№48, 11.06.08-ж.
  Эрегиштен эр өлөт...

ИИМге Өзбекстандын СНБсы неге өчөшүүдө?
Аз күн мурда Өзбекстандын укук коргоо органдары Наманган облусунда Кыргызстандын эки милиционери кармалганын билдиришти.

Өзбектердин айтымында, Алабука РИИБсинин кызматкерлери Кубанычбек Абдукадыров менен Саипжан Мусаев мас абалында алардын аймагында машине айдап бара жаткан жеринен кармалган.
Ал эми аты аталган эки кызматкердин көрсөтмөсүнө ылайык, алар оперативдик иштерди жүргүзүү үчүн Алабука РИИБсинен Жалалабад шаарына Наманган облусундагы транзиттик жол аркылуу жөнөшкөн.
Бирок, кыргыз чегарасына аз калганда, түшүнүксүз себептер менен аларды Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап, "машиненин арткы терезелерин карайтып алыптырсыңар, спирт ичимдигин ичиптирсиңер жана жол эрежесин буздуңар"- деген шылтоо менен 6-июнда камакка алышкан.
"Бул деген Кыргызстандын жарандарына колдонула турган "дежурный статья". Себеби, чын эле ошентип кармалса, анда айып акча төлөттүрүп эле, кайра кое берип жиберишмек. Бирок, алар ар кандай шылтоону айтып, ушул күнгө чейин аларды кое беришпей жатат"- деп билдирет Кыргызстандын Ички иштер министрлиги.
"Биздин милиция кызматкерлерин кармоо менен Өзбекстандын СНБсы бизге жооп кайтарууда. Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Өзбекстандын 2 чегарачысы мамлекеттик чегараны көзгө илбей, автоматтары менен Кыргызстандын Ноокен районундагы Достук айылына келишип, биздин эки жараныбызды коркутуп-үркүтүп Өзбекстандын аймагына сүйрөп, алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, жергиликтүү калк эч кимди уруп ойнобой, мамлекеттик чегараны бузуп кирген Өзбекстандын чегарачыларын курчап, автоматтарын 50 огу менен тартып алып, өздөрүн Өзбекстандын аймагына кууп жиберишкен. Алынган автоматтар Ноокен РИИБсине тапшырылган"- дейт ИИМ. Кыргызстандын чегарачылары аларды карабай, эмнени карап жүрүшөт?
Ошол ишти тергөө Наманган облусттук Улуттук коопсуздук кызматына берилген. Кыргызстандын укук коргоо органдары Наманган облусттук администрациянын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышса, алар ачык эле чегарачылар маселеси оңунан чечилмейинче, Кыргызстандын милиционерлерин кое беришпей турганын ультиматумдук түрдө билдиришкен. Алар 2-майда Кыргызстанга кирип барган өзбек чегарачыларынын тартылып алынган автоматтарын кайрып бергенде гана, тиги экөөнү кое беришерин айтышкан.
Аталган факт боюнча, Жалалабат облусттук милиционерлердин начальниги генерал Кемелбек Кыязовдун буйругу менен кызматтык иликтөө башталганы дайын болду. Окуяны жеринен иликтөө үчүн Намангандын Чартак РИИБсине жөнөтүлгөн Жалалабат облусттук ИИБсинин начальнигинин орун басары Жамалиддин Юнусов менен Алабука РИИБсинин начальнигин орун басары Раимбек Сулаймановду Наманган облусттук СНБсынын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын аймагына киргизпей коюшкан.
Ошол эле кезде Наманган облусундагы Касансай РИИБсинин 20 чакты кызматкерлери ишине баруу үчүн, күнүгө Кыргызстандын мамлекеттик чегарасындагы Алабука районун эч кандай тоскоолдуксуз кесип өтүп жатышканын Жалалабат облусттук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине Алабуканын эки милиционеринин кармалышынан улам, дипломатиялык нотасын (расмий кайрылуу) жибергени маалым болду.
Эгер коңшу Өзбекстандын бийлиги Кыргызстан менен чектешкен аймактарга мыйзамды сактаган, билими бар, адамдар менен маданиятуу сүйлөшүүнү билген чегарачыларды, укук коргоо органдарын койбосо, абал жакшы жагына өзгөрбөйт. Кудай сактасын, бирок кокусунан эки элдин ортосунда от чыгып, жалын тутанып кетсе, аны өчүрүү кыйын болуп калаарын өзбек бийлиги эсине тутуп алганы оң! Эгер отко суу аралашып кетсе, анда абал абдан татаалданып кетүүсү толук мүмкүн.
Бүгүн автомат менен киргендер, эртең танкасын айдап кирбейт деп ким кепилдик бере алат? Андыктан, Чегара кызматын эле эмес, Коргоо министрлигин да Ош тарапка көчүрүп, капыстан кирип келе турган жогорудагыдай баскынчылардан түштүктөгү элибизди коргоп калбасак болбойт. Себеби, бул көрүнүшкө укук коргоо органдары аралашып калганы үчүн гана коомдук резонанска айланып, өлкө жетекчилигинин көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми өзбек чегарачылары эле эмес, алардын милиционерлери, Улуттук коопсуздук кызматынынын кызматкерлери мамлекетибиздин чегарабызга каалаган маалда киришип, кордой турганын кордоп, ура турганын уруп, керек болсо, түнү бою калып, чартаңбай тээп, көңүлдөрүн көтөрүп кетип жаткандары канча? Аларды өз жерибизде тайраңдаткан укук коргооо органдарыбызга баракелде! Түштүк жергебиздеги алдуу-күчтүү эркектердин көпчүлүгү чет өлкөлөргө жакшы жашоо издеп, үй-бүлөсүн багууга акча табуу үчүн кеткен учурда аларды мамлекетибиз коргобогондо ким коргойт?
"Жаман үйдү коногу бийлейт"- болбойлу, туугандар! Азыртадан ойлонуп, чегарабызды бекемдеп, кескин чараларды көрбөсөк, "Кыргызстан наш общий дом"- деп кай бири айтса, "Ош и Жалалабад наш узбекский дом"- деп башкалары айтып жүрбөсүн.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Ар-намыс да кымбаттады

Салиев биринчи, Усубалиев экинчи...
Гезитибизге доо койгон Салиев Асылбек Жаныбекович бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң ар-намыстуу адам болду.
Анткени, Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева анын ар-намысын 2000 000 миллион сомдон ашырып жиберди. Буга чейинки рекорддук сумма Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Т.Усубалиевке таандык болчу. Анын "Асаба" гезитине берген доо арызы боюнча кадыр-баркы, ар-намысы 1.5 миллион сомго бааланган. Мурдагы өкмөт башчыбыз Н.Танаев "Моя столица" гезитин сотко берип, өзүнүн ар-намысы 500 миң сом турарын далилдеген. Ал эми, экс-мамлекеттик катчы Д.Сарыгулов менен экс-президенттик администрация башчысы А.Карыпкулов "Республика" гезитин сотко беришип, 200 000 миң сомдук ар-намыстарын коргоп калышкан. Булардын баарысы Акаевдин заманында болгон. Бакиевдин заманында азык-түлүккө болгон баалар гана көтөрүлбөстөн, ар-намыска болгон баалар дагы байкабай көтөрүлүп кетиптир. Жөнөкөй студенттин ар-намысы 25 жыл падыша болгон адамдан ашып кетсе, анда аябагандай эле өсүп жаткан экенбиз. Бай жашаш үчүн баш катырбай эле, сотторго арыз берсек болчудай?




  Саясий бартер

Орустар америкалыктарды чыксын деди
Аз күн мурда Мамдуманын депутаты, запастагы полковник Семен Богдасаров Орусия бийлигине кызыктуу сунуш билдирди.
Анын айтымында, Орусия "силердин мигранттарыңарга жакшы мамиле кылуубузду кааласаңар, анда америкалык авиабазаны Кыргызстандан чыгаргыла!"- деген талапты коюусу керек экен.
Эми ушундай талаптарды койгон "бовойт" да, туурабы?

Чагылган Чарык уулу