№52, 09.07.08-ж.
  Жаңылыкпы же жаңырыкпы...?

Кыргыз өкмөтү өзгөрүүгө тийиш
Кыргызстандын мамлекеттик машинасы - эл үчүн эмес, элге каршы иштеген система. Чиновниктер өздөрүн элита деп эсептеген өзгөчө каста, ал эми жөнөкөй атуулдар төмөнкү тепкичтеги эч нерсеге татыксыз адамдар. Мамлекеттик кызматта катардагы кызматкерлер үчүн атайын формула калыптанган: "пайдасыз көп иштер жана жарыбаган маяна". Карап көрөлүчү, эмне үчүн Кыргызстанда эң зарыл уюмдар азыркы күндө учурдан артта калган, кээде зыяндуу мекемеге айланган?!

Азыркы күндө кыргыз жергесинде мамлекеттик административдик машина өз казанында өзү кайнап жатат. Ачык айтууга туура келет, бардык коррупциялык илдеттер келип отуруп президенттин жеке өзүнө гана эмес, анын үй-бүлөсүнө, балдарына, бир туугандарына байланыштуу. Эл-акционерлер, президент-директорлор Кеңешинин төрагасы, а министрлер менен депутаттар- директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө айландырылган. Ушул акционердик коомдун штатында зор ажырым бар. Менеджерлерге баш ийген топтор, бул топторго көз каранды болгон адамдар болуп андан ары бир канча тепкичтерге бөлүнөт. Ар биринин даражасына ылайык аздыр-көптүр пакеттер түзүлгөн менен маяна төмөнкү деңгээлде. Жыйынтыгында, кызмат даражасына ылайык төмөнкүлөр азыраак уурдайт, министрлер алардан көбүрөөк уурдоого аракеттенет, ошентип алардын бардыгы акционер болгон элдин чыгымга төлөгөн каражаттарынан көбүрөөк уурдап калууга умтулат. Классиктерге кайрылалы. Макс Вебердин аныктамасына ылайык, биздин өкмөт-ашынган бюрократиялык системанын башатын түзөт. Чиновниктер өздөрүн урматтоону талап кылат, ал үчүн тигил же бул иште жасалма саботаж уюштурат. Мамлекеттик маанилүү маселени чечүүдө анын жыйынтыгына жана маанисине кайдыгер мамиле жасайт. Ар кандай ауденцияны үзгүлтүккө учуратып, эл менен жолугуудан баш тартат да, жеринен тез арада чечилүүчү ишти создуктуруп, түрдүү өтүнүчтөрдү айтуу үчүн 2 ай мурда кезекке жазылууну талап кылат. Иштин жыйынтыгы эмнеге алып келерин, кабыл алуу процессинде кандай багытта сүйлөшүүлөрүн аныктаганга чейин түрдүү тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан чиновниктердин чөйрөсүндө мурдатан иштелип чыккан: "Мен начальник, сен акмак", "Начальниктики ар дайым туура", - сыяктуу принциптер үстөмдүк кылат. Натыйжада, мамлекеттик кызмат алардын жашоо булагына, ар түрдүү жеңилдиктердин жана соцпакеттердин каражаты катары пайдаланууга жол ачылат. Мамлекеттик чиновниктер интриганы уюштурушуп, кимдин департаменти президентке, анын бир туугандарына, балдарына кандай кызмат өтөгөнүнө жараша бааланат да, мамлекеттик чечимди алардын пайдасына багыттап, "ким үйдүн кожоюну" болууга укуктуу экенин далилдөөнү негизги максатка айландырышат. Ал эми КРнын эли социалдык жана экономикалык чөйрөдө, сот системасында, мамлекеттик аппарата баш аламандыктын натыйжасында туңгуюкка капталып отурабыз. Ошондуктан, биздин мамлекеттик машинаны модернизациялоо зарылдыгы пайда болду. Ан үчүн алгач мамлекеттик кызматчылардын санын кыскартуудан баштоо зарылдыгы келип чыкты.
1. Өлкөбүздө бардыгы 5 миллион атуул бар. Ар бир миллионго 10 администратор жетишет. Артыкбаш ведомстволорду, мамлекеттик комиссияларды, департаменттерди кыскартуу керек, себеби алар ишенимди актаган жок. Булардын ишин ӨЭУ жана атуулдардын өздөрү эң жакшы аткара алат. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жашаган ар түрдүү комитеттерди жана комиссияларды жоюу менен мамлекеттик администрациясынын ишинин натыйжалуулугуна жетишүүгө шарт түзүлүүгө тийиш. Ага эл менен иштей жана сүйлөшө алган кадрларды, адамдарды тартуу керек.
Экинчи орчундуу маселе- чиновниктин кызматчылары менен иштиктүү мамиле түзүүсүн тең укукта чечүү болуп саналат. Биздин өлкөдө иш менен таанышуу, талдоо жүргүзүү, макулдашуу, протокол түзүү, калган бардык маселердин жыйынтыгын иштеп чыгаруу көп убакытты алат. Тез арада чечилүүчү маселер жумалап, айлап, айрым учурда жылга созулуп кетет. Мамлекеттик же атуулдук иштерди чечүү же келишим түзүү үчүн текстти түзүү, компьютерге басуу, начальникке текстти көргөзүү, тексттеги эки-үч тамга үчүн улам кайталап оңдоолорду жасоо, комитеттер менен макулдашуу, документтерди регистрациялоо, аны бекитүү, документте белгиленгендерди аткарууга жөнөтүү сыяктуу артыкбаш иштер көп убакытты алат. Бул иштер аткарылгандан кийин токтом же чечим чыгарылат, каттар жөнөтүлөт. Натыйжада, канча убакыт текке кеткени менен эч кимдин иши жок.
Андан кийин бөлүмдөн бөлүмгө бүткөн документтерди алып жүрөсүң. Түрдүү жолугушуулардын, кеңешмелердин, заседаниелердин ордуна ишти уюштуруунун жөнөкөй жолу - конференц- байланыш аркылуу жүргүзүп, маанилүү маселени чечүүдө министр кол астындагы жетекчилерине талкуу жүргүзүүгө өтүү керек. Түзүлгөн кырдаалга карата курч маселени чечүүдө коллегиялуулук сакталып, кеңешип макулдашууга кызматкерлер жалпы корпоративдик чатты кеңири колдонуу пайдалуу болмок. Министр кайда болбосун, ал жыйынга өзү катышпаса да, кеңири маалымат алып, ага жараша чечим алууга, электрондук кол жазмасы менен электрондук мөөрдү керектүү учурда колдоно алмак. Маселен, Өзгөчө кырдаал министри Өкмөттүн кеңешмесине катыша албаса, интернеттин көрсөтүүчү системасын ( Shypc, Pall falh, ж.б. типтери) пайдаланууга неге болбосун? Бул аркылуу тонналаган кагаз, жүздөгөн адам- саат жана канча кымбат убакыт үнөмдөлмөк. Мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугуна жетишүүгө, маселени жеринен чукул убакытта, мамлекеттик жана экономикалык проблемаларды оперативдүү чечүүгө шарт түзүлмөк. Тилекке каршы биздин чиновниктер бул мүмкүнчүлүккө толук кандуу баа беришкен жок, маселени табигый жол менен чечүүгө даяр эместиги ачык көрүнүүдө. Жогорку үлгүдөгү технологияны окуп үйрөнүүгө жана аны илимий прогресстин талабына ылайык колдонууга көңүл бурулбай келет б.а. Өкмөттүн корпоративдик духу азыркы талапка жооп бербей отурат. Чиновниктер өздөрүнүн кыянатчылыгын жылмаюунун көшөгөсүнө жашырып, ар бир көз ирмемде бирин-бири сатууга, жаман атты кылууга даяр гана болбостон, бири-бирине кастыгы, көрө албастыгы күчөөдө. Бул учурдун эң чоң проблемасы бойдон калып жатат. Чиновниктердин армиясын кыскартуунун убакыты келип жетти. Ким мамлекет үчүн кызмат кылса, алар жалпы ишти аткарышат. Демек, кызмат тепкичинде куру атаандаштык болбоого, бири-бирине жолтоо жасоого каршы аесуз күрөш жүргүзүлүүгө тийиш. Алар ири корпорация сыяктуу иштеп, киреше башкы акционерлерге - элге кызмат кылуусуна жетиштүү керек. Элдин жашоосу канчалык жакшырса, корпорация да бай болот, демек, кызматчылардын кадыр-баркы да өсөт. Бул - турмуш чындыгы. Буга жетишүү үчүн корпоративдик идеология негиз боло алат. Анда биринчи жана экинчи класстагы кеңешчилердин, генпрокуратуранын, финполициянын, көптөгөн министрликтин, ведомстволордун мамлекеттик компаниялардын зарылдыгы болбой калат. Жогорку тепкичтеги жетекчи менен катардагы кызматчынын ортосунда тең укуктуу байланышы, кызматчынын түзүлгөн курч маселенин өнүгүшүнүн себептери тууралуу пикирлери менен эсептешпей, мамлекеттик машинанын натыйжалуу иштеши мүмкүн эместигин эске алуу керек- жаңы доордо толук кандуу жашап калышы үчүн мамлекеттик машина саясий-идеологиялык жактан жаңырууга милдеттүү. Кызматчылардын санын кыскартуу үчүн "Электрондук дүйнөнү" түзүү; Эрежелерди жана көндүм адаттарды (традицияны) өзгөртүү. Азыр бүткүл дүйнө мамлекеттик - корпорациялык ыкма менен натыйжага жетишүүгө багыт алууда. Биздин өлкө да буга кошулууга тийиш. Ансыз биз экономикалык күрөштө жана атаандаштыкта түбөлүк жеңилүүгө учурайбыз. Алдыдагы бул милдеттерди аткарбасак, калктын жашоо турмушу кескин төмөндөйт да, өлкөдө саясий-социалдык жактан туруктуулукту сактоого мүмкүн болбой калат.

Азыркы күндө кыргыз жергесинде мамлекеттик административдик машина өз казанында өзү кайнап жатат.

Эл-акционерлер, президент-директорлор Кеңешинин төрагасы, а министрлер менен депутаттар- директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө айландырылган.

"Мен начальник, сен акмак", "Начальниктики ар дайым туура", - сыяктуу принциптер үстөмдүк кылат.

Мамлекеттик чиновниктер интриганы уюштурушуп, кимдин департаменти президентке, анын бир туугандарына, балдарына кандай кызмат өтөгөнүнө жараша бааланат да, мамлекеттик чечимди алардын пайдасына багыттап, "ким үйдүн кожоюну" болууга укуктуу экенин далилдөөнү негизги максатка айландырышат.




  Эл байлыгына кол салып…

Бүгүнкү кырдаал эртеңкиге өбөлгө боло алабы?
Өткөн айдын жаңылыктарына көз жүгүртсөк -өлкөбүздө саясий күчтөр экономикабыздын эң кирешелүү ишканаларына көз артып жатканына күбө болобуз. Оппозицияны кыңк эттирбей кысып салып, бийликтин кишилери ээн- эркин менчикти кайра бөлүштүрүү менен алек болушууда. Мындай көрүнүштөр 90-чу жылдардагы Россия приватизациясынын абалын эске салат. Ал жердеги приватизация миллиондогон элдин эсепсиз байлыгын ууру-кески аферисттердин колуна салып берген. Бүгүн биздин бай-манаптардын ичинен кимиси өз байлыгын адал эмгегим менен топтодум деп айтууга даайт?
Бүгүнкү саясий кырдаал - бийлик оппозицияны жарга такап, менчикти кайра бөлүштүрүүгө ачык-айкын эле киришип жатат деп айтууга негиз берет. Бул багытта оппозиция 0 упайга ээ десек болот, анткени алар өздөрү өткөргөн курултайлар, жыйындар, митингдер жана пикеттер аркылуу карапайым элдин кыжырын келтирүүчү синдромду жарата алды. Ал эми ошол иш-чаралардын жыйынтыгына келсек, жогоруда айтылган 0 деген упайга ээ болобуз. Ошол эле убакта бийлик ээлерине 5 упай ыйгарсак болот. Анткени, алар 4 аракетти ийгиликтүү түрдө ишке ашырып койду: 1. Ишенбай Кадырбековду камакка алды эле, ал ишенген кыргыз эли эмес, өзү төрөлүп өскөн нарындыктардын бирөөсү да Кадырбековдун пайдасына калыстык сөзүн айтууга жараган жок. 2. Айбыкпастан туруп бийлик Кубатбек Байболов менен Нуржамал Байболованын байлыгына да, бийлигина да чек койду эле, чүйлүктөрдүн бирөөсү да чындык үчүн чыркыраган сөзүн айталбады. 3. Бүгүн бийлик жаш саясатчы Равшан Жээнбековдун АКШдан кайтып келүүсүнө болгон бөгөттөрдүн баарын жасап, акырында көз каранды соттордун колу менен аны кармоого жана камоого өкүм чыгартууга жетишти. Азырынча, таластыктардын ичинде эмне бар экендигин билүү мүмкүн эмес. 4. Элдин унчукпаганынан пайдаланып менчикти кайра бөлүштүрүүнү ийгиликтүү ишке ашырууда.
Кыргыздарды 1916-17-жылдары кыргындан сактап калган атабыз В.И.Лениндин "Саясат бул -уютулган экономика"- деген сөзүн азыркы бийликтегилер абдан жакшы өздөштүргөнү көрүнүүдө. Максим Бакиев Айдар Акаевге караганда абдан акылдуу экендиги да ушундан байкалууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, азыркы массалык маалымат каражаттары, энергосектору жана банк сектору Максим Бакиевдин колуна өтүүдө. Сыягы, ал Ленин атабыздын осуяттарын турмушка ашырып, атасынын бийлигин бекемдеш максатында гезиттерди, жолдорду жана банктарды колго алууну өлө өздөштүрүүдө. Максим Бакиев "Манас" банкын уюштурган соң Улуттук банкка - "банк лицензияларын мындан ары көрүнгөндөргө бере бербегиле!"- деген катуу көрсөтмө бергендиги айтылууда. Массалык маалымат каражаттарын бийлик өзүнө толук көз каранды кылып багынтуу же чөнтөк соттор аркылуу жок кылуу жолуна түштү. Бул жерде ал уят, элден тартынуу, адилеттикти сактоо деген түшүнүктөрдү тебелеп-тепсөө менен иш жүргүзүүдө.
Экономикалык өңүттө деле жыргап кеткен жылыштар жок. Мамлекеттик мүлк комитети 17-июнда "Кыргызтелекомду" сатууга койду. Анын баасын "Вип Капитал" деген чет элдик бир уюм "ашкан акылмандык" менен 250 миллион долларга бааласа, биздин бийлик андан ашып түшүп, 44 миллион долларга сатабыз деп алакан ушалап турган кези. Менин жеке оюм боюнча бул эки баа тең - алдын-ала макулдашуудан улам пайда болгон, эки тарапка тең ыңгайлаштырылган баа. Адистердин айтуусуна караганда, "Кыргызтелекомдун" анык баасы 1 миллиард долларга чамалап барууга тийиш. Ушул өңүттөн алып караганда, Мамлекеттик мүлк комитетинин бүгүнкү жетекчилерин 5-10 жылдан кийин азаптуу турмуш күтүп тургандыгы анык. Себеби, алар кийинки келүүчү бийликке чөгөлөп берген күндө да элдик соттун жазасынан бошонуп кетүүсү мүмкүн эмес.
Өткөн жумаларда энергосектордун акциялары эбегейсиз сатыкка түштү. Мисалы: ААК "Кыргызнефтегаздын" акциялары номиналынан 3.6 эсе төмөн баада сатылып жатат. ААК "Ошэлектро" акцияларын номиналдан 11 эсеге арзан, ААК "Бишкектеплосеть" - 7 эсеге арзан, ААК "Электр станциялары" - 0.5. эсеге арзан, ААК "Чыгышэлектро" - 3 эсеге арзан сатышууда. Номиналдан ылдый баада ал мекемелердин акцияларынын сатылышы - бир топ күдүктүү ойлорду жаратат. Анткени, так ошондой көрүнүштөр менен өз кезегинде Россиядагы РАО ЕЭСтин акциялары да сатылган. Аларды бийликке жакын адамдар, аферисттер арзан баада сатып алып, андан кийин энергияны элге кымбат баада сата башташкан. Ошол себептен азыркыга чейин россиялыктар кежир балдарын Чубайстын аты менен коркутушат. Кыргызстандын энергосекторунун тегерегинде түзүлгөн абал Россиянын 90-чу жылдарына коендой окшош. Эл арасында күдүк ойлорду жаратпоонун бир гана жолу - ал энергосекторду менчиктештирүү ачык-айкын жүргүзүлүүгө тийиш эле. Бирок, биздин бийлик андай жолго өлүмү барбайт. Себеби баарыбызга белгилүү. Ачык-айкын жүргүзүлгөн соодадан "кол кесер" (шапке) алуу мүмкүн эмес.
Эксперттердин айтуусуна караганда өлкөбүздөгү инфляциянын көрсөткүчү 1-июлга карата 10,4 пайызды түзгөн. Жеке эсептөөлөр боюнча анын көрсөткүчү 18 пайызга жетти десек болот жана жыл аягына чейин 24 пайызга чыгып кетиши толук мүмкүн. Бирок, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, кыргыз эли аны акырындап жеңип өтөөрүнө көзүбүз жетет. Кыргызстандагы жеке ишкерлердин аракети мамлекеттин экономикасынын көптөгөн жыртыктарын бүтөп, кыйынчылыктардан сактап келүүдө. Саясий абалдын чукул арада өзгөрүп кетишине азырынча кескин негиз жок. Баардыгыбыздын күткөнүбүз күрдөөлдүү күз айлары. Анткени, күзүндө баалар дагы көтөрүлүп олтурса, жерде жашап, жер менен алектенген элеттиктер козголуп чыгышы мүмкүн. Ал эми элет саясатка аралашса, саясий-социалдык абалдын кардиналдуу түрдө өзгөрүп кетүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Бетти даярдаган
Искендер Шаршеев,
саясат таануучу,
бизнес-аналитик