№52, 09.07.08-ж.
  Кыргыз качан жана кайдан чыккан?

Мамлекетте катуу тартип, коомдо туруктуулук сакталмайынча, өлкө алдыга жылбайт. Башаламандыкка жол берилсе, шылуундар, алдамчылар гана үзүрүн көрөт.
Кийинки 15 жылда жакшылардын баары жакыр болбодубу! Уурдап, жулуп, үзүп, талагандар байыды. Бирок, бул жолдун келечеги туюк.

( Башталышы өткөн санда )
Онунчу. Коом турмушун жалаң гана мыйзам менен жөнгө салып турабыз деп, нарк-насил, каада-салтты четке кагып, кыргыз бүгүнкү бөрүлөрдүн, түлкүлөрдүн башаламан заманына келди.
Бул замандан кыйла таза СССР менен КПСС 70 жыл жашап, кыйроого учурабадыбы.
"Эл байлыгы - адилет, таянычы - калыстык, келечеги акыйкат" деген бабаларыбыздын акылын турмушка ашыруунун аракетин көрүшүбүз керек.
Базар экономиканы мамлекет түзүлүшүнүн негизги пайдубалы кылуу (бүгүнкүдөй) - олуттуу ката жана зор адашуу. Ал болгону гана чарба жүргүзүүнүн натыйжалуу ыкмасы. Ошондо да мамлекет тарабынан тартипке (социалдык теңдик, эл жана өлкө кызыкчылыгына) багытталып турушу зарыл.
Мамлекеттин пайдубалын тартип, туруктуулук, адам эркиндиги, теңдик, эл бийлиги жана бийликтин эл алдында жооптуу болушу түзөт.
Күнүмдүк турмуш менен гана жашаган өлкө (бийлиги да, эли да келечекти ойлобой, ага кам көрбөсө) - акыры кыйроого учурайт, эли жакыр болот, акырындап тентип, өлкөнү таштап, кете баштайт (бүгүнкүдөй).
Мындай оор абалда бийликтин кайдыгерлиги - кылмышка тете (анткени өз учурунда чечилбеген маселелер өзөккө түшкөн дартка айлана баштайт).
Мыйзамдуулук менен башкарылган өлкө өнүгөт, эл турмушу оңолот.
Мыйзамды бурмалап, жетелеген төөгө айланткан жол менен өлкө башкарылса (бүгүнкүдөй) - элдин азабы, бийликтин шору.
Кийинки жылдары сясатчыларга мүнөздүү болгон "популизм" менен "демагогия" кулакка угумдуу болгону менен, аны илгери эле акылман бабаларыбыз "келжиректердин тантырак сөзү" деп коюшчу.
Буга да алданбаш керек. Баарын бириктирип, "адилет болбой эл жарыбайт" деп бабаларыбыз төрт сөз менен эле айтып коюшкан экен.
* * *
Эмки кыска сөз - дүйнөлөшүү (глобализация) жөнүндө.
Бул көрүнүш адамзаттын тарыхындагы кезектеги табигый жаңы доор. Аны эч ким токтото албайт (түн артынан чыккан күндү ким токтото алат?).
Бул жөнүндө кенен мурун чыккан китептеримде жазгам.
Кыргызстан үчүн дүйнөлөшүүнүн жакшы да, жаман да жактары бар. Бирок, биринчисинен экинчиси бир топ эле арбын.
Жакшы жактар:
- Дүйнөлүк алдыңкы жетектөө (менеджмент), соода жүргүзүү, акча жүгүртүү тажрыйбаны тез үйрөнүп, жаңы технология, жаңы жабдыктарды ойлоп таап олтурбай, сыртан алып келип өздөштүрүү, ири көлөмдөгү акча каражаттарын түз инвестиция катары тартып келүү мүмкүнчүлүгү.

Жаман жактары:
- Дүйнөлүк империализмдин жаңы колониялык саясатынын үстөмдүгү жана кысымы;
- Аларга көлөмдүү карызыбыз (2 млрд.доллар) акча аркылуу эгемендүүлүгүбүздү жоготуп, буйруктарынан чыга албай, жер-суу-кен байлыктарыбыздан кол жууп калуу коркунучу (мунун 60% турмушка ашып калды, алардын уруксатын албай Кыргызстан өз алдынча бир дагы салык же башка бюджет төлөмүн өзгөртө албайт);
- аларга буюмдарын сатып туруш үчүн гана базар болуп, өз өндүрүшүбүздү талкалап, жоготуу (бул дагы 60% ишке ашып калды);
- алардын бүт ыплас кемчиликтерин, жаман жактарын алуу коркунучу. Бу дагы 60% турмушубузга кирип калды (бүгүндөй коррупция, сойкулук, баңгилик, СПИД, кылмыштуулук, ыймансыздык, жумушсуздук мурда Кыргызстанда бар беле? Анын баары бизге дүйнөлөшүү аркылуу келбедиби!!);
- Дүйнөлөшүүнүн башында АКШ турганы үчүн, бул көрүнүш Кыргызстанды америкалаштыруу (вестернизация) түрүнө айланды (алардын ыры, бийи, музыкасы, жүрүм-туруму, баалуулуктары ж.б. туташ элибизди каптап келди);
- өз улуттук жүзүбүздү, дилибизди, рухубузду, маданиятыбызды толук жоготуу коркунучу (бул көрүнүш мурда эле, совет доорунда башталганын эске алсак, бүгүн ал ого бетер күч алып, коркунучтуу деңгээлге жетип калды);
- өз алдынча ички да, тышкы да саясат жүргүзө албаган коркунучу (бу дагы 30-40% ишке ашып калды).
Дүйнөлөшүү иш жүзүндө тымызын, көшөгө артында жүзүн жашырган баскынчылык саясатты ишке ашырууга айланды.
Бал тили менен бизге берген кеңештери, айткан акылдары, "жардамдары" (албетте, тырмакчанын ичинде) иш жүзүндө оору адамга берген ууну элестетип жатпайбы.
Буга алданбай, көзүбүздү ача турган мезгил келди, атүгүл, өтүп да кетти.
Эки сөз - эркиндик менен теңдик жөнүндө. Илгертен бери адам эркиндигин рухий нарктар чектеп келген (уят, абийир, намыс, ыйман ж.б.). Кийин адам эркиндиги бийликтин күчүн ооздуктап, укугун чектөөгө байланыштуу болгон (азыр да Кыргызстанда ушундай). Бирок, коомдо адилет, калыстык орногондо гана адам накта эркиндикке жете алат. Ушул эркиндик гана коомго калыс теңдикти алып келет.
Адилет, калыс, акыйкат болбосо - кайсы адам эркиндиги жөнүндө сөз болуу мүмкүн? Эркиндик менен теңдик орнобосо - коомдо туруктуулук болбойт, демек, ал өнүгө албайт (өлкөбүз кийинки он беш жылдагыдай).
Коомдо адилет, калыстык болбосо - катуу тартиптин болуусу да мүмкүн эмес. Туруктуулугу, тартиби, адам эркиндиги жок өлкө - кыйроого гана учурайт.

VIII. Сөз аягы
өзүн да, заманын да тааныбаган кыргыз өз алдынча ой жүгүртүп, элдин да, өлкөнүн да тагдырын жакшылыкка буруп, өзгөрткөнгө бүгүн жөндөмсүз болуп калды окшойт.
Биринчиден, өлкө абалы өтө оор.
Экинчиден, мынча оор абалдан Кыргызстанды саясатчылардын баары бириккенде да алып чыга алышпайт, эгерде калың эл аларды ээрчип, колдобосо.
үчүнчүдөн, ал үчүн саясатчылар - эң алды өздөрү улуу максат, аруу тилектин тегерине биригип, анан аны элге жайылтып, жеткизиш керек.
Ансыз, эл биригип, колдоп, ээрчибейт (себеби, көп жылдар бою алданып келген эл бүгүн эч кимге, кудайга да ишенбей калды окшойт).
Эл биригип көтөрүлбөсө - бийлик канча алмашбасын, ага ким гана келбесин, Конституция канча жолу жаңыланбасын - олуттуу өзгөрүүлөр болбойт.
Төртүнчүдөн, өлкө абалын түп-тамыры менен өзгөртүш үчүн көп тармактарда чечкиндүү чаралар ишке ашырылышы зарыл (Жаңы Конституцияны кабыл алуу, өлкө башкарууну өзгөртүү, кызматчылардын санын 30-40% кыскартуу, областтарды жою, салык, бажы төлөмдөрүн азайтуу, сотторду адилет иштетүү, коррупциянын тамырын кесүү ж.б.).
Калың эл түшүнүп, колдобосо - мунун бири да ишке ашпайт.
Бешинчиден, эски жетекчи-саясатчылар мындай жаңыланууга жөндөмссүз, демек, жаңы муун, жаштар саясатка келиши зарыл.
Алтынчыдан , сексен жыл бою аң-сезим, ой жүгүртүүгө мите курттай кирген манкуртчулуктан (өзүбүзгө ишенбей, башкаларды өзүбүздөн өйдө койуп, ээрчип алмай ж.б. жаман адаттардан) тез арада кутулуш керек. Бул жаман илдет кыргыздын сөөгүнөн өтүп чучугуна чейин жетти, андан айыгуу өтө оор жана кыйын болчудай.
Жетинчиден, мунун баарын ишке ашырууга убакыт өтүп, калбай калды (эл тентиди, жер сатылды, коррупция чырмап жашоо шартка айланды, Мекен, Улут унутулду ж.б.).
Дагы бир аз убакыттан кийин кыргыздын аты калып, заты кетип, касиети качып, кайрылгыс жоготууга учурашы мүмкүн.
Бул - биротоло жок болуунун алгачкы белгиси.
Сегизинчи.
"Ак үйдү алабыз" деген акылы тайкы саясатчыларга эл ишенип, аларды ээрчибеш керек. Күч менен алмашылган бийликти бир дагы өлкө тааныбайт, демек, мамиле түзүп, колдобойт (2005ж. марттан кийин атайын расмий сапары менен Казакстандын жетекчисинен башка Кыргызстанга дагы ким келди?).
ШКУ-ун мүчөлөрү ШКУ-уну сыйлап келгени - бул бөлөк маселе (ал эки тараптуу атайын расмий сапар менен келген сүйлөшүүнүн катарына кирбейт).
Тогузунчу. Түбөлүк жашай турган болуп сезилген СССР да, КПССда кыйрайт деп ким ойлоптур?
Жылмайып сүйлөп, калктын каргышына калган президент качып кетет деп ким ойлоптур? Демек, бийликке жетип, бирок элин, Мекенин, Улутун, калкка берген убадаларын унутуп, арам жолго түшүп, акча, байлыкка сатылган саясатчылар акыры бир күнү жооп берээрине күмөн болбойлук (эл алдында болбосо да, Теңир жана арбак алдында).
"Арам жукпайт, өзү болбосо да балдары кусат" - деген кыргыздын улуу сөзү бекер айтылган эмес. Анын артында миң жылдарды камтыган турмуш тажрыйба жатат. "Манас - жомок, Кыргыз ХVIIк. араң калыптанган" деп элибизди алдаган КПСС бүгүн кана, кай жакта?
Бүгүнкү төбөлдөр, атка минерлер бабалар айткан улуу сөздү эсинен чыгарбаса болот эле.
Ар адам өз бактысы үчүн кандай күрөшсө, эл дагы өз келечеги, тагдыры үчүн ошондой күрөшүшү керек.
Бакыт асмандан "топ" деп түшүп калбайт.
Москва шаарында болгон "Норд-Ост" кайгылуу окуясында чечен элинин жаш келиндери эли, өлкөсү үчүн өз жанын кыйышты.
Кыргыз жанын кыйбай эле койсун, бирок Мекен, Келечек үчүн түз сүйлөп, чындыкты бетке айтканга жараса болот эле!!
Ушуга да жарабай жатпайбызбы! (кызмат, мансап, көртириликтен өйдө көтөрүлө албай).
Бир заманда көк асманда таңшып учкан бүркүттөй болгон "моголистандын жапайы арстандары" деп аталган кыргыз бүгүн тордун артында какылдаган тоок жана эшик алдында чепилдеген кандекти элестетип бараткан жокпу?
Тазаланып, кайра жаралууну кыргызга сырттан эч ким алып келе албайт. Ал кыргыздын өз ичинен чыгып, өз аракетинен гана боло алат (эгерде болсо).
"Алты сан аман турганда ыйык кыргыз жеримди душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди тебелетип бөтөнгө кор кылып карап жаткыча, туулбай туна чөгөюн, тирүү жүрбөй өлөйүн. Аткарбасам антымды, төшү түктүү жер урсун, Көкө-Теңир өзү урсун!" - деп берген антында улуу рух, улуу эрк, Мекенине, Элине болгон чексиз сүйүү уюп жаткан үчүн Манас Бабабыздын ысмы ушунча улуу, касиетүү жерлерде аталып, нечен миң жылдар бою өлбөй, өчпөй, арбагы кыргызды дүйнөгө таанытып, көкөлөтүп, даңазалап, коргоп, сактап келатат.
Ар бир кыргыздын канында Манас, Бакай, Кошой бабаларыбыздын, Каныкей, Сайкал энелерибиздин бир тамчы болсо да каны агып, үзүлбөй келатат.
Ошол тамчы канды кор кылбай, бөлөк элдерге басылып малай, кул болбой, көр тириликке көмүлбөй, кызмат, мансап, байлык топтоодон өйдө көтөрүлүп, ойгонуп, Эл тагдырын, Мекен тагдырын, Улут тагдырын, өлкө тагдырын ойлоп аракет кылуу улуу милдети кыргыз алдында турат.
Ушул милдетти татыктуу аткара турган улуу инсандар келечек урпактарыбыздан арбын чыксын деген тилек менен үмүтүбүздү үзбөйлүк.
2007-жыл. Баш оона айы.

1 Сарыгулов Д.И. ХХI век в судьбе кочевников, Бишкек, 2001г. 27-45 беттер,
Сарыгулов Д.И. ХХI век: человек и общество, Бишкек, 2003г. 24-25 беттер,
Д.Сарыгулов Кыргыздардын байыркы жана азыркы абалы, Бишкек, 2003г. 31-46 беттер.

Базар экономиканы мамлекет түзүлүшүнүн негизги пайдубалы кылуу (бүгүнкүдөй) - олуттуу ката жана зор адашуу.

Күнүмдүк турмуш менен гана жашаган өлкө (бийлиги да, эли да келечекти ойлобой, ага кам көрбөсө) - акыры кыйроого учурайт, эли жакыр болот, акырындап тентип, өлкөнү таштап, кете баштайт (бүгүнкүдөй).

Кийинки жылдары сясатчыларга мүнөздүү болгон "популизм" менен "демагогия" кулакка угумдуу болгону менен, аны илгери эле акылман бабаларыбыз "келжиректердин тантырак сөзү" деп коюшчу.

Бал тили менен бизге берген кеңештери, айткан акылдары, "жардамдары" (албетте, тырмакчанын ичинде) иш жүзүндө оору адамга берген ууну элестетип жатпайбы.

Ар адам өз бактысы үчүн кандай күрөшсө, эл дагы өз келечеги, тагдыры үчүн ошондой күрөшүшү керек.

Кыргыз жанын кыйбай эле койсун, бирок Мекен, Келечек үчүн түз сүйлөп, чындыкты бетке айтканга жараса болот эле!!

Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер
("Кемиген Кыргыз" китебинен
алынган)