Коомдук-саясый гезит
№52, 09.07.08-ж.





◄◄◄
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Салиевич Бакиевге
Кайрылуу
Урматтуу
Курманбек Салиевич !
Ар бир мезгилдин өзүнө таандык мерчемдүү миссиясы болоорун адамзат тарыхы дайыма тастыктап келет. Эгемендик эйфориясынан арылтып, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо боюнча чыныгы аракеттерди турмушка ашыруу вазыйпасы Сиздин президенттик тагдырыңызга туш болуптур. Бул багытта аткарылган иштер, албетте, арбын - Конституциялык реформа, партиялык шайлоолор, экономиканы либералдаштыруу ж.б.
Жума аралыгында жумурай журт ичинде уу-дуу кеп жүрүп, каржы полициясы камакка алып сурап жаткан Кыргыз Республикасынын миграция жана калкты жумушка жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы статс-секретары Мухтарбек Өмүракуновдун тегерегиндеги иштерге коомчулук айрыкча кабатырланып тургандыгы дайын. Албетте, иштин ак-карасын ылгап, калыс чечим чыгаруу тиешелүү мамлекеттик мекемелердин милдети. А бирок эч бир жүйөөсүз эле ага карата абдан адилетсиз баш коргоо чарасын аныктап, 10 күн кармоонун канчалык негизи бар эле?
Шаардык кеңештин депутаты, аты элге таанылып калган партиянын төрагасына каршы көрүлүп жаткан чаралар демократиялык нуктан алыс. Жогорку Кеңештин төрт депутаты, шаардык Кеңештин бир депутаты атайын кепилдик берип, ал эми шаар кеңешинин депутаттык тобу расмий кат менен кайрылып жатса, аны эсепке албай коюунун өзү өлкө коомчулугун өтө ойлонто турган жагдайды түздү.
М. Өмүракуновдун турмуштагы принциптери жана идеалдары Кыргызстанда гана эмес, ал өзү иштеп келген Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспоралары чөйрөсүндө да жакшы белгилүү.
Кандай болгондо да бул ишти эркиндиктеги кадыресе шартта тергеп-тескөөгө болот эле да ? Анан калса Өмүракуновдун иликтөөгө келбей коюуга шек туудура турган кенедей да себеби жоктугун акыл-эстүү адам мындай эле түшүнөрү турган иш !

Урматтуу
Курманбек Салиевич !
Адам укугу менен эркиндиги эң негизги өзөгүн түзгөн Конституциянын гаранты катары Сиз бул ишти мыйзам чегинде чечилишине таасир этет деп бекем ишенебиз?!

Кубаныч Таабалдиев,
"Замандаш"
партиясынын саясый
кеңешинин координатору




Ассоциация кыргызских диаспор России и Казахстана "Замандаш"
обращяется
Президенту
Кыргызской Республики
Бакиеву К.С.
Уважаемый Курманбек Салиевич!
Обращаясь к Вам, мы искренне надеемся, что после Вашего вмешательства наши просьбы будут удовлетворены.
3 июля текущего года, в 16 часов дня был задержан основатель ассоциации "Замандаш", общественный деятель, истинный патриот Кыргызстана Мухтарбек Омуракунов. Ему предъявляют необоснованное обвинение, которое даже простому человеку понятно. В этой связи, искренне хотим Вас заверить, что как личность Мухтарбек Омуракунов сформировался вне государственный службы, вне мелких интриг и политических игр, а как мигрант, челнок, предприниматель, общественный деятель. Всегда ставил интересы Кыргызстана выше личных интересов, никогда не жалел своих сил и средств для поднятия имиджа Кыргызского народа за пределами своей Родины. Для него чужды понятия как кумовство, землячество, ибо только в дружбе и согласии трудятся мигранты-соотечественники, и только они реально дают толчок экономическому развитию нашей страны.
Уважаемый Курманбек Салиевич, в 2005 году в ходе Президентских выборов, которые впервые в истории Кыргызстана проходили и на территориях России и Казахстана, мы оказали содействие в организации этих выборов, и проголосовали за Вас, искренне надеясь, что наши интересы будут отстаиваться на уровне Президента, что мы не будем забыты и заброшены. И в этом случае, когда необоснованно задерживают нашего лидера, основателя ассоциации кыргызских диаспор, надеемся только на Вашу мудрость как лидера нации, который не оставит вне своего внимания мнение своих же граждан, волею судьбы оказавшихся за пределами своей Родины.
В конце обращения, просим Вас принять адекватные меры, в рамках закона и Конституции Кыргызской Республики.

Под обращением подписались:

Москва, Региональное общественное объединение кыргызстанцев в Москве "Ала-Тоо",председатель
Бегиева Жамиля

Москва,Региональное общественное объединение кыргызстанцев в Москве "Ала-Тоо", зам.председателя
Иманалиев Рыскадыр

Санкт Петербург, Представитель кыргызской диаспоры, член Союза Ученых города Санкт Петербург
Мамаева Октом

Екатеринбург, общественное культурное объединение "Ата Журт", Президент
Бусурманкулов Кадыр

Самара, благотворительный фонд "Манас Ата"
Кудуев Акыл

Новосибирск, Кыргызский национально-культурный центр "Ала-Тоо-Новосибирск", председатель
Болтуруков Ороз

Ростов на Дону, Ростовская региональная общественная организация "Манас", президент
Эшимов Руслан

Воронеж, Региональная общественная организация кыргызов Воронежской области "Мурас", президент
Намазбеков Талант

Сургут, Ханты Мансийская окружная общественная организация, кыргызский национально-культурный центр, председатель
Култаев Кадыр

Омск, Кыргызская национальная культурная автономия, Председатель
Нуруев Таалай

Красноярск, Региональная общественная организация " Кыргыз улуттук маданий автономиясы", председатель
Батаева Назгуль

Оренбург, Общественная организация "кыргызский культурно - правовой центр", председатель
Нуркулов Жыргал

Якутск, Председатель кыргызской диаспоры
Сайдикулов Эсен

Казань, Кыргызская национально-культурная автономия, председатель
Муканбетов Бейшен

Магнитогорск, Председатель ОФ "Единство"
Айдаров Абдирасул

Сахалин, Кыргызская национальная культурная автономия кыргызов, председатель
Каримов Дамирбек

Астана, Кыргызский культурный центр "Астана-Кыргызстан", зам. Председателя
Досбаев Топчубай

Петропавловск, Председатель кыргызской диаспоры
Болтуруков Макен

Председатель ассоциации "Замандаш"
Стамкулов Кумарбек




  Талас таңшыйт

Мас болсоң мамыны сүзөсүң
Талас телевидениесине караштуу мамлекеттик 00-59 ТA номерлүү "Волга" автомашинасы 2-июль күнү түнкү саат 2лер чамасында Талас шаарынын ичиндеги "Газпром" нефть компаниясына караштуу май куюучу станциянын бетон мамысын сындыра сүзгөн.
Машинанын рулунда КТРдан Таласка "телевидениени оңдойсуң" деп жиберилген журналист Эдил Мелисбеков отурган экен. Анын жанында губернатордун басма сөз катчысы Бакай Садыров, анан да аты-жөндөрү жашырылып айтылбай жаткан "Ак жолдун" атка минген жигиттери, кыз-келиндер бар болуп, бардыгы орто деңгээлден ооп калган мас абалында экендигин заправканын дежур оператору жана кырсык болгон жерге түн ичинде чакырылган заправканын башчысы Жалил Көкөев көрүшкөн. Ж.Көкөев журналист Э.Мелисбековдон сындырылган столбанын ордуна жаңысын орнотуп берем деген мазмунда тил кат жаздырып да алган экен. Макулдашылган мөөнөттө мамы орнотулбагандан кийин Ж.Көкөев Талас телесинин төрайымы Б.Чабдаровага болгон окуяны айткан.
Столба сүзүп талкаланган "Волганы" десант журналист Эдил Мелисбеков Талас районундагы Көк-Ой айылындагы бир үйгө сүйрөтүп барып бекиттирет. Анткени ал айылда журналисттин нарындык бир жердеши аскер бөлүгүнүн офицери экен.
Кырсыктын эртеси Талас телевидениесинин бир нече кызматкери абалды билели деп "десант" журналист 1-2 айдан бери жашап жаткан "Интерньюс" мейманканасына барышса Э.Мелисбеков аларга көпкө чейин эшик ачпай, "кеткиле" дейт. Айла жок жүзмө-жүз сүйлөшүүгө туура келгенде ал таластык кесиптештерине "Ак үйдө, КТРда жана Көк-Ой айылындагы аскер бөлүгүндө нарындык жердештерим бар, машинаны оңдотуп берем" дегенчелик кылып ороңдоп коюптур.
Бул жол кырсыгы алигиче МАИ органында катталбай жашыруун сыр бойдон калып, "Волга" СТО мекемесинде оңдотулбай, "Альянстын" бетон столбасы орнотулбай, журналист таластык кесиптештерине кыр көрсөтүп жатканына караганда нарындык журналист Эдил Мелисбеков Талас губернатору Болотбек Бейшенбековго, КТР президенти Мелис Эшимкановго ишенип жаткандай. Болбосо, күнөөлүү экенин сезгенден кийин эртеси соолукканда эле жан далбас аракетин көрбөйбү?
Таластын телесинде 3 жыл бөлүм башчы, 9 жыл орун басар, 2,5 жыл төрага болуп иштеген М.Рахманкуловду "губернаторго,башка чоңдорго кошомат кылганды билбейт, өтө эле чынчыл, түз" деп үстөккө-босток КТР жетекчилерине, И.Чудиновго, И.Айдаралиевге арыз артынан арыз жаза берген обл Ак үй да, алардын айткан-жазгандарын жеринде бир жолу да иликтебей туруп эле буйрук чыгарганга корстон болгон КТР да талкаланган жалгыз "Волга" ушуга чейин кандай абалда эле, аны кантип бапестеп урунуп келишкендигине кызыгып да койбойт. Ошентип 2002-жылдан бери бир бурама кошумча болбой, колдогу болгон техникаларды сарамжал пайдаланып келген Таластын телевидениесинин техникалары ушинтип четинен талкалана баштады.
Жөө калган таласттык тележурналисттер менен операторлор "эми же М.Эшимканов же Б.Болотбеков бир жаңы "Жигули" берет болуш керек"-дешип күтүп жатышкан чагы.

Данил Акжолов,
"Алиби"




  Бука моюн, буура сан, Балбаны көп кыргыздын

Кыргыз күрөшү жардамга муктаж
Кыргыз эли байыртадан бери жоокерчилик заманда жашоо кечирип келгендиктен, катылгандын катыгын берип, сырткы душмандардан элибизди коргоп алчу тоо жүрөк, тайманбас эр-жигиттерин баалап, аларга сый-урмат менен мамиле кылып келишкен.
Ошондуктан "Кыргыз күрөшү", "Көк бөрү", "Ордо" сыяктуу жоокерчилик замандын жашоосуна ылайыкташтырылган элибиздин улуттук оюндары кыргыздын нукура маданиятынын ажыргыс бир бөлүгү катары каралып, бүгүнкү күнгө чейин өз өнүгүүсүн улантып келет.
Дал ушул кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатында "Кыргызстандын улуттук күрөш" федерациясынын президенти Мураталиев Марселдин демилгеси менен Азия аймагындагы Кытай, Монголия, Түркмөнстан, Казакстан баштаган 12 мамлекеттин катышуусунда 18-20-июнь күндөрү кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгиндеги Чолпан-Ата шаарынын ат майданында 1-эл аралык Азия чемпионатын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Жети салмактык категорияда кыргыз, казак күрөштөрү боюнча өткөрүлүүчү бул мелдештин негизги чыгымын казак туугандар көтөрүп, ар бир салмактык категорияда жеңишке жетишкен жоон билек балбандарга 500 долларга чейинки акчалай байгесин чыгарып берүүгө макулдугун беришкен. "Жоктун жону катуу" деп элибизде айтылгандай, жоктон башка эч нерсени айтууга жарабаган өлкөбүздүн спорт чиновниктери кыргыздын улуттук спортун эл аралык деңгээлде көтөрүүгө жан үрөп, кыргыз күрөшүнө күйгөн жигиттерибиздин мындай мактоого арзырлык демилгесине кайдыгерлик менен салкын мамиле жасап коюшу, өкүндүрбөй койбойт.

Бука моюн, буура сан,
Балбаны көп кыргыздын
Акчалары буралган
Байлары көп кыргыздын.
Анын баарын колдогон,

Арбагы го Манастын-деп ырдалгандай касиеттүү кыргыз жеринде кадимки кыргыз күрөшүндө күч сынашабыз деп камынып турушкан коноктордун алдында, кыргыз жүзүн жер каратпай, эл аралык бул мелдешти татыктуу өткөрүүгө өз салымын кошуучу касиеттүү Манас атабыздын намыстуу урпактары табылат деген терең ишеничтебиз.

Эрнис БАЛБАК,
"Алиби"

P.S. Улуттук намысыбызды бир жолу көтөрүп коюуга мүмкүнчүлүгү бар ариеттүү азаматтарыбыз 0555 75 36 36 же 62 44 35 телефондору аркылуу биз менен байланышыңыздар.











Яндекс.Метрика