№44, 14.05.08-ж.
  Саясат базарында

Бийликке таарынган "периште" же Куловдун бейнесине сүртүмдөр
Мурдагы премьер-министр жана Элдик фронттун лидери Ф.Кулов өткөн жылдын апрель айында мамлекет башчысы К.Бакиевдин отставкасын талап кылуу менен кыска мөөнөттө бийлик оппозициядагы "фронтчулардын" колуна өтөөрүн баса белгилеген. Тилекке каршы, бийлик "солк" эткен жок, нааразылык билдиргендерди күч структурасынын жардамы менен кууп таратты.

Оппозиционер катары чыккан генерал оор жеңилүүгө дуушар болуп, аны колдогон карапайым адамдардын, жаштардын үстүнөн кылмыш иштери козголду. Оңолгус оор сокку алган Ф.Кулов "фронтчуларды" "тагдырдын тегирменинин" барасына таштап, миңдеген колдоочуларынан ажырады, алардын келечек-тагдырына кол шилтеп, бул кайдыгер мамилеси менен элдин өзүнө болгон ишенимине суу септи.
Ф.Кулов муну менен өзүнүн гана кадыр-баркын жоготпостон, оппозициядагылардын "далысына канжар урду". Элдин оппозиционерлерге болгон ишенимине доо кетирди. Фронтчуларды колдогон оппозициядагылардын айрымдары принципсиздиктерин көргөзүшүп, бийлик тарапка өтө качышты. Ушундан улам, 2007-жылдын апрель айындагы пикеттер өлкөдө элдин басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон оппозицияны жек көрсөтүү максатында уюштурулган акция катары түшүнүктү пайда кылды. Натыйжада, оппозициянын көрүнүктүү лидерлерине элдин көз карашы өзгөрүлүп, ишенбөөчүлүк тенденциясы күчөдү. Ошентип, Ф.Кулов кааласа, каалабаса да бийликтин өз позициясын бекемдеп алышына зор салымын кошту.
Айрым саясатчылардын пикиринде "мандемдүү тандем" толук кыйроого учураган. Эми Ф.Кулов бийлик мунарасындагылар менен тил табышып иштөөсү мүмкүн эмес эле. Анын жаңылыштыгы-2007-жылдын ноябрында оппозицияга кошулганда, президент К.Бакиев бийликтен өз ыктыяры менен аргасыз кетмек деп божомолдошот.
Мындай божомолдоо чындыкка коошпойт. Себеби, К.Бакиев менен Ф.Куловдун тандем аркылуу биригүүсү алардын негизги максаттары бийликке келүү болгон.
Алып көрөлүчү. 2005-жылдын 24-мартында сарай төңкөрүшү ишке ашырылып, өлкө башкаруусуз калды. Криминалдык күчтөр шаардагы соода түйүндөрүн өз каалаганындай талкалап, карактап-тоноолор башталды. Түрмөдөн чыгып келер менен генерал кыска мөөнөттө бекем тартип орнотууга жетишти. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу К.Бакиевге караганда, түрмөдөн чыгып келгенине карабастан Ф.Куловдун ташы өйдө кулай баштаган. Президенттик постко кандидаттардын ичинен анын рейтинги жогору болуп, аны түндүк-түштүк элинин басымдуу бөлүгү колдоого алып турган. Убактылуу премьер-министрге караганда өлкөдөгү кырдаалдар тууралуу Ф.Кулов телерадиодон үзгүлтүксүз билдирүү жасап, өлкөдө стабилдүүлүктүн орношуна салымын кошкон. Ошентип, ал эл ишенимине ээ болгон.
Ошого карабастан, бул көрүнүктүү эки саясатчынын көп жалпылыгы бар. Президент К.Бакиев да, мурдагы премьер-министр Ф.Кулов да кызматтын эң жогорку тепкичине экс-президент А.Акаевдин учурунда көтөрүлүшкөн. Биринчиси райондук акимден премьер-министр даражасына, экинчиси вице-президенттик постко чейин жетти.
Жогорудагы белгилүү маалыматтарга бекеринен кайрылган жокпуз. Бул сырткы окшоштуктар деп айтуучулар чыгышы мүмкүн, бирок, кеп удулу келгенде баса белгилеп көрөлү. Эки чоң саясатчынын оппозицияга кызматтарынан ажырагандан кийин өтүшү эмнени каңкуулайт?! "А.Акаевдин кадрлары кетсин!" - деген талаптар реалдуулугун жоготуп отурат, себеби "мандемдүү тандемчилер" башка чиновниктерге салыштырмалуу А.Акаевдин негизги кадрлары экендиги ачык эле көрүнүп турбайбы? Ошентип, өз алдынча ой жүгүртө билген адамдар бул саясатчыларды бийликке таарынган "периштелер" катары эсептешип, алардын кылган иштерине жана убадаларына шектүү карашарын тануу мүмкүн эмес.
"Тандем" түзүлгөндө, анын артында мандем бар экендиги белгилүү болгон. Айрымдар бул аргасыздыктан түзүлгөн, болбосо эл түндүк-түштүк болуп, экиге бөлүнмөк", - дешет. Алар өлкө кооптуу шартта жашаган учурда, тандемди эки тараптын акылмандуулугу катары карашат.
Март окуясында жалаң түштүк эли же түндүк эли көтөрүлгөн эмес. Өлкөнүн бардык тарабында А.Акаевдин режимине нааразылык күчөп турган. Одоно айтканда, бийлик башына А.Акаевдин ордуна шайтан келсе да үй-бүлөлүк башкаруудан тажаган эл макул болмок. Демек, "эки элдин кагылышуу коркунучу", - кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн, атайын уюштурулган шантаж экендигин айтып коюу зарыл. Ошентип, ар түрдүү ушактардын негизинде карапайым калктын үрөйү учканы анык. Президенттик шайлоодо эл К.Бакиевге эмес, "мандемдүү тандемге" добуш бергендигин элдин көбү азыр ачык айтышууда.
"Тандемчилер" элдин үмүтүн актаган жок, бул эки саясатчы союздаш катары бириге алышпады. Алардын ишмердүүлүгү бир нукка кошулбады. Алар тымызын тирешүүлөрүн канчалык жашырса да, элдин көз жаздымынан кеткен жок. Бирок, алардын бийлик үчүн күрөш формаларында кескин айырмачылыктар бар болуучу.
К.Бакиев - Компартиянын учурунда номенклатуралык кадрлардын бири болгон. Мансап үчүн күрөштө аярлык менен сактыкты терең өздөштүрүп, оор кырдаалда коргонуу, керек болсо чегине билип, тылын бекемдегенди терең өздөштүргөн. Өзүнө ыңгайлуу учурду күтүп, убактысы келгенде гана каршылашына күтүүсүз сокку урган. Ошону менен катар, бийлик үчүн кармашта кереги тиер шакирттерин жана жакындарын өз айланасына бириктирген. "Президенттин командасы жок" дегенибиз жөн эле элди алдоо, алаксытуу. Бийлик башчысынын ишенимдүү командасы болбосо, же ал адамдын көзүн кутумдар тазаламак, же эл толкуганда ошол эле өзүнүн жандоочуларынын кысымы менен кызматтан кетмек. Үчүнчү жол жок.
Ал эми Ф.Кулов болсо тандемге өзүнүн командасы жок кирди. Премьер-министр катары өз кызматын эл күткөндөй аткара албады. Рейтинги кескин түштү. Ушундан пайдаланып, президенттик постко ээ болгон К.Бакиев өз бийлигин чыңдап алгандан кийин "темир генералды" кармоонун зарылдыгы жоктугун эң сонун түшүндү.
Ф.Кулов менен бийлик эсептешпей калды. Ал эми оппозиция тарабындагылардын көбү ага ишеним көргөзүшкөн жок. Ошентип, "темир генералды" "дат" басты. Анын саясий аренада салмагы жоголду.
Бирок, бийликке элдин нааразылыгы күчөдү. Айрыкча, азык-түлүктөрдүн, эл көп керектөөчү товарлардын баасы кескин көтөрүлдү, Ата-Мекенибиздин бүтүндүүлүгүнө доо кетип, жер-суу чет өлкөлөргө өтө баштады. Ноябрь окуясында А.Атамбаевдин бийликке ооп кетиши, апрель окуясынан кийин Ф.Куловдун "чээнге кириши" менен элдин маанайы түштү. Айрым "оппозиционерлердин" иш-аракеттеринин өлкө үчүн эмес, өздөрүнүн саясий амбициясын көтөрүүгө багытталганын түшүндү. Алардын принципсиздигин көргөн соң эл эч нерсеге ишенбей калды. Бийлик өз максатына жетип, демократиялык багыттан диктатуралык режимге өтүшүнө шарт түзүлдү. Албетте, буга Ф.Кулов баш болгон айрым туруктуу көз караштары болбогон, оппозицияга жамынып, жеке интрига үчүн умтулгандардын кошкон салымы зор эле. Алар өлкөдө болуп жаткан кырдаалга кайдыгер гана мамиле жасабастан, бийликке жагынуу жолдоруна өттү. Алар эми элдин колдоосуна ээ боло албасын билип калышты.
Элдин колдоосунан ажырагандар эми бийликке көшөкөрлөнүп кызмат көргөзүүгө ашыгууда. Алардын ичинде биз мурда периште санаган "темир генерал" да бар. Ал оппозициядан кайрадан бийлик менен кызматташууга өттү. Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү Дирекциясынын башчылыгына президент К.Бакиев тарабынан бекитилип, Германиядан жеке инвесторлорду тартуу милдеттендирилди. Ф.Куловдун билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстанда 100гө жакын жаңы чакан жана орто, ал эми беш жылдын аралыгында ушундай 39 чакан ГЭСтер реконструкцияланат имиш.
Албетте, бул Кыргызстан үчүн пайдалуу болсо каршылык жок. Ошондой болсо да чакан жана орто энергетика өнүккөн учурда, электроэнергиянын баасын кимдер көзөмөлдөйт? Кимдер ээлик кылат? Жеке инвесторлор энергиянын баасын калктын жашоо деңгээлине карата коюшабы? Менчик ээлери курган бул чакан жана орто ГЭСтер жайгашкан жерлер Ысык-Көлдөгү пансионаттар сыяктуу алардын менчигине өтөбү? ГЭСтин кирешелеринин канча пайызына Кыргызстан ээлик кылат?
Бул суроолор чечилбеген табышмак. Кыргыз Өкмөтү ири кирешеге ээ болуучу кен байлыктарды, ишканаларды иштетүүнү чет элдик инвесторлорго берүүгө шашылат да, ошол эле учурларда, чийки сырьену полуфабрикатка айландыруучу бир ишкананы кошо инвестициялоо маселесин козгошпойт?
Азыркы күндө электроэнергияны менчиктештирүүгө көпчүлүк каршы болуп жаткан шартта Ф.Кулов түзгөн бул долбоор бийликтин максатын ишке ашыруунун генералдык репетициясы болуп жүрбөсүн? Бийлик жеке инвесторлорду тартуу менен чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүгө шарт түзүп, андан кийин "буга уруксат берилсе биз Токтогул каскадын эмне үчүн менчиктештире албайбыз?" - деп кимдир-бирөөлөр чыкпашына Ф.Кулов кепил боло алабы?
Акырында айтарыбыз, Ф.Куловдун эми жоготоор эч нерсеси жок. Бул долбоор ишке ашса бийлик менен мамилеси оңолот, эл арасында жоготкон кадыр-баркы аздыр-көптүр калыбына келе баштайт. А бирок, элибиз үчүн бул бекер тамактын артында кандай капкан турганы белгисиз калып отурат.


Эртабылды АТТОКУРОВ,
"Алиби".