№47, 04.06.08-ж.
  Акыйкаттан адашсаң, Алибиге кайрыл!

"Адвокат-профи" түшүндүрөт
Адвокат менен кантип келишим түзөбүз?
- Адвокат керек болуп калган учурда кантип тапса болот? Кайсы бир маселе боюнча кандайча кызматташа алабыз? Адвокат жалдап алуу үчүн келишимге кандай шарттарды киргизе алам?
Токсобаев Кубанычбек,
Токтогул району
- Азыркы мезгилде биздин республикабызда "Адвокат-профи", "Юр-эксима" сыяктуу юридикалык фирмалар көп .Сиз газеталардан "Юридикалык кызматтар" деген рубриканы карап тапсаңыз да болот же болбосо көчөлөрдөгү илинген жарнамаларды карасаңыз юристтер иштеген жерлердин даректерин биле аласыз.
Эгерде ишин мыкты билген юрист болсо, кандай гана юридикалык маселелер болбосун, кеңешин берип, сизге тийиштүү деңгээлде жардам бере алат.
Ал эми кантип адвокат жалдаш керек? Бул дагы орчундуу маселелердин бири. Себеби, кээ бир учурда сиз ишенип ишин тапшырган адвокат өз ишине кайдыгер мамиле жасап коюшу мүмкүн, же тажырыйбасы, билими аз болуп сизге тиешелүү жардам бере албай калышы да мүмкүн. Ал эмес адвокатмын деп алдап капчыгыңызды кагып, таптырбай кеткен "жуликтер" да жок эмес. Ошондуктан адвокат менен кызматташаар алдында ишенимдүү адвокаттарды издеш керек.
Андан тышкары жакшы адвокат болсо эле менин маселемди, менин кызыкчылыгыма чечип берет деген ойдон алыс болуңуз. Жакшы адвокат мыйзамдын чегинде иш жүргүзөт, сиздин укугуңузду бар гана мыйзамдын чегинде коргойт. Албетте, сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн иш алып барат, сиздин ишиңиз мыйзамдуу болгон учурда. Акыры барып сиздин ишиңиз мыйзамда каралган юридикалык нормаларга ылайык чечилишине аракет кылат.
Ал эми сиз кызыккан адвокат менен түзгөн келишимде эки тарап келишип макулдашкан суроолор гана кириши керек. Акырында айтарыбыз "Адвокат- профи" фирмасы ишенимдүү юридикалык жардамдарды бере алат.
Дареги: Бишкек шаары,
Токтогул көчөсү 167,
Тел: 21-66-28

МАИ кызматкерлеринин үстүнөн кимге арызданам?
- Менин машинамдан "гаишниктер" номерин чечип салышты, себеби алардын ою боюнча техникалык бузуктар бар имиш. "Гаишниктердин" бул иш-аракеттери мыйзам чегине жатабы? "Номерлерди чечип алсын"- деген мыйзам барбы? Мен алардын үстүнөн кай жакка арыздана алам?
Расул Текинаев,

Токмок шаары.
- Административдик жоопкерчилик кодексинин 223 беренесинде, айдоочулардын унаа каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган. Жол жүрүү эрежелеринде унаа каражаттарын колдонууга тыюу салынган бузулгандыктар жана шарттар тизмеси бар.
МАИ кызматкерлери административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүп жатканда, сиздин машинаңызды айдоого болбой турган кандай бузуктар бар экенин аныкташ керек. Андан тышкары ич ара инструкциялардын негизинде МАИ кызматкерлери кээ бир мыйзам бузуулар үчүн номерлерин чечүүгө укугу бар. Эгерде сиз укугуңузду бузулуп калды деп эсептесеңиз жана номерлериңиз негизсиз чечилип калды деп ойлосоңуз, ошол МАИ кызматкеринин иш-аракетине арыз менен анын начальнигине, же сотко кайрылсаңыз болот.

Уулум мени менен кала алабы?
- Ортобузда отубуз күйүшпөй келинчегим экөөбүз ажырашканы турабыз. Сегиз жашар баламды өтө жакшы көрөм. Ажырашкан соң жалгыз уулубуз мени менен калуунун кандай жолдору бар?
О.Миңбаев,
Аламүдүн району.
Сиздин маселеңиздин чечилиши кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 70.71 беренеси менен чектелет. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 70 беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык ата-энеси бөлөк жашаган балдардын жашай турган жери, ата-энесинин өз ара макулдугу менен белгиленет. Мындайча айтканда, эгерде уулуңуздун апасы аны сиз менен чогуу жашаарына макул болсо, сиз аялыңыз менен келишим түзүшүңүз керек . Анда уулуңардын жашоо шарттарынан башка дагы, аны чогуу материалдык жактан камсыздандыруу шарттарын аныктай аласыздар.
Эгерде баланын апасы буга макулдугун бербей жатса. Анда бул маселе сот аркылуу сиздин талап боюнча, багуу жана кам көрүү органынын катышуусу менен чечилет.Чечим чыгарып жатканда, сот биринчи кезекте баланын кызыкчылыктарын, анын жаш өзгөчөлүгүн, ойлоорун ар-бир ата-энеге болгон жакындыгын эске алат. Ошондой эле ата-энесинин жашоо шарттарын жана материалдык абалын, уулуна эң жакшы жашоо шарттарын камсыз кылып бере алчу мүмкүнчүлүгүн да байкайт. Багуу жана кам көрүү органынын көз карашына да көп көңүл бурулат. Андан тышкары сиздин эсиңизге салып кете турган жагдай, уулуңуз сиз менен жашап калса да, анын энеси менен жолугушуп туруусуна, энесинин аны тарбиялоо жана камсыздандыруусуна тоскоол болбошуңуз керек. Бул шартты кокус аткарбай койсоңуз, энеси арызданса сот улууңузду энесине берип салышы мүмкүн.

Келишимди кантип түзөбүз?
Аманкул Бегалиев,
Кочкор району
Айрым өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жарандар жана уюмдар келишимдерди түзө алышат.
Жарандар алар жашы жеткен (18 жаш) шартта кандай гана болбосун өз алдынча келишимдерди түзө алышат. Бул учурда алар эч кимдин макулдугун сурабастан, өз алдынча келишимдерди түзө алышат, жана алар боюнча өз алдынча жоопкерчилик тартышат.
Жашы жетелектер менен болсо иш башкача. Эгер бала 14 жашка чыгалек болсо, анда анын атынан баардык келишимдерди ата - энелери түзүшөт жана алар боюнча ошолор жоопкерчилик тартышат. Балдар ата - энелердин макулдугусуз өз алдыларында келишим түзө алган бүтүмдөрдүн анча чоң эмес чөйрөсү бар:
1) майда барат турмуш тиричиликтик бүтүмдөр (нан, балмуздак, сагыз, момпосуй жана башка ушул сыяктуу товарларды сатып алуу) баасы бирдей оюнчуктарды алмаштыруу (маркалар, открыткалар, фантиктер, кладыштар жана башка), оюндарга жана мелдештерге катышу ("эмнеге мелдешебиз?!);
2) акысыз пайдаларды алууга эсептелген, нотариалдык жактан ырастоо же кандай гана болбосун мамлекеттик жол-жолболоону талап кылбыгын бүтүмдөр (оюнчуктарды акысыз алуу жана берип туру" ("ойноого бере турчу!", "берчи, бир тээп берейин!), оюнчуктарды акысыз кайтарып туру) ("кайтара турчу!");
3) мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан же акыркысынын макулдугу менен үчүнчү жактарга белгилүү максаттар же эркин пайдалануу үчүн берилген каражаттарды урунуу боюнча бүтүмдөр.
Эгер бала 14 жаштан ашса, бирок 18ге чыга элек болсо, анын укуктары кеңирээк болот. Бул курактагы балдар ар бир бүтүмгө ата - энелеринин жазуу жүзүндөгү макулдуктарын алуулары тийиш. Мында анын үстүнө андай макулдук: бүтүм түзүлгөнгө чейин алынганынын, же андан кийин алынганынын анча мааниси болбойт. Бул шарт андай балдардын ата - энелеринин кошумча жоопкерчилик тартуусу үчүн маанилүү. Мисалы, эгер 15 жашаар окуучу Миша Абай досунун велосипединин тээп жүрүп аны сындырып алса, Миша келтирилгензыян үчүн өз колунда болгон жеке каражаттарынын чектеринде өз алдынча жооп берет. Эгер андай каражаттар жетпей калса, анда Мишанын ата - энеси Абайга сындырылгандан келген зыянды велосипедди оңдоого кеткен нарктын өлчөмүндө ордун толтуруп берүүлөрү керек.
Ошентсе да, 14 жаштан 18 жашка чейинки жарандар үчүн алар ата -энелеринин макулдугусуз эле өз алдынча түзүүгө укугу бар бүтүмдөрдүн бүтүндөй бир категориясы бар. Аларга өздөрүнүн иштеп тапкандарын жана стипендияларын, автордук укуктарын ишке ашырууну кредиттик мекемелерге аманаттарды сактоо жана аларды каалагандай пайдалануу, ошондой эле 14 жашка чейинки балдар түзө алуучу баардык бүтүмдөр кирет.
Келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө адамдын ал-абалы таасир этүүсү мүмкүн. Алып айтсак, эгер жаран спирттик ичимдиктерди көп ичсе жана Банги заттарын көп пайдаланса жана ошонун өзү менен өзүнүн үйбүлөөсүн оор материалдык акыбалда калтырса, сот анын аракет жөндөмдүүлүгүн четтеп коюусу мүмкүн.
Андай адамдардын үстүнөн камкорчулук белгиленет. Мындай учурларда чектөө үчүн соттун чечими гана негиз болоорун белгилеп коюу маанилүү.




"Адвокат - профи"+ ар кандай кеңештер:
Биздин редакциябызга гезит окурмандары ар кандай кеңештерди сурап кайрылып жатышат. Сиздердин сурооңуздарды канааттандырып, жаңы рубриканы ачып жатабыз. Сиздерден дагы суроолорду күтөбүз.

Денсоолугумду чыңдагым келет
Урматтуу "Алиби" гезитинин редакциясы! Сиздердин гезит аркылуу ден соолукту чыңдоочу Кыргыз курортология институту жөнүндө кененирээк маалымат алгым келет. Анын шарттары, дарылана турган баасы жөнүндө айтып берсеңиздер?

Жолдошбек Садыбакасов,
Атбашы району
Урматтуу Жолдошбек мырза!

Сиздин сурооңузду канааттандыруу максатында биз Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим - изилдөө институтунун неврология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Казаковага кайрылдык.

А.Казакова:
- Кыргыз курортология жана ден соолукту калыбына келтирип дарылоо илим - изилдөө институту Аламүдүн районунун Ташдөбө айылында жайгашкан.
Институтта кардиология, урология, неврология, гинекология, пульмонология, балдар бөлүмү, ийнерефлексотерапия, артрология, терапия, гастроэнтералогия сыяктуу он төрт клиникалык бөлүм жана Бишкек шаарында медициналык - реабилитациялык борбору бар.
Институтта төмөндөгүдөй дарылоо процедуралары өтөт: электр менен дарылоо (ультратонтерапия, магнитотерапия, электростимуляция ж.б.), ультраүндүү терапия, жарык менен дарылоо (жарык ваннасы, соллюкс ж.б.), баткак менен дарылоо, ингаляция, суу, парафин менен дарылоо, лазеротерапия, гидромассаж, лазеротерапия, массаж, механотерапия, кургак аппарат менен тарттыруу, мануалдуу терапия, суу алдында тарттыруу, психотерапия, ийнерефлексотерапия, стоунтерапия, терренкур, фитотерапия, таза абада физикалык көнүгүү.
Институтта өткөрүлө турган диагностикалык процедуралар: электрокардиография, ички органдарды ультра үн менен изилдөө, тышкы дем алуу функцияларын изилдөө, кан менен заараны биохимиялык жактан клеткалык курамын аныктоо, ичеги - карынды жана заара чыгаруу органдарын эндоскопиялык изилдөө жана рентгенологиялык изилдөө.
Биздин институтка согуштун ардагерлерине жана башка бир топ контингенттерге тиешелүү жеңилдиктер каралган. Ал эми путевкалардын баасы 10 күнгө 2871 сом, 15 күнгө 4159 сом, 20 күнгө 5150 сом, андан тышкары жогорулатылган комфорттогу палаталар бар: II категория70 сом, I категория 80 сом, дарым люкс 200 сом, люкс 400 сомдон 800 сомго чейин.
Биздин институтка дарылануу үчүн гана эмес, денсоолугун калыбына келтирип, чыңдоо максатында да келишет. Өз денсоолуктарыңызды чыңдагыңыздар келсе биздин институтка келиңиздер.
Биздин дарек: Аламүдүн району,
Ташдөбө (Воронцовка) айылы.
Ош базарынан №295, 265 маршруттар
каттайт.

Урматтуу окурмандар!
Эгерде Сиздер юристтерден кеңеш алгыңыздар келсе, же укук коргоо органдары тарабынан адилетсиздикке дуушар болсоңуздар биз менен байланышып, акыйкаттыкты коомчулук алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. "Алиби" гезити жана "Адвокат профи" фирмасы сиздер менен кызматташууга даяр.
Биздин дарек: Токтогул көчөсү 167
Тел. 62-44-35. gazetaalibi@mail.ru

Даярдаган Азизбек Келдибеков,
"Алиби"