presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

№48, 11.06.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

Кимдин "крышасы" күчтүү?
(Жанытма)
Бишкектеби же башка шаардабы, айтор мектептин эки тестиер окуучусу класстын "атамандыгын" талашып жакалаша кетет. Ары жулкушат, бери жулкушат бири-бирине алы жетпей калган соң, кеминдик бала айтат:
- Эй билесиңби, менин "крышам" мектептин рэкеттеринин "атаманы".
Карашса эле чын эле булчуңу буржуйган, каратэ менен машыккан 11- класстын окуучусу келатат.
- Лекин, онарекиңди он минутада жок кылам. Менин "крышам" мектептин директору- дейт сузактык бала соткасын сороңдотуп.
Карашса эле мектептин эшиги ачылып, директору чыгып келатат. Аны көргөн рэкеттердин "атаманы" көздөн кайым болот.
- Капырай, менин байкем Акаевдин убагынан бери эле аким болуп жүрөт- дейт кеминдик бала телефонун тетири бурап.
Карашса эле "Волга" токтоп ичинен аким түшүп келе жатат. Директор кирерге тешик таппай, эшигинен сыртка качат.
- Өлаа, аким элеби? Менин акам губернатор- дейт сузактык бала.
Карашса эле "Тойота" минип торсоюп губернатор келатат. Аким шуу коюп качып жөнөйт.
- Омей,менин кошунам премьер -министр экендигин билбейсиңби?- дейт кеминдик бала.
Карашса эле "Мерседес" минип премьер-министр келатат. Губернатор көздөн кайым болот.
- Мен эми сени раса кууратпасам, менин бир таанышым ОПГнын авторитети,- дейт сузактык бала соткасына чалып.
Карашса эле ОПГнын он чакты машинасы жайнап кетип, премьер-министр Ак үйгө кире качат.
- Опей, ботом, ОПГны опоң-чычаң ойнотпосом. Мен эми күч органында министр "крышама" телефон чалайын-дейт айласы кеткен кеминдик бала.
Карашса эле ОМОН, куралданган милициялар менен министр келатат. "Ач кулактан тынч кулак" деп ОПГлар жайдан жылып жок болушат.
- Хаммасын алып келип, жүда жинге тийдиң, мен эми катта "крышама" "звонить" этем- дейт сузактык бала кыжырланып.
Карашса эле кортеж менен президент келатат. Жүрөгү түшкөн министр ОМОН-сомондору менен жашырынып калышат.
- Эми эмне айла кылам? Ии баса, журналист байкемди чакырайын- деп кеминдик бала ойлонуп калат.
Карашса эле жөө жалаңдап журналист байкеси чуркап келатат.Президент аны тоготпойт. Боктоп-сактап атат, бирок президент кебелип да койбойт. Мусор-сусорду чогултуп келип үстүнөн ылдый жаба куйду, президент камырабайт. Уу,кислота,мурч,калемпир аралаштырып чачып жиберет. Президент дале былкылдабайт.
- Йей тобоо, чын эле сенин "крышаң" күчтүү экен!-дейт экен жеңилгенин мойнуна алган кеминдик бала.




"Шоколад" жана шапалак саясаты
(Политика пряника и политика кнута)
"Шоколад" жегендердин пирамидасы:
К.Бакиевдин үй-бүлөсү
К.Бакиевдин ага-туугандары
К.Бакиевдин жакындары, достору ж.б
Өкмөт мүчөлөрү,мамлекеттик үлкөн чиновниктер.
Губернаторлор,ошолорго тете чиновниктер.
Акимдер,бийликке таянып бизнестин "битин
сыккандар", айыл өкмөттөрү ж.б майда барат чиновниктер.




Шапалак жегендердин пирамидасы:
Ө.Текебаев
Оппозициянын башка лидерлери.
Оппозициялык маанайдагы гезиттер: "Алиби", "Кыргыз Руху", "Де-Факто" ж.б
Оппозициялык маанайдагы кызматкерлер, адамдар.
Жалпы калайык-калк.




"Босстук" азилдер

Жаныш Бакиевке
Акаевдин заманында "ыргалган"
Куру калып бийлик деген жыргалдан.
Эми болсо калат өңү көрүнүп
Койчу сымал кой кайтарган кырлардан.

Штурмалап Акүй менен Бишкекти
Март айында алды көздөй иш кетти.
Акасына мыкты эмгек кылды деп
Генералдын лейтенантын тиштетти.

Акасына бийлик бер деп таарынды,
СНБга барып анан малынды.
Душман издеп сырттан эмес, ич жактан
Матрешка-гейтке барып чалынды.

Азыр болсо ышкырыгы таш жарган
Калбай эч бир тойлор жана аштардан.
Көмүскөгө жатып алып чалкалап
Кыңк эткизбей жан сакчыны башкарган.

Турусбек Мамашевке
(Туризм агентчилигинин жетекчиси)

Жарнама кылып келет деп
Жараткан өзү берет деп.
Жалынып жүрүп тапканды
Салбайбы бийлик керектеп.

Санжыра ачсак өйдөдөн
Саны жок азыр көбөйгөн.
Санта-клаус дегендер
Сузакта эле төрөлгөн.

Турасыз кээде "жол оңдоп"
Туристтер келсин миллиондоп.
Турмушуң кыстап жатканда
Туалет жагын ким оңдойт?

Кыдыкбек Исаевке
(Ысыккөл облусунун губернатору)

Көкөтөй ашы өткөн жер
"Көкөңдөр" көздөй көчкөн жер.
Жулунуп аны коргойм деп
Жумуртка жешет сөккөндөр.

Каркыра кетти калдактап
Бир ууч эл издеп алдап таап.
Жумуртка берип колуна
Жүрөсүз анда далдактап.

Санташтын жери сайда го
Тукуму тооктун майда го.
Төө кушту эле баксаңыз
Жумурткасы пайда го.

Ишенгүл Болжуровага
(Илим жана билим министри)

Мектепти агайлардан алып берип
Мектепти эжейлерге салып бердик.
Эжейсиз иштер өтпөй мектепте эч
Эркектер иштеп калды барып келип.

Этектүү көйнөк кийген ак жоолкчан
Эжейлер мектептерге толуп алган.
Эркектер алар менен жүрө берип
Этексиз аял атка конуп алган.

Этексиз аял атка конуп алып
Эркектер аялдардай болуп алып.
Билинбей эжей сымаал жүрө берет
Кез-кезде жүз граммдан согуп алып.

Он бир жыл эжейлерден билим алган
Окшошуп эркектерче кийип алган.
Окуну кыз мүнөздү балдар бүтөт
Орусча сөгүнгөндү билип алган.
Ар дайым эжейлерди үйө берип
Агай аз мектептерде жүрөк кейийт.
Агайлар аял болуп кетишпесин
Ар дайым алар менен жүрө берип

Асылбек Салиев
(Жаныш Бакиевдин уулу)

"Мерседести" зуулдатып айдаган
Уруп кетсе жатып калды кайда адам?
Үч ай бою көңүлү жок окубай
Күтүп жүрдү түшчү миллион пайдадан.

Алда кудай, далай түндө ойгонуп,
Уйку качып, көз ирмебей толгонуп.
"Алибини" салып берип сотторго
Миллион келди мына эми жол болуп.

Гезиттерге жазган макал себептир
Миртемирге берер мүмкүн белектир
Окуусуна төлөгөнгө Казанда
Миллион деле Асылбекке керектир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"




Саясий классика
Айтибай Тагаев- "У лукоморья "ДУБ" "зеленый""
Ишенбай Кадырбеков- "Сижу за решеткой, в
темнице сырой"
Адахан Мадумаров- "Один, в поле не воин"
Алмаз Атамбаев- "А зори здесь тихие"
Жаныш Бакиев- "Вся семья пирует за столом"
Медет Садыркулов- "Кухня ведьмы"
Феликс Кулов- "Белеет парус одинокий"
"Алиби"- "Она сражалась за Родину!"





а ­е¦Є.НҐй«