№52, 16.07.08-ж.
  Өлгөндүн өз шорубу?

Ачык айтып ак сүйлөсөк, мына ушул таман басып турган жерибизде не деген гана кечиримсиз иштер болуп жатат. Айтор, азыркы адамзат өз колу, өз мээси менен жасап жаткан ыплас, доор кечирбес, Кудай кечирбес иштерге Жер жердигинен гана чыдап тургандай.

Пендеге акыл-эсти, жүрөктү, жашоону Кудай бир гана жолу тартуулайт экен. Ооба,муштумдай жүрөгүң согуп, тирүүлүктү туюндуруп турса, адам адам экенмин деп эл аралап, аралашып бул оопасыз турмуштун ачуу-туттуусун татып, анын ысык-суугуна чыдасаң да, чыдабасаң да өмүр кечиресиң. Турмуштун тээ алмустактан берки заң мыйзамы ушундай.
Менде түн уйкумдан козгогон, күндүзү көлөкөдөй ээрчип жүргөн не бир сонун адамдардын элеси бар. Алар мен үчүн ыйык пайгамбар сыяктуу. Ошолор тирүү кезинде биз ичкен суудан ичип, Бишкектин не бир кооз жерлерин, гүлзарларын аралашчу эле. Тамаша курушчу эле.
Эмесе кеп оролу ошолордон болсун. Биз тирүүлөр дагы бир жолу аларды эске алалы. Туке экөөбүз(Тургунбай Эргешов) Университеттин филология факультетинде бирге окудук. Үзөңгүлөш жүрүп жамандык-жакшылыкта бирге болуп, бир тыйын болсо ортого таштап, атактуу Панфилов паркынын пиво, винолорун бөлүшүп ичтик.
Мүнөзү кебездей жумшак, эзели адамга кыянат сүйлөбөгөн, ызаттуу да өзүнчө ажайып ички дүйнөсү кең бир пенде эле. Анын жүрөгү балапандай назик, эли, жери дегенде барча-барча тилинип турчу. Тукем өз доорунун кайталангыс таланттарынын бири болгонун эми минтип көзү өткөндөн кийин саймедиреп айтып калдык. Убагында ушул эле Тукемдин жүрүш-турушун жактырбай, не бир асылзат ырларын силкип ыргытып, адабият майданы түгүл редакциянын айланасынан алыстатышканы белгилүү. Убагында мындай тагдырга Жолон Мамытов да туш болгонун билебиз.
Туке азыркы түбүң түшкөн каатчылык заманга чейин тирүү болсо, тартынбай эле айтып коеюн, ушул кездеги союзга мүчө болуп арам оокатта жүрүшкөн алты жүзгө жакын акын-жазуучулардын ири, барандуусу, оозго сыймыктануу менен алынганы да, алардын арасында сыйлуу төрдө отурганы да ушул болмок.
Ал тирүү кезинде жандай көргөн достору Турар, Жолон агаларын уятка калтырмак түгүл жоктотмок эмес. Ошентип талатты талант деп тааныбай, Кудай Таалам кокустуктан кыргыз элине берген бир тубаса талантты туу тутуп кармай албай, белгисиз жакка учуруп жибергенибиз өмүр бою өкүнүчкө гана алып келет. Аттиң дүйнө! Өмүр дегениң адамзатка бир гана келет экен. Анан адам бул дүйнөнүн уучка толо бербеген ширинин бир гана жолу татат турбайбы. Ошол келген кайталангыс өмүрдү кээ бирөөбүз кочуштап чачып жиберет турбайбызбы.
Мен акын да, жазуучу да эмесмин. Бар болгону адабиятка ынтызар күйөрманмын. Бирок да, ошол арам оокатта жүргөн жанагы алты жүздүн ичиндеги өзүнүн очогундагы отту өчүрбөй үйлөп келаткан акын-жазуучуларга аста-секин бир гана суроо бергим келет. Эсенкожоев Кусеинди кимиңер чындап эскердиңер? 21 жаш. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе жылас болгон. Согуш деген каапырга аттанып ошол жактан да тайманбай өлүмгө кирген. Кусеин Эсенкожоев ким эле? Ошол көз ирмем жашоодо боор эти катый элек кыргыз адабиятынын түшүнө кирбеген биринчи да, акыркы да суу кошулбаган фантастикаларды жаратып кетпедиби. Андан бери суудай куюлуп канча жыл, канча өмүр өтүп кетти. Эмгиче аны жолун жолдоп, уучун узарткан (Беганас Сартовту кошпогондо ) фантастикага боор толгогон бирөө чыктыбы? Жалган дүйнө!!! Биз тирүүлөр мына ошол алп адамды бөпөлөп, юбилейлерин өткөрүп, китептерин жаңыртып чыгарып койдукпу? Анын ордуна үстөкө-босток (советтик доордо) өлүк чыгармасын чууртуп жазып эшик-жабык болсо терезенин тешигинен кирген айрым акын-жазуучу сөрөйлөрдүн доорун жүргүзүп, отун алоолонтуп күйгүзүп, чыгармаларын чыгардык. Юбилейлерин өткөрдүк. Алардын түрмөдөн да муздак, окусаң шыргалаң суу чыгармалары өз өзүнчө миңдей китеп болуп чыгып жатты. Чыгып да жатат. Ал китеп бир жыл эмес, бир нече жылдап айлап окурманы жок, барагы сары алтын болуп бара жатканы менен автор уялып да койбойт. Тетирисинче, "союзга мүчөмүн, баланча китептин авторумун" деп көкүрөк керип керсейет. "Уялбагандан өзүң уял" деген ушул болот экен, урматтуу окурманым.
Бир топ жыл эрте көзү өтүп кеткен, бүгүн изи жок Мыскал эжечи? Эмне деген гана талант эле! Жаратылышынан марттык менен тартууланган бул кишинин үнүндөй үн бул дүйнөдө саналуу сейрек гана болсо керек. Жарыктык, бул кишини көрүп даамдаш да болуп калдым. Бу чыныгы туубаса таланттар эненин ичинде эле талант болуп түйүлө баштаса керек. Ошондо эле көзгө көрүнбөс, эч ким туйбас, керемет касиети болсо керек. "Алымканды" ырдап кыргыз элине эле эмес орус элин, Сталинди таң калтырып, тамшандырган.
Мыскал эжени эскерип, жылдыгын өткөрүп, итпай-чотпайлардын ысымы коюлган кең шаарыбыздын көчөсүнө анын ысымын берип коюга болбойбу? Анын эфирден аргендей үнүн укканда калп эле тамшанып, эстемиш болуп калабыз.Эми иш жүзүндө ага эстелик тургузуп коюу жагы улуу-кичүүбүздүн, бийликти мыкчыгандардын, депутаттарыбыздын үч уктаса түшүнө кире элек. Мен ойлойм неси болсо дагы алар тирүү. Тирүү болгондо да кейиштүү тирүү. Шаарыбыздын бир ыптасында маркумдар түбөлүккө уктап жаткан дагы бир жай бар. Мына ошол жерде жыл өткөн сайын жепирейип жер менен жер болуп бара жаткан үйүлгөн боз топурак турат. Анын жанында убагында республикабызды ой келди мыкчыган, кочуштап пара жеген прокурор Демичевдин өтө баалуу кара мрамордон бир канча миңге тургузулган эстелиги турат. Маркумга ким кандай эстелик тургузат, ал менин ишим эмес. Менин кейип айта турган сөз төркүнү башкада. Жанагы күн өткөн жерди айланып бара жаткан мүрзө кыргыз элинин маданият үчүн жүрөгүн, болгон чыгармачылык дараметин кыргыз элим деп жумшаган айтылуу инсан Ольга Мануйлова эненики…
О. Мануйлованын элестетсең, бизди батырып, багып жаткан баш каалабызды элестеткениң. Себеби борборубуздагы негизги(Т. Садыковго чейин) баардык эстеликтер ушул кишинин алтын колунан жаралгандар. Өзү аялзаты болсо да бул татааал түйшүктү аркалап, кыргыз элинин нукура маданиятына зор салым кошкон. Ушул адам токсоного чыгып көзү өткөндөн кийин эч ким карабады. Кайгырбады (Жарыктык кишиде бала болбоптур). Баягынын бири катары боз топурак менен көөмп койдук. Опера-балет, Панфилов, М. Күрөңкеев, Жоомарт баш болгон чоң таланттардын бедизин жасаган бул бечара бир пенденин Т. Садыков баш болгон аттуу-баштуулары эстеликти мындай кой, кейиштүү кемпирдин мүрзөсүнө же туулган же өлгөн күнүнө жаңыртып түп коюу эч кимдин оюна келбесе керек. Эгерде ар бирибизде кенедей уят, бетибизде тырмактай кызаруу болсо, ушул канын-жанын кыргыз элине арнаган бир бечарага сүрөтчүлөр союзунун талаага чачылган акчаларынын эсебинен эстелик коюу ошончолук оорчулукта турат беле? Макул, ал өз жолу менен кетсин дейли. Ал эми бир көчөгө, мектепке, бала бакчага анын ысымын берип коюу да кыйынга турдубу? Алдың кубаныч, артың кейиш деген ушул тура! Союзга түгүл чет өлкөгө чейин даңкы кеткен кыргыз киносу эле эмес, сахнанын жылдызы, алтын, чолпон жылдызы Бакен Кыдыкееванын трагедиялуу өлүмү кимдерди гана кейитпейт. Көзүнө жаш кылгыртпайт. Белгисиз машина уруп кетип(Аны иликтеген деле пенде болбосо керек) жыйырма күндөй моргдо жаткан белгилүү актриса, кийинки кездерде өтө жүдөп, өзүн алсыз сезип, жатаканада жашап, бир бечара пенде катары жүрүп калган турбайбы. Кийгени эски көөнөргөн пальто, тамеки алганга акчасы жок(Б. Кыдыкеева тамеки чекчү), ар кимден жалдырап тамеки сурап калган экен. СССрдин эл артисти катары жаткан жери Ала-Арча көрүстөнү болгон менен эмдигиче эстелиги жок. Көчөлөргө, мектеп, бала-бакча, өзү турган үйгө эмгиче мемориалдык такта орнотула элек. Эгер Мэрия туура көрсө Свердлов районун коркпой-үркпөй эле Б. Кыдыкеева деп алмаштырып койсо чекилик болбос. (Б. Кыдыкеева, С. Кийизбаева, С. Күмүшалиева, Д. Күйүкөва төкөлдөштүн төрт кызы деп даңктары далайга кеткен.) Эми ушуларды колго алып коюш президентибиз К. Бакиевдин, жыдыганча бийликте турган Д. Үсөновдун колундагы эле иш экенинин бөркүңдөй көргүн. Залкар, кайталангыс, чыгаан таланттар Анвар Куттубаева, Шамшы Түмөнбаев, Кыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев, Токтосун Тыныбеков, Какен Алмазбеков, Байдылда Сарногоев, Эстебес Турсуналиев, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Беганас Сартов, Тургунбай Эргешов, Экия Муканбетов, Мааданбек Алмакуновдор, ж.б. ондогон кыргыз элинин көзүрлөрү, туздары өкүнсөк да Кудайдан миң мертебе сурансак да алар эми кайтып келбейт…
Бул чакан макаламда мен бир аз гана бейиши болгурлардын аттарын атай алдым. Ал эми алардын өмүрү, тагдырлары тууралуу өз-өзүнчө жазуу иши алдыдагы милдетим. Адамдык парызым.
А биз тирүүлөр аларды көзүбүз өткөнчө эстешибиз, эскеришибиз керек. Алар менен тууганчылык же бир өтмө катар жолдошчулук жагдайыбыз болбосо деле ошолордун ченемсиз, Кудай берген талантын сыйлап жүрүшүбүз абзел.
Беш күн жашап, жашабаган бул оопасыз дүйнөдө мына ушул инсандардын ысмын тезирээк тиешелүү мектептерге, бала бакчаларга, көчөлөргө, коомдук жайларга ардактап, салтанат менен ыйгарышыбыз абзел. Адамдык парызыбыз.
Мезгил өтүп, мөөнөтү айттырбай келгенде биз дагы сурабай этпей кирип барчу эшиги жок, төрү жок жайга эртелеп жатышкан улуу замандаштарыбызды ар дайым эстейли, эскерели. Алардын арбагына биз сыйынбасак, күнүмдүк көр оокаты үчүн көчүп келген "коноктор" сыйлабайт, эстебейт, ал түгүл ойлонуп да койбойт. Ушуну унут кылбайлы.

Арипбек КУРМАНАЛИЕВ,
Бишкек шаары




  Казанчынын өз иши кайдан кулак чыгарса

Жер жайнаган квартиралар, өзүм билем кожойкелер
Мына, окуу жылы да аяктап абитуриенттер кумурскадай борборубузга агылууда. Азыр мурдагыдай заман болбогон соң, тууганыңдыкына ата-энеңдин урматы үчүн эки-үч ай, ашып кетсе бир жыл батасың. Андан соң эл катары батир издөөгө туура келет. Бирок, батир маселесине азырынча көңүл бурган эч ким жок. Бул жаат да көмүскө экономикадай эле өз алды кимдир бирөөлөргө аз да болсо акча алып келип жатат. Батир дегенде баардык: айына, жылына, күнүнө берилип жаткан квартираларды, времянкаларды эсибизге алышыбыз керек. Эми суткалап берилген квартиралар сойкулар үчүн гана кызмат кылаары белгилүү. А башка айлап-жылдап берилип жаткан квартиларды деле ошол суткалап берилип жаткан квартиралар сыяктуу тескеген эч ким жок.
Алдын ала 6-7 айга төлөп жашагандар саналуу эле. Анткени, басымдуусу жаш үйбүлөлүүлөр, студенттер, ар кайсыл жумуштарда иштегендер. Бул жолкусу батир бааларына токтолбой эле коеюн. Анткени баа баасы менен, ал эми ошол алып жаткан суммасын аш кыла албай жатып, адам укугун тебелеп жаткан кожейкелер толтура. Ар кандай келишпестиктерден улам жаштар өз укуктарын коргой албай, керек болсо ошол эле күнү, ал турсун түнү болсо түнү эшикте калып калууда. Анткени кожойкелер эч кепке келишпестен бөлмөнү бошотуп берүүсүн талап кылышат. Сылык сыпайы эмес, кадимки эри менен урушкандай түр менен. Мени, мисалы, жаны кейип жашаган жаштардын абалы тынчсыздандырат. Айылдан "окуйм-чокуйм, иштейм" деп келгени да ошентип кимдир бирөөлөрдүн жепирейген тамында күн кечирип келишет. А жанагыдай ысык суусу бар кабат-кабат үйлөрдөн квартира алам дешсе тапкандарынын баарын берүүгө туура келет. А ичип-жегени, кийгени, басканы деп отуруп артканын айылга ата-энесине, бир туугандарына беришет. Кайрадан кайталанма күндөр, жылдар өтө берет. Эптүүлөрү эптештирип чет өлкөлөргө кара жумушчу болуп кетишет. Ал жактан деле түз жүргөнү түз жүрүп, ичип-чекпей, көчөлөп милицияга кармалбай, тапканын тыпырайтып бул жакка жиберип оокат кылышууда. Бул темада башка жолу кененирээк сөз болмокчу.
Эми жогоруда айтылгандай, батирдин баасы, аны менен катар эле азап-тозогу жаштарга чоочун көрүнүш эмес. Ата-энесине бул тууралуу ооз ачышпайт. Кыргызда "абалың кандай десе" "жакшы" дегенден башканы айтпаган жакшы адатыбыз бар эмеспи. А ата-энелери ойлошот "жакшы" деп, "балам иштеп баланча акча салды",- деп коңшуларга мактанышат. А жаштарды аяган бир жан жок. Тырпырап жүрүп тапканы айдан айга жетпейт. Келечек үчүн жаркын максаттар менен борборго келишип,эки-үч жылдан соң көңүлдөрү үч көчкөндөй калышып кайрадан "кайдасың туулган жерим?",- деп жөнөп беришүүдө. Айтмакчы, туулган жерден өтөөрү барбы, аттиң! Айрыкча айылдын таза абасы, хлорсуз суусу, көйкөлгөн жашыл шибер чөбү, мөмөсүн төгүлткөн дүпүйгөн алма-багы, ичине кир токтобогон карапайым эли. А шаар болсо ташбоор келет, бөтөн келет. Эч убакта "куш келипсиз, төргө өтүңүз" деп эч ким тозуп албайт. Баары чоочун. Баары акча. Орус мүнөз туугандарың айылга барса жан алың калбай жок эле дегенде бир козуңду союп коноктоп аласың го. Сүйлөсөң жаңылыгың түгөнбөй, бапырап отуруп самоордон чай ичип, чер жазып отурган ата-энеңди Бишкекте жүрүп сагынсаңар керек ээ. Жаштар, жаштар… Мен дагы жашмын силер өңдүү. Силердей эле көп нерсеге үмүт этип, көпкө жетким келген. Анан ушул борбордун жалаң терс жактары жан дүйнөмдү сындырды. Жашырган менен эмне. Анткени так ушул жерде эл-жер үчүн иштемиш этип эл ырыскысын жеген саясаттагылар. Башаламандыктын баарын кылган ушулар. Өз чөнтөктөрүн ойлошуп, кандай дагы болсо арам акчалардын келип турушу алар үчүн кадимки эле көрүнүш.
Мамлекеттик кызматтарда жаштар жок деп ыйлакташкан жаштар да, ошол эле Бакиев такка келгени кызмат орундуу болушкан. Улуу муундарга окшоп жеп-ичкендин ыгын билишпегендиктен кайрадан, "кантип жан багыш керек?" деп эптеп бизнестин бир учун сүйрөп ошол кызмат орундарын таштай кача беришти. А чындыгында алардын айына тапкан 1,500 сому эмнеге жетмек? Квартирасына төлөмөк турсун, күнүгө барып келген жолуна акча жетпей, ачка кезерип иштеген жаштарга өз көзүм менен күбөмүн. Жарым жылдан бери специалист, жетектөөчү специалисттер 3-5 миң сом айлык алып калган күндө деле азык-түлүктүн, жолдун, ошол эле учурда квартиралардын төлөм акысынын кымбатташы менен баягы эле Мамайдын көрү. Ал эми мындай болбос акчаны тиктеп отургандар, өздөрү айтмакчы артында тиреген бизнеси бар. "Мен бул жерде жөн отурат дейсиңби? Дагы кайдан эмне чыга калат деп жүрөм да",-деген сөзү менен ирэнжитти эле бир улгайып эле калган мамлекеттик кызматчы. Бул сөзгө күбө болушкан жаштар баш чайкап эле тим болушкан. Мына улуулардын психологиясы.
Быйыл кыш аягында бир жылдан бери квартиранттардын эсебинен чогулган акчага бир жашы улгайып калган аял Улан микрорайонундагы бир бөлмөлүү үйүн евроремонт жасаттырды. Өзү залында жашап, ал эми ашканасын квартиранттарга берип, балконун болсо ашкана кылып, кыскасы акылдуу да, митаам да аял экен. Буга окшогон акылдуулардын күнү тууп азыр батир бербеген үй ээлери саналуу гана. Жаңы конуш, шаар ичи деп айырмаланбай баардык жерде баалар окшош. Кара жаның араң айлана турган чакан комнаталар айына эки миң, бул минимум баасы. Албетте, мындай квартиралар берилбегенде жанагы борборго чуруган жаштар кайда, кантип жашашат эле? Бирок, мындагы кемчиликтер ошол квартира ээлеринин жаштарга каалагандай "диктовка" кылгандары. Төлөө акысын кожойкелер эртелеп сурап калса, чөнтөгүңдө сокур тыйының жок болуп турса дагы таап берүү милдетиң. Он күн эрте болсо дагы. Андай болбосо алардын кабагы бат эле бүркөлөт.Жөн бүркөлбөй артынан далай сөздөрдү ээрчитет десең. Санай берсе башка мисалдар да толтура. "С подселением" деген квартираларда айрыкча "ары бол, бери бол" демейлерден башың айланат. Мисалы, "сууну катуу агыздың, катуу бастың, катуу күлдүң, үйдү жыйнабай коюптурсуң, баланын оюнчуктары неге чачык" деп, керек болсо үй кызматчысындай, бала баккычындай кылып жумшап алышат. Баарынан кызыгы эки күн жашаган соң кожойкенин көзү менен тең айланбасаң, "жакпай калдың" деген статья менен чыгып кетүүгө мажбур болосуң. Демек, адам аброю тебеленип кала берет. Нерви жукалар кожойкелер менен кайым айтышып, айрымдары "лам" дебей баса беришет.
Мындай көрүнүштөргө бөгөт коюга болобу? Азыр биздин мамлекетте көп нерсеге бөгөт коюу мүмкүн эмес. Көмүскө экономикадан чыгарабыз деген тигүүчү цехтерди деле түп тамырынан бери чыгарып жиберишпеди. Эми башкасын коелу, ушул сойкуларга берилип жаткан суткалык квартираларды легалдаштырып көрүшсүнчү. Шаар ичи кадам сайын так ушундай квартиралар. Кайсыл кожойке эле "публичный" дедиртип каттата койсун!
Биздин өлкөдө азырынча квартирага берүүчүлөр менен алуучулардын ортосунда атайын мыйзамдуу келишим жок, бир нерсе болсо келишимди бетке кармагандай. Ошондуктан кожойкелер да өз билгенин кылышат. Укугун коргой албай кала берген эле квартиранттар.

Азима АКУНОВА,
"Алиби"