Коомдук-саясый гезит
№52, 09.07.08-ж.





◄◄◄
  Саясий заказбы же…

"Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновду бийлик неге камады?
Миграция боюнча комитеттин мурдагы статс-катчысы Мухтар Өмүракуновду Каржы милициясы 3-июнда суракка чакырып, 10 күнгө камака алган.
Мухтар мырзага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагууда.
Финполиция кызматынын маалыматына караганда, Өмүракунов статс-катчы болуп турган маалында миграция комитетине офис эмеректерин алуу боюнча келишим түзгөн. Эсеп палатасынын текшерүүсү аныктагандай, статс-катчы эмеректерди жогорулатылган баада сатып алып, мамлекеттин казынасына 4,5 миллион сом зыян келтирген экен.
Көптөгөн талдоочулар Өмүракуновдун кармалышын саясий себептер менен байланыштырууга үлгүрүштү. Себеби, "Замандаш" саясий партиясын түзгөн Мухтар мырза Орусия жана Казакстандагы эмгек мигранттары менен жакындан аралашып, аларга колдон келген жардамын берип, кадыр-баркка ээ болуп калган. Андан тышкары "Замандаш" деген журналды ачып, Кыргызстандагы төбөсү элге көрүнүп калган саясатчыларга ар кандай сыйлыктарды ыйгарып, айланасын бекемдей баштаган. Ошол эле учурда, жогорудагы партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганын жана жарышка түшпөй жатып, бийлик тарабынан четтетилгенин баарыбыз жакшы билебиз. Анткени, миллионго жакын сыртта жүргөн мигранттар бийликтин жаңы түзө койгон "Ак жол" партиясына эмес, өздөрү жакшы билген "Замандаш" партиясына колдоо көрсөтүп, добуштарын берип коюусу толук мүмкүн эле. Мындайдан чочулаган бийлик ал партияны заматта четке сүрүп чыгарган. Анан ушуну менен тынч калабы десе, Мухтар мырза ага да болбой "Замандаш-пресс" деген маалымат агенттигин ача койсо боло. Ушуга окшогон кадамдар Мухтар Өмүракуновдун президенттик шайлоого тымызын даярданып жатканынан бийликке аян бергенби, айтор аз убакыт калган президенттик шайлоого жете электе атаандаштарды аренадан сүрүп чыгаруунун аракети дешүүдө саясий аналитиктер.
Анткени, жогорудагыдай "дежурный" берене менен айыл өкмөтүнөн тарта Ак үйдүн жетинчи кабатындагыларга чейин кылмыш ишин козгоп, айыптап, четинен камака алса болот. Эгер Финполиция кызматы капканды катуурак койсо, бюджеттин акчасын "тияка кетти, бияка кетти" деп жалган документтерди толтуруп, капчыгын кампайтып, түшкө кирбеген үйлөрдү салган бир топ мамлекеттик кызматкерлердин капканга кекиртегинен илинип калуусу турган иш. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ажатканага акча төлөбөй, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп кирип кеткендерге деле "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды"-деп, жогорудагыдай берене менен кылмыш ишин козгоп, камакка алса болчудай.
"Замандаш" партиясынын саясий кеңеши "Өмүракуновдун кармалып, камака алынышында эч кандай саясат жок"- деген билдирүү таратып жиберүүгө үлгүрүштү.
Анда эмне, Мухтар мырза чындап эле кылмышкерби? Бүгүнкү күндө адам баласы эки гана учурда камакка алынышы мүмкүн. Же ал Ак үйгө айбат берип, азуусун көрсөткөн саясатчы же кылмышка тиешеси бар пенде. Үчүнчү жолду азырынча биздин тергөө, сот органдарыбыз ойлоп таба элек.




  Чыр

"Жаңы Кыргызстан" партиясында иш чатак
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлүгүнөн 130 адамдын чыгууга камданып жаткандыгы 4-июлда маалым болду.
Аталган партиянын 130 мүчөсү өздөрүнүн мындай кадамын жер участокторун ала албай калгандыгы менен байланыштырышат.
Э. Байболова, Н. Дуйшеналиева жана Н. Исманалиеванын айтымында 2005-жылы жер участоктору массалык түрдө басылып алынып жаткан учурда, жогоруда айтылган партиянын төрагасы Өмүртөрө Жанкабылов аларга келип, "партияга мүчө болуп киришсе, жер участокторун алып берүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирген.
"Ошол сөзгө ишенип, Тунгуч жана Каражыгач конушундагы жер участокторун алууга кезекте турган 497 адам "Жаңы Кыргызстанга" мүчө болуп киргенбиз. Баарыбыздын, тагыраак айтканда 497 адамдын аты-жөнү жазылган тизме "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жетекчилигине тапшырылган. Бирок, эмнегедир 497 адамдын ичинен 130 адамдын аты-жөнү таң калыштуу себептер менен ал тизмеде жок болуп чыгат. Муну билип, ызы-чуу чыгарсак, тизме кайрадан түзүлгөн. Бирок, 130 адамдын ордуна, башка 130 адамга чечим чыгып олтурат. Биздин укугубузду коргоп, юридикалык кеңештерди берип келген юрист Зейнеп Абдиеваны күйөөсү экөөнү коркутуп-үркүтүү менен 3-июлда белгисиз адамдар катуу сабап кетишкен. Ал экөө тең учурда шаардагы №4 ооруканада дарыланып жатышат. Эң кызыгы, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жетекчилиги жер алууга чечим чыкпай калган өзүнүн 130 мүчөсүнө жардам берүүнүн ордуна, чечим чыккан башка 130 адамга жан тартып, аларга колдоо көрсөтүп жаткандыгы бизди нааразы кылат"- дейт аталган партиянын мүчөлөрү.
Өз кезегинде мындайга реакция кылган "Жаңы Кыргызстан" партиясы жогорудагы 130 адамды партиянын мүчөсү эмес деп атап, керек болсо алардын ишин укук коргоо органдарына чейин жеткиребиз деп билдиришти.
Эске салсак, аталган партияда президенттин кеңешчиси үсөн Сыдыков, Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков менен Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри өктөмхан Абдуллаева сыяктуу бир канча лөктөр бар.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Үч билик

Мамлекеттик катчылар
Досбол Нур уулу
Бул кишинин билиги К.Бакиев такка келгени катуу жанды. Бирок, буга чейин кандай кызматта иштесе дагы эл кызыккандай эч деле ишти кыйратып жибере койгон жок.
Дегеним, Досбол ака жөнүндө эл оозунан жарытылуу жылуу сөз укпаган соң, эмне дейбиз. "Эр эмгегин эл баалайт" деген сөз бар. Ансыңары, Досбол Нур уулу билим берүү министри болуп турду, ооз толоорлук сөз айтылбады. Учурунда кээ бир басма сөз беттерине Досбол мырзанын дарегине карата жагымсыз сөздөр дагы жазыла калып жүрдү. Анан эле ажого кантип жагып калды ким билет, Мамкатчынын кызматтык үстөлүн кучактап, балпайып эле олтуруп калды.
Кечээ жакында Чыңгыз аксакалыбыз дүйнө салып, жерге берүү аземин Досбол мырза алып барганына баарыбыз күбө болдук. Ошондо чынын айтканда көпчүлүк эл нааразы болду. Себеби, Мамкатчы ошол жерден шаңкылдап сүйлөп, кагазга үңүлбөш керек эле. Чыңгыз аксакал жөнүндө кагаз карабай, чай кайнам эмес, эт бышым убакыт кагаз кармабай сүйлөсө да аздык болмок. Төбөсү дүйнөгө көрүнгөн, кадыры сиңген Чыңгыз Айтматов жөнүндө улам кагазга үңүлүп сүйлөгөнү, баам салган кишиге чабал адамдын жасаган иши. "Эл сынчы, элдин көзү көрөгөч", дегендей, андай жерде, бир түндүк уйкуну жыйнаштырып, кагазга жазып алгандарын жаттап деле алса болмок, көпчүлүктүн көңүлүнө көлөкө түшүрбөй. Ошол жерден "эми бул киши үлкөн кызматтын жүгүн көтөрүп кете алабы?- деген дагы кишилер болду.
Албетте, көтөрүп кетет. Бакиевдин заманында эч нерсеге таң калып болбойт.
Бир чындыкты моюнга алуу керек, Осмонакун мырза мамкатчы болуп турганда бул кызматтын кадыр-баркы кийин келген Мадумаров менен Нур уулу Досболдукуна караганда, кыйла жогору турар эле.




Адахан Мадумаров
Тилинин күчү менен депутаттыкка жетип, кооз сөздөрдү таап сүйлөп, эл оозуна алынган Адахан Мадумаровдун билиги, Бакиев бийликке келгени балбылдап катуу жанды. Бир кезде "эл", - деп патриот сөздөрдү сүйлөгөн Адахан "Ак үй" деген балекеттин астанасын аттаганы, элдин талабын талашкандан дароо эле баш тартып, бийликтин таттуу даамына алданып, жүзү өзгөрүлүп чыга келди.
Артка кылчайып карасак, Адахан депутат кезинде депутаттык трибунанын көркүн ачып, бийликке каршы эмне деген гана уккулуктуу сөздөрдү айтты эле. Көрсө, Адахан мырза ооз менен гана иш бүтүргөн, тайыз адам тура. Мамкатчы кезинде, Соң-Көл өрөөнүнө той берип, байкуш Нарын элин кандай кыйнады.
Ар бир айыл өкмөтүнө салык салганын кеп кылбасак дагы , Соң-Көлдүн булганганын айтсак, жүрөк ооруйт. Ал тойду эмне максат менен жасады? Болгону өкмөттүн казынасы менен эл зыян тартты.
Ар нерсенин жооп берчү учуру келет демекчи, а чыныгы атанын уулу өз кызыкчылыгынан мамлекеттин, элдин, жердин кызыкчылыгын жогору тутса гана муратына жетет"- деп илгерки карылар айткандай, Адахандын бийлик секисиндеги билиги эми мындан ары жанабы же жанбайбы аны так кесе айтуу, албетте, кыйын.
Спикерлик такка жеткенде өзүн кыйла кыйын сезип, Парламентти өзү билгендей калчап, депутаттарды баласындай башкарып алды эле, "жаңгактын кабы" деген балээни башына үйүп, спикерлик тактан "талп" этип кулап түштү. Эми эмне деген тагдыр күтүп турат, аны убакытка коелу.




Осмонакун Ибраимов
Учурунда өзгөчө Майрам апчебизге ойдогудай кызмат кылып, көңүлүнө жакса керек. Ал кезде, өлкөбүздүн "отдел кадры" "таластык кыз" деп айтылчу эмес беле.
Кээ бир ушак айыңдарга ишенсек, чоң кызматка олтурууну каалаган киши "Мээрим" фондусуна акча которуп, анан оюндагы үстөлдү кучактоого мүмкүнчүлүк алчу экен. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, имиш сөздөр жөн жерден чыкпайт.
Айткандай, Осмокем, Мамкатчылык кызматта турганда билиги балбылдап жанып, өлкөбүздү жакырлануу сазына түртүлүшүнө салымын кошуп, жакшы эле чалчактады.
Болбосо, өлкөдөгү баш аламандык болбойт эле го. Ошол, 2005-жылы төңкөрүш болор алдында кайран Осмокем өзгөчө ээлик кылган "КТР"дан эмне деген гана сөздөрдү сүйлөдү. Өзү иштеген Акаевдин бийлигин сактап калыш үчүн кайран киши жакшы эле далбас урду. Бирок, куру сөзгө кекиртектен тойгон кыжырланган эл, ошондогу Осмокемдин сөзүнө, атасынын акчасына ишенген студенттей гана кош көңүл мамиле жасап койбодубу. Ошентип, күтүлбөгөн жерден чыккан төңкөрүш, Осмокемдин балбылдап жанган билигин өчүрүп, бийик бийлик секисинен кулатып түштү. Эгер, учурунда төңкөрүш болбогондо, Осмокем деле жаңы кыргыз аталган чиновниктердей, өзүн элита сезип, берилген суроолорго орусча жооп берип, мансабынын урматын көрүп жүрөт беле, ким билет.
Айткандай, азыркы чиновниктер үчүн кыргызча сүйлөө орус тили менен айтканда "стыдно" болуп калбадыбы.

Бердикожо БИЙНАЗАРОВ











Яндекс.Метрика