№43, 07.05.08-ж.
  Дүйнө дүрбөлөңү

Гитлерге кол салган Безелагер каза болду
Өткөн жумада 20-кылымдын канкору Адольф Гитлердин көзүн тазалоого эки жолу чыгынып, оюн ишке ашыра албай калган немис армиясынын мурунку офицери Филипп фон Безелагер 91 жаш курагында көз жумду.
Алгач Безелагер өзүнө жакын өнөктөш офицерлери менен 1943-жылдын март айында Чыгыш фронтуна келмек болгон Адольф Гитлер менен ССтин башчысы Генрих Гиммлерге кол салууну пландашкан, бирок, Г. Гиммлердин бул сапардан баш тартканына байланыштуу бул оюнан убактылуу баш тартып коюшкан.
Экинчи жолу алар 1944-жылдын 20-июлунда азыркы Польшанын аймагында жайгашкан фюрердин Вольфшанцтагы штаб-квартирасына жардыруу уюштурушкан, тилекке каршы Гитлер жаракат алуу менен гана чектелип, аман калган. Мындай оор кылмыштар үчүн шектүү деп кармалгандардын тагдырын бир ок менен чечип турган, үчүнчү рейхтин каардуу заманынан кутулуп, аман калган Филипп фон Безелагер кийинчирээк берген маектеринде өмүрүндөгү эң чоң жаңылыштыгы катары 1943-жылы Гитлерге кол салуудан баш таркандыгын өкүнүү менен айтып жүргөн.

Ирактын биринчи айымына кол салышты
Ирактын ордо калаасы Багдаддын борбордук бөлүгүндө Ирактын президенти Жалал Талабинин жубайына кол салуу болуп өттү.
Жекшемби күнү чак түштө Багдаддын Борбордук театрына сапар тартып бара жаткан биринчи айымдын кортежине жардыруу уюштурулуп, бактыга жараша президенттин жубайы Херо Ибрагим Ахмед жабыркаган эмес.
Ирактын атайын кызматынын айтымында бул терактта президенттин жубайынын төрт жан сакчысы оор жаракат алышкан. Ал эми негизги сокку кортеждин акырында келе жаткан автоунаага туш келгендиктен, өлкөнүн биринчи айымынын өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Түрктөр Ирактагы 150 согушчан курд боевиктерин жок кылды
Өткөн жуманын бейшемби жана жума күндөрү Түркиянын аскер-аба күчтөрү тарабынан Ирак мамлекетинин түндүгүндөгү Кандил тоолорунда жайланышкан Курд Жумушчу партиясынын боевиктерин жок кылуу максатында жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында бул партиянын 150 мүчөсү өлтүрүлдү.
Эскерте кетсек, Ирактын түндүгүнөн өз алдынча курд автономиясын түзүүнү каалашкан Курд Жумушчу партиясынын мүчөлөрү, Ирак өкмөтүнө жана сегиз миллиондой күрд отурукташкан Түркиянын бийлигине каршы 1984-жылдан бери, активдүү күрөш жүргүзүп келишет. Ушул жылдын февраль айынан бери Түрк армиясынын абадан жана жерден урган соккуларынын натыйжасында 240 күрд боевиктери жок кылынып, ондогон машыгуучу лагерлер, базалар талкаланган.
Курдтарга каршы 24 жыл бою жүргүзүлгөн согуштун натыйжасында 30 миң күрд өлтүрүлүп, АКШнын, Түркиянын жана Евро биримдик мамлекеттери тарабынан Курд Жумушчу партиясы террористтик уюм деп таанылган.

Жанар тоо атылды
Түштүк Америкадагы Чили мамлекетинде 450 жылдан бери "уктап жаткан" Чайтен жанар тоосу 2-май күнү таң эрте атыла баштады.
Чилинин Лос-Лагос аймагындагы жүздөгөн жылдар бою тынч жаткан бул жанар тоонун атылышы чилиликтер үчүн күтүүсүз болуп, өлкө бийлиги жанар тоодон он километр алыстыкта жайгашкан Чайтен шаарчасынын эки миңдей тургундарын тез арада эвакуациялоого мажбур болду. Чилинин өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы шаарчанын бардык тургундарына респираторлорду таратуу менен аймактагы бардык суу түтүктөрүн катуу көзөмөлгө алышкан.
Бул жанар тоодон чыккан зыяндуу булуттар коңшулаш Аргентинага да жетип, өлкө бийлиги мектеп жана аэропортторду убактылуу жабууга мажбур болду.

Шри-Ланкадагы "жолборсторго" каршы күрөш
Түштүк Азияда жайгашкан Шри-Ланка мамлекетинде 4-май күнү мамлекеттик аскер күчтөрү менен 1972-жылдан бери өз алдынчалык үчүн күрөшүп келе жатышкан "Тамил жолборстору" деп аталган террористтик уюмдун боевиктеринин ортосунда болуп өткөн кагылышуудан 47 адам каза болду.
Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматында "Тамил жолборстору" көзөмөлдүк кылган Маннар жана Велиойа райондору үчүн богон эки күндүк айыгышкан күрөштүн натыйжасында 39 сепаратист-боевик каза болуп, 37 си ар кандай жаракаттарды алышкан.Ал эми өкмөттүк армия сегиз жоокерин жоготкон.
Шри-Ланка өкмөтү 2008-жылдын акырына чеийн Цейлон аралынын түндүк-чыгышын бөлүп кетүүнү каалашкан "Тамиль-иламды куткаруучу жолборстор" сепаратисттик уюмун түп орду менен жок кылууну пландашкан жана ушул максатта 2008-жылдын январь айынан бери 3386 тамилчини оо дүйнөгө узатышкан.
Бүгүнкү күндө АКШ, Индия, ЕС баштаган дүйнөнүн 30 мамлекети бул уюмду террористтик уюм деп таанышууда.

Бразилияда кеме чөктү
Бразилиянын Солимос дарыясынан 150дөй жүргүнчүсү бар кеме чөгүп, он эки адамдын өмүрү кыйылып, кырктай адам дайынсыз жоголду.
Бразилиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматынын маалыматы боюнча кырсыктын башкы себеби, элүү адамга гана ылайыкталган кемеге көңүл ачуу кечесинен кайтып келе жатышкан 150гө жакын жаштар тыгылып алышкан. Натыйжада бул кеме Солимос дарыясынын так ортосунан оодарылып кеткен.
Жүз метр тереңдикте кырсыкка учураган кеменин куткаруу иштерине он беш куткаруучу-сүзгүчтөр тартылган.

80 миллиард долларлык резерв түзүлүүдө
Япония, Кытай жана Түштүк Корея мамлекеттери Чыгыш Азиядагы мамлекеттердин волюта курстарын тең салмакта кармоо үчүн бирдиктүү финансылык резерв түзүүнү көздөшүүдө.
Япониянын финансы министри Фукусиро Нукаганын айтымында 80 миллиард долларды түзгөн бул резервдин 80 пайызын Кытай, Түштүк Корея жана Япония чыгарса, калган 20 пайызын бул уюмга кирүүгө макулдук берген Түштүк-Чыгыш Азиялык 10 мамлекет төлөмөкчү.

Боливияда Референдум болуп өттү
Боливия мамлекетинин курамындагы Санта-Крус провинциясы өз алдынча автономиялык республика түзүү үчүн референдум өткөрдү.
Боливия президенти Эво Моралестин мындай бөлүнүүгө каршы экендигине карабастан өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында бул провинциянын 86 пайызы өз алдынча жашоого макулдугун беришкен. 2007-жылы кабыл алынган Боливиянын жаңы конституциясына ылайык жаратылыш газын экспорттоодон түшкөн пайданын жарымынан көбүн кедейирээк башка провинцияларга бөлүштүрүү чечимине, жаратылыш байлыктарына өтө бай Санта-Крус провинциянын калкы каршы экенедигин билдиришкен. Референдум учурунда мындай саясий чечимди колдогон жана каршы чыккан тараптардын ортосунда кагылышуулар болуп, натыйжада 25 адам ар кандай жаракаттарды алып, бир адам каза болгон.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"