№43, 07.05.08-ж.
  Саясий куугунтук

Ак үй көзөмөлдөйт, көк үй төпөштөйт, Башкы прокуратура баш чайкайт
"Алиби" гезити 2008-жылдын 23-апрелдеги санына Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев менен Адилет министри М.Кайыповдун "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолоруна" берген жоопторун жарыялаган. Ошондо министр Марат мырза "Кыргызстанда саясий куугунтук жок" деп ишенимдүү шардана кылган эле. Көңүлдө көптөгөн күмөн ойлор турганы менен жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер, белгилүү юрист, өкмөттүн мүчөсү өзү айтып жаткан соң ишенбеске чара барбы, "оп-бали-и" деп отуруп калган элек.
Жакында колубузга ошол эле М.Кайыпов мырза жар салган Р.Жээнбеков жөнүндө бир документ тийди. Анда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Каржы полициясынын тергөө башкармасынын начальниги Т.Масыбаев кылмышкерлерди издөө боюнча "Интерпол" эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы улуттук борбордук бюросунун начальниги полковник К.Д.Назаровго 22.01.2008-жылы 21-07/213-сандуу кат жазып, оозу мурду кыйшайбай туруп "Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты менен Өкмөтүнүн көзөмөлүндө турат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде күнөөкөр Р.Б.Жээнбековдун турган жерин аныктап, кармоого көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм" - деп ачыктан-ачык эле суранып отурат.
Ушундан улам бир суроо туулбай койбойт: Конституция боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл Башкы прокуратурага жүктөлсө, качантан бери Президенттин администрациясы менен Өкмөт тергөө иштерине көзөмөл жүргүзүп калган?
"Көзөмөлдөн" пайдаланган Ак үй тергөө органдарына ишти өзү каалаган нукта жүргүзүүгө көрсөтмө бербестигине ким кепил боло алат?
Равшан Жээнбековдун үстүнөн жүргүзүлүп жаткан тергөө, соттук "оюндар" Ак үйдүн "заказы" менен максаттуу ишке ашырылып жаткан саясий куугунтук, саясий заказ экендиги, алар кандайча, кимдер аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу макалаларды гезитибиздин келерки санынан баштап бере баштайбыз.
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Күтүлбөгөн жүрүш

Феликс Кулов кайрадан кызматта
Дат баспаган "темир" Феликс кайрадан Ак үйдүн эшигин ачты. Өткөн жума этегинде тандемдеши К.Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, көңүлү толуп чыккан.
Жума башында Президенттин атайын жарлыгы менен Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү дирекциясынын башчылыгына дайындалган. Кечээ "Акипресс" маалымат агенттигинде журналисттер үчүн атайы маалымат жыйынын өткөрдү. Анын бул кызматка дайындалышы тууралуу айрым оппозиция өкүлдөрүнүн пикирлерин четке кагып, эч кандай жеке кызыкчылыктары жок экенин, энергетика системасына ири инвестицияларды тартуу менен гана иштеерин айтты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы иштеп жаткан Конституцияны, азыркы өкмөттү мактап да жиберди го, жарыктык киши. Эң кызыгы, анын айтымында, өзү уюштурган апрель митингдери максатына жетип, тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берүү талабы орундалып, А.Атамбаев өкмөт башчылыгына барыптыр. Ушундай сөздөрдөн кийин, апрель митингдери Азим Исабековду алып түшүү үчүн уюштурулганбы деген да ой кетет экен.


  Мүдүрүлгөн мүдүр

Алкымы чоңдор келатат
Таластагы "Манас Ордо" улуттук маданий комплексинин мурдагы мүдүрү Жеңишбек Чынаевге ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголду.
Эсиңиздерге сала кетсек, Ж. Чынаев мындан бир ай мурун улуттук тарых музейинин мүдүрү болуп дайындалган. Көрсө, Акаевдин убагында айкөл Манастын Таластагы ордосун жетектеген Жеңишбек мырза ордого суу түтүкчөсүн тарттыруу үчүн тендер жарыялабай туруп, жеке ишкер А. Домахин менен жең ичинен сүйлөшүп, өкмөттүн 732 миң 683 сомун өз чөнтөгүнө өткөрүп алган экен. Ордодон олжолуу болгон Жеңишбек мырза кийин Бакай-Атанын акими, Талас областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Касиеттүү жердин акчасын жеген адамды улуттук тарых музейине ким алып келди болду экен? Айтор, азыркы бийликке жалаң алкымы чоңдор керек болуп калса керек...




 "Дордой" - МЧС 1:0

Камчыбек камалабы?
Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин үстүнө кара булут айланды көрүнөт.
Өткөн айда өзгөчө министрликке караган, "өгөй" баланын кейпин кийген Өрткө каршы башкармалыктын "Дордой" базарындагы жерин убактылуу ижарага пайдаланып жүргөн соодагерлер министр К.Ташиевдин үстүнөн президентке арызданышкан. Арыздангандардын арманын Ак үй укпай койсо керек. Камчыбек мырзадан кагуу жеген "Дордойчулар", эми министрдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо үчүн сотко кайрылышыптыр. Сот иши жакын арада башталганы турат. Камчы мырза талашкан жерди Бишкек райондор аралык соту өткөн айда "дордойчулардын" пайдасына чечип берип койгон. Ошентип, "дордойчулар" Ташиевди 1:0 менен биринчи таймда утуп чыгышты. Азырынча Камчы мырза жалаң коргонуу аракетинде. Башында байкабай чабуулга өтүп алды эле, эми азабын тартууда.




  Кысым...

Кадырбеков коркунучтуу кылмышкерби?
Кадырбековду камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартканын аны коргоо комитетинен кабарлашты. Эске салсак, Ишенбай мырза учурда кардиология институтунда дарыланып жатканы менен анын колу кишенделип, жанында милиция кызматкерлери кайтарууда. Анчалык кайтаргыдай, эмне ал коом үчүн коркунучтуу кылмышкерби?




  Заказ...

Жумурткалар жылы
Түп районунда оппозиция лидерлерине 26-апрелде кол салуу болуп, жумурткаларды жамгырдай жаадырганын, аны бийлик өкүлдөрү ачыктан-ачык эле уюштурганын бүтүн Кыргызстан эмес, көптөгөн чет мамлекеттер да билип отурат.
Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал жумурткаларды эптеп өлбөстүн күнүн
кечирген түптүк "туугандар" кайдан алышты экен деп башыбыз маң болуп келген эле.
Көрсө, Ак үй облгубернаторлорго, К.Исаев болсо райакимдерге, алар "цепочка" менен айыл өкмөттөрүнө көрсөтмө беришип, аларың болсо ар бир айылдын кой-эчкилерин, уй-букаларын, бээ-айгырларын, атүгүл ит-мышыктарына чейин каттоого алышып, ар бирине бештен жумуртка тууп бересиң деп "жекече заказ" беришиптир.
26-апрелдеги "тобурчак" жумурткалардын жөнү ушундай экен.
Бул саамалыкка шыктанган Ак үй чукул арада болгон облгубернаторлорду, министрлерди чогултуп, оперативдүү жыйын өткөрүп, мурда жарыяланып калган Ч.Айтматов жылын алып салып, быйылкы 2008-жылды "жумуртка жылы" деп жарыялоо боюнча президент К.Бакиевдин указы даярдалып жаткандыгын Ак үйдөгү өз "кабарчыбыз" билдирди.
Сыйпалап кал!
Аба үчүн да салык төгөсүң
Уккан имиштерге караганда, республиканын салыкчылары салыктын жаңы түрлөрүн чыгарганы жатышыптыр.
Карап көрүшсө, салык алынбаган деле эч нерсе жок экен. Бирок, алардан жыйналган акча каражаттары жетишсиздик кылып, эл турмушу оңолбой жатпайбы. Капыстан чыккан өрттөрдөн, самолет, машинелерден, адамдардын кумурскадай жайнап көбөйүп баратышынан кислород азайгандан азаюуда. Ошондуктан дем алып жаткан аба үчүн да салык киргизүү туура дешет алар. Салыктын дагы бир жаңы түрү-тирүү жүргөнүң үчүн. Анткени тирүүлөрдүн көптүгүнөн улам эгин эгип, мөмө жемиш өстүрө турган жер гана эмес, бут коерго жер тардык кылып баратыптыр. Таппасаң сыйпалап кал, эй.

Ж. МАМБЕТОВ




  Амалкөй "приемдор"

"Газпром нефть Азияга" салам жолдойбуз!
"Газпром нефть Азиянын" кожоюну Б.Абилдаев жакында биздин гезитке чыккан "Газпром-талон-миллион" жана "Газ, каз, жаз" деген макалаларыбыз үчүн чоң "разборка" кылып, айрым кызматкерлерин жумуштан айдаганы жатыптыр. Биздин макалабыздагы орун алган "Газпром нефть Азиядагы" мыйзам бузуу фактылары анык болбосо, эчак эле төгүндөө беришмек. Бербегенине, келбегенине караганда, кетирилген кемчиликтерди жоюп жатышса керек? Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бири болгон "Газпром нефть Азия" боюнча журналисттик иликтөөлөрүбүз аягына чыгып калды. Болгону "ЧП Исаев" туураалуу Адилет министрлигине, салык төлөмдөрү боюнча мамлекеттик салык комитетине жөнөткөн каттарыбыздын жооптору кечиктирип жатат. "Газпром нефть Азиянын" акылдан адаштырган амалкөй "приемдорун" жакында жарыялайбыз.




  Караңгы жолдо..

Машкевич маскасын ачабы?
Жогорку Кеңештин депутаты
Анаш Сейитказиев энергетика маселесин талкуулаган жыйында, "түбү кыргызстандык, азыркы күндө Казакстанда иштеп, Израилде жашап жаткан атактуу миллиардер Александр Машкевич биздин энергетика тармагыбызды алуу үчүн акчасын 2007- жылы эле төлөп койгон"- деди эле. Кечээ гана энергетиканын ээрине отурган Ф.Кулов бул тармакты менчиктештирүү маселеси боюнча Александр Машкевич менен премьер-министр кезинде сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Ф.Куловдун жаңы орун басары В. Дилдин айтымына караганда, "Бишкектин ТЭЦин менчикке алыңыз" деп биз Машкеевичтен суранышыбыз керек экен. Анткени, мындай сунуштан Машкевич мурда баш тартыптыр. "Эгер мен ишкер болсом, Бишкек ТЭЦин алмак эмесмин, бул өтө оор долбоор. Муну мамлекетке жаны ачыган патриот адам гана алышы мүмкүн"- дейт экс-депутат В.Диль. Энергетиканы менчиктештирүү ХИПКтин жаңы формасы эмес болду бекен?