№49, 18.06.08-ж.
  Асмандан күн тийди, "Ааламга" не тийди?

Аскардын арманы
Акаев Айтматовго неге келген жок?
Алп жазуучу Айтматовду акыркы сапарга узатуу аземине "Аскар Акаев келет" деген сөздөр бекеринен таркабаптыр. Аскар мырза Чыңгыз абасына топурак салуу үчүн келүүгө аябай ниеттениптир. Муну билген бийлик өкүлдөрү анын келишине уруксат бербей коюшуптур. Учуп барууга уруксат ала албаган Аскар мырза Париж аэропортунда ыйлаган бойдон калыптыр. Атургай, СССРдин экс-президенти М.Горбачевго дагы кайрылыптыр. Айрым билермандардын айтканына караганда, М.Горбачев кыргыз бийлиги Кыргызстанга келүү үчүн Акаевге уруксат бербей койгондугунан келбей койгон экен.

Шамшыбек мырза кайда шашты?
"Аалам" гезитинин акыркы сандарын окугандар алардын кайсы позицияда экенин түшүнбөй калышы мүмкүн.
Өткөн жумадагы санында гезит кожоюну Ш.Медетбеков Жаныш Бакиев жөнүндө жакшы пикирин жазса, кечее күнкү санында "Де фактого" кылмыш ишин козготкон башкы салыкчы Т.Курманбековго болушуп жазыптыр. "Ааламды" алеки заматта Ак үйгө жакындаткан Ч.Абыкеев ал жактан устукан алды эле, Шамшыбек Медетбековдун шашылганында бир мандем болсо керек?

Эмнеге?
Ажобуз өкүргөн жок
Чыңгыз Айтматовдун жашаган үйүнө 13-июнь күнү ажобуз Курманбек Салиевич бата кылуу үчүн барган.
Баарыбыз ажобузду кыргыздын каада-салты боюнча Чыкебизди жоктоп, өкүрүп кирет экен десек, неберелери өкүрүп турган боз үйгө унчукпай эле түп-түз кирип барды. Буга көпчүлүк таң кала карап турушту. Айрымдары "мунуң кыргыз эмес болсо керек?"- дегенге чейин барышты. Ал го ал, эртеси сөөк коюу аземинде ажобуз ордунан туруп барып, топурак салгандын ордуна, ал отурган жерге эки чака көтөрүп барып, топурак салдырышып, кайра колуна суу куйганына таң кала карагандар болду.

Сөз эркиндиги
"Де фактого" укурук салынды
Шейшемби күнү "Де факто" гезитинин кезектеги саны жарыкка чыкпай калды.
Гезитке тиешелүү компьютерлердин процессорлорун шаардык милиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып кетип калышкан. Себеби, аталган гезиттин 12-июнундагы санына Бишкек шаарынын башкы салыкчысы Таалай Далбаевди каралаган макала чыккан. Далбаевдин арызынын негизинде Бишкек ШИИБси тарабынан "Де факто" гезитинин негиздөөчүлөрүнө кылмыш иши козголгон. Учурда гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова тергөөчүлөргө сурак берүүдө. Жакында Жаныштын баласы жамбашка алып жыккан гезиттин далын, эми Далбаев мырза тийгизгенге аракет жасоодо. "Мен жөнүндө жалган маалымат таратып, жаманатты кылды"- деген Далбаев гезитти , азырынча жаптырып туру. Мынакей сага сөз эркиндиги

Түгөнбөгөн түндүк-түштүк
Карашев мырза кайдасың?
Жазуучулардын маршалы Чыңгыз атабызга бата кылып, тууган-туушкандарына көңүл айтуу үчүн генералдар Өмүрбек Субаналиев, Алымбай Султанов, Анарбек Кошонов, Анарбек Шамкеев, Темиркан Субанов жана Артур Медетбеков барышса, губернаторлордон Кыдыкбек Исаев, Бейшен Болотбеков, Кубанычбек Сыйданов келишкен. Кашайып булардын баарысы түндүктүн кулундары болуп жатпайбы? Эмне үчүн бийликте отурушкан түштүктүн генералдары менен губернаторлору Чыкемдин үйүнө барышкан жок? Же муну дагы саясий оюнга айлантып, оппозицияга шылтай салалыбы? Дагы жакшы, Бакиевдин мурдагы жардамчысы, азыркы Коргоо министри генерал Бакыт Калыев Ата Бейитке барып, топурак салып кайтты.

Бар-а-а-кел-де!
"Ак жолчулардын" дагы бир "ачылышы"
Жогорку Кеңештин негизги бөлүгүн түзгөн "акжолчулар" акыры өздөрүнүн көксөгөн максатына жетишишти. Алар бийликтин партиясы болгондуктан мындан ары бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүшүнө чечим кабыл алышты. Ошентип, депутаттар эмес, "жепжутарлар" экендигин тастыкташып олтурушат. "Өзүм дегенде, өгүздөй күчүм бар", - принцибин туу туткандар кечээ сот аркылуу утуп алышкан мугалимдердин кошумча эмгек акысын төлөөгө каражат жоктугунан 2010-жылдан кийинкиге калтырылган. Ал эми жаңыдан көзүн ачкан "соргок" партияга талап кылынган акча каражаттары токтоосуз бөлүнүп берилиши күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы К.Бакиев өз партиясынын көмөчүнө күл тартабы, же каатчылык өлкөбүздүн төрүнө өткөн шартта калыстык кылып, Жогорку Кеңештин чечимине вето коебу? Күтө туралычы!...

Сата бер, сата бер, чалкалап анан жата бер
"Кыргызтелеком" сатылат
Мамлекеттик мүлк комитетинин башчысы Турсун Турдумамбетов Бакиев бийлигинин башкы сатуучусу болуп калды.
Энергетика тармагын толук сатып койгонсуп, эми "Кыргызтелекомду" сатыкка чыгарды. Баасы 1 миллиард 628 миллион 116 миң сомдук "Кыргызтелекомдун" 77,84 пайыз акциясы инвестициялык конкурска коюлду. Ушул жылдын августь айында "Кыргызтелекомдун" жаңы кожоюнунун аты-жөнү белгилүү болот. Кирешелүү тармакты эмнеге сатып жатканыбызды эч ким айтпайт. А балким, азыркы бийликтегилердин бирөөсү өзүнүн менчигине чыгарганы жаткан чыгар?

Стаканда кантың бар
"Кайыңды кайтарылат"
Кант кызылчасын иштеткен "Кошой" жана "Кайыңды кант" акционердик коомдору кайрадан мамлекетибизге кайрылмай болду.
Ажобуз Курманбек Салиевич бул жөнүндө биринчи вице-премьер И.Айдаралиевге тапшырма берди. Эсиңиздерге сала кетсек, "Кайыңды кантты" акыркы жылдары казак баурдастар иштетип жүрүшкөн. Килейген эки заводду өз кызыкчылыктары үчүн атайылап иштетпей турганы, ажобуздун кыжырын келтирсе керек. Эми эмне болоор экен?

Абактагы абал
Түрмө түйшүктөрү
Кыргызстанда өлүм жазасы түбөлүк түрмөдө отуруу жазасына алмаштырылгандан кийин андай жазага кириптер болгондор Бишкектин зынданынан Кыргызстандагы түрмөлөргө бөлүштүрүлгөн. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымына караганда, жазасы алмаштырылгандар азыркы күндө түрмө "общактарын" өз колдоруна алганга камданып жатыптыр. "Жанкечтилер" жанындагы каршылык көргөзгөндөрдү өлтүрүп коюшу толук мүмкүн. Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Э.Исаевдин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 181 "жанкечтилер" жаңы жайларга которулуптур. Ошондой эле, абактардагы абалдар аябай начарлап кетиптир. Мамлекет тарабынан бөлүнүүчү каражаттын 40 пайызы гана колдоруна тиет экен. Адилет министри М.Кайыпов баш мыйзамга башын катырганча, абактагылардын абалын оңдосо жакшы болмок.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"