№49, 18.06.08-ж.
  Алыстан айтам саламды...

Аскар АКАЕВ, Кыргызстандын экс-президенти:
"МЕН ӨТКӨНГӨ ӨКҮНГӨН АДАМ ЭМЕСМИН"
Көптөн бери маалымат каражаттарына чыкпай калган Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жакында "Азаттык" үн алгысынын кабарчысы Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берген. Назар салыңыздар.

- Аскар мырза, азыр сыртта туруп, өлкөдөгү абалга байкоо жүргүзүп жатсаныз керек. Кандай ойлор келип жатат?
- Байкоо жүргүзгөн менен, өлкөдө эмне болуп жатканы алыстан анча байкалбайт. Аны ичинде аралашып жүргөндөр тагыраак айта албаса, мен алыстан айтканым анча туура болбойт го.
- Азыркы президент Курманбек Бакиев жөнүндө "Акаевдин каталарын азыр Бакиев кайталап жатат"- деген өңдүү сөздөр айтылып калат. Буга сиз кандай карайсыз?
- Эми кимдин катасы кандай экенин президенттин жанында туруп, жакшылап байкап, көрүп, салыштырып жаткан саясатчылар тагыраак жооп бере алышат го. Өзүң билесиң, мен өткөн жетекчилерге дагы эч качан таш ыргытып, сын-кеп айткан эмесмин. Менимче, бакубат турмушка жетебиз деген эл өзгөчө алдыга умтулуп, бийик максаттарды коюп, ошого жетиши керек. Анан өткөн-кеткенге көбүрөөк көңүл бурган эл эч качан бакубат турмуш кура алган эмес, бул - дүйнөнүн тарыхы. Ошондуктан мен мындай суроолорго анча деле көңүл бургум келбейт. Мына, Чыңгыз Айтматовдой бийик максаттарды коюп, элди алдыга, келечекке жетелеш керек, жакшы турмушка, кемчиликтерди жоюп, жакшы жетишкендиктерге умтулуш керек, менимче. Кыргыз элинин ичинде татыктуу адамдар көп, алар дагы мүмкүнчүлүк алышат деп ойлойм.
- Аскар мырза, соңку кездерде сизди экономикалык абалдарды изилдеп, өткөөл мезгилдеги жана кризистик учурдагы экономика боюнча илимий эмгектерди жазып жатат деп угуп жүрөбүз?
- Мен өзүм азыр математика институтундамын. Бирок, экономика менен акыркы 15 жыл президент катары байланышып, терең изилдеп, терең иштегендиктен, сөзсүз аны унута албайм. Ошондуктан, мен кез-кезде экономикалык темаларга изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалаларды жазып жүрөм. Азыр жалпы дүйнө боюнча мамлекеттер үчүн кризистен чыгуунун өтүү жолунун маанилүү жолдорунун бири катары инновация деген абдан маанилүү маселе каралып жатат. Мына, Орусия азыр инновация жолуна түшүп, инновациялык экономика курабыз деп жатат. Азыр Орусия ушул жолдо абдан жакшы баратат. Владимир Путин президент кезинде "Орусия инновациялык жолго түшүшү керек", - деп жарыялады эле, азыркы президент Дмитрий Медведев да ошол жолду колдоп, өкмөт менен бирге жакшы иштеп жатышат. Менимче, Орусия 2010-жылда күтүлүп жаткан кризистен инновациялык жол менен чыгып кетишине жакшы мүмкүнчүлүгү бар.
Ал эми чакан мамлекеттер үчүн кандай жол бар? Чакан мамлекеттер үчүн деле башка жол жок. Бирок инновациянын өзүнүн чакан мамлекеттерге ылайык келген ыкмалары бар. Мына ошолор жөнүндө да мен кичинекей илимий макала жарыялап жатам. Ушул жолдорду издеш керек, ошолорду пайдаланыш керек. Анан сөзсүз кризистер саясат менен, бийлик менен тикеме-тике байланышта, аны ажыратып кароо мүмкүн эмес. Эгер бийлик начар болсо, кризис ошончолук тереңдеп, катастрофага айланып кетиши мүмкүн. Эгер бийлик жакшы болсо, мына, Америкада 30-жылдардагы кризистен Ф.Рузвельттин эң акылман саясаты алып чыгып кетти.
- Ал эми Кыргызстандагы бийликтин бүгүнкү аракеттерине кандай баа берет элеңиз? Кризистик абалдан чыгуу үчүн кыргыз бийлиги көрүп жаткан аракеттерге кандай баа бересиз?
- Акыркы жылдары мен өзүм илимий ишке көбүрөк бетме-бет киришип, саясаттан алыстап кеткем. Ошондуктан мен азыр бийликке эч кандай баа бергим келбейт. Эл бар, эл өзү таразалап, өзү, менимче, эң так, туура баасын берет ар дайым.
- Аскар мырза, сиз өзүңүз эч нерсеге өкүнбөйсүзбү?
- Жок.
- Балким бир нерсени мындай эмес, тигиндей кылсам болмок эле деген ой келбейби?
- Мен өзүм өткөнгө өкүнгөн адам эмесмин. Менин идеологиям өзү буддизмге жакын. Мени буддисттердей эч качан өткөн-кеткен нерсе өкүндүрбөйт, артка карабайм. Мен өзүм бийликтен кетээр замат, кайра өзүмдүн сүйүктүү илимий изилдөө иштериме киришкем, математика, физика, Кудай буюрса, али чыгармачылык күч бар. Ошондуктан азыр мен аябай берилип иштеп жатам. Азыр бир топ иштерди жараттым. Чоң китеп жазайын деп атам. Пландарым көп. Ошондуктан мен өкүнүп, кайгырып, капаланганга убактым да жок, көңүл дагы бурбайм. Дагы бир жолу, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айткым келет, биздин саясатчылардын бир чоң кемчилиги - ар дайым өткөн-кеткен менен гана жашайт. Мен Совет доорунун эле бир нече мисалын келтиргим келет, эмне үчүн Н.Хрущевдун реформалары ишке ашкан жок? Себеби, Н.Хрущев өзүнүн өткөн жетекчиси И.Сталиндин иштерин талдап, жамандап, изилдеп олтуруп, ошону менен аягы эмне менен бүткөнү белгилүү. Андан кийинкилер Н.Хрущевду жамандап отуруп, иши белгилүү. Бул - эң жаман адат. Өткөн совет калкынын эң начар касиети, адаты ушул болчу. Сонун касиеттерибиз болгон. Мына, Горбачев адегенде абдан жакшы баштап, совет элинин алдына эң чоң илимий-техникалык модернизация, жаңы идеологияык революция максаттары менен келип, бирок элди бүт өткөн-кеткенге буруп койду, анан элдин башы ошону менен өткөн-кеткенди изилдегенге кетти.
Ошол эле учурда алдыга умтулган элдер, азиянын элдери, алар тескерисинче, келечекке чоң бийик максатты коюп, ошого жетиштин аракетинде элдин көңүлүн, талантын, энергиясын келечекке буруп жатышат. Ал эми биздин саясатчылар бүт артка буруп, ошону менен майда-чүйдө ушак, эмне болгон, кандай кемчилик кеткенин изилдеп, бүт энергиябыз ошого кетип атат. Ошон үчүн жакшы турмушка жете албайбыз, ийгиликтүү эч бир реформа жасай албайбыз. Ошондуктан, мен дагы бир жолу элибизге, саясатчыларга айтаар элем, келечекке, алдыга умтулуш керек. Мисалы, эсиңде болуш керек, мен эч качан 90-жылдарда "Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин башкаруусу эмне болгон?"- деп, элдин, коомчулуктун пикирин артка бурган жокмун. Эки аксакалды терең сыйлап, ордендеримди берип, аксакал деп урматтап, Чыңгыз агага өзгөчө мамиле жасап, ар дайым Совет доорунун жакшылыктарын айтып, бирок элди жаңы доордо жакшы турмуш куралы деген аракетимди жасадым, ошого бүт күчүмдү жумшадым. Менимче, биздин саясатчылар жогорудагы кемчиликтеринен арылышы керек.

Маектешкен
Төрөкул Дооров




Кайгыга түштү кыргызым,
Дүйнөдөн өтүп Чыңгызым!
Чыңгыз атабыздын дүйнө жаңырткан жазуучулук улуу таланты жана аалам кескен атак-даңкы менен "Чыңгыз" деген аты ыйык ысымдардын бири болуп көкүрөктөн уя тапкан.
Кыргызга опол - тоодой эмгек кылган, түпкү атабыз түрк элинин жалпы уул-кыздарына кызматы сиңген, көркөм кооз тилдүү чыгармалары менен дүйнө элине таанымал болгон залкар жазуучубуздун кичи мекени Шекер айылында туулуп-чоңоюп, ушундай улуу инсанга жердеш болгондугума жана Чыңгыз атам жуткан суудан жутуп, ал дем алган абадан дем алганыма сыймыктанам. Ушундан улам төмөнкү ыр саптарымды айтылуу алп инсан, атабыз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арнаймын.

Чоң атасы жалпы кыргыздын,
Көз жумду улуу Чыңгызым.
Ыйлады жүрөк, кантели,
Кайрат кыл эми кыргызым.

Туулуп өскөн мекениң,
Айтылуу кадимки Шекериң,
Кулунум менин келет деп,
80 жаш тоюн берет деп,
Кучагын жайып сагынып,
Жол карап турган кези эле.
Шумдугуң кургур шум ажал,
Тырмагын салды тез эле.

Жердеш, тууган, элдериң,
Кубанып күткөн келээриң,
Буйругу жок иш экен,
Сумсайды сулуу жерлериң.

Тоолоруң да мелтирейт,
Жүрөгү сыздап тургансып.
Күркүрөө сууң күркүрөйт,
Чоң жоготуу туйгансып.

Аалам алты бурчуна,
Атагы жеткен жан элең.
Дүйнөлүк адабият жагынан,
Калеми курч хан элең.

Кабырга турат кайышып,
Жүрөгүм турат сайышып.
Кайгыга салып эл-журтун,
Кай жакка кетти ашыгып?

Узатып келбес сапарга,
Улуу журтум кайгыда.
Ал гана эмес дүйнө эли,
Тургансыйт мүңкүрөп кайгыра!
Кошуңуз эми чоң талант,
Жаның жаннат, тынч укта!


Шекерлик иниси
Базылбек ЧОЛПОНКУЛОВ




Жетимсиреп калды калем, кагазы
Кыргыз элинин жана дүйнө элинин классик жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат.
Кыргыз эмес, кыйыр элде даңкталган,
Калемине сыйынышкан, барктаган.
Алп Чыңгызын жоктоп бүгүн томсорот,
Ала-Тоосу, кең Таласы таптаган.

Баскан изи өчпөстүктүн өрлөрү,
Жан дүйнөсү жаркын бейиш төрлөрү.
Мекен жүзүн туу көтөргөн дүйнөгө,
Уулун жоктоп турат бүгүн эл - жери.

Чыңгыз кайып, жылдыз болуп асманда,
Чыгармасы сансыз жылдыз ачканга.
Муундарга чалкыган ой күлазык,
Мурас калды ченеми жок казганга.

Жетимсиреп калды калем, кагазы,
Ойлор токтоп, бышылбастан сабасы.
Зоодой бийик, зоболоңду эскерип,
Дүйнө турат залкарлыгын карачы.

Кылымга бир жаралгансың бакубат,
Бороонунда ойлоруңдун чапкылап,
Гүлсараттай жашыл төрдө таскакта,
Өчпөс элес жүрө берсин жаркырап.
Жайлуу болсун жаткан жериң, жаннатың,
Элиң эстеп, айтып жүрөөр санатын.
Кыргыз эмес, дүйнө эли эскерчү,
Өлбөстүктү, өчпөстүктү жараттың,
Кош түбөлүк, жайлуу болсун жаннатың!

Бурул Абраимова,
Бишкек шаары