№43, 07.05.08-ж.
  Кыргызтаануу

Кыргыз качан жана кайдан чыккан?
Редакциядан:
Кыргыздар өз тарыхыбызды билебизби? Күнү кечээ экс-мамкатчы О.Ибраимов кытай архивдеринен көтөрүп чыгып, кыргыз улутунун жаралыш тарыхын 2500 жыл экен деп, бир дуулдап барып басылдык эле.
Бүгүн дагы бир экс-мамкатчыбыз Д.Сарыгулов "Кемтилген китеп, кемиген кыргыз" аттуу китебин жазып, жарыкка чыгарды. Тарыхий-публицистикалык ыкма менен жазылган бул китептен автордун бүгүнкү бийликке, бүгүнкү заманга болгон инсандык ачык позициясынан тышкары кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүн 4миң жылдан (бүгүнкү тарыхыбызга 2008-жыл болгондугун эске алып койгула) ашуун мезгилге жеткирип, жеткиргенде да илимий булактардан алынган далилдер менен бекемдеп берүүсүнүн өзү эле китептин ат көтөргүс жүктү көтөрүп тургандыгынын ачык-айкын далили деп эсептесек болот.
Кыргыздын түпкү теги сактардан, арийлерден башталабы? Түрк атабыз Кыргыздын бир бутагы болуп калабы? Манас атабыз эпостук каарман эмей эле, чыныгы турмушта жашап өткөн адамбы? Биздин заманга чейинки миң жылдыкта азыркы Өзбекстандын аймагында Манас каналы болгонбу? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолорго жоопторду "Алиби" гезитинин сандан-санга жарыялануучу Д.Сарыгуловдун китебинен тапсаңыздар болот.

( Башы өткөн санда )
Адам мүнөзүн кыргыз токсонго бөлүп, токсон сөз менен айткан. Аларды бөлөк тилге котору мүмкүн эмес (кырс, кежир, мылжың, суу жүрөк, эзме, көк бет, шыпыр, жел өпкө, кара мүртөз, момун, дөдөй, аңкоо, желтаман, тапан, чыр, кебекбаш ж.б.). Эр мүнөзүн кыргыз 27ге бөлгөн (берен, көсөм, ат качырбас, баш койкоң, күпсор, жетик, жайдар, көйрөң, жалтаң, шүмшүк, айгак, сүткор ж.б). булар да которулбайт бөлөк тилге.
Европа элдери: "чөптүн да убалы бар", "кумурсканын сообуна каласың", "адамдын көңүлүн калтырба, шагын сындырба", "кесириң өз башыңа тиет", "кусуру урат", "каргыш тукум кууйт", "жаным жай албай турат", "арам жукпайт" ж.б. кыргыз сүйлөмдөрдүн маанисине түшүнбөйт.
Ошондой эле алардын "ыйык баланчанын күнү, ыйык түкүнчөнүн майрамы" дегенге кыргыз көңүл буруп, маани бербейт.
Ар бир эл узун тарыхында өзүнө гана таандык нарк-насилге, каада-салтка ээ болот. Алар ар бир элдин өзүнө буюрсун.
Бирок, бүгүн кыргызга мүнөздүү болгон өз тилин, наркын, салтын, рухун унутуп, баш-оту менен бөлөк элдердин жүрүм-турумун туурап, алардын "көчүрмөсү" болуп, өзүн сыйлабай, намысын жоготуу - жүрөк сыздаткан өкүнүчтүү көрүнүшкө айланды. Качан Батышты туш келди туурап, дамбалын башыбызга кийгенди токтотобуз?

* * *
Кыргыздын өзгөчөлүгүн байкап, баалап, ага илгери эле суктанган эл көп болгон. Далил катары төмөнкү үзүндүлөрдү келтирсем болот:
"Тоже должно сказать и о существенных основах права, семейного и общественного: вырабатываясь племенами еще в детском их возрасте, основы эти определяют все дальнейшее затем юридическое развитие племен… причем в пастушеских еще обществах возникают иногда, как видим у Киргизов, такое превосходное судоустройство и такие порядки следственного и судебного процесса, каким могут позавидовать многие издавна цивилизовавшиеся народы; чувство же законности охраняется и воспитывается в степях лучшей его гарантией, которой весьма недостает оседлым, именно свободой, т.е. возможностью избежать насилия ушедши от притеснителя. То же сознание свободности своей делает кочевника страстным к политической независимости, располагает его к активному участию в общественных делах, питает в нем чувство собственного достоинства, и вообще служит источником благородных качеств, в селянине утрачивающихся нередко под гнетом невозможности противостоять насилию.
Если прибавим к сказанному, что при том участии в хозяйстве, какое принимают у кочевников их жены и дочери, и при невозможности затворничества в степи, положение женщин у кочевых всюду и всегда было несравненно независимое и почетнее, чем у оседлых народов Азии…
Киргизки едва ли не превосходят всех других азиаток в умении валять кошмы и вышивать золотом…
Таким образом, даже и чистые кочевники представляются занимающими далеко не ту низкую ступень гражданственности и культурности, которую им обыкновенно отводят"1.
Окумуштуу муну XIX кылымда жазган!!
"Приобретение уважения между своими и теперь у Киргизов первый стимул их действий, а чувство стыда перед своими - могущественнейщий рычаг, останавливающий их страсти. Об этих чертах киргизского характера едва ли упоминается в каких либо- сочинениях о Киргизах; тем не менее черты эти хорошо известны всем, имевшим случай близко ознакомиться с этим народом"2.
"Таким образом, историки классической Древности сообщают о Саках лишь те или другие черты редкой чистоты и высоты душевной…"3.
"Прежде всего киргизский суд - народный суд, понимаемый в том смысле, 1) что решения его основываются на народных юридических обычаях и 2) что органы его - бий выбираются народом из своей среды.
В сознании народом звание бия принадлежит тем немногим, которые, отличаясь безукоризненною честностью, с природным умом соединяют глубокие познания в коренных обычаях народа. Бий есть живая летопись народа, юрист или законовед его.
Далее, киргизский суд - гласный, публичный и мировой. Гласность суда обусловливается его публичностью, а последняется основывается на стариннейшем обычае родовичей защищать интересы своего сородича. … Но самыми светлыми сторонами киргизского суда являются постоянное обращение его к совести тяжущихся лиц и дух примирения, господствующий почти в каждом решении его"1.
Бул 1882-жылы И.А.Козлов жазган: "Обычное право киргизов" деген макаладан алынган үзүндү. "Особенно похвальными нравами отличаются, по Эфору, некоторые из Скифов, питающихся кобыльим молоком, превосходящие справедливостью всех прочих смертных, причину чему видит он в том, что, будучи воздержаны в пище, и не заботясь о стяжании, относятся они друг к другу по правде и все имеют общее…"

* * *
Кыргызга мүнөздүү көп сапаттар - анын байыркы доордо калыптанган дүйнөтаанымына жана көчмөн турмушуна байланыштуу болгон.
Афанас, Андронов маданияттарын жараткан көчмөн уруулардын арасында байыркы кыргыз уруулары да болгону илимий ырасталууда (томпой, чүкө, чач учтук, кемер кур, бозо, "тогол" ж.б. белгилерди атасак болот).
Ал доордо адам толук табиятка көз каранды болуп, өзүн табияттын ажыратылгыс бөлүгү, курамы катары сезип, аны менен эриш-аркак жашаган.
Табиятты (чөптү, сууну, токой, тоолорду ж.б) кыргыз дайыма тирүү деп кабыл алган (демек, аны ыйык тутуп, таазим эткен). Жандуулардын баары тең деп түшүнгөн (ошол үчүн кумурска, канаттуунун баарынын сообу болот деп ишенген).
Улуу акын Жеңижок ХIХк. ырдап жатпайбы: "Он сегиз миң ааламды кең жараткан дүнүйө, адамдардын баарысын тең жараткан дүнүйө" деп.
Ошол доордо Күн, Жер,От, Суу, Тоо, булактар ыйык тутулуп, мазарларга айланган. Арбактар, Баба мүрзөлөр да ыйык болгон. "Атабыз - Нур, энебиз - Жер, каныбыз - суу, жаныбыз - аба" деп кыргызда эзелтен бери айтылып келатат.
Күн болбосо дүйнө жарык болобу? Жер жарылып көк, желин жарылып сүт чыгабы? Кыштын ызгаар суугу, жердин тоңу кетеби? Көк чыгып, мал төлдөп, үйгө береке киреби? Очоктун оту өчпөсүн деп, отту ыйык тутуп бүгүн да тилек кылып жатпайбызбы"! От баарынан таза, улуу, тирүүлүктүн белгиси деп келинди бүгүн да отко киргизүү, арча түтөтүп аластаганыбыз илгерки доордон бери келатат. IX кылымга чейин кыргыз сөөктү өрттөп келген (от баардык нерседен тазартып, жердикин жерге, көктөн бүткөндү көккө берет) деп ишенишкен.
Жаралуу, тукум улоо (чөп, мал, жан ж.б.) Умай-Энеге байланыштырылган (бул ишеним бүгүн да күчтүү). Жараткан баарына тең, баарына бирдей нур, аба, жан берет, адам, мал, чөп, дарак ж.б. ылгап бөлбөйт, теңдиги чексиз, ири деп түшүнүп, тергеп - Теңири деп тааныган.
Кут - Теңирден, ырыс - ыйманыңдан, насип-пейилиңден деп эсептеп, ишенишкен.
Теңирди эгерим адамга түспөлдөш деп тааныган эмес. Теңирдин касиети Күндөн кайрылып, Жерге тиет, ошол үчүн бир дагы көз Күндү карай албайт деп түшүнүшкөн. Жараткандын талабына дал келгендин баары - Адал, келбегендин баары (демек Адамга жукпаганы) - Арам деп эсептелген.
Миң жылдар бою мекендеп, жаралып, кайра жерден жай таап, арбак жаткан жерди ыйык тутуп, сыйынышкан. "Ата-журтуңдун топурагы - алтын, гүлү - күмүш" - деп илгери эле айтылган. Ар ким өзү туулуп, өскөн жерди бүгүн да ыйык тутат. Кыргыздардын баары туулуп, өскөн Кыргызстанды, Теңир-Тоону эмне үчүн анда ыйык тутпайбыз? Анткени, Мекен деген сезим өчкөн, Мекенибизди душмандан коргоп, канын төгүп, курман болгон баатыр бабаларыбыздын эрдиги эсибизден чыгып кеткен!
Кыргыздын улуу дөөлөтүн түбөлүк мурас кылып сактай албай анан бактылуу келечектен үмүт кылганга акыбыз барбы?? Ага чын эле татыктуубузбу??
Байыркы бабаларыбыз тиги дүйнөнү билген эмес. Арбактар да бул дүйнөдө жүрүп, урпактарын колдойт деп ишенишкен.
Теңирге эч бир ортомчусу (далдалчысы) жок кыргыз өзү эле түз кайрылып көнгөн, адамды пайгамбар деп эсептеген эмес (Манас бабабыз - пайгамбар эмес, ал Баатыр).
Дүйнөгө тараган белгилүү диндерден айырмаланып, Теңирчиликке күч менен киргизүү, аны таңуулоо, көлөмдүү ыйык китептерге таянып окутуу, үйрөтүү болгон эмес, болуусу да мүмкүн эмес эле. Коло доорунда кайдагы китеп?
1. Григорьев В.В. О скифском народе Саках, Алматы "Хант", 1998г. 44,45,46 беттер.
2. Материалы по казахскому обычному праву, Алматы, "Жалын баспасы", 1998ж. 300-301 беттери
3. Григорьев В.В.О скифском народе Саках, Алматы, Хант", 1998ж. 77 бет.

( Уландысы кийинки санда )