№48, 11.06.08-ж.
  Акыйкаттан адашсаң, Алибиге кайрыл!

"Адвокат-профи" түшүндүрөт
Жай келди. Ушул мезгил негизинен традициялуу ар жылдык өргүүлөрдүн маалы болгондуктан, көпчүлүктү кызыктырган акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөргө байланыштуу суроолор болууда. Эмесе, назар салыңыздар!
Өргүү учурунда ооруп калсам, не болот?
Эгерде ар жылдык өргүү учурунда ооруп, төшөккө жатып калсам кандай болот? Ошол жатып калган күндөрүм үчүн ар жылдык өргүү учурунда пайдалана албай калган күндөрүмө компенсация каралабы?
Жаңыл Чоңмурунова
Атбашы району
Эгерде кызматкер ар жылдык өргүүнүн учурунда ооруп калса, ар жылдык өргүү токтотулат да, пайдаланбаган эс алуу күндөрү
эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийинки күндөргө узартылат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 129 беренесинде мындай деп айтылат:
"Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү, төмөнкүдөй учурларда узартылышы мүмкүн:
- Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болсо.
Эгерде ушул берененин биринчи бөлүгүндө айтылган себептер өргүү башталганга чейин келип чыкса, өргүү кызматкердин каалоосу боюнча кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда макулдашуу менен аныкталуучу ошол жылдын башка мезгилине которулат".
Ушул эле учурда эч кандай документтер толтурулбайт. Бир гана эмгекке жарамсыздык баракчасын гана иштеген жердин жетекчилигине же кадрлар бөлүмүнө көрсөтүүгө тийишсиз.Ооруган убагыңыз убактылуу жумушка жарамсыздык боюнча Жобонун негизинде төлөнүп берилет.

Компенсация ала аламбы?
Ар жылдык өргүүмдү акчалай компенсация менен алмаштырсам болобу?
Кубан Жунушов
Арча-Бешик жаңы конушу.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 131 беренесинин негизинде өргүүнүн 14 календардык күнүнөн ашкан бөлүгү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырылышы мүмкүн.
Бул жерде 18 жашка чейинки кызматкерлер менен зыяндуу жана коркунучтуу жумушта иштеген кызматкерлерге ар жылдык өргүүсүн өз убагында берүү талап кылынат.

Бөлүккө бөлүп алса болобу?
Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бөлүккө бөлүп алса болобу?
Турганбек Казиев
Кочкор району
Албетте, КРнын Эмгек кодексинин 130 беренеси боюнча өргүүнү бөлүктөргө бөлүп алууга жол берилет. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн.Мында бир бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болбоого тийиш.
Бул жерде айта турган нерсе кызматкерди өргүүдөн өзүнүн макулдугу менен гана чакыртып алуу керек.Ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган өргүүнүн бөлүг кызматкердин каалоосу боюнча ыңгайлуу мезгилде берилүүгө тийиш.

Өргүүдөн чакырып алса болобу?
Мекеменин жетекчилиги жумуштун көптүгүнө байланыштуу кызматкерди эс алуу өргүүдөн чакырып алса, кийин пайдаланылбай калган күндөрдү кандайча эс алса болот?
Сагынбек Арыков
Токмок шаары.
Сагынбек мырза! Өндүрүштө зарылчылыгы туулуп калса кызматкердин макулдугу менен гана ар жылдык өргүүдөн мекеменин жетекчилиги чакырып алышы мүмкүн.
Муну мекеменин жетекчилигинин буйругу менен бекемдеп, пайдалана албай калган өргүүнүн күндөрү кийинки эмгек өргүүсүнө кошулуп берилет.

Айкалыштырып иштеген учурда
Эгерде кызматкер негизги иши менен айкалыштыра кошумча иш иштесе, кийинки иштеген жеринен акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү кандай берилет?
Динара Асыралиева
Бишкек шаары
Айкалыштырып иштеген убакта КРнын Эмгек кодексинин 134 беренесинин негизинде негизги иштеген жеринен өргүү алган учурда айкалыштырып иштеген жеринен да өргүү берилүүгө тийиш.

Сезондуу иштегендерге
Сезондуу убактылуу мүнөздө иштеген жарандар өргүүнү ала алышабы?
Таалай Шоңкоев
Аламүдүн району
Сезондуу же убактылуу иштеген кызматкерлер жалпыга ылайык эмгек өргүүсүн алууга укуктуу, бирок пропорционалдуу иштеген ишине карата. Мисалы, кызматкер бир сезондо беш ай иштеди дейли. Бир ай иштегени календардык 2.3 өргүүнүн күнүнө туура келет. Беш ай өргүү төмөнкүнү түзөт 52.3- 11,5 же 12 күн ( 0,5 бирге тегеректелет). Кызматкерге өргүү күнү берилет же акчалай компенсация берилиши мүмкүн.

Өргүүнү кантип эсептейбиз?
Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү күнүн кантип эсептейбиз? Кайсы кызматкерлерге кошумча өргүү күнү берилет?
Жыргал Бектуров
Тоң району.
Акы төлөнүүчү ар жылдык жана кошумча өргүүлөрдүн узактыгы календардык күн менен белгиленет. Өргүүнүн учуруна туш келген иш эмес майрам күндөрү өргүүдөгү календардык күндөрдүн эсебине киргизилбейт жана аларга акы төлөнбөйт.Бул КРнын Эмгек кодексинин 123 беренесинде каралган.Минималдуу өргүү 28 календардык күн.
Кээ бир категориядагы кызматкерлерге КРнын Өкмөтүнүн 11-майдагы №343 Токтомунун негизинде кошумча өргүүлөр белгиленген. Алсак илимий кызматкерлерге кошумча 7, илимдин кандидаттарына 14, докторлорго 28 календардык күн берилет. Он жылга чейин иш стажы бар артист, көркөм өнөр жагында иштегендерге 7, он жылдан өйдөкүлөргө 145 кошумча өргүү каралган.
Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондон кийин тараптардын макулдугу боюнча өргүү берилет. Акыркы үч айдагы орточо эмгек акыны 29.6га ( орточо айдагы иш күндөрү) бөлүп, канча өргүү күнү туура келерин билебиз. Анан өргүүдөгү календардык күндү ошол санга көбөйтүп өргүүнүн акысынын суммасын алабыз.




 "Адвокат - профи"+ ар кандай кеңештер:

Урматтуу "Алиби" гезитинин редакциясы.Ипотека тууралуу кыскача маалымат берип коесуздарбы? Ипотека кредитин кантип алсак болот?
Таалайбек Дүйшеев
Кемин району
Биздин редакция бул суроого жооп берүү үчүн "Кыргызстан" Акционердик-Коммерциялык банкынын кызматкери Гүлай Жумашевага кайрылдык.

Гүлай Жумашева:
Ипотека деген эмне?
Ипотека - бул кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, узак мөөнөткө ссуда алуу. Акыркы жылдары негизинен ипотека турак-жайларды сатып алууда колдонулат. Ипотеканын негизги артыкчылыгы, ипотекалык кредит алаары менен жаңы квартирада катталып жашоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ипотека -кредит берген тарапка кепилдикке мүлктү күрөөгө коюу. Ипотекалык кредит берүүнүн артыкчылыгы күрөөгө бардык кыймылсыз мүлктөр коюлса болот.Алсак жер, суу участоктору, токой, турак-жай ж.б. Ипотекалык кредит башка көптөгөн өлкөлөрдө көп жылдардан бери колдонулуп келе жатат.Ал эми биздин Кыргызстанда ипотекалык кредиттин киргенине аз эле убакыт болгондуктан, жаңыдан калыптанып келе жатат.
Ошентсе да кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп ипотекалык кредит алуу көпчүлүк үчүн турак-жай, дача алууга жана бизнесин өнүктүрүү үчүн кыймылсыз мүлк алууга жакшы шарттарды түзүп берүүдө.
Ипотекалык кредит алуунун артыкчылыктары төмөнкүлөр:
1.Узак мөөнөттө кайтарылып берилет.
2.Кыска убакыттын ичинде эле кыймылсыз мүлктүн менчик ээси болуп калат.
3.Кыймылсыз мүлктүн күн өткөн сайын баасы өсүп жаткандыктан, ипотека кредити аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу пайдалуу.
Биздин өлкөбүздө ипотека тейлөөнүн жаңы түрү болгону менен, али көпчүлүк катмарга сиңип кете элек.
Ипотекалык кредит алуу менен кыска мөөнөттүн ичинде эле турак-жайдын ээси катары жаңы квартирага катталып,үйбүлөнүн бардык мүчөлөрү менен жашай берсе болот. Албетте, бул үй сатып алуу үчүн акча жыйнаганга караганда ыңгайлуу,себеби инфляциянын айынан турак-жайга болгон баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле квартираны же турак-жайды ижарага алганга караганда, ижарага төлөй турган акча-каражатын ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнө төлөө пайдалуу.Себеби, ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнөн кутулган соң, ал биротоло менчик болуп калат.

Кандай шарт менен ипотека кредитин алууга болот?
Ипотека кредит алуу максатында банкка арыз менен кайрылып , бардык тиешелүү документтерди топтоп өткөзүш керек.Банк тарабынан сунуш кылынган турак-жайды,өзүңүз ала турган кредиттин суммасына карай тандайсыз.Албетте, банкка документтерди өткөзгөнгө чейин эле, рынокко сунуш кылынган турак-жайлардын же кыймылсыз мүлктүн баалары менен алдын-ала таанышып, сиз кызыккан кандай жана канча баадагы квартира керек экенин алдын-ала билип койгонуңуз оң.
Алгач квартираны комиссия баалайт. Квартираны баалоого 2-3 күн кетет.Сиз квартираны тандап алган соң. банк тарабынан колдоого ээ болуп, комиссия баалагандан кийин кредит боюнча келишим түзүлөт.Банк кредит боюнча келишимди жана кыймылсыз мүлк боюнча келишимди даярдайт.
Нотариус кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин даярдайт.Сатуу-сатып алуу келишимине кол коюлуп мамлекеттик органдар тарабынан регистрациядан өткөн соң квартира сиздин менчигиңизге өтөт. Сатуу-сатып алуу келишимине квартира кредиттик каражатка сатып алынгандыгы белгиленип, андан соң банктын күрөөгө укуктуу экендиги да регистрациядан өткөзүлөт.
Кредиттин төлөмүн ар бир айдын келишимде белгилеген убагында төлөп туруу керек.Канча өлчөмдө экендиги жана кайсы убакта төлөнө тургандыгы кредиттик келишим түзгөн учурда атайын графикте белгиленет. Биринчи иретте өтүп кеткен айдын үстөгү төлөнөт да, андан соң негизги карыздар төлөнөт.
Азыркы мезгилде ипотекалык кредит менен көптөгөн банктар иштейт.Ошого жараша алардын кредит берүү шарттары ар кандай.Алардын кредит берүү мөөнөтү үч жылдан он жылга чейин.Бул коммерциялык банктардан тышкары мамлекет да жаңы салынган курулуштарды, бюджеттик мекемелерде иштегендерге гана, төмөндөтүлгөн үстөгү менен ипотекалык кредитке берет.Кредит берүү мөөнөтү он жыл.
Турак-жайлуу болгусу келгенгдер "жети өлчөп, бир кесип", акыл калчап, юристтерден кеңеш алып, ипотекалык кредит аркылуу алуусуна мүмкүнчүлүктөр бар.Талап кылган документтерди чогултуп банктарга кайрылсаңыздар болот.

Бетти даярдаган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"