№51, 02.07.08-ж.
  Кайрылуу кат

КРнын Президенти
К.С.Бакиевге
КРнын премьер-министри
И.Чудиновго
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы
А.Тагаевге
Нарын облусунун губернатору
Ө.Субаналиевге
Жумгал райондук администрациясынын башчысына - аким
Т.Касмамбетовго

Миң-Куш шаарчасы
"Ак-Улак" көмүр кени бүткүл түндүк Кыргызстанды жылына 250 миң тонна көмүр менен камсыз кылган ири ишкана эле. Ал убакта "карыз" жөнүндө түшүнүк да жок болчу. 1999-жылдын 28-июлунда "Ак -Улак" көмүр кени, ТКОО "Виканат" жана АО "Кыргызэнергонун" ортосунда үч тараптуу келишим түзүлгөн (№210-4/3 66 БК). ТКОО "Виканат" Беларус мамлекетинде каттоодон өткөн. №210-4/366 БК келишимдин негизинде ТКОО "Виканаттан" "Ак-Улак" көмүр кенине жалпы суммасы 4330 000 (төрт миллион үч жүз отуз миң) Америка долларына атайын техникалары келип түшмөк. Ушул эле келишимде "Ак - Улак" көмүр кени АО "Кыргызэнергого" Кара-Кече көмүр участогунан казылган 288700 (эки жүз сексенсегиз миң жети жүз) тонна көмүр жалпы суммасы 5 196 400 (беш миллион бир жүз токсон алты миң) долларга көмүр жөнөтмөк. Ал эми АО "Кыргызэнерго" келишимдин негизинде ТКОО "Виканатка", "Ак-Улак" көмүр кенине келген техникалардын эсебинен 4 330 000 (төрт миллион үч жүз отуз миң) америка долларына электро энергия берилмек.
Бир жыл кечиккен мөөнөт менен 2000-жылдын сентябрь айында ТКОО "Виканат" аркылуу 2-3 эсе жогорулатылган баада 12 даана МАЗ автомашинасы, 2 бульдозер жана 1 даана ЭКГ-5А экскаватору, баардыгы 97 млн. сомго келген техника кредитордук карызга барып отурду. 2000-жылы 4-июлда Мамлекеттик мүлк фондусу менен инвестор "Primex Center LLC" компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун 23-июль 2000-жылы чыгарган №91п буйругунун негизинде "Ак-Улак" көмүр кесиминин 70,07% контролдук пакет акциясын эки жылдык мөөнөткө башкаруу үчүн инвестор "Primex Center LLC" Беларус компаниясына берилген. Компаниянын директору Б.В.Холявону бир эле жолу акционердик чогулушта көрдүк, Б.В.Холявонун ишенимдүү адамы жана компаниянын өкүлү катары А.С.Бабасиев "Ак-Улак" көмүр кесиминин 70, 07% контролдук пакет акциясын кармап каалагандай башкарды. 10-октябрь 2000-жылы чыгарылган №125 буйруктун негизинде атайын комиссия түзүлүп, "Ак-Улак" көмүр кесимине жетекчи болуп дайындалган Ч.М.Абдыкапаровго "Ак-Улак" көмүр кесими өткөрүлүп берилди.
Ч.М.Абдыкапаров башкы маркшейдерди, башкы инженерди жана башкы эсепчини жаңы дайындап алды. Бишкекте жаңы офис ачып алып, жаңы дайындалган жетекчилер ошол офисте иштеп жатышты. Ал эми көмүрдүн чаңын жутуп иштеп жатышкан шахтерлордун жашоосу менен иштери болгон да жок. Келген МАЗ автомашиналары Кытайга чейин көмүр тартып талкаланды. Ак-Түздө руда тартып иштешти. Бирок "Ак-Улак" көмүр кесимине бир сом да киреше түшкөн жок. Ак-Туздан руда тарткан аласабыз үчүн келе турган ЭКГ экскаватору айланып жүрүп, 12 млн. сомго ОсОО "МИЛЛЗ" ден кириш болуптур. Көрсө А.С.Бабасиев жана Ч.М.Абдыкапаров баш болуп, инвесторлор документ менен гана Ук-Улактын таш-талканын чыгара беришкен тура. Үч жылдын ичинде кескин түрдө салыкка, соцфондго, айлык акыга болгон карыздар өсүп кетти. Ал эми кредитордук башка карыздарды айтпай эле коелу. Шахтерлордун казган көмүрү 97 млн. сомдук кредитордук карызды жапканга эле кете берди. Ушул иштердин баардыгына жол берген мамлекеттик жетекчилерге терең нааразычылык билдиребиз. Бул жасалган иштердин баардыгы далай текшерүүдөн өттү, 29-сентябрь 2004-жылы Нарын облусу боюнча МСИнин салыктарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн сектор башчысы Б.Оторбаев жана Ысык-Көл, Нарын облусу боюнча Эсептөө палатасынын башкы инспектору С.Джаминчиевдер тарабынан текшерилип аныкталса да, эмнегедир жыйынтык чыкпастан калып калууда. Инвесторлор Ак-Улактын ишин илгерилетмек тургай, тетирисинче эң төмөнкү абалга алып келишиптир.
Бүгүнкү күндө Ак-Улак көмүр кесиминин абалы оор, бир убакта Ак-Улакты иштетем деп келген инвестор А.С.Бабасиев Ак-Улакты карызга батырып, жок карыздын эсебинен Ак-Улактын болгон мүлкүн арестке койдуруп, арзан баалаттырып тартып алууда. Анын аласасынын учугу баягы эле 1999-жылы түзүлгөн үч тараптуу келишимге келип такалат. Ак-Улактын бухгалтериясынын эсеби боюнча инвестор А.С.Бабасиевдин компаниясына Ак-Улактын эч кандай карызы жок болсо да, бирок негедир соттор жана сот аткаруучулар А.С.Бабасиевдин компаниясынын пайдасына чечип беришүүдө. Бул жерде да А.С.Бабасиевдин күчтүү байланыштары жана калың капчыгы ойносо керек.
Ак-Улак көмүр кесиминин директору Т.Сабыров башка жумушка которулуп кеткенине байланыштуу, 18-январда 2007-жылы ГП "Көмүр" тарабынан А.Султанкулов директор болуп дайындалган. Жумушту уюштуруу максатында жумушчуларды алып 18-февралда Кара-Кече участогуна барып иштей баштаганбыз. 2006-жылы Н.Мотуевдин башкаруу убагында таланып-тонолгон техникаларды жаңыдан курап жаткан убакта 29-мартта, ошол эле А.С.Бабасиевдин жакын адамы В.Гречко ОсОО "Кара-Кече Көмүр" ишканасынын директору болуп чыга келди. В.Гречконун айтуусу боюнча А.С.Басиевдин компаниясынан Ак-Улактын техникаларын ОсОО "Кара-Кече Көмүр" ишканасы сатып алган имиш.
В.Гречко Жумгал РОВДсунун кызматкерлеринин жардамы менен Кара-Кече участкасындагы Ак-Улактын болгон техникаларын ташытып алып кетти. Бүгүнкү күндө Кара-Кече участогунда болгону бир ЭКГ экскаватору калды, калган техникалар В.Гречко аркылуу ОсОО "Кара-Кече Көмүр" ишканасына тартылып кетти.
Азыркы учурда Миң-Куш шаарчасында жайгашкан Ак-Улактын "Туура-Кавак" участогундагы техникаларды жана башка мүлктөрдү В.Гречко ОсОО "Кара-Кече Көмүр" ишканасыныкы деп талашууда.
Убагында инвестор А.С.Бабасиев аркылуу Ак-Улак көмүр кесимине бир даана ЭКГ-5А экскаватору 44 млн. сомго кириш болгон болсо, ал эми азыр ушундай эле ЭКГ экскаваторун 400 000 сомго баалатып тартып алууда. Ак -Улак мамлекеттик ишкана болобу же А.С.Басиевге окшогон капчыгы калың ишкерлер эле ойной береби? Көмүр кени мамлекеттики! Биз эч качан менчиктештирүүгө жол бербейбиз! Мамлекеттик башкарууда тартип кайда!
Ак-Улак көмүр кесиминде 300 адам иштеп, үй-бүлөсүн багышчу эле 5-6 жылдан бери айлык акыбызды ала албай алды аласасы 60-70 миң сом болуп калды. Жалпы жумушчулардын айлык акыдан аласасы 6 млн. сомдон ашты. Ал эми элдин жашоосу күндөн-күнгө төмөндөп бара жатат. Ансыз да урандын уусуна ууланган элдин ден-соолугу начарлап, айлык акы албагандыктан жакшыраак тамак-аш ичпей кыйналууда. Карапайым, маданияттуу, тартиптүү шахтерлор ушул күнгө чейин чечилип калаар деп жашап келишкен үмүтү үзүлдү.
Ач-жылаңач балдарын көрүп, жүрөгү ооруган ата-энелердин принциби "Жатып өлгөнчө атып өл. Адилет чечим болобу де афиристердин заманыбы?"

Өкмөткө, башкаруу органдарына төмөндөгүдөй талаптарды коебуз:
- Эң биринчиден айлык акыбызды төлөп берүүсүн талап кылабыз;
- А.С.Бакиевдин компаниясынын пайдасына чечилген соттун чечимдерин адилеттүү каралуусун талап кылабыз;
- Ак-Улак көмүр кесиминин келечегинин тезирээк чечилишин талап кылабыз;
70 кишинин колу коюлган.




Бармак басты, көз кысты
Ишке ашпаган сот өкүмү
Талас жергесинде союздун учурунда кирешелүү тармактын бири- СССРдин 60 жылдыгы атындагы дан азыктарын иштетүүчү ишкана болгон. Жергиликтүү эл аны сүймөнчүк менен "Ак- тегирмен", - деп аташып, аны жетектеген Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери Кеңешбек Нуржанов ушул комбинатта 44 жыл бою иштеп келген. Өлкөдө менчиктештирүү башталып, дан азыктарын иштетүүчү ишкана анын учурунда кайрадан Талас "Дан - Азык" акционердик коом болуп түзүлүп, акциянын 53,6 пайызы ишкана жамаатына берилген. Ишкананын көмөкчү чарбасында 1800 баш кой, 40 ири мүйүздүү мал, 20га алма багы, 100га айдоо аянты бар эле. Акционердик коомдун өзүнүн автобазасында 50 автоунаа элге кызмат көргөзүп келген. Казак республикасына чектеш Маймакта темир жол тупиги менен данды кабыл алуу пункту иштеп турган. Талас "Дан - Азык" акционердик коомунун бүт көрсөткүчтөрү жакшы болгону менен, ага сугун арткандар кирешелүү ишкананы менчиктештирүүнү максат кылышкан. Алардын бири - экс-президенттин балдызы Саркишева болду.
"Кошоматка кой сойгондор", - акциянын контролдук пакетинин 53,6 пайызына жамаат ээ экендигине карабастан, бул ишкананын жетекчиси К.Нуржановду иштен кетирип тынышты. Ошол кездеги Талас областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нарынбек Токтосунов, областтык мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Масалбек Качкеев жана шаардык аткаруу бийлиги Талас "Дан - Азык" ишканасына жалгыз Саркишеванын кадидатурасын сунуштаган. Жамаат Саркишеванын кадидатурасын кабыл алган жок. Мыйзамды бузуу жолу менен ошол кездеги Талас "Дан - Азык" акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Асылбек Куттубаев акционердик коомдун чогулушунда өтпөй калган Саркишеваны 1996-жылдын 25-апрелинде №15 буйругу менен төрайымдыкка бекитет.
Бийлик колуна тийген Саркишевага чейин эле 1996-жылы 18-апрелде эмгек жамааты акционердик коомго 811 822 сомду мурда эле төлөп, кассалык ордерди алышат. Контролдук пакеттин 53,6 пайызына ээ болушат. Ошол жылдын 25-апрелинде Саркишева "Ак темирменде" пайда болот. Контролдук пакет тынчын алган Саркишева ишкананын кассири Ташыбекова аркылуу №157 чыгыш кассалык ордери менен №93 ишеним каты аркылуу акциянын 3,7 пайызын түзгөн 92 760 сом 1996-жылдын 16-августтунда эмгек жамаатына кайрылды кылат. Ошентип, жамаатка тиешелүү акция 49,9 пайызды түзөт да, контролдук пакет жоюлат. Саркишева бул операцияны жүргүзгөндө, акционерлер Райымкуловго, Үмөталиевге жана ушул каттын автору Акжоловго өзүн колдоп коюу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, булар макул болгон эмес, ошондон улам бул максатты ишке ашырууда эмгек жамаатындагы Курамаев, Куттубаевдер күч үрөп, жардам беришет.
Талас "Дан - Азык" акционердик кому түзүлгөндө буга областтын ар кайсы аймагынан 9 чарба мүчө болуп, алар акция үлүшүнүн 37 пайызына ээ болмок. Бул 1996-жылдын 26-январындагы Талас областтык мүлк фондусунун №8 токтомунда көргөзүлөт. Саркишева бул дыйкан чарбалары менен макулдашпастан, өзүн - өзү билет да, алардын ордуна башка 5 дыйкан чарбасын мүчө кылып, комиссиондук акчанын 7 пайызын да, акциянын 44 пайызын да, төлөп, акциянын 44 пайызын ээлеп алат. Кийин, мурдагы 9 чарбанын нааразы болгон жетекчилери менен жекече сүйлөшүп, алардын ичинен моюн сунбагандарын акимдик кызматка алып барам деп убадалашат. Саркишева бул убадасын аткарып, анын үчөө азыркы күнгө чейин майлуу-сүттүү кызматта иштеп жүрүшөт.
Ошентип, Саркишеванын доору да аяктайт. Эмгек жамаатынын жана акционерлердин арызы аркылуу Талас "Дан-Азык" акционердик коому жамаатка кайрылары тууралуу сот акыры 2005-жылдын 18-ноябрда чечим чыгарат. Саркишева буга каршы арыз жазат. 2006-жылдын 26-майында Жогорку Сот бул чечимди бекитип, акыркы чечим даттанууга жатпай тургандыгын белгилеген. Ушуну менен эмгек жамааты менен Саркишеванын ортосундагы талашка чекит коюлдубу? Жок.
Талаш - тартышта 2005-жылы 18-ноябрда сотто утулган Саркишева өзү ээлеп алган акцияларын баласы Кашкараев, иниси Жамакеевдердин атына которуп, сот процессии бүтө электе, 2006-жылдын 5-январында Апитовго сатып ийет да, Чүй областынын сотуна аппеляциялык арыз жазат. Соттун ошол кездеги төрагасы Абышкаев биринчи чечимдин биринчи пункутунан башкасына макул болот. Ал эми мурунку чечимдин биринчи пунктундагы акцияга ээлик кылууга Саркишеванын укугу сакталып калат. Жогорку Сот Чүй областык соттун аныктамасын четке кагат.
Азыркы күндө Саркишева өз ордуна даярдап кеткен Апитов Талас "Дан - Азык" акционердик коомунун төрагасы милдетин аркалоодо. Айтылуу "Ак тегирмендеги" автоунаалар, техникалык каражаттар четинен сатылууда. Жүрөк ачышат. Ошентип, Саркишева Талас "Дан-Азык" акционердик коомун бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик резервге 23 миллионго жакын сомго, электро энергияга 100 миңден ашык сомго карыз кылган. Мындан тышкары бир нече жылдар бою соцфондго жана мамлекеттик чыгымдарды төлөбөгөндүгү да аныкталган. Өзүм билемдиктин кесепетинен бул күндө. "Ак тегирмен" электро энерсиясыз калып олтурат. Ал эми тегирмендин кымбат баалуу техникалык жабдуулары акырындык менен жараксыз болуу коркунучуна дуушар болууда. Бул маселе боюнча өз учурунда президентибиз К.Бакиевге да даттануубузду тапшырганбыз. Бирок, мамлекет башчыбыз тарабынан али реакция боло элек, жооп жок.
Жооп алынганча Талас "Дан-Азык" мамлекеттик резервке 23 млн. сом карыз болуп чыгууда. Бул маселе боюнча 2008-жылы доо арыз берилген. Бул карыз качан гана азык-түлүк коопсуздугу кыса баштаганда оркоюп билинди. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик мүлк комитети тиешелүү көңүл бурган жатат. Талас "Дан-Азык" АК мамлекетке өткөрүлүшү керек. Себеби, Жогорку Соттун чечимине ылайык Саркишеванын 1996-жылдан 2005-жылга чейин мыйзамсыз ишке киргени тууралуу токтом чыккан. Мына коррупция, кана бийлик күчү? Убагында түштүккө буудай жөнөткөн "Ак тегирмен" жок болууда. Марат Жамакеев менен Султан Кашкараевдер бир жылдан ашык АКда иштеп акциясынын калганын ээлешип, "Ак тегирменге" чоң зыян келтирген. Ошондуктан булардын акциялары сот чечиминдегидей мыйзамсыз.
Карап көрсөк, сот адилет өкүм чыгаргандай, бирок кабыл алынган өкүмдү кимдер, качан ишке ашырат? Кайдыгерликпи же камырабастыкпы?...
Д.Акжолов,
"Алиби"

Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиевге
Көчүрмөсү: Талас облусунун администрация башчысы губернатору Бейшенбек Болотбековго




Урматтуу
Курманбек Салиевич!

Биз Сизге кайрылуубуздун себеби 17-октябрь 2007-жылы касиеттүү Талас жергесине келгениңизде Сизди тосуп алуу менен сырттан жолугуп, Сиз, бизди ички залга чакырып бизге сөз бергенсиз. Биз өз көйгөйүбүздү айтып, сот чечиминин аткаруу барагын өз колуңузга берип, бүгүнкү күнгө чейин жооп күтүүдөбүз. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздү, убактыңызды бөлүштүрүп, бизге окшогон эски бийликтин азап-тозогун тартып, Акаевдин режимине каршы чыгып, 2005-жылы март айындагы революциянын башынан аягына чейин колдоп, ошондон бери соттошуп отуруп, Талас "Дан-Азыктын" 26-май 2006-жылы Жогорку соттун чечимине ылайык "даттанууга жатпайт жана акыркы чечим болуп эсептелинет", - деп Акаевдин балдызы Саркишевадан мыйзам чегинде сот бизге кайрып берген, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир да аткаруу бийлиги мыйзам чегинде чечип бербей келүүдө. Ошол себептен бизге окшогон атуулдар трибунага чыгып, кайрылуу жасаганбыз. Мен өз позициямды, Таластагы көйгөйлөрдү Сизге кененирээк болгонун болгондой түшүндүрүп, айтып берер элем, эгер кабыл алсаңыз. Акаевдин калдыктары али күнгө чейин "Дан-Азыкта" отурушат.
Биз акционерлер, ар кимибиз ушул Талас "Дан-Азыкта" 20-30 жылдан иштеген адамдарбыз. Бизде айтаар сөздөрүбүз Сиз жүргүзүп жаткан саясатка пайда келтирер эле. Өкмөткө чейин кайрылуу жолдоп, өкмөттүн юридикалык бөлүм башчысында болдук. Бирок, майнап чыкпай жатат. Сизге кайрылуубуздун себеби, Урматтуу Курманбек Салиевич, мыйзамдуу чечим кабыл алууга көмөктөшөт деген акыркы ишеним сизде калды.

Сизди терең урматтоо менен, ишиңизге ийгилик каалап,
1996-жылдын Талас "Дан-Азык" АКСнын акционерлери: Д.Акжолов, М.Үмөталиев, Н.Раимкулов ж.б.