№43, 07.05.08-ж.
  Күн тема

Эй көпөлөк, көпөлөк
Кайда учасың көкөлөп?..
Дүйнөнү дүрбөткөн СПИД оорусун наркомандар менен сойкулар жайылтаары баарыбызга белгилүү. ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны азыркы күндө Кыргызстан боюнча 500 адамга чамалап калды.

Билингени ушунча болсо, билинбегени канча? "20 кылымдын чумасы" атанган коркунучтуу оору менен күрөш жүргүзүүнү Батыш мамлекеттери башкы маселе катары карап, аны мамлекет тарабынан каржылоого алышкан. Биздин мамлекетибиз болсо СПИД менен күрөшкөндүн ордуна, өз оппоненттери менен күрөшкөнчө адистешүүдө. Анткени, аталган оору алардын ордун талашпайт, "кетсин" деп жармашпайт. Азыркы күндө наркомандар менен сойкуларга каршы күрөштү эл аралык уюмдардын каржылоосу менен биздеги өкмөттүк эмес уюмдар жүргүзүүдө. Мамлекетибиз анчалык маани бербегендиктен, бул ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө.
Элибиздин эртеңкисин ойлобогон бийлик бир топ жылдан кийин бул маселеге кайрылып, каражат таппай кайсалактап калаарын сезбейби? Байыртан бери келе жаткан сойкулук кесипти өздөштүргөндөрдүн санынын көбөйүшүнө көңүл бөлбөгөндөн кийин, андай кесип менен акча тапкандарга мыйзам кабыл алып бериш керек. Сойкулук кесипке бөгөт кое турган мыйзам кабыл ала албаса, анда ага жол бере турган мыйзам кабыл алып беришсин. Азыркы күндө денесин сатып оокат кылгандардын саны, алар менен күрөшкөн министрликтин кызматкерлеринин санынан дагы көптүк кылат. Борбор калаабыздагы "Цирк", "Правда", "Учкун", "Кулиева" жана "ГорГАИ" "байтал базарлары" кадимки "Ош", "Ортосай" базарларындай эле иштеп жатат. Солкулдаган сойку кыздар менен соодалашкандардын арасынан айылдыктарды эле эмес, авторитеттүү адамдарды деле көрсөң болот. Ушунча болгондон кийин, аларга сойкукана ачып бергенге эмнеге болбосун?
"Түнкү көпөлөктөрдөн" түшкөн пайда көп болгон үчүн укук коргоо кызматкерлери унчукпай отурат. Шаардык МАИнин жанынан, "базар" ачканга жол бергенине караганда, Октябрь райондук милиция башчысы дагы бекер олжодон кур жалак калгысы келбеген окшойт? Сойку кыздын бир сааттык кызматы 250 сом болсо, бир түнкү кызматы 1500 сомго чейин жетет. 1000 эркек бир түнгө бирден эле "көпөлөк" кармаганда, БИР ЖАРЫМ МИЛЛИОН сом болот экен. Бир жылда 540 000 000 сом сойкулардын кызматына кетип жатса, инвестиция издеп эмне кылабыз?
Ошондуктан, жарды өлкөбүз уялбай эле сойкулар жөнүндө мыйзамды кабыл алып, казынадан кайкып өтүп жаткан каражаттарды кайтарып калыш керек. "Ак жол" партиясы кандай мыйзам болсо деле кабыл ала берери көрүнүп эле калбадыбы?
Дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарына кирген Голландия бабалардан калган байыркы кесипти мыйзамдаштырып койгон. Азыркы күндө бул өлкөдө уруксат алган сойкулардын баарысы "сары билет" менен сайрандашып мамлекетин да, өздөрүн да багып жүрүшөт. Ал өлкөнүн сойкулары "сары билет" алуу үчүн коомчулук алдында милдеттенме алып, күн сайын венеролог дарыгерге көрүнүп турууга убада беришет экен. Голландия мындай мыйзамды кабыл алгандан кийин, өлкөдө СПИД менен ооругандардын саны кескин азайган. Батыштын, Чыгыштын бай өлкөлөрү байыркы кесипти мыйзамдаштырып жатса, кыйынчылыктан башы арылбаган Кыргыз мамлекети эмнени күтүп жатканы белгисиз? Таиланд өлкөсүндө сойкулардан түшкөн киреше менен мамлекеттик бюджеттин 20-30 пайызы жабылат экен.
Сойкулук боюнча мыйзам кабыл алуу, сойкуканаларды ачуу менен Кыргызстан эки утушка ээ болот. СПИД менен ооругандар азаят жана мамлекеттик казына кампаят. Мисалы, он миң кызга сойкулук ишмердүүлүк үчүн уруксат же "патент" берсек, алардын ар бири күнүнө жок дегенде 100 сом төккөндө эле, 1 000 000 сом болуп жатпайбы? Бул эмне киреше эмеспи? Азыркы күндө бул акчалар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Сойкулуктун жолу, сойкулардын сому менен оокат кылгандар бул мыйзамга каршы болуп жатканын жашырып эмне кылабыз? Сауналарды салганга, "байтал базарларды" ачканга уруксат бергенден кийин, иштегендер үчүн деле уруксат беришибиз керек. Негизинен, сауналарга самын суу менен чайканыш үчүн эмес, "көпөлөктөр" менен көңүл ачыш үчүн барышат. Сойкулук деген токчулугуңа да, жокчулугуңа да карабайт. Ошондуктан, тамырлашып кеткен бул кирешелүү тармакты өкмөт өз колуна алыш керек. "Бечелге жөтөлдүн кереги не?"- дегендей эле, кен байлыктарыбызды саткыча, дене байлыктарын сатып жатышкандардан пайда алышыбыз керек.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"




  Күн собол

Сойкулукту мыйзамдаштырууга кандай карайсыз?
Кыргызстанда коммерциялык сексти легалдаштырууну көтөрүп чыккан бейөкмөт уюмдарын кай бир депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү колдоого алышууда.
Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сойкулукту мыйзамдаштырууга тыюу салынган. Бирок, ага карабай жашыруун сойкулук токтогон эмес. Бүгүнкү күнү өлкөдө денесин сатуу менен күн көргөн кыздардын санын эч ким так айта албайт. Ошондуктан, "бул тармакты мыйзамдаштырып, мамлекет көзөмөлгө алып, андагы кыздар медициналык текшерүүдөн өтүп турушса СПИДдин жана ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу менен бирге, кирешелүү тармакка айланышы мүмкүн", - дешет легалдаштырууну колдогондор. Терс көз караштагы адамдардын саны да арбын. Андыктан, биз бул маселе боюнча ар кандай жаштагы адамдарга суроо таштадык.

Бакытбек Юнусов:
- "Казды туурап карганын буту сыныптыр", - дегендей Европа өлкөлөрүн туурабай эле койсок. Мыйзамдаштырган күндө деле башка маселелер табыла берет.
Кичине эле акчасы артыкбаш боло калса, ошол жакка чуркап, чегин билбей ашынып кеткендер да четинен чыгышы толук мүмкүн.
Минара Абдрасулова:
- Медициналык текшерүүдөн өтпөй, өз алдынча иштеп жүргөн сойкулардын кардарлары ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгып жатышат. Андыктан, бул ишти башка кесиптин ээлериндей эле мыйзамдаштырып койсо, убагында медициналык текшерүүдөн өтүп турушса, азыркыга караганда тартип жана тазалык сакталмак.
Бакыт Жунушов:
- Менин оюмча, биздин менталитетке туура келбейт. Бирок чек кое албагандан кийин, көрүп турган ишти жаап - жашырбай эле ачык-айкын мыйзамдаштырып койсо жакшы болмок.
Улукбек Сыдыгалиев:
- Коммерциялык сексти мыйзамдаштыруу саясий мүнөзгө ээ болгондуктан, мамлекет тарабынан эртерээк оң жолго салуу керек. Сойкулуктун айынан башка кылмыш иштери да өсүүдө. Мыйзамдаштырып койсо, башаламандыктан бир тартипке түшөөр беле?
Асел Макеева:
- Учурда жугуштуу оорулардын 80 пайызы көчөдө турган сойку кыздардан жугуп жатат. Ошондуктан, аларга атайын имарат куруп, көздөн далдаа жайгаштырып, мыйзамдын негизинде тартип менен тазалыкка талап койсо, эмне үчүн болбосун?
Элмир Арзыматов:
- Мыйзамдаштырбай эле койгону туура. Мамлекет тарабынан атайын сойкукана ачылса, кирешелүү тармакка айланат. Эртең иш таппай калган кыздар азгырылса эмне болот? Сойкулардын таламын бейөкмөт уюмдар колдоп жатышпайбы. Ал эми өкмөт сойкуларды коюп, кары-картаңдар менен жетимдерге тыңгылыктуу шарт түзүүнү ойлонушса оң болмок.

Суроо салган
Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"