№45, 21.05.08-ж.
  Турмуш сыноосунда...

Ант!
  Жаш жоокерлердин ант берүү аземине катышуу максатында, атайы Кудайберген базарынын жанындагы аскер бөлүгүнө 17-май күнү барып кайттык. 
Полковник Ахмедов:
"Кыздардын басканы эле сонун..."
Бут кийимдерин кара май менен жылтырата майлаган офицерлер менен жоокерлер ант берүү аземин ачып берүү үчүн өздөрүнүн начальниги, Баткен согушунун катышуучусу, бир кездеги "спецназдын" жоокери, полковник Равшанбек Ахмедовду күтүп жатышты. Бир маалда сырткы дарбаза ачылып, аскер бөлүгүнүн командири машинеден түштү да, жаш жоокерлерге "Эркин болгула!"- деп кайрылды. Эгемендүүлүк алсак дагы, кыргыздын мамлекеттик кызматкерлери ар кайсы той-топурларда, майрам-кечелерде орус тилинде сүйлөгөнүнө зээнибиз кейип намыстансак, мындай кыргызча берилген буйруктарды угуп, ичиңден сүйүнөт экенсиң. Коргоо министри Исмаил Исаковдун кыргыз үчүн күйүп, кыргыз тилин сүйүп жүргүзгөн саясатына дал ушул жерден алкыш айтууга туура келет. Себеби, бүгүнкү күнү башка күч органдарынын баарында эле буйруктар "равняйсь, смирно"- деп орус тилинде берилип келгенин моюнга алуубуз абзел. Бул деген кыргыз деген улуттун тилинин жоголушуна алып келээри айтпасак да белгилүү.
Каз-катар тизилип турган аскердин алдына келген Равшанбек мырза, өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтуу менен мында келген жаш (духтар) жоокерлердин баары Талас облусунан келгенин билдирди. Полковниктин айтымында, аскер бөлүгүндөгү "деддер" да, жаш жоокерлер да Талас облусунун кулундары.
"Мага таарынышпасын, бирок акыркы учурларда аскерден качып кеткендердин көпчүлүк бөлүгүн таластык жигиттер түзүп жатышат. Биздин бөлүктө кызмат өтөшсө, бул жигиттер качышпайт го деп айта алам. Анткени, мында бардык күч структураларында мыйзам бузуп, 10 суткага чейин эркинен ажыратылган жоокерлерди өздөрү кайтарышат. Аскер бөлүгүндөгү жоокерлер бири-бирине күчүн көрсөтпөй, ага-ини жана бир үй-бүлөдөй болуп ынтымакта жүрүшсүн деп, атайы башка жактагыларды аралаштырган жокпуз. Мактангандай болбойлу, бирок бул аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин тамак-ашы да көңүлгө толорлук"- дейт полковник Ахмедов.
Ошентип, жаш жоокерлер биринин артынан экинчиси ант бере башташты.
"Кыргызстан элине жана Ата-Журтка ак ниетимден салтанатуу ант беремин!
Кыргыз мамлекетинин эркиндигин жана көз каранды эместигин коргоо үчүн бар күчүмдү, керек болсо өмүрүмдү да аябоого ант берем!"- деген кыргыз жигиттеринин арасында Таластан келген жалгыз орус жигит да чиновниктер сүйлөбөгөн кыргыз тилинде ант берди.
Майор Сейитбек Мамыткановдун айтымында, аскерде кызмат өтөгөн жигит гана турмуштун ар кандай сыноолоруна, тоскоолдуктарына туруштук берип, аны жеңе алат.
"Андыктан, Мекен үчүн чын-дилинен күйгөн кыргыз жигиттери жана Кыргыз Армиясы бар болсун!"- дейт Сейитбек мырза.


Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Күлүп койгула!

Кыргыз жоокерлери Афганистанда
Кыргыздын десанттары самолетте учуп баратышса, аларга офицер келип:
- Жигиттер баарыбыз Афганистанга согушканга баратабыз- дегенди уккан жоокерлер жаман болуп кетишет.
- Көңүлүңөрдү түшүрбөгүлө. Себеби, ар бир өлтүргөн адамыңардын башы үчүн 1000 доллардан премия беребиз- деп сооротот офицер.
Бир топ убакыт өткөн соң самолет жерге конот. Жоокерлер таза аба жутканы сыртка чыгып кетишет.
Офицер самолетто жалгыз калып, эмне кылууну билбей турса, жарым сааттай убакыттан соң кыргыз десанттарынын баары адамдардын баштарын көтөрүп келе жатат. Аларды көргөн офицер эсинен танып, жерге кулап, бираздан кийин кайра өзүнө келет.
- Эй жигиттер, биз деген май куюу үчүн Ташкентке конбодук беле. Силердин эмне кылганыңар?- деген экен.