Коомдук-саясый гезит
№52, 09.07.08-ж.





◄◄◄
  Элет элегиясы

БИЙЛИКТИН БИЛГЕНИ БАРБЫ?
Эски заман эстен кетпейт, айтайын дегеним. Ал заманды дейбизби, бу дейбизби, бардар экен. Айрыкча, айыл калкы жок менен иши жок, жоомарт жашаган тура.Көрсө, СССР өкмөтү эл үчүн жашап, эл үчүн иштеген өкмөт болуптур. Бүгүнкүдөй кайдан болсун.

Кийинки жылдары айыл апага көбүрөөк каттап жүрөм. Ар бир барышымда миң кайталап көзгө урунган бир эле көрүнүш, элет журтунун улам жупуну тартып, турмуштун каатчылыгын, азабын өзгөчө оорчулук менен көтөрүп жаткандыгы ар биринин көзүнөн байкалат. Ооба, мусапыр көз караш. Эртенкиден үмүт жок, кайдадыр бара жаткан жашоо дөнгөлөгү алган багытка макул болуп, "өгүз өлбө, араба сынба" мисал кылдыраган көр турмуш.
Ошол төрт тарабы төп келген Совет мезгилинде деле шаардыктар ун, картөшкөсүнөн өйдө эт, май-чайына чейин айылдан ташылчу эмес беле. Бүгүн баары тескери. Айылдын берекеси учуп, кунары качкан. Ар бир экинчи элетттиктин оозунан чыккан сөз: "шаардагы уул-кыздарым тыйын-тыпыр жөнөтмөк" деген үмүт. Шаардагы уулу же кызы кантип акча таап, кантип жан бакканын айылдагы ата-эне кайдан билсин? Балким баласы "тачки" тартып, кызы күндүзү уктап, түндөсү учкан көпөлөккө айлангандыр? Же болбосо бир көпөскө жалгыз уулу жалданып иштеп, дагы бири чиновниктин зангыраган ак сарайын курганга кудуңдап, айылдагы апасына анча-мынча тапканын жөнөткөнгө шашканы ушундандыр? Мунун чоо-жайын шаардыктар жакшы билет. Күркүрөп иштеп турган завод-фабрикалар болбогон сон, күйүк резина жыттанган кытай товарларын сатуучу базарларда соода кылып, жашоо кечирип келе жаткан элеттик кыргыздар айыл апанын кемкарчын эптеп, кымырып жаап келишет. Россия менен Казакстандын шаарларын кой, айыл-кыштактарына чейин тентип кеткен кыргыздар четтен чыгат. Ал жакта ким эмне кылып тыйын тапканын бир кудайдын өзү билбесе, билген жан жок. Эмнеси болсо да уул-кызы жөнөткөн тыйынга туйтуна түшкөн ата-эне айрым учурда ооз көптүрө мактанып калмайы да бар. Айрыкча балдарынын аманчылыгын тилеп, үлүшкө тийген этектей жерди эптеп чампалап, бирдеме өстүрүмүш этет. Андан эмне майнап болсун? Жазында күйүүчү май тартыш. Тартыш дегеним, баасына байланыштуу. Ушул тапта 1 литр солярка 34 сом. Кайсы дыйкан мындай баага жер айдатат же аны иштете алат? Албетте, ички жана сырткы мигранттардын эсебинен. Дөгүрсүгөн кыргыз бийлиги кымындай калкын иш менен камсыз кылуу туурасында качан ойлоноор экен, ааламга кеткен жол айылдан башталарын унутуп деле коюшкан го. Портфель колго тийген күндөн жер менен эмес, элдин үстүнөн басып калган кыргыз чиновниги качан ойлоноор экен? Ошондуктан айылдагы ата-энелерге айтар сөз, эски үгүттөн баш тартпасак болбой калды. Бешиктеги баланы "чонойгондо министр бол, президент бол" деп кулагына куюп отуруп, тилек ишке ашканда көргөн күнүбүз ушул. Эл-журтун карабаган уул-кыздын пайдасы кимге? Болбосо айыл апанын турмушуна көз салып, чырпыгын көтөрүшкөнгө кол кабыш кылбайбы? Алар жогорку бийлик мунарасына чыгып алганда, төмөндөгү элдин турмушу бүдөмүк тартып, ал тургай таптакыр эле көрүнбөй калды. Бир эле олуттуу иши (кайсы министрди алба) эптеп-септеп президенттин көзүн будамайлап, жалганды айтабы, болжолду айтабы, иши кылып абалдан кутулуунун жолун издөө. Бүгүн биз айыл калкынын абалы жөнүндө сөз баштап калдык. Андыктан ошол эле Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин айланасында азыноолак сөз козгоп көрөлү.
Министр Ногоев Арстанбек мырза Бишкек мэри болуп туруп, көздү чукуп көрсөтөр эмне иш аткарды? Бар болгону тарых-таржымал үчүн илинген портреттердин катарын толуктады. Ал эми министр болуп келгени, өлкө башчысынын эле жөнөкөй суроолоруна жооп бере албай мукактанып, башын ылдый салганына баарыбыз теле көрсөтүү аркылуу күбө болбодукпу. Ушундай министр менен азык-түлүк кризисине каршы күрөшүп жаткан президентибизге да баракелде. Ортосунан күн көрүнгөн 10 сомдук токоч (лепешка), ушундай эле ичи көңдөй бөлкө нан айылдагы көмөчтүн бир сындырымына арзыбайт. Албетте, бардар үй-бүлөдөгү нанды айтып жатам. Жармач үй-бүлөлөр андай колу толо нан жегенди да унутуп баратат. Башканы коелу, чүйдүн калкы унду килограммдап сатып алган күн буга чейин болгон эмес. Чүйдө кырдаал минтип турса, алыскы Ак-Талаа менен Лейлекте абал кандай болду экен? Министр мырза баш болуп, губернаторлор төш болуп, өгүнү бийик трибунадан азык-түлүк кризисин алдын алуу боюнча өткөн өкмөттүк чоң кеңешмеде канча бир миндеген гектар жерлерге эгин айдалгандыгын билдиришти.Ушундай эле отчетту Талас губернатору Бейшен Болотбеков балп эткизип, бери болгондо Таластын эгини өзүнө кенен жетип, ал тургай артып калмак болду. Дегинкиси ошондой эле болсун. Бирок, буга көз жетпейт. Анткени, кечээ жакында эле Талас районунда болуп, бир катар дыйкандар менен ангеме-дүкөн куруп дегендей, чоо-жай сурашып, быйыл эгин маселеси кандай болорунан кеп салдык. Канткен менен азык-түлүк каатчылыгын токтотуу нандан башталат эмеспи. Таң калыштуу көрүнүш, биз аралап көргөн Бердике баатыр, Калба, Көк -Ой айыл өкмөттөрүнүн аймактарынан губернатор айткан миндеген гектар эгилген эгин аянттарын кезиктире албадык. Токсон пайыз дыйкандар: "биз фасоль айдаганга өткөнбүз, көп жыл болду. Фасоль баалуу өсүмдүк" дешет. Айрымдары гана көп жылдык чөп айдашкан. Мына кызык, бизге белгилүү болгондой, Талас өрөөнүнүн төмөнкү зонасы Манас, Кара Буура райондору эбактан бери жашылча-жемиш жана фасоль өстүрүүгө адистешип алышкан. Ырас, Бакай-Ата району буудай айдоо боюнча учурунда алдыга ат салдырбай келген жагдайы бар. Бирок, шартка жараша бул район да фасоль өстүрүүгө жабыла киришкен. Талас районунун жогорку зонасы жердин ыңгайына, климаттык шартына ылайык картошка, көп жылдык чөп өстүрүп келишет. Анан губернатор Болотбеков айткан миңдеген гектар эгин аянттары кайда? Алар эмне кокту-колотторго, сай-сайларга же коңулга кирип алдыбы? Эмнеси болсо да ушунун бардыгы жалган "сводка", "приписка" жыттанат. Иштин аныгы биз болжогондой чыкса, Болотбековдун тагдыры эмес, Талас элинин тагдыры быйыл кышта оор акыбалга кептелет.
Фасолду кымбат баада сатып, эгинди арзан баада коншулаш Жамбыл облусунан сатып алууга туйтунган таластыктар быйыл да ушундай блолот деген үмүттө. Непада "эл аралык тенденцияга" ылайык казактын буудайы асмандап кетсе, Талас журту кантет деген суроо эртең эмес, бүгүн актуалдуу. Таластык дыйкан-фермерлерден буудай эгүүдөн эмнеге баш тарттыңар десек, биринчиден буудайдын баасынын төмөндүгүн, мамлекеттик сатып алуунун жоктугун, экинчиден,региондо эгин чабуучу комбайндар түгөл сатылып жок болгондугун, бар болсо да аз сандагы техникага зарыгып кезек күтүү-түшүмдөн кол жууп калууга алып келерин айтышат. Ошондон улам Талас эли оптималдуу ыкманы, фасоль өстүрүп, анын түшүмү аркылуу бардык керектөөлөрдү толуктоого терең ишенип алышкан.
Бүткүл республика боюнча түзүлгөн оор жагдай - сугат суулары маселеси. Бул проблема Талас өрөөнүнө быйыл өзгөчө катуу таасирин тийгизди. Жайдын чок ортосу болгуча бир да жолу суу ичпеген өсүмдүк аянттары кездешерин айтсак, абал оңой эмес экендигин каңкуулайт. Өткөн жумада Талас районунун Бердике баатыр атындагы айыл өкмөтүнүн дыйкандары губернаторго чейин барышты. Койгон талабы-суу бөлүштүрүүгө адилет, калыс мамиле болсун. Албетте, сууну губернатор бөлүштүрбөйт. Ал тийиштүү адистердин милдети. Ошентип, белгиленген күнү областтык, райондук сугат тармактар башкармалыктарынын жетекчилери, адистери чогулган элдин алдына келип, "быйыл суу тартыш, тоодон түшкөн суунун көлөмү аз, биз эч нерсе кыла албайбыз" деп алакан жайгандан башка эч нерсе кыла алган эмес. Абал оор боюнча турат. Күн сайын суу башында 50-60тан адам чогулуп, "суу талашка" келишет. Андан билектей сууну энчисине басып, какыраган талаага беттеп, жетелеп жөнөйт. Бул көрүнүш тээ жаздан бери күн сайын кайталанат. Түзүлгөн мындай кырдаалдын экинчи жагы бар экендигин биз кийин баамдадык. Көрсө, "Кайырма" деп аталган канал райондун бир катар айыл өкмөттөрүн аралап өтөт. Канал аралап өткөн жолдо ар кимиси тийиштүү өлчөмдө суу алып калат. Бул канал Талас районунун чегинен өтүп, коңшулаш Бакай-Ата районунун сугат талааларын да жабдууга чегерилген. Буга чейин ушундай болуп келген жана мындан ары да ушундай бойдон кала бериш керек эле. Бирок, маселе аталган каналдагы суу "Калба" айыл өкмөтүнөн Бердике баатыр атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына өткөрүлбөй, токтотулгандан кийин татаалданган. Райондор аралык маанидеги бул каналдагы суу ар бир айыл өкмөтүнө көп болобу, аз болобу өздөрүнө тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүшү керек эле. "Калба" айыл өкмөтүнүн башчысы өзүм билемдикке салып "Кайырма" каналындагы сууну бууп салган. Губернаторго чейин жеткен чатактын башы мына ушунда. Орусча айтканда, "бардак" заман жогору жакты эле эмес, айылды да камтыган шекилдүү. Эгерде, Бердике айыл өкмөтүнүн башчысы "Беш-Таш" суусун меники деп бууп алса, "Үрмарал" суусун үрмаралдыктар жаап алса, калган эл кантет? Бул албетте, коркунучтуу синдром. Ушундай көрүнүштөрдү теске салууга чамасы келбесе Талас районуна акимдин кереги эмне?
Өгүнү биринчи улуттук канал президенттин Чүй облусу боюнча кыдыруусун кенен-кесир көрсөттү. Ошондо айыл чарбасындагы абалга айрым аким-губернаторлор күнөөлүү экендигин айтарын айтып алып, аягына чыкпай калган Биринчи Вице-премьер Айдаралиев Искендер мырза өңгөнү кой, өз кичи мекениндеги абалды деле анчалык аңдап билбегени байкалды. Андай болбогондо, президент "кайсы аким же губернатор иштебей жатат, азыр кызматтан алам" дегенде, Талас районунун акиминин же болбосо буга окшогон алешем акимдердин кимисинин болбосо атын атаса жарашмак. Бүгүн атын атабай койгон аким же губернатор үчүн министр Ногоев болбосо да эртең, айыл чарбаны тейлеген Биринчи Вице-премьер Айдаралиев өзү жооп берери айдан ачык…
Айыл чарбасындагы чечилбей жаткан толгон токой проблемалар ириде айыл калкынын ич күптүсүн толтуруп, алардын ызасын, андан соң жаалданган каарын пайда кылат. Муну көрүп-билип туруп, жогорку бийлик тепкичиндегилер билмексен, көрмөксөнгө салса, караламан калк каптын түбүн кагып нан жасаганга чыдай бербейт го. Биз жогоруда Таластагы чакан чатактын тегерегинде гана сөз козгодук. Мындан оор жагдай Ошто, Баткенде, Нарында жана башка региондордо түзүлгөндүгүн кимибиз танабыз? Баарын көрүп-билип туруп, аракетсиздикке, алешемдикке, баарынан коркунучтуусу, дардаңбайлыкка баруу азыркы бийликтин адаты болуп калды. Балким, бул бийликтин да билгени бардыр…

Асангазы Бердиккев,
"Алиби"




Президенту Кыргызской Республики господину Бакиеву К.С
Генеральному Прокурору КР Сатыбалдиеву Э
Председателю ГКНБ КР Суталинову М. А
Заявление
Уважаемый Курманбек Салиевич! К Вам обращаются Ваши избиратели, жители с Виноградное и Ленинское Аламудунского района, у которых гражданин Исматуллаев Изатулла Юлдашович, проживающий ранее в г. Бишкек по ул. Тюменская дом №11, ныне работающий председателем Кыргызгаза по Жалалабатской области, взял в период с 2003 по 2004 годы в долг 17 000 долларов США с предоставлением залога в виде дома на праве его личной собственности по адресу г. Бишкек улица Тюменская дом №11 с дальнейшей оплатой 0.25 процентов в день, о чем им собственноручно были написаны расписки.
Мы все бывшие жители Жалалабатской области, занимаемся животноводством, продали скот и все имеющиеся в наличии деньги отдали "господину" Исматуллаеву И.Ю, который бессовестным образом нас обманул и можно сказать ограбил. Все деньги отдавались в присутствии Надырова Ады, который ранее работал в совхозе им. Тайгараева Сузакского района.
После получения денег данный гражданин начал скрываться от нас, ни за один день не выплатил проценты и по истечении 3-х обговоренных месяцев, не возвратил наши деньги. Надыров Ады нас успокаивал, чтобы мы не беспокоились, так как у Исматуллаева И.Ю у Вас залоге имеется дом и передал нам его слова: "Проценты пусть идут. Я все до копейки за любой период выплачу" и в дальнейшем также скрывался в течении 2.5 лет.
30 апреля 2006 года Надыров Ады собрал всех кредиторов и сообщил, что Исматуллаев И.Ю не поставив нас кредиторов в известность, продал находящийся у нас в залоге его дом по адресу г.Бишкек улица Тюменская №11, а сам скрывается от нас кредиторов и не имеет намерений вернуть долг. Через некоторое время мы установили местонахождение Исматуллаева и все кредиторы придя туда начали требовать с него свои деньги и пояснить почему он продал залоговый дом не поставив нас в известность и куда дел деньги за проданный дом. Он ответил : "я все деньги истратил на выборы Президента Кыргызской Республики и меня Бакиев К.С обещал назначить Президентом Кыргызгаза и когда меня назначать туда через пару месяцев я заработаю и верну все Ваши деньги со всеми процентами за каждый день" и написал новую расписку, после сделанной нами скидки на 35 000 долларов США, хотя сумма уже составила более 50 000 долларов США, а в залоге указал дом в г. Жалалабат по улице Пахтабадской №17. Мы все присутствующие сделали "Амин". Но видимо Исматуллаев и "бога не боится", опять начал скрывать.
Через 4 месяца т.е в августе 2006 года, по нашему требованию наш представитель Халилов Мирзали с Надыровым Ады поехали в город Жалалабат, где Исматуллаева И.Ю родственники продали принадлежащий ему и находящийся у нас в залоге дом. Но он натравил на нашего представителя своих родственников, которые угрожали и отдали нам часть суммы 27 000 долларов США, а остаток обговоренный суммы 8000 долларов США Исматуллаев И.Ю обещал вернуть через некоторое время, но, однако до сегодняшнего дня не вернул.
В настоящее время Исматуллаев И.Ю занимает большой пост-являясь председателем Кыргызгаза по Жалабатской области. Хотя, мы были глубоко возмущены тем, как можно такого человека "обманщика, афериста" назначить на такой высокий пост. Видимо, господин Президент, Вы не курсе дела в отношении порядочности господина Исматуллаева И,Ю. Данный человек на таком посту будет делать все в целях своей личной корысти, а не на благо Республики. По Жалалабату ходят слухи о том, что он расхищает газовые трубы и другие материалы имеющиеся в Кыргызгазе.
Нас, кредиторов, Исматуллаев И.Ю пугает близкими связями с Вашей семьей, высокопоставленными руководителями ГКНБ, МВД, Суда и Прокуратуры и категорически отказывается вернуть оставшуюся сумму долга, а также угрожает нам большими неприятностями.
Уважаемый Курманбек Салиевич! Мы верим в Вас и знаем что Вы окажете нам помощь и содействие в возврате наших денег и примете строгие меры в отношении вышеуказанного "господина".
С уважением к Вам жители Аламудунского района.
1. Халилов Мирзали Ибрагимович, 1958 г.р проживает с. Виноградное ул. Чернышевского 24
2. Халилов Гульшан Ибрагимовна, 1964 г.р проживает с. Ленинское ул. ПМК-3 дом 14 кв.1
3. Ахмедова Чавраш Хасановна, 1964 г.р проживает с. Ленинское ул. Коммунарская 134
4. Сафарова Асли Пашаевна 1949 г.р проживает с. Виноградное ул. Парковая 12
5. Исмаилова Гульнара 1970 г.р проживает г. Бишкек ул. Кирпичная 29
6. Надыров Ады 1952 г.р проживеат г. Бишкек ул Советская 102 кв. 5











Яндекс.Метрика