№52, 09.07.08-ж.
  Кулак салгыла!

Акимдин токтому күчтүүбү же мыйзам күчтүүбү?
Сүйүнбаев көчөсүнүн чыгыш жагынан ("Карагачевой рощадан") узундугу 25 метр, жоондугу 1 метр келген жапжашыл болуп өсүп турган чоң бакты үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Мусабай Муралимов эки жигитке мыйзамсыз кыйдырып, аларды качырып жиберди.

Бир бакты кыйганы аз келгенсип, 70 жылдан ашык убакыт турган экинчи бакты 16-июнь күнү Мусабай бир жигит экөө кыйып салды. Кыйылган бактын узундугу 28 метр, жоондугу 1 метрден ашык. Ал бактарды биздин чоң ата, чоң энелер Улуу Ата мекендик согуш учурунда саздак жерди нымдуулуктан сакташ үчүн тигишкен экен. Мына ошол бактар бүгүн "Карагачевой роща" деген сейил бакка айланып отурат.
Мен бактардын кыйылышы боюнча Сведлов райондук милициясына кайрылгам. РИИБден эч кандай реакция болбогондуктан, атайын барсам аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышыптыр.
Мусабай Муралимов "Менде Свердлов районунун акиминин 15.03.2007-жылы берилген жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү токтому бар. Бактарды эмне кылсам өзүм билем", - десе боло. Бактарды кыюу Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин экологиялык кылмыштарына кирет. Тагыраак айтканда 279-беренесинде бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу деп түшүндүрүлөт. Демек, Мусабай мырзага мыйзамдан да акимдин токтому күчтүү экен да. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын "Карагачевой рощада" бактарды кыюу боюнча бир да чечим же токтому жок. Аталган сейил бактын башка жерлеринде дагы билгизбей бактарды кыйып, уурдап кетүү күч алып жаткандыгын баса белгилеп кетким келет.
Менин оюм боюнча, экологияны коргоо-Мекенди коргоого барабар. Ошондуктан, ар бир адам көк-жашыл болуп өсүп турган кылымдык бак-дарактарды, бадалдарды кыюуга жол бербеши керек. Аталган факт боюнча, тиешелүү органдар чара көрүшсө, сооп иш кылган болоор эле. Эмесе, шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп турган бак-дарактарыбыздан айрылып, кирдеп турган абабыз адам эмес, мышык ыйлай турган абалга жетет.

Мелис Ботошев,
Бишкек шаары,
Сүйүнбаев көчөсү




Күйүттөн күйүп кетти
Орто Азия аймагындагы авторитардык башкаруунун классикалык үлгүсү деп таанылган Өзбекстан мамлекетиндеги Таштүрмө абагында түрмө жетекчилери тарабынан көрсөтүлүп жаткан адилетсиздикке, зордук-зомбулукка чыдабаган абак адамдары менен тарбия иштерин жүргүзүү иштери боюнча инструктор болуп 25 жыл эмгектенген капитан наамындагы Нина Шестопалова өзүн-өзү өрттөө актысын ишке ашырган.

Мындан бир жарым жыл мурун өзүн-өзү өрттөөгө батынган ГУИН кызматкери Нина Шестопалова арадан ушунча убакыт өткөн соң, 2-июль күнү укук коргоо уюмдарына кайрылып, Таштүрмө жетекчиси Эркин Комилов анын жеке адамдык ар-намысына, инсандык беделине шек келтирип, каалаганындай мазактаган кордугуна чыдабай өз өмүрүн кыйууга батынгандыгын билдирген.
Түрмө начальниги Эркин Комиловдун көргөзгөн азап-тозогуна аргасыз баш ийип, өз өмүрүн кыйуу менен адилетсиздикке каршы күрөшүүнү туура тапкан Нина Шестопалова өлүм алдындагы катында: "Мен Нина Шестопалова 1965-жылы туулгам. ГУИН кызматында 25 жыл эмгектенип келгем. Түрмө начальниги Эркин Комилов көп жылдардан бери мени каалаганындай кордоп келгени аз келгенсип, эми балдарымды үй-жайсыз калтырды. Өзүмдү-өзүм өрттөп, чындык издештен башка аргам калган жок. Менин өлүмүмө Эркин Коримов күнөөлүү"-деп жазган.
Чынында эле, ошол 2007-жылдын 7-декабрында Нина башынан ылдый бензин куюп, өзүн-өзү өрттөп жиберген. Бактыга жараша түрмө кызматкерлеринин ыкчам аракетинин аркасында Нина Шестопалова ажал отунан аман калган.
Бул капитан айымдын укугун коргоого киришкен "Өзбекстандын укук коргоо альянсы" деп аталган коомдук уюмдун билдирүүсүндө Нина Шестопалова үч баласы менен Таштүрмө түрмөсүнө тийиштүү жатаканада көп жылдардан бери жашап келген. 2007-жылдын ноябрь айында бул жатакана Ташкент шаардык хокимиятынын (мэриянын) балансына өткөрүлүп, жашоочуларга менчикке берилген. Бирок, Таштүрмөдө өзүн падыша сезип, каалаганын жасап көнгөн Эркин Комилов капитан Шестопалованы үч баласы менен жатаканадан кууп чыккан.
Учурда экинчи топтогу майып, ГУИН кызматында 25 жыл кызмат өтөгөн, капитан наамындагы Нина Шестопалова "Өзбекстандын укук коргоо альянсы" менен бирге акыйкаттык издеп, адилетсиздикке каршы күрөшүн улантып келет.




  КЫЛТАК

Уруп, өлтүрүп...
Өз баласынан тепки жеп, каза болду
Өз канынан жаралган өз баласынан тепки жеген 57 жаштагы таластык аял каза болду.
"Эненин таманы бейиш"- деп бул жарыкчылыкка алып келип, бизге жашоо берген энелер дүйнөнүн бардык элдеринде аздектелип, урмат сыйга бөлөнүп келет эмеспи. Ал эми Талас областына караштуу Кызыл-Адыр айылынын орус улутундагы тургуну Судовцов өз энесин урматтамак турсун, тепкилеп өлтүрүп салган. 1-июль күнү болуп өткөн бул кылмыш иши боюнча Кара-Буура райондук РИИБи тарабынан дароо эле кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы эне өлтүргүч учурда сурак берүүдө. Энесин не себеп менен сабаганы азырынча белгисиз.

Аял, күйөө
Казан аяк кагышып, бычак менен сайышып…
"Эрди-катын чабышат,эртеси кайра табышат"-деп элибизде айтылып келгендей, жубайлар ортосундагы боло келчү күнүмдүк "скандал" Сокулуктагы Акжолтоевдердин үй-бүлөсү үчүн кайгылуу окуяга айланды.
Ушул жылдын 2-июль күнү Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын 39 жаштагы тургунун өзүнүн эле 35 жаштагы аялы К. Кайранова бычак менен эки жолу курсакка сайып өлтүргөн.
Үй-бүлөлүк чыр-чатакта кызыл кандуулукка алдырган Кайранова кармалып, неге мындай кадамга баргандыгын укук коргоо органдарына түшүндүрүүдө.

Атып кетти...
Милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти
Чүй областына караштуу Жайыл районунда белгисиз адамдардын аткан огунан милиция кызматкери каза болду.
Жайыл РИИБнин опер кызматкерлери капитан Эсенбек Курманов жана лейтенант Жолдошбек уулу Эркин Кара-Балта шаарында кызматтык милдетин аткарып жүрүшкөндө кечки 21.00 чамасында белгисиз адамдар тарабынан аларга ок чыгарылган. Натыйжада, 26 жаштагы лейтенант Жолдошбек уулу Эркин далысына тийген октон көп өтпөй эле каза тапкан.
Бир баланын атасы маркум Жолдошбек уулу Эркин 2004-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, күч органдарында 2002-жылдан бери кызмат өтөп келген.

Зордук-зомбулук
129-беренеге илинген эргулдар
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, акыркы төрт айдын ичинде эле зордуктоо ишине байланышкан эки жүздөн ашык кылмыш иши катталган.
Жогорудагыдай кылмыш фактысы өткөн жумада Каракол шаарында катталып, 1989-жылы туулган Э. Асанов өз үйүндө күч колдонуу менен жашы жете элек 1993-жылкы секелек кызды зордуктап таштаган.
Ал эми Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБнин опер кызматкерлери тарабынан 3-июль күнү 43 жаштагы киши менен 23 жаштагы жигит бир айымды зордуктаганы үчүн кармалып, сурак беришүүдө.

Жер калдыбы кыргыз буту баспаган ?
Москвада бомба алып жүргөн Кыргызстандын жараны колго түштү
Москванын чок ортосунда жардыруучу зат алып жүргөн кыргызстандык жаран 3-июль күнү кечинде колго түштү.
Оперативдүү маалыматтар боюнча, Москва шаарынын күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде Новокузнецк көчөсүнөн эч жерде иштебеген ар кайсы даректерде каттоосуз жашап жүргөн Кыргызстандын жараны 95 грамм калийдин нитраты менен жасалган жардыруучу затты алып жүргөн жеринен колго түшкөн. Аны сатайын деп жүргөнбү же бирөөнү жардыргысы келгенби, айтор ушунун баары учурда аныкталууда.

"Кыңыр иш кырк күнгө жетпей ачылат"
"Дордойдон" 30 миң долларды алып кеткендер кармалды
Өткөн айдын акыркы күндөрү "Дордой" базарында акча алмаштыруучу жайда иштеген жигитти өлтүрүп кетишкен адамдар колго түштү.
Дордой базарындагы акча алмаштыруучу ломбарддардын биринде иштеген 1965-жылкы Сартбаевди белгисиз эки адам 29-июнь күнү кечке маал бычак менен моюнга жана төшкө уруп өлтүрүп, баштыктагы 30 миң доллар акчасын алып кетишкен эле.
Алардын мындай кылмыш ишин бир кыз кокусунан көрүп калган.
Анын сүрөттөсү боюнча, кылмышка шектүү адамдын түспөлү аныкталып, болжолдуу фотосу ар кайсы жерге илинген.
Аз күн мурда "Манас" аэропортунан чет жакка учуп кеткиси келген 1988-жылы туулган С.Хишанло менен Р. Нусуровдун жанынан декларацияга киргизилбеген 30 миң доллар акча табылат. Мыйзам боюнча, ар бир жүргүнчү чет жакка кетип жатып, жанына 10 миң доллардан ашык акчаны декларацияда көрсөтүшү керек. Ошентип, 30 миң долларды кайдан алышканына жооп таба албай турган жигиттер "Дордойдогу" кылмышка шектүү адамдын сүрөтүнө окшош болуп чыгат. Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күнгө жетпей ачылып олтурат.

Автокырсыктар
Кырсык каш кабактын ортосунда
Жайкы эс алуу убагында жогорку ылдамдыкта ары-бери каттаган автоунаалардын саны көбөйүп, ошону менен бирге жол кырсыктарынын да саны өсүүдө.
Алсак, Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 2-июль күнү 55 жаштагы Урдөөлөтов "Мицубиси" автоунаасы менен ушул эле айылдын тургуну 7 жашар А. Нурланованы койдуруп, оо дүйнөгө узаткан.
Ал эми 33 жаштагы С.Нагорный өздүк "Тойота-Виндом" автоунаасы менен Ысык-Көл областынын Кара-Ой айылынын тургуну А.Жапаровду велосипед тебип бара жаткан жеринен сүздүрүп кеткен. Натыйжада бул адам да ошол эле жерден каза болгон.




  ЧКдагы ЧПлар

Качып кеткен чегарачы кармалды
Жалалабад областынын Аксы районуна караштуу Кум айылында үч күн мурда качып кеткен жоокер колго түштү .
Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кум айылында жайгашкан "Кербен" чек ара заставасында кызмат өтөп жүргөн жоокер Самат Турдумамбетов 5-июль күнү эртең менен күзөттүк кызматын кароосуз таштап, курал-жарагы менен качып кеткен. Качкын жоокер 7-июль күнү Кум айылынын тургуну Курманбек Жаныбековдон үйүнө түнөп кетүүнү суранган. Жоокер жигиттен шек санаган үй ээси ошол эле күнү Жалалабат чек ара отрядынын штабына билдирип, анын 8-июль күнү колго түшүшүнө шарт түзүп берген.
Мындан тышкары, 5-июль күнү Баткен областында сууга чөгүп бара жаткан жоокерди куткарам деп, сержант Бахтияр Кенжебаев да сууга чөгүп кеткен..

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"