Элмурза Сатыбалдиев
Элмурза мырза борбордук жарым коргоочулукка караганда башкы чабуулчулук милдетти катуу аткарып калды. Анын чабуулунан "О" командасында оңкологондор да көп.
7. Жарым коргоочу(оң канаттан) Молдомуса Конгантиев
Биринчи таймда чагылгандай жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Б.Ногойбаевге "замен" болуп келген. Салмактуу оюнчу.
8. Жарым коргоочу (сол канаттан) Акылбек Жапаров
Өткөн матчтарда өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөткөн Акылбек мырза бул матчта өз жүзүн ачып бере алган жок. Африкадан "Хипик" деген мыкты оюнчуларды чакырып келе албай өкүттө калгандай. Ышкырыгынбы, же "коңгуроосунбу", айтор матчтын аягында ары-бери эле чыйпылыктап чуркап калды.
9. Башкы чабуулчу Игорь Чудинов
"Чабал өрдөк эрте учат" дегендей эле, оюн бүткөндө садагага чабылчу чабал оюнчу. Бирок машыктыруучунун да, капитандын да, ал эле эмес голкипердин айтканын да "ляппай" деп кыңк этпей аткарган оюнчу. Алардын көрсөтмөсү менен чечкинсиз чабуулга чыгып, коргоочуларынын мыктылыгынан "О" командасынын талаасына кирип келгени менен гол тээп киргизе элек.
10. Чабуулчу (оң канаттан) Турсун Турдумамбетов
Машыктыруучунун стратегиялуу пландары боюнча оң канаттын чабуулчусу ыкчам аракетке кирди. Пансионаттарды арендага берүү, маанилүү обьекттерди менчиктештирүүгө карата чабуулун коргоочулар колдоп, дарбазачысы жолдоп турганда, дагы кандай чабуул кое турганын күтө туралы.
11. Чабуулчу (сол канаттан) Сапар Балкыбеков
"А" командасынан таалим-тарбия алган форвард электрэнергиясына чабуулун кайра күчөттү. Электрэнергиясына бааны көтөрүү, менчиктештирүү боюнча тажрыйбасы мол. Стратегиялуу пландардын негизинде 2012- жылга чейин жылына 20 пайыз баа көтөрүлүп, элдин чөнтөгүнө чабуул жасоо күтүлүүдө.

"О" командасы
Машыктыруучусу Өмүрбек Текебаев
Кайран ата-бабабыз орус империясынын учурунда замбирек, пулеметко жылаңач камчы көтөрүп каршы чыгыптыр. Азыркы "брондолгон" "Б" командасына каршы ойногон "О"командасы, эрежелердин сакталбагандыгынан, танкка каршы чыккан жөө аскерлерди элестетет. Өмүрбек мырза "О" командасында торолгон, тапталган маневрлүү коргонууну да, чагылгандай тез чабуулду да жасай билет. Чабуулдун ааламда жок ыкмаларын ойлоп таап, "Б" командасынын шаштысын кетирип жиберет. Матрешканы пайдаланып "допинг" бар деп жалаа жабалы деди эле, анысы ишке ашпай калды. Оюндан четтетүү үчүн дагы кандай эреже бузуулар болор экен, күтө туралы.
1.Капитаны Абдыганы Эркебаев
Биринчи таймдын башында сокку жеп Ф.Кулов капитандыктан четтеген соң, "О" командасы капитансыз калган. Өзүнүн шакирти Мадумаровго альтернатива болуп, коомдук парламентке спикер болгон Абдыганы мырзанын шакиртине караганда спикерлик тажрыйбасы зор экени белгилүү.
2. Дарбазачы Темир Сариев
"Б" командасынын тынбай жасаган чабуулдарынын мизин кайтарып, Лев Яшин сыяктуу Темир мырзанын дарбазада туруп тепкен тобу, Мадумаровдун дарбазасына кирип кетиши да мүмкүн.
3. Борбордук коргоочу Болот Шерниязов
Дайыма бийлик тарапты коргоп келген Ч.Баековадан айырмаланып, Болот мырза башын канжыгага байлап, ар дайым эли-журтунун үмүт- тилегин, келечегин даанышмандык менен коргоп келет.
4.Коргоочу (оң канаттан) Карганбек Самаков
Карганбек мырзанын аты Тянь-Шандан алыстагы шейхтерге чейин белгилүү. ТИМдин бир кулагын чоюп, шейх достору менен "брейк" бийлеп жүрө берсе деле болмок, бирок элинин таламын ким коргойт?
5. Коргоочу (сол тараптан) Роза Отунбаева
Чындык үчүн чыркырап жүрүп Роза айым канча ирет министрлик креслого отуруп, канча ирет креслону бошотуп берди. Башкаларга окшоп креслону бекем кучактап отуруп алган жок. Парламенттин депутаты катары бүгүнкү күндө да элинин таламын коргоп өз позициясында бекем турат.
6. Борбордук жарым коргоочу Кубат Байболов
"О" командасынын капчыгы калың оюнчуларынын бири К.Байболов бутунан жана чөнтөгүнөн катуу сокку алган. Эми анын кайрадан оюнга кайтып келиши же келбеши азырынча белгисиз бойдон калууда.
7. Жарым коргоочу (оң канаттан) Иса Өмүркулов
Парламентте аргументтүү фактылары менен бирде коргонуп, бирде чабуул жасап, мурунку парламенттеги өнөктөштөрүнүн ордун жоктотпой келе жаткан Иса мырза.
8. Жарым коргоочу (сол тараптан) Дүйшөн Чотонов
Түштүктү түп көтөрүп чыккандардын бири Дүйшөн мырза, салмактуу оюнчулардын бири экендиги талашсыз. Көз тийбесин, тьфу,тьфу!
9. Башкы чабуулчу Азимбек Бекназаров
Өзүнүн тике качырган чабуулу менен "А" командасынын таш-талканын чыгарган Азимбек мырза "Б" командасынын талаасында бир азга ойноп келген соң, мокой түшкөн. Эми кайрадан курчуп, активдүү чабуулун баштады.
10.Чабуулчу(оң канаттан) Аликбек Жекшенкулов
"О" командасынын оң канатынан тынымсыз чабуул жасаган Аликбек мырзанын таскагы катуу чыгып келе жатат. Анын чабуулунан "О" командасы упай топтоп, Азимбек экөө тепкен "сильный ударлардан" жеңиш биринин артынан бири "О" командасына ооп жатканы талашсыз.
11.Чабуулчу (сол канаттан) Мукар Чолпонбаев
"А" командасынын курамында жана ага каршы ойноп жүрүп такшалган Мукар мырза 2005 жылдын 17 июнунда беш эле мүнөттүн ичинде "Б командасынын" ташын талкан кылып жибере жаздаган. Бир топ убакыттан бери оюндан четтеп турган мыкты оюнчу кайра оюн талаасына кайтып келди. Бирок, мурдагыдай күчү жок.
"Запаста" Топчубек Тургуналиев
Бир топ мезгилден бери "Б"командасын жактап келе жаткан Топчукебиз "Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай" запаста өз мөөнөтүн күтүп отурат.
Матчка комментарий:
1 тайм (1-май 2007- жыл- 1ноябрь 2007- жыл)
1-0
Атамбаев-Ногойбаев комбинациясынан урулган "гол" "О"командасына оор сокку болуп, капитаны Ф.Кулов ордун таштай качты.
2-0
Бир топ убакытка чейин тынч өтүп келе жаткан оюнду өз командасы көздөй топ тээп Эшимканов-Карабеков кызытып кетишти. Алардын тепкен "пасын" илгиртпей дарбазага багыштаган Баекова референдум менен кошо дарбазага кийирди. Парламент тарап "Б" командасына дагы бир упай кошулду.
2 тайм (1ноябрь 2007 жыл- 1май 2008 жыл)
3-0
2тайм кызуу темпте башталып, капитан М.Садыркуловдун колдоосунда Мадумаров-Баекова комбинациясы чечүүчү ролду ойноду. Эрежелерге көз жумулуп кирген "гол" башкы арбитр тарабынан четке кагылса да, оң канаттагы арбитр БШК тарабынан упайга эсептелип, бирок алигүнчө далилдене элек.
3-1
Коомдук парламент түзүп "Б" командасына биринчи "голду" А.Жекшенкулов тээп кийирди. "Б" командасынын борбордук коргоочусу М.Кайыпов алдын тосуп чыкты эле, кайып өтүп кетти.
3-2
Аксыда элдик сот өткөзүп экинчи голду А.Бекназаров эреже менен тээп кийирди. "Удар сильный" болгондуктан, "Б" командасы бир топ убакытка чейин тренерин таппай калды.
3-3
"О" командасы биргелешип уюштурган курултайдан соң, "Б" командасына үчүнчү "гол" кирип, эсеп теңелди.
3-4
"Кимдин, кимдин заманы?" деп хандарды ак кийизге көтөргөндө кыйкырчу экен, бүгүнкү күнү ач көз бийликтин, албуут аялдардын,аракеч эркек "сөөрөйлөрдүн" заманы болуп калды деп кыйкыргы келет. Ач көз бийлик өзүнүн "аномалияларын" жаап-жашыруу үчүн албуут аялдардын капчыгын "калыңдап", жүз грамм дегенде жер эмес, энесин сатып ийе турган аракечтердин оозуна арак куюп айдактап турат.
"Бузулган элге бучуктан молдо" дейт, элде эмне айып абийири таза, ар-намыстуу эл-журтубуз маалыматсыз калышты. "Бучук" бийлик өкүлдөрү тайраңдап өз билгенин билип, жумуртка менен "сыйлай" баштады. Жумуртка "бумеранг" болуп өз баштарына тийерин сезишпей, жеңген өңдөнүп партиясынын курултайын өткөрүүдө.
"Б" командасынын машыктыруучусу "эркекче" сүйлөшкөндү жакшы көрсө да, бул матч "хотинча" аяктады. "Б" командасы алсыздыгын көрсөткөндүктөн, упай "О" командасына берилди.

"Спорттук комментатор"
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ
"Алиби"