№48, 11.06.08-ж.
  Көп түкүрсө көл болот!

Колдосоңор кор болбойбуз
Бир миллион сом айыпка жыгылганыбызга бир жума болду. Бир жуманын ичинде "Алибини" сактап калуу үчүн чогулган акча каражаттарынын өлчөмү 121 миңге жетти.
Гезитибиз уюштурган "Бакиевдерден аянбагыла" акциясына алгачкылардан болуп коомдук парламенттин өкүлдөрү салымдарын кошушту. Балыкчылык жеке ишкер Таалай Сегизбаев 500 АКШ долларын көтөрүп келсе, Орусиянын Екатеринбург шаарында соода кылган Сүйүтбек деген Жалалабаттык жигит өз атынан 10 миң сом кошуп кетти. "Дордой" базарындагылар 5 миң сомун берип жиберишсе, "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрү 17 миң топтоп келишиптир. Асылбек инибиздин ар-намысы үчүн төлөнө турган каражатты чогултууга мамлекеттик кызматчылар дагы катышууда. Өздөрүнүн атын атабоону суранышкан бажычылар, салыкчылар жана милиция кызматкерлери өз салымдарын кошушууда. Чүй облусунун эки акими 5 миң сомдон көтөрүп келгенин көрүп, ичибизден аябай ыраазы болдук. "Көпчүлүк көтөргөн жүк жеңил" дегендей эле, Биринчи май райондук соту салган бир миллиондон оңой эле кутулат окшойбуз.
Бизди колдогонуңар- чындыкты колдогонуңар! Бизге жардам бергениңер-демократияга жардам бергениңер! Биз силерге башыбызды ийип, таазим кылабыз, урматтуу бизди колдогон окурмандар.

"Алибичилер"

Заявление фракции Социал-демократической партии Кыргызстана по решению Первомайского районного суда о взыскании млн. сомов с газеты "Алиби"
Судебная система продолжает быть инструментом в политических играх, готова исполнить любые политические заказы и проявлять верноподданический дух, а не руководствоваться принципами законности, справедливости, беспристрастности и независимости.
Фракция Социал-демократической партии Кыргызстана считает, что данный судебный процесс свидетельствует о давлении на свободу слова и справедливость, попытку ликвидировать проявляющие независимость и беспристрастность газеты "Алиби". Мы требуем, чтобы в Кыргызстане были прекращены нарушения справедливости и законности. Мы хотим жить в демократической стране, а не отсталой феодальной окраине мировой цивилизации.


Мирослав Ниязов, Коопсуздук кызматынын экс-катчысы:
"Бакиевдерге каршы акция токтобойт"
- Бүгүнкү кырдаалды Бакиевдерге каршы акциянын башталышы деп ойлойм. Алар пейилдеринин кеңдигин эмес, тардыгын көрсөтүшүүдө. Кайсы бийликте туруп, кандай кадамга барып жаткандарын өздөрү түшүнбөй калышты окшойт. Сынга чычалап, демократиянын принциптерине каршы чыгып, катуу адашып алышты. Ушуну менен Бакиевдерге каршы акция токтобойт. Анткени, эркин гезиттерге жасалган бул кысым эл ичинде өтө чоң нааразычылыкты туудурууда. Эл азыр чындыкка, тазалыкка суусап турат, ал эми бүгүнкү бийлик чындыкты да, тазалыкты да көрсөтө албай калды. Чындыкты бурмалабай түз жазган 2-3 эле гезит бар. Анан аларды да жаап салса, эл да өз оюн ачык айтуучу трибунасынан айрылат. Мунун арты чоң чатакка айланып кетиши толук мүмкүн.


Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
"Маселе ким сотко бергенде болуп жатпайбы"
- Гезиттер болгон маалыматка таянып жазып койгон болсо, ал чоң күнөө эмес. Сотко бериштин кажети деле жок болчу. Эгерде макала туура эмес жазылса, каяша макала берип төгүндөп же күнөөсү болсо, гезит аркылуу "күнөө бизден кетиптир", -деп жооп берсе ошону менен эле бүтмөк. Кеп анда эмес да, эгерде башка киши ушундай доомат менен кайрылса, сот аны жумшак эле чечип коймок. Маселе ким сотко бергенде болуп жатпайбы. Ошол жагынан алганда бул жерде чоң сырдуу көрүнүш бар. Ушундан улам, соттордун бийликке көз каранды экени далилденди. Эми гана бутунан туруп келаткан массалык маалымат каражаттарын ушундай абалга жеткириштин өзү уят иш болуп калды.

Бегиш Ааматов, экс-депутат:
"Бакиевдердин үйбүлөсү балдарын тарбиялаш керек"
- Бийликтин төрүндө отуруп саналуу оппозициялык маанайдагы гезиттер менен соттошуп, аларды 1 миллион сомго айыпка жыккандын ордуна, Бакиевдердин үйбүлөсү балдарын тарбиялаш керек. Мындай кадам алардын баркын кетиргенден башка жакшылыкка алып келбейт.

Бөдөш Мамырова, "Ар-намыс" партиясынын мүчөсү:
"Бир киши эки гезитти жапкан тарыхта болгон эмес"
- Эркин гезиттерди куугунтукка алып айыпка жыгуу, адамгерчилик жагынан алсак да, мыйзам жагынан алсак да туура эмес иш болуп калды. Мурдагы системанын эле уландысы болуп жатат. Акаевдин учурунда "Асаба", "Республика" гезиттери ушундай куугунтукка учурашканын көпчүлүк жакшы билет. Азыркы бийлик тарыхтан сабак алып өнүгүүнүн ордуна, чындыкты жазган гезиттерди жок кылуунун аракетин көрүшүүдө.
Бир эле киши эки гезитти жапкан учур тарыхыбызда кездешкен эмес. Сынды да көтөрө билиш керек. Минтип олтурсак тоталитардык системадан өйдө боло албайбыз го.

Гүлниза Молдокулова, "Алиби"