№45, 21.05.08-ж.
  Оңдолбогон каттардан

Соттор "ООНго кайрыл" дейт, мен сизге кайрылдым
Кыргыз Республикасынын президенти
Курманбек Бакиевге
Урматтуу президент!
Мындан 3-4 жыл мурда экс-президент Аскар Акаев телевидениеге чыгып, "элдин 80% сотторго ишенбейт" деген эле. Жакында 5-телеканалдын "Сиз сотторго ишенесизби?"- деген суроосуна катышуучулардын 87% ишенбейбиз деп жооп беришкенин депутат Жураев "Азаттык" радиосу аркылуу 2008-жылдын 1-апрелинде айтып чыкты. Саясатчы Топчубек Тургуналиевдин элдин 95% сотко ишенбей калды дегенин да "Алиби" гезитинен окуп калдым. Жогорудагы айтылгандарга кошулбай коюуга мүмкүн эмес.
Мен бир иш менен Жалалабат шаардык сотунун судьясы Сулайман Атакуловго кайрылып "адилеттүү чечип бериңиз" десем, "мен өзүм билем" - дейт. "Эгер адилеттүү чечпесеңиз, мен президент Курманбек Бакиевге кайрылам" - десем, "мага демек ООНго кайрыл" - десе боло. Мен ушундан улам ойлонуп калдым, Сиз дайыма "соттор өздөрү билет", - дегениңизден улам айтса керек го деп, же сизди Германиядагы эмгек өргүүсүнөн келбей калат дедиби? (имиштер болуп жаткан). Ошондуктан бул судьядан баш тарттым, себеби күбөлөрдү сурабайт, "өзүң жоопкер адамды таап кел" - дейт. Таап келген күндө да сурабайт. "Менин туалетке барганга да убактым жок" - деп эшигин жаап кетип калат. Же "карга карганын көзүн чокубайт" деген ыраспы? Себеби, Санжар Султаналиев төрт - беш жыл мурун сотто секретарь болуп иштеген экен. (Бүгүнкү күндө бизнесмен болуп жүрөт).
Сизге түшүнүктүү болсун үчүн сотко эмне иш менен кайрылганым жөнүндө кыскача маалымат берейин:
Менин үстүмдө, 5-кабатта жашаган Санжар Султаналиев бир бөлмөлүү үйдү сатып алып, (башка жакта дагы үйү бар) 2007-жылы октябрь айында үйүн бир айдан ашык ремонт жасап, түнкү саат 1-2 ге чейин бизге тынчтык бербей, дрель менен дырылдатып, уйку берчү эмес. Ремонту бүткөндөн тартып үйүн эс алуучу жайга айлантып, 2-3 күндүн биринде көңүлдөштөрүн алып келип шаракташып, саат 2-3кө чейин ызы-чуу салып жүрдү.
Ушул жоруктары аз келгенсип кычыраган кышта, 29-январдан 30-январга караган түнү таңкы саат 5тер чамасында эшик катуу такылдаганынан ордумдан ыргып турсам бутум сууга урунуп чочуп кеттим. Коридорго чыксам паластар сууга калкып калыптыр. Үйдү жарым метрдей суу каптаган. Кухня, ванна, коридордо свет жок. Бутка кийээрге кургак бут кийим жок болгондуктан пакет таап эки бутума байлап, суу болгон өтүгүмдү кийип алып, суу болгон жерлерди тазалоого кириштим, суу башымдан тамчылап, кийимдерим заматта суу болуп, мага өтүп жатты.
Эртеси таң атканда подъезд ызы-чуу болуп кеткенинен эшикке чыга калам деп музга жыгылып түштүм. Анткени, 1 кабатка чейин суу каптап, тепкичтер муз болуп катып калыптыр. Сегиз квартираны суу баскан. Домкомду чакырып келип, акт түзүп, сегиз адам кол койдук. Андан кийин водоканалдан адам келип дагы акт түздү. Сууга бастырган Санжарга саат 7.00 дө кабар жеткен. Биз сууну токтоткондон кийин саат 11.00дө келип, "Менде күнөө жок, труба жарылып кетиптир" деп "Джип" машинесинен түшкөн бойдон көздөн кайым болду. Ошентип бир жума свет жок болуп, (биздин квартира бурчта (угловой), отопление кышында болбойт) катуу суукта 9 жашар кызым экөөбүз тең катуу оорудук, суук тийип калыптыр. Менин алдымда, 3-кабатта жашаган орус улутундагы пенсионерка Валя Денешко Султаналиев Санжарга кыжыры кайнап, Мэрияга арыз менен кайрылды. Ошол эле жумада комиссия түзүлүп, үйүбүздү көрүп кетишти. 5-6 күндөн кийин Мэриядан кат келип, сотко кайрылууга кеңеш беришиптир. Атайын адистерди чакырып, жарабай калган ДВП, обой, линолиумдун, үй буюмдарынан баасын чыгарттык. Кызымдын метрикасы, үйдүн техпаспорту чемоданда болгондуктан, суу кирип, документтер эзилип, жараксыз болуп калыптыр.
25000 сомдук чыгым кылып, Султаналиев 10 жолу болгон сотко 3 эле жолу келди. Соттон чыкканда мени маскаралап күлүп, сөгүп кетет. Биринчи соттон кийин эле кошунам Валия өз укугун коргоодон баш тартты. Судья Атакулов адилетсиз карагандыгынан чарчап, экинчи сотко келбестигин айтты. Мен дагы сот Атакуловдун адилетсиздигинен жадап, отказ кылдым. Бирок экинчи судьядан деле пайда таппадым. Эки ай темселеп, адвокатка 2000 сом, үйдү баалагандарга 1500 сом, жүздөгөн кагаздарды ксерокопиядан өткөрүп, оорукана, сот, үйгө каттаган жолкирем, соттон чыгып кайра ишке барып, ишимди кылып, (обл.больницада медсестра болуп иштеймин) үйгө саат 7де барып, 9 жашар кызым ачка, көчөдө жүргөн күндөрү болду. Өпкөмө суук тийгенде рентгенге түшкөн, андан кийин врачка кайрылып анализ төлөмдөрү жана дары-дармекке кеткен акчам 2000 (эки миң) сомдон ашып кетти. Акырында жетекчим "эки айдан бери сотуң бүтпөдү, бүтүрүп" кел деп акысыз отпускага (бессодержание) чыгарып, буйрук кылганынан акыркы күндөрү иштебей калдым.
Султаналиев Санжардын 25000 (жыйырма беш миң) сомду төлөп берерине деле көзүм жетпейт. Соттун бүгүнкү кылган иши болсо бул: кошунам Валя айткандай акчалуу "крышасы" бар "крутой" адамдын заманыбы? Санжар сотко же өзү келбейт же адвокаты Бектемиров Куралбек келбейт. Айлам кеткенде мобильный телефондон жалынып чакырам. Госпошлина төлөп кел дегенинен 2300 (эки миң үч жүз) сомго сөйкөмдү сатып, госпошлинага төлөп, отуруп калдым. Карыздарым туш-туштан доолап келип жатышат. Үйүмдүн акыбалы болсо зак (ным) жыттанып, бүргө басып кетти. Судья Атакуловдон отказ кылгандан кийин иш экинчи судья Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичке өттү.
2008-жылдын 7-апрелинде 1чи сот болуп жатканда домком түзгөн акты жана Мэриянын каты жоголуп кетиптир. Кайрадан башка акты түздүрүүгө туура келди. Аларды сот Атакулов атайын алып койгон.
Деги Кыргызстанда соттор качан адилет иштейт? Бир эле мен эмес, соттордон бүткүл эл эмне үчүн тажаганын бүгүн мен өз көзүм менен көрүп отурам!
Соттордо эч кандай тартип жок, чакырган саатына барсаң, башка сотко кирип кетишет. Акыйып чыкканча күтүп отурасың, чыккандан кийин Султаналиев Санжардын адвокатын күтүп, аны мобильный телефондон чакырып келгенде, соттун иш убактысы бүтүп, ишти карабай канча күн жүрдүм! Водоканалдан акт түзгөн адамдар келбей калса повестка менен чакырттырбай, өзүң чакырып кел деген күндөрү да көп болду. Дайым өзүм жалынып повестка жаздырчумун.
Урматтуу президент! Сиз "соттор өзү билет" - дебей, сотторду бир тартипке салып койсоңуз жакшы болот эле. "Соттор өзү билет", - дегениңизден улам, "судья Атакулов" ООНго кайрыл деп отурат. Мамлекет жетекчиси эмеспи деп сизге кайрылууну оң көрдүм.

Сизди терең урматтоо менен
Асылкыз Бегалиева,
Жалалабат шаары




  Эй калайык, калың журт...

Кыргызстан патриотторунун кыргыз элине кайрылуусу
Мектепте окуп жүргөндө жайкы каникулум Каркыра менен Казакстанда өтчү. Аксакалдар отуруп сүйлөшкөндө, биз да сөзүн угуп калчубуз. Алар жаш кезин көп эстешээр эле.

Алар Каркыра деген айылда жашап, Совет өкмөтү Казакстанды бөлгөн кезде Каркыраны таштап кеткенге айла жоктон барганбыз дешчү. Анткени, суунун аркы өйүзү Казакстан, берки өйүзү Кыргызстан болуп биздин Каркыра айылы Казакстанга кирип калган. "Биздин ал жерде бейиттерибиз бар" деп калышар эле. Анан дагы аталарымдын айтып калганын билем. 14-15 жаш кезибизде, 1932-жылдары, Казакстанда катуу ачарчылык болгон. Күндөрдүн биринде эртең менен ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүктөн ойгонуп кеттик, айылга казак туугандарыбыз ыйлап келишиптир. Чуркап барсак сай-сайларда кишилер өлүп жатат. Мындайды көрбөгөн жаныбыз аябай жаман болдук. Куран окуп, ошол эле жерге көмдүк. Айылга келсек дагы кишилердин өлүгү бар экен, аларды да көмдүк. Ачарчылык элибизге келбесин, калган казак туугандарыбызды багып алганбыз. Күйөөсү өлгөн келиндерге, бойго жеткен кыздарга абаларыбыз үйлөнүшкөн. "Кийин Казакстандан эл көп агып келишти" деп айтып калышчу аталарыбыз. Ысык-көлдө азыр миңдеген казак үй-бүлөлөрү жашайт. Кыз алышып, кыз беришип бир тууган болуп калдык. Казактар сүйлөгөндө да кыргыз тилинде сүйлөшөт. Түп районунун 2-3 айылында негизинен казак туугандар жашайт. Арасында орустар менен балкарлар бар. Кыргыздар өтө эле сейрек.
Мен Казакстанга көп барам, көбүнчө Кеген районуна (бүгүнкү күндө Райымбек району). Ал жактын карыялары кыргыздарды аябай жакшы көрүшөт. Тойлордо, эл чогулган жерлерде "Айналайын кыргызым, айналайын кыргыз элим" - деп жалынып-жалбаргандарын көп угам. Казактардын арасында мен өзүмдү кыргыз айылында жүргөндөй сезем. Тегим кыргыз болсо да, бала кезден казактын ырларын ырдап, казактын домбрасын чертем. Бүгүнкү күндө менин гана эмес, жумурай кыргыздын жүрөгүн оорутуп, кыргыз бийлигиин жасаган чыккынчылык иштери, депутаттарды колдонуп кыргыз менен казакты бири-бирине кайраштырганы- эки элдин биримдигине келтирилген жарака деп эсептейм.
Айтпасам болбос. 2006-жылы Алматыда криминалдык авторитеттер менен жолугуп калдым. Казакстанга Эрмегаев деген жигитти издеп барган элем. Ал жигит 1986-жылы орто мектепти бүтүрүп, 2006-жылы 20 жылдыгына карата, өзүн окуткан 17 мугалимге 17 жаңы автомашина белекке бериптир. Муну мага бир досум айтып берди. Эрмегаев анын классташы экен. Сураштырып отуруп Алматыдан бир жигиттен телефонун алдым, аны менен жолугуп, Чолпон-Атада жасай турган иштеримдин жөнүн айтсам, ал мени бирөөлөргө жолуктурган эле. Көрсө, алар "криминальный авторитеттер" экен.
Алар мага "сен түптүк экенсиң, Каркыранын жерин алып бергенге жардамдаш. Биз ал жерге чоң базар курабыз. Аким менен сүйлөш, губернаторго чык, анан сенин проектиңди чечебиз" дешкен эле.
Мен бул сөздөрдү тез эле тамаша го деп унутуп койгом. Бирок, бүгүнкү күндө Каркырада базар салынып жатат. Казак криминалдары жерди да чечип алышты. Кимдер аркылуу чечилгени балага да белгилүү болуп турбайбы.
Дагы бир кызыгы, 1998-жылы Акаев менен Назарбаев куда болуп, Акаев казактарга жээн да болуп чыгат. Бир жагынан кудалыкты, экинчи жагынан жээндикти колко кылган казак туугандарыбыз кыргыз жерине 8 чакырым уруксатсыз кирип келип, бажыкана вагонун орнотуп салышты. Себебин сурасак "силерге кеткен контрабанда жолун көрбөй калат экенбиз, ошон үчүн жайкысын коюп койдук" деп тайсалдашкан.
Ал кезде Түп айыл кеңешинин төрагасы Элебай деген казак улутундагы адам болор эле. Анын ортомчулугу менен Санташ айыл кеңеши көз жумду кылып, бажыканага уруксат берип койгон. Анткени, ал учурда жер маселесин жергиликтүү бийлик өзү каалагандай чечер эле.
Азыркы күндө "акжолчулардын" элдин башын айлантып, талаш жер экен дегени карамандай калп.
Мен өзүм мүчө болгон "Кыргызстан патриоттору" партиясы менен бирдикте "Союз убагындагы чек ара тилкелерин бөлүштүрүлгөн бойдон калтыргыла. Кыңыр иш кырк жылда билинет. Биз "Кыргызстан патриотторунун" мүчөлөрү бир топ кандаштарыбызды Казакстандан кулчулуктан бошотуп келип жүрчүбүз. Аны эч кимге айтпай эле, жарыя кылбай эле жасаганбыз. 2003-жылы 5 адамды, 2006-жылы 6 адамды куткарып келдик (бир келинди эмчектеги баласы менен). Кубанычбек Исабеков жана башкалар биз каражаттан кыйналып, бирок ошол элге жардам берип жүргөнүбүздү көргөн, бирок жардам беришкен эмес. Анан эле өздөрүн төшкө чаап патриот болуп жатышат.
Кыргызстандын патриотторубуз деп чыныгы жүрөгү менен элибизге, жерибизге күйгөндөр, турмушубузду оңойлу дегендер бизге кошулуңуздар. Биздин телефондор 0 555 435643,
0 772 493475