№45, 21.05.08-ж.
  Эрегиштен эр өлөт...

ИИМ менен Финполиция неге тирешүүдө?
Кыргызстандын каржы полициясы менен ички иштер министрлигинин Кызматтык кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын ортосундагы тирешүүлөр күчөгөндөн-күчөп баратат.

Өткөн жуманын ишемби күнү "Дордой" базарынан каржы полиция кызматынын эки кызматкерин ИИМдин кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери опузалап пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине таянсак, кишенделген каржы полиция кызматкерлери акча алмаштыруу жайынын жумушчусунан салыгын азайтып берүү үчүн, 5 миң сом акча сурашкан. Ал эми жекшемби күнү. Арадан бир күн өтпөй, каржы полиция кызматынын Жалалабад облусттук бөлүмүнүн кызматкери М.Пайызбеков баасы 2 миллион сомдук 400 тонна помидорду узатып бара жаткан жеринен ИИМ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Тиешелүү документтери жок помидорлорду узатып бараткан каржы полициясынын кызматкеринин чөнтөгүнөн 500 АКШ доллары жана 7 миң сом акча чыккан. Каржы полиция кызматкерлери ИИМдин мындай аракетине кечиктирбей жооп беришти окшойт. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы А.Осмонбеков менен Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы У.Садалиевге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери салык инпсекторунан 1000 АКШ доллар өлчөмүндө пара сурашыптыр.
Көрдүңүздөрбү? Эки күндүн ичинде эки кызматтын кызматкерлери башка тармактын өкүлдөрүн эмес, бири-бирин колго түшүрүп жатышат. Каржы полициясына экономикалык иштерди көзөмөлдөө жагы өткөрүлгөн күндөн баштап, ИИМдин кызматтык кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгы менен тирешүүлөр башталган. Анткени, буга чейин экономикалык иштердин баарысын ИИМдин атайын кызматы тейлеп келишкен. Коррупция менен күрөш жүргүзө турган кызматтардын өзүндө коррупциянын бети минтип ачылып жатса, башка тармактарды айтып, баш катырбай эле койсок болот.




  Чөнтөк парламентте

Генерал менен полковник
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары Чолпон Баекова менен "Ак жол" фракциясынын депутаты Алишер Сабировдун ортосундагы кайым айтышууларды көргөн адам, азыркы парламенттин атын атагандан айбык чудай.
Эмнеге жини келгени белгисиз, айтор, Чолпон айым Алишер мырзага "колуңду чөнтөгүңдөн чыгарбасаң сөз бербейм" деп буркулдады эле ачуусу келген депутат А.Сабиров "рахмат эскертүүңүзгө, мүмкүн бизди катар менен да бастырат чыгарсыз"- деп өзүнчө бултуңдады. "Керек болсо басасыңар деген" апчесинин жообуна, "кыйнай албайсыңар" деп, опурулуп барып отуруп калды. Мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарды көрбөгөн генерал айым, чөнтөккө кол салган полковникти көрүп калганын кантелик...

  Чокусу бийик Таластан...

Алтынды көргөн Абыкеев Касиеттүү Манастын Каркырасын казактарга карматканыбыз аздык кылдыбы?
Эми, анын Таластагы Кароол чокусун грузиндерге карматканы жатабыз. Өткөн жумада мамлекеттик архивдин башчысы Чолпонбек Абыкеев Таласка барып, Кароол чокуну кайрадан каздырганга уруксат сураптыр. Эсиңиздерге сала кетсек, былтыркы жылдын ушул мезгилинде да касиеттүү Кароол чокуну дал ушул Чолпонбек мырза грузиндерге каздырып баштаган. Биздин гезит бул боюнча жазгандан кийин чоң чатак чыгып, акыры Абыкеевдин "археологдору" артка чегинишкен. Көксөөсү суубаган "көзкамандарды" Таластын карыялары кайрадан кайтарып жиберишиптир. Манастын ыйык жерин казабыз дегендерди Таластын кулундары ташбараңга алабыз деп жатышат. Кудай өзүң сактай көр!

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Ажобуздун афоризми

Тентибей тезек тергиле, менчикке кезек бергиле
Бишкек ТЭЦ, "Бишкектеплосеть" жана "Северэлектро" бир пакет менен менчиктештирилмей болгонун мамлекеттик мүлк комитетинин стратегиялык обьектерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги Абдрашит Муканбаев билдирди.
"Бишкектин ТЭЦин жалгыз тендерге койсок эч ким албайт, "Бишкектеплосетти" андан ажырата албайбыз, ошондуктан аларды "Северэлектрого" кошуп жатабыз, анткени "Северэлектрого" кызыккандар көп" дейт, Абдрашит мырза. Бүгүнкү күндө аларды сатып алууга РАО "ЕС России", Евразия өнөржай ассоцияциясы жана Американын "АС" компаниясы кызыгып жатыптыр. Сатыкка чыгарылган стратегиялык багыттагы үч гиганттын баасы эки жумадан кийин аныкталып, үч айдан кийин тендерге коюлат экен. Эгерде бул долбоор жакшы ишке ашса, андан кийин "Ошэлектро", "Джалалабадэлектро" жана "Чыгышэлектро" менчиктештирилет.
Мурунку бийлик жердин астындагы кен байлыктарыбызды сатса, азыркы бийлик жер үстүндөгү кен байлыктарды сата баштады. "Баарын сатып бүткөн соң, колтугуңдагы жүнүңдү сат"- деп кайран Сакем бекеринен ырдабаган окшойт.




  Жаңы регламент

Көйнөгүн айтпай, көйгөйүн айтчы элиңдин…
Мыйзам чыгаруу бийлигин "тартипке" салган Адахан, эми аткаруу бийлик өкүлдөрүнө өттү.
Өткөн жумада парламентке келген өнөр жай жана соода министринин орун басарын Мадумаров ооз ачырбай айдап чыкты. "Сиз каякка келдиңиз?", "эмнеге даярданбай келдиңиз?", "барыңыз дагы жарым саатта өзүңүздү оңдоп келиңиз" деп, галстугу жок келген өкмөт өкүлүн жолго салды. Анысы аздык кылгансып, "көрдүңүздөрбү урматтуу кесиптештер, силер өзүңөргө кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат" деп "эл өкүлдөрүнө" да асылып алды. Мындан кийин кесиптештерин да, парламентке келген өкмөт адамдарын да тиешелүү формада келүүсүн талап кылды. Азыркы спикер депутат кезинде жинсы, көйнөк кийип отурганын көргөндөргө эмне дейбиз? Мындан көрө парламенттин регламентине өзгөртүү киргизип алса болмок.




 "Каттани" катуу киришти

Миллиондоп жеген жетекчилер ээрден шыпырылды
Жакында Нарын облусунун губернатору, генерал Өмүрбек Субаналиев электр тармагын "май талкан" тармагына айландырган жетекчилердин былык иштерин ачып, аларды кызматынан шыпырды.
Көрсө, "Чыгышэлектро" акционердик коомунун жетекчилиги электр энергиясына болгон карызын эл төлөбөй жатат деген шылтоо менен кол алдындагы кызматкерлердин айлык акыларын 8 айдан бери толук бербей келген экен.
Облусттук администрациянын коллегиясында айтылган мындай сындардан улам губернатор атайы комиссия түзөт. Алар элдин карызын өндүрүү үчүн 59 миң абонентти текшерген учурда, мамлекет бюджетине карыз делген бир канча иш-кана, уюмдун болбогонун таап чыгат. Эң кызыгы, облусттук энергетиканын жетекчилиги эчендеген миллиондорду эчак эле бул жарык дүйнө менен кош айтышкан 127 адамдын мойнуна илип салган экен.
Мындай "өзүм билемдикти өзөртөм" деген Ө. Субаналиев "Чыгышэлектронун" жетекчисине кайрылып, Ат-Башы РЭСинин начальниги Рысбек Наркеевди, Кочкор РЭСинин жетекчиси Эрнис Шабданалиевди жана "Чыгышэлектронун" начальнигинин орун басары Мирбек Жумагуловду ээрден шыпырып түштү. Кезек кимдики?

Даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"