№54, 23.07.08-ж.
 "Экстерден эптүү" кеп

ҮМҮТТӨР КҮЗДҮ КҮТӨТ
Июнь айынын акырында Кыргызстанда дагы бир жаңы кыймыл жаралды. Ал "Бирдиктүү Кыргызстан" деп аталды. Кыймылдын курамын белгилүү коомдук-саясий ишмерлер түзүп, негизинен мурдагы мамлекеттик чиновниктерди, депутаттарды камтыды. Атап айтканда, Турдакун Усубалиев, Амангелди Муралиев, Каныбек Иманалиев, Болот Жанузаков сыяктуу белгилүү инсандар бар.
Аталган Кыймыл өткөн жуманын соңунда өзүнүн алгачкы Билдирүүсү менен чыкты. Атына заты жарашып, "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы айнектей чачыраган кыргызды бириктиргенге жараар бекен? Төмөндө "Бирдиктүү Кыргызстандын" билдирүүсүн улай, баяндамачыбыз Асангазы Бердикеевдин ой-чубамын назарыңыздарга сунуштайбыз.

Элет калкы табиятынан күзгө жакын. Анткени күз адамдардын аң-сезиминен бардарчылыгы, бышыкчылыгы менен терең орун алган. "Быйыл күздө той берем, аш өткөрөм, машина алам, кудага барам" сыяктуу дагы көптөгөн илгери үмүттөр берекелүү күз айына болжолдонот. Анын үстүнө күзүндө жыйын-терин аяктап, кол-жолу бошогон элет калкы азбы-көппү, алган түшүмүнө алакан ушалап, эрте жаздан берки түйшүктөн арылганга сергип, чар тарапка көз чаптырат. Ал эми чар тарабың тунжурап, ың-жың.
Соңку жылдарда үн-сөзсүз тунжуроо жылдын төрт мезгилин бирдей ээледи. Анткени, алар бири-биринен айырмаланбай калды. Дегеним, күрдөөлдүү күз босогодо турат. Бирок жакшылыктын жышааны жок. Баалар баягысындай эле баштан ашкан өктөмдүгүнө салып, элдин эсин оодарат. Күз менен бирге келген береке кайда кетти? Эч болбогондо жай ортолоп, жашылча -жемиш, мөмө-чөмө бышканда арзанчылык кадыресе билинчү эмес беле? Дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктап баратат, бирок нандын баасы кыймылдайын, төмөндөйүн дебейт. Тескерисинче, "өссөмбү" дейт, өзөгү өрттөнүп. Какаганга-муштаган болуп быйылкы жаз менен жай айлары да абдан кургакчыл келди. Ошентип кургакчылык күзгү үмүттүн бир өңүрүн жулуп кетти. Даның көп болсо, шааниң көп болбойбу, дыйкандын кампасын караган шаардыктарга кыйын болгудай, нан эми арзандабай калды го.
Кыргыздар кыйындыкка чыдамкай, катаал мүнөз калк келебиз. Дан жана дан азыктарынын алеки заматта асмандап өсүшүнө да кайыл болуп, илгери үмүттөн кол үзбөдүк. Бирок кышкысын кардың ач болсо дагы үйүң жылуу болуп турса, каткырыгың таш жарат эмеспи.Күздү күткөн дагы бир үмүттү ушул элетр кубаты курутмак болду. Жакында отун-суу, энергетика жаатын тейлеген министр Сапарбек Балкыбеков жайдын дардай күнүндө , август айында электр жарыгы кайрадан өчүрүлө баштарын билдирди. Кышты кой, күзгө жетпей светибиз өчө баштаса, алдыда кандай "ызгаар" күтүп жаткандыгын ким билсин, кышта кантер экенбиз?
Светтин утур-утур өчүрүлүшү шаардыктарды жай күнүндө да жакшы эле жүдөткөнү эсибизден чыга элек. Өзгөчө чакан жана орто бизнестегилер катуу кыйналды. Муздаткычтар, компьютерлер жана башка оргтехника дегендер жарактан чыгып, балмуздак , суусундук жана башка азык-түлүктөрдү пайдалануунун санитардык нормалары бузулду. Узак жылдардан бери "свет өчөт" деген проблеманы баштан кечирбеген шаар калкы, эми өнүгүүнүн туу белине келгенде мындайга туш болуп, эсэңгиреп турган чагы. Ушундайда айыл калкы кантти экен? Бийлик башы аларга "тезек тергиле" деди. Макул, малы барлар тезек терип алсын, малы жоктор кантти?
Кышкысын үй-бүлөсү менен бир бөлмөгө шыкалып, колго жасалган электр жылыткычтын "көзүн" караган кыргыз кышында свет өчсө кайда барып жан сактайт? Айылдын айлана-тегерегиндеги , жол боюндагы токой тилкелери эбак отолуп, буталып, тонолуп бүткөн. Корукчулардан кооптонуу гана анча-мынча бак-шакты коргоп калды. Ал эми көмүр дегенден үмүттүн үзүлгөнү качан. Көмүр болгон күндө да баасы жомоктогудай. Акыркы үмүт ушул электр энергиясына келип такалып, күн көрүп жатпадык беле дешет элеттиктер.
Кыш күнүндө кыштактын жака белиндеги дөңсөө же бөксө тоого чыксаң, ак кар жамынган айылың көзгө ажайып көрүнөт. Кеп мында эмес, башкада. Кээ бир гана үйлөрдөн түтүн булабаса , дээрлик баары жымырайт. Анткени ал заманда , свет бар заман. Эми свет жок заманда канттик? Ой басат, санаа басат. Акырында баракелде, биздин өкмөткө деп, тим болосуң.
Суубуз туруп, сууга жетпей, даркан талаабыз бар нанга жетпей, өрүш толо мал туруп, ооз толо эт чайнабай кайдан чыккан кыргыз болдук. Жараткан бизге коюну кенге толгон, аска-зоосун ак мөңгү баскан Алатоону берди. Бул биздин элдин бешенесине жазылган бүтпөс байлык. Бирок анын да "ээси" табылды. Көрсө, байлык , мүлк деген жалпы элге таандык болбойт тура. Мына ушулардын бардыгы элдин эртеңкиден үмүтүн биротоло өчүрүп, жакынкы аралыктагы жакшылыкты күтпөй калды. Жогорку окуу жайларын акционерлештирүү саясаты буга кошул-ташыл болуп, нааразычылык толкуну дагы арбыды. Жакырды мындай кой, орто оокаты бар карапайым пенде жакшы окуп бүткөн уулун же кызын университет же институттан окутуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Анткени анын чөнтөгүнүн чама-чаркы ченелүү. Ошол эле учурда жаман окуган чиновниктин же байдын балдары каалаган жогорку окуу жайда "болочок кадрлардын, Кыргызстандын келечегинин" катарын толуктап жүрүшөт. Ушуларды көрүп-билип турган элдин үмүтү күзгү жалбырактай сампарлап, үзүлүп түшө баштады. Ушундан кийин "Бирдиктүү Кыргызстандын"" алдыдагы күз айларында өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалдын дестабилдешүүсү шексиз" деген билдирүүсү чындыкка үндөш. Ошондой эле элди түндүк-түштүккө бөлүү принциби, кадрларды регионалдык белгилери боюнча бөлүштүрүү тартиби өзгөчө опурталдуу. Мындай саясаттын жыйынтыгы өкүнүчкө алып келери бышык. Кыскасы, элдин үмүтү алдыдагы күздө калды. Балким заманыбыз жакшы жагына оор мезгил жакын.




"Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясий кыймылынын
Билдирүүсү
Акыркы жылдарда Кыргызстандын саясый жана социалдык-экономикалык өнүгүшү татаал жагдайга тушугуп, көбүнчө драматизмге чулганды. Мындан үч жыл мурда мамлекеттик бийлик алмашкандыгына карабастан, позитивдүү өзгөрүүлөрдү күткөн элдин үмүтү акталган жок. Ал тургай, азык-түлүккө, электр энергиясына, коммуналдык кызматтарга карата баанын тынбай көтөрүлүшүнүн натыйжасында адамдардын турмушунун кескин начарлашы кыйла коркунучтуу кырдаалды жаратты. Социалдык-экономикалык чөйрөдө түзүлгөн оор абалга карабастан, энергетикалык секторду, кен-байлыктардын табигый тундурмаларын сатыкка коюуга жана жогорку окуу жайларын акционердик коомдорго айлантууга алынган багыт өзгөчө тынчсыздандырууда. Бардык деңгээлдеги кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда жердешчилик күч алды. Электр энергиясын системалык мүнөздө өчүрүү, адамдардын күндөлүк турмушуна гана өз кедергисин тийгизбестен, жалпы экономиканы , орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө залалын тийгизүүдө. Ошол эле учурда башкаруудагы башаламандыкка жол берүү, колдо бар реалдуу ресурстарды туура пайдалана билбей, дүйнөлүк кризистик тенденцияга шылтоо кылуу тереңдеп баратат.
Ушул жана башка факторлор өлкөнүн жалпы жарандарынын, интеллигенция өкүлдөрүнүн, атуулдук коомдун жана коомдук уюмдардын, илим жана маданият ишмерлеринин бушаймандыгын пайда кылууда.Мындай кырдаалда унчукпоо жана кайдыгерликке баруу кечиримсиз болмок.
Жаңыдан уюшулган "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясый кыймылы адамдардын нормалдуу жана коопсуз турмушу үчүн жалпы кам көрүүнү жана жоопкерчиликти бөлүшүү менен жогоруда белгиленген терс көрүнүштөрдү четтетүүгө багытталган максаттарды ишке ашырууну алдыга коет.
Жарандарыбыздын жашоо-турмушун мындан аркы начарлоодон сактап калуу үчүн өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча натыйжалуу антикризистик чараларды тез арада иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы. Ансыз алдыдагы күз айларында өлкөдөгү социалдык-саясый кырдаалдын дестабилдешүүсү шексиз. Кыргызстан элдеринин улуттук биримдигин бекемдөө, демократиянын жана ачык жарандык коомдун идеалдарын коргоо боюнча иштиктүү жана конкреттүү чаралар зарыл. Регионалдык белгилери боюнча кадрларды жана адамдарды бөлүштүрүүнүн ачык жана чүмбөттөлгөн саясаты, өлкөнүн макул эмес жарандарын бир жактуу сынга алуу үчүн өкмөттүн көзөмөлү алдындагы электрондук жана басма сөз маалымат караматтарын пайдалануу кайра каралууга тийиш. Бул коркунучтуу саясат, эгерде ал мындан ары улана берсе, жалпы элди туңгуюкка алып барат.
"Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясый кыймылынын бардык акциялары жана иш-чаралары иштеп жаткан мыйзамдарды жана Конституциянын нормаларын катуу сактоо менен ишке ашырылат. Бардык маселелерди чечүүнүн эң эле мыкты жолу-бул ачык диалог, пикир алмашуу, конструктивдүү кызматташтык деп эсептейбиз. Мына ушулар болбосо, коом өзү максатка жетүү үчүн саясый күрөштүн башка, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ыкмаларын жана формаларын издеп табууга аргасыз болот.
"Бирдиктүү Кыргызстан"- бул массалык кыймыл жана ага кошулууну каалагандар үчүн эшик ачык. Көз карашы, саясый ишеними кыймылды уюштуруучулардыкынан башкача болгондор да кыймылдын мүчөсү боло алышат. Анткени саясый жана экономикалык көз караштарыбыз канчалык айрымалуу болбосун, биздин жалпы милдетибиз жана максатыбыз бирөө-бул бирдиктүү Кыргызстанды, анын эгемендүүлүгүн сактап калуу , экономикалык кризистин, өсүп бара жаткан инфляциянын жана коррупциянын шартында анын жарандарын социалдык жана укуктук жактан коргоонун натыйжалуу жолдорун издеп табуу.
Эгерде биз экономикалык жактан кубаттуу, бирдиктүү, демократиялык Кыргызстанды, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган укуктар менен эркиндиктерди сыйлаган өлкөнү кааласак, анда биз биригүүгө тийишпис.
Биз өзүбүздүн өнүгүүбүздүн азыркы жөнөкөй эмес күндөрүндө, Ата-Мекендин тагдырына кайдыгер карабагандардын бардыгынынын күч-аракеттерин бириктиребиз. Биз бирге болгондо гана өлкөнү хаостон жана бүлүнүүдөн сактап калабыз. Бирдиктүү, Эркин жана Демократиялык Кыргызстан үчүн-бирге!