№50, 25.06.08-ж.
  Кыргыз качан жана кайдан чыккан?

Фашисттердин 220 дивизия аскери жеңе албаган СССР - бир келжиреген башчынын маңызы, мазмуну жок, бирок кулакка угумдуу, көңүлгө жагымдуу ураандары менен жок кылынды (адам укугу, адам баалуулуктары, демократия, базар экономика, атаандашуу шайлоо, кайра куруу, ыкчамдатуу - "экономика с человеческим лицом, ускорение, общечеловеческие ценности, плюрализм, реформа, консенсус, разгосударвстление, деидеологизация" ж.б.)

VII. Жаңы заман жана анын сыры
Он беш жыл ушул ураан , чакырыктарга ишенип, "дерьмократ" - "жепутаттардын" бал сөзүнө алданып, Кыргызстан бүгүн кайсы абалга келди?
Бул суроого калыс жооп таппасак алдыга жылуу мүмкүнбү??
- Эл чарбасы (өнөр жай жана айыл-чарба) талоонго учурап, талкаланды. Эл ат соко, чалгы, эгинди моло таш менен бастырууга аргасыздан өттү;
- суу чарба кароосуз калды, нечен жүз миң гектар айдоо жер урунуудан чыкты, далай жерди шор басты;
- үзөнкү-Кууш ж.б. жерлерди элден сурабай өзүмбилемдикке көнгөн, жылмайып, кыргыздын шоруна жаралган президент марттык кылып коңшу өлкөлөргө берип, Мекенибизди кемитти;
- Кыргызды жумушсуздук басып, элет эли шаарларга, бөлөк өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду;
- эл бай-кедейге бөлүндү, таштанды, окубай калган балдар көбөйдү;
- Мекенин таштап кыргыз тентип, чачылып, тарады;
- тартип жоголуп, уурулук, кылмыштуулук, сойкулук, баңгилик элди жөө тумандай басып, коррупция жашоо шартка, күнүмдүк көрүнүшкө айланды;
- көпчүлүктүн өз Мекенине, Ата-Журтуна, өз бийлигине ишеними сууду;
- адилет, калыстык асмандагы кол жеткис жылдыздай болуп калды;
- Базар экономикасына өттүк деп, баары сатыла башталды: Мекен да, Ата-Журт да, уят, намыс, абийир, добуш, кызмат, балдардын келечеги, өлкө, улут тагдыры да (белгилүү акын айткандай, "колдору жетпеген үчүн сатылбаган асмандагы ай калды);
- кызмат - көп учурда байлык топтоо жолуна айланды;
- көп балалуулар, ардагер, мугалимдер өтө оор абалга учурап, жакырлардын катарына кирди, шарты болгондор - Россия, Казакстандан жумуш табышты;
- Мекен, Улут, Ыйман, Эл тагдыры деген улуу түшүнүктөр унутулду, ар ким өзү менен алектенип, айрым мансаптуулар бюджет акчасын жеп, дүнүйө топтоого өтүштү;
- Бийликтин күчү, таасири өлкө турмушунун бир топ жагына жетпей баратат (коррупцияга, уюшулган кылмыш топторго, жумушсуздукту азайтууга, айыл чарбага жардам берүүгө, соттордун адилет, калыс болушуна, элибиздин чет өлкөлөргө кеткен агымын азайтууга ж.б.);
- Улуттук дөөлөткө тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөй калды (эне тил, Манасчылар, төкмө, акын, көл өнөрчүлүк ж.б. улут өнөрлөр);
- Жогорку Кеңеште бир дагы депутат - аял, бир дагы катардагы адис-мугалим, малчы, айдоочу, курулушчу ж.б. жок, жалаң гана чоң капчыктуу байлар;
- коомдо теңсиздик жыл өткөн сайын күч алып, байлар ого бетер байып, кедей-кембагалдар ого бетер жакырланууда;
- мамлекеттик "идеология" сөз деңгээлинен чыга албай жатат;
- эң коркунучтуу - бийлик, анын баардык бутактары эгерим, эч качан, эч кимге, элге да жооп бербегени; арамза тунгуч президент муну билип, атайын Конституцияга киргизип алган; кыргыз эли бүгүн ушул жобонун барымтасынан чыга албай кор болууда.
Жаңы келген бөрү заман кыргыздын айласын кетирип, алкымдан алып, тизеден чаап, тамтаңдатты. Турмуш алдыга жылбай артка кетти, чет өлкөлүктөр (байлар) моюнга минди. Калк чилдей тарап, жүндөй тытылды, көзүн жаш басып, көкүрөгүн дарт басты. Жакырчылык жанга батып, кыргыз чачылып, тарады (көр оокаттын азабынан).
Кечээгибизди унутуп, бүгүнкүбүздү куруттук. Эртеңкибиз эске келбей, эске келсе эпке келбей, тиричиликтин түбү түшүп, туш тараптын баары туюк болгонсудай…
Элдин мүлкүн жеп, тоноп, байыгандар ташка жайган талпактай жалпыга даана көрүнсө да, бири жоопко тартылбады…
Базар экономика пара экономикага айланды.
Адам деп, "ит дагы каппаган" саясатчылар көбөйүп, элдин башын айлантты. Дайрада калагы жок кайык болдук… Россия, Кытай, Казакстан 2010-2020-жж. абалын талдап, ага кам көрсө, биз эртең өлкө эмне болоорун айта албайбыз…
Бири бирине каршы келген мыйзамдар калкка салынган тушоо болду, салыкчылардын күндө тапкан олжосуна айланды…
Адам эмес, өлкө өзүнүн өнүгүү жолун он беш жыл бою таба албай, туш-тарапка урунууда.
Бирок, бүгүн Кыргызстан өнүгүү жолун табуудан мурун, кыргыз өз жүрөгү - көкүрөгүндө, аң сезими - жан дүйнөсүндө жоготуп койгон Мекен менен Улутун таап алышы зарыл.
Кыргыздын ички дүйнөсүндө өчүп калган Мекен - Улут оту кайра жанып, жалындап күймөйүнчө - коом, саясатчылар биригип, бир тилек, бир максатка келе алышпайт, демек Кыргызстанды өсүп, өнүгүү жолуна алып чыга албайт. Он беш жыл бою бийлик менен саясатчылардын бал тилинен, көңдөй, маңызы жок, келжирек ураан, чакырык, убадаларынан тажаган эл эми оңой алданбайт.
Аны азыр улуу максат, аруу тилек гана бириктирип, ынтымакка келтирип, кудуреттүү күчкө айланта алат.
Анысыз, бүгүнкү тунгуюктан Кыргызстанды саясатчылар, бийлик, партиялар алып чыга албайт.
Бир эле алып чыга турган күч бар - ал Кыргызстан элинин 68% түзгөн кыргыз эли. Ачуу чындыкты ачык эле айтып коюшубуз керек: Кыргызстан элинин курамына кирген бөлөк улуттар өкүлдөрүнүн жашоо деңгээли жакшы (кыргыздарга салыштырмалуу). Экинчиден, (муну 2005-ж. март окуялары толук көрсөтүп берди) өлкө тагдырын жакшыга бурууга алар жигердүү катышып беришпейт.
Мындай мамилени түшүнүүгө болот. Биздин турмушка чыдабагандар эбак эле кетип калышты, калгандар - ишкерлик ж.б. жолдорун таап, жакшы тиричиликке жетишти. Өздөрүнүн "чоң мекенинен" да бир топ ишкерлер менен байланышып, алар тараптан олуттуу жардам алышууда (орус, корей, дунган, уйгур, немис, азербайжан, чечен, татар ж.б.).
Кыргызга кыргыздан башка эчким жан тартып күйбөйт. Муну ачык айтып коюшубуз керек.
Дүйнө өлкөлөрү (эң бай өнүккөндөрүн кошкондо) өздөрүнүн көйгөйлөрү менен алышып жатат (баңгилик, экстремизм, терроризм, коррупция, жумушсуздук, экология, отун-суу ж.б. маселелери менен).
Алар бизге жардам берет деген сөзгө ишенбеш керек. Бул - элибизди жана өзүбүздү алдоого тете. Жөн эле жардам бербейт, демек бир кызыкчылыгы бар.
Кыргызстанды алар өз кызыкчылыгана гана пайдаланууну көздөйт (аскер базасын жайгаштыруу, суу, кен байлыктарын арзан алуу, товарларын сатууга базар катары пайдалануу ж.б.).
Кыргызстан өнүгүп, өсүп кетишине алар кызыкдар эмес (муну коңшу өлкөлөр да каалашпайт, себеби атаандашуу, көрө албастык, ичи тардык ж.б. маселелер бар).
Же улуу дөөлөттүнө, бай тарыхына аны билип, баалап, барктап таяна албаса, же өз Мекенине, бийлигине, өзүнө ишене албаса, кыргыз кантип ХХI кылымдын оор сыноолорунан өтүп, өнүгүп өсүүгө жетет алат??
* * *
Ар бир доордун өзүнө жараша түйшүгү, сыноосу, азабы да, жыргалы да болот турбайбы. Бул - Жараткандын мыйзамы.
Маселе - түйшүгүн көтөрүп, сыноосунан татыктуу, өзүн жоготпой өтүүдө.
"өткөн ишке өкүнбө, кеткен ишке кейибе" - деп кыргызда айтылгандай, болооор иш болду. Эми эмне кылышыбыз керек?
Эң алды, бүгүнкү абалыбызды калыс талдап, туура жыйынтык чыгарып, сабак алышыбыз зарыл. Эми ушул сөзгө өтөлүк.
Биринчи. Мекенибиздин кен, суу, жер байлыгы, табигый шарты кыргыз элин токчулукта, молчулукта, бакубат, бактылуу жашоого толук негиз берет.
Экинчи. Элибиздин сабаттуулугу, жөндөмү, шыгы, көптөгөн жакшы сапаттары туура нукка салынып, өнүгүү багытына бурулса - дүйнө элдеринин биринен да кем болбойт, буга эч бир күмөн санабай, толук ишенишибиз керек. Кыргыз түптүү, тектүү, эрктүү, намыскөй, мээнеткеч, байыркы эл.
үчүнчү. Кыргыз бөлөк элдерди, өлкө-мамлекеттерди ээрчип, туурап, аларга кошоматтанып, жагалданганды токтотуш керек. Кыргыз ага муктаж эмес, өз бактысын, келечегин сырттан издебей, өз тарыхынан, дөөлөтүнөн, Мекенинен, өз эмгегинен, рухунан, эркинен, өз акылынан, аракетинен, ынтымак, биримдигинен табышы керек.
Бөлөктөрдүн акылы, кеңеши кыргызга жукпайт, буюрбайт, адал болбойт.
Төртүнчү. өнүккөн дүйнө өлкөлөрүнүн (жалаң эле Батыш эмес, азияда жайгашкандардын да) алдыңкы жетектөө (менеджмент), соода жүргүзүү, акча жүгүртүү тажрыйба-ыкмаларын үйрөнүп, жаңы технология, бүгүнкү жабдыктарын тартып, өздөштүрүү зарыл.
Бешинчи. өлкөнүн саясий-коом түзүлүшүн, аны башкаруу жолун тандаганда, маанилүү максат - кыргызга илгертен бери таандык Эл Башкарууга өтүп, Элдик Курултайды киргизүү абзел.
Бул - накта эл бийлиги, кыргызга ылайык чыныгы демократия.
Президент өкмөттү өзү жетектесе өлкөдө күчтүү аткаруу бийлиги орнойт эле. Парламент - мыйзам чыгаруу милдетин аткарган чакан (эл шайлаган) адистердин жыйыны болушу керек (саны 50-70тен ашпаган).
Эң негизги шарт - Бийлик (баардык бутактары) жылына элге, Элдик Курултайга өз ишине жооп берип турушу зарыл.
Бийликтин жоопкерчилигин орнотуп, мыйзамдаштырып, аны турмушка ашырмайынча Кыргызстан оңолбойт.
Кийинки он беш жылда калыптанган "Эл бийликти шайласа эле демократия орногону" деген түшүнүк чоң адашуу. Отун жакпай туруп мештен үй жылыды деген сөз. Накта демократия - шайлоо менен башталып, шайланган бийлик элдин көзөмөлүндө болуп, элге такай жооп берип, элдин кызыкчылыгына иштегенде гана чыныгы демократия болот.
Биздин "демократия" - мешке жагылган оттун жылуулугун тар чөйрө гана көрүп, калың эл үшүп, тоңуп, бийликке үнү жетпей жатпайбы. Бул - элди алдаган демократия (элге берген убадаларын депутаттар, төбөлдөр канчасын аткарды он беш жылдын ичинде?).
Кызматчылардын санын кыйла кыскартып, өлкө башкарууну жөнөкөй, элге түшүнүктүү, жооптуу кылуу-бышып, жетилип, өтүшүп бараткан маселеге айланды.
Кийинки он беш жыл ичинде өлкөнү башкарган бийлик майнаптуу, эл үчүн иштесе мамлекет күчтүү болуп, турмуш оңолбойт беле?
Россия, Казакстан, Грузия, Тажикстан - баары эле алдыга кетпедиби (Кыргызстандан башкалары).
Демек, бийлик өткөн жылдары начар, эл үчүн жыйынтыксыз иштеди.
Алтынчы. Соттун баары бир-эки (же он) адамга көз-каранды болгондо өлкөдө адилет, калыстык орнобойт. Бийликтин сунушу менен, сотторду эл тарабынан шайлоого өтүү зарыл (атайын даярдык көрүп, 3-5 жылдык убакытта). Кылмыш кодексин түп тамыры менен өзгөртүп, майда кылмыштар үчүн айып пул киргизүү керек (адашкандардын баарын абакка камап, тагдырын буза бербей). Бүгүн абакта 18 миң адам жатат. Орто эсеп менен он жылда 200 миңге жакын мекендешибиз абакка олтуруп чыгат экен. Абактагы ар адам өзү менен беш-жети эң жакын кишилеринин (ата-энесинин, аялынын, бир тууган, балдарынын ж.б.) жүрөгүн, көңүлүн, өмүрүн кошо алып жатканын эске алсак, ар он жылда бир миллион кыргыздын тагдырына түрмө таасирин тийгизип жатканы коом үчүн өтө жаман көрүнүш. Бул - уят, кыргыз сыймыктанчу иш эмес. "Жазалоо - оңой, тарбиялоо - кыйын" деп айтылгандай болдук…
Жетинчи. Улуттун улуу дөөлөтүн көтөрүү, аны кеңири жайылтуу, улуттук эс-тутумду ордуна келтирүү - мамлекет бийлигинин бирден бир милдети болуу зарыл.
Бул иш коом турмушунун баардык жагынын пайдубалы болушу керек. Ансыз - эгемендүүлүк ар бир кыргызстандыктын, эң алды - кыргыздын жүрөгүнөн орун албайт (бул - көп жыл бою издеп, таппай жаткан иеологиянын маңызы, заты).
Сегизинчи. Адеп, ыймандуулукту көтөрүп, жайылткан тарбия иштери мамлекеттин башкы аракеттеринин бири болуп, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, эмгек жамааттарында, мамлекет ишканаларында байма-бай., туруктуу шартта, үзгүлтүксүз жүргүзүүгө тийиш.
Баары сатылган базар экономика шартында бул иштин мааниси жүз эсе өйдө көтөрүлүшү зарыл.
Ансыз, коррупция, кылмыштуулук, бангилик азайбайт.
"Калк адамча жашабаса, заманыңар тозокко айланат" деп бабаларыбыз бекер айтпаптыр.
Бул максатка жетиш үчүн, окуу программалар бир топ кайра иштетилип, өзгөртүлүшү керек.
Тогузунчу. Акчаны гана таанып, ага баш ийген базар экономика өзүмчүл сезимди (эгоизм) миң эсе өйдө көтөрүп, аны ыйман, абийир, намыс, уят, Мекен, Улут, өлкөдөн да бийик койгонго адамды азгырып тартат. Буга жол берилсе - ал кыйраткыч күчкө гана айланат. Анын жаратуучу күчүн пайдаланыш үчүн, базар экономиканын жапайы, жырткыч жактарын ооздуктап, тизкиндеп туруу үчүн, Ыйман, абийир, намыс, Мекен, Улут, Эл, өлкө деген улуу нарктарды дайыма туу кылып көтөрүү зарыл.
Базар экономика өзүн өзү жөнгө салып турат деген сөз жалган, ага алданбаш керек. Базар экономиканын жапайы доору эбак эле өтүп кеткен (СНГ өлкөлөрүнөн башка жерде).
Аны сөзсүз бийлик жалпы элдин кызыкчылыгына иштетип, оңдоп, түзөп турушу зарыл. Ансыз ал азоо аттай ээ жаа бербей тез эле аңга алып барып салат, коррупциянын тузагына түшүрөт, элди жакыр кылып, өнүккөн өлкөлөрдүн малайына айлантат.
Демек, демократия да, базар экономика да чексиз, өзүм билемдик деген жапайычылыкка өтпөшү керек.
Союз учурунда мамлекеттин мүлкү начар, жыйынтыксыз, чыгашалуу иштеген үчүн аны мекчиктештириш керек деген "дерьмократтар" иш жүзүндө эл мүлкүн талап, тоноп, нечен жүз миллион адамды жумушсуз, демек - маянасыз жакыр кылышты,
Тескерисинче , союз учурунда элге пайдалуу иштеген чарба тармактары "демократия" доорунда пайдасыз чыгашалуу иштеп калганы талашсыз чындыкка айланды (учактар, арак-вино, электр камсыздоо, алтын өндүрүү ж.б.).
Кеп- мүлктүн ээлик түрүндө эмес, аны натыйжалуу, пайдалуу иштегендей жетекчилик кылууда.
Кытайдын ички дүң продукциясынын 60%-ын мамлекеттик ишканалар берет, жер жеке менчикте эмес.
Бүгүн Кытай кантип экономиканын өсүшүн азайтабыз - деген маселени кароодо.
Албетте, бир топ чарба тармагында менчик мүлккө өтүү туура. Бирок, эл чарбанын пайдубалын, арка-белин түзгөн тармактар мамлекеттин, демек жалпы элдин ээлигинде калышы зарыл.

1. Сарыгулов Д.И. ХХI век в судьбе кочевников, Бишкек, 2001г. 27-45 беттер.
2. Сарыгулов Д.И. ХХI век: человек и общество, Бишкек, 2003г. 24-25 беттер.
3. Д.Сарыгулов Кыргыздардын байыркы жана азыркы абалы, Бишкек, 2003г. 31-46 беттер.

Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер
( Уландысы кийинки санда )