№54, 23.07.08-ж.
  Кыңыр иш кырк жылда билинет

Баямандын башын жуткандар өз жазаларын алышты
Өткөн жума, 16-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти, белгилүү бизнесмен жана саясий ишмер Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча дээрлик үч жылга созулган сот процесси аяктап, Свердлов райондук фемида кызматкерлери тарабынан күнөөлүү деп табылышкан кылмышкерлер өз жазаларын алышты.
Эскерте кетсек, мындан туура үч жыл мурун б.а 2005-жылдын 21-сентябрында Гоголь көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан белгисиз кылмышкерлер тарабынан "ТТ" тапанчасынан үч жолу атылган октон каза болгон Баяман Эркинбаев, ошол мезгилдеги коомчулукта көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан табышмактуу буйурутма адам өлтүрүүлөрдүн катарын толуктаган.
Бул чуулгандуу кылмыш фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштери башталгандан көп өтпөй, ошол жылдын сентябрь айында кылмышка шектүү делинип, Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун биринде мүчөлүктө жүргөн Казакстандын жараны, Бишкек шаарынын тургуну Махмутжан Рузиметов жана маркум Баяман Эркинбаевдин досу Сабырбек Батыров камакка алынышкан. Ал эми бул кылмыш ишин аткарган б.а Баяманды аткан Чечен Республикасынын жараны Султан Абалаев Орусияга качып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган. С.Абалаевге кыргызстандык күч органдары тарабынан эл аралык издөө жарыялангандыгына карабастан, кийинчирээк, Калмыкстандын Жогорку соту тарабынан Султан Абалаевдын акталгандыгын бир катар орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан эле.
Эске сала кетчү жагдай, Свердлов райондук соту тарабынан бул кылмышкерлерге сот өкүмү экинчи жолу чыгарылып отурат. Буга чейин 2006-жылдын июль айында ушул эле сот тарабынан күнөөлүү деп табылышкан М.Рузиметов менен С. Батыров өлүм жазасына буйрулуп, бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бул чечим жокко чыгарылып, ишти кайра карап чыгууга Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Ошентип, экинчи жолу бул кылмыш фактысы боюнча 2007-жылы декабрь айында кайрадан тергөө иштери башталып, Чубактын кунундай чубалжыган бул ишке өткөн жума, 16-июль күнү Свердлов райондук сотунун судьясы Жаңыл Мамбетаалы чекит койду.
Сузактык атактуу палванды өлүмгө буйруган бул кылмыш ишинин негизги уюштуруучусу катары базаркоргондук Сабырбек Батыров табылып, ал эми дасыккан адам өлтүргүч б.а "киллер" чечен улутундагы Султан Абалаевди жалдап, аны автоунаа, курал-жарак жана байланыш каражаттары менен камсыз кылып, Баямандын көзүн тазалоодо негизги жумуштарды аткарган Махмутжан Рузиметовдун да күнөөсү аныкталып ар бири 20 жылга эркинен ажыратылды.
Ошентип, тергөө иштеринин жыйынтыгында, Баяман абактагы криминалдык "авторитет" Болот Тынычбеков аттуу адамга 2005-жылдын август айында "Алай" мейманканасында болгон атышууда камакка алынышкан туугандарына жана жан сакчыларына темир тор артында баш-көз болуп туруу акысына 20 килограмм героин кийрип берем деп убада кылып, аткарган эмес жана Баямандын өлүмүнүн негизги себебин тергөөчүлөр дал ушул героин ишине такап, "убадага турбай, эки сүйлөгөндүгү анын өлүмүнө алып келди"-деп билдиришкен.
Ал эми негизги айыпталуучулар С. Батыров жана М. Рузиметовдордун берген көрсөтмөлөрүндө алар бул ишке эч кандай тиешеси жок экендиги жана тергөө иштерин жүргүзгөн Улуттук Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү психологиялык кысым көрсөтүү менен ар кандай кыйноолорду колдонуп Баямандын өлүмүн моюнга алууга мажбурлашты"-деп билдиришкен. Ошондой эле Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө бир тууган депутаттар Рыспек жана Тынычбек Акматбаевдердин тиешеси бар экендигин кыйытып өтүшкөн. Айыпталуучу М. Рузиметов бул ишти тергеп жаткан УККнын тергөөчүсү Айваз Кадыров маркум Тынычбек Акматбаевдин жакын тууганы экендигин да баса белгилеп өткөн.
Атагы менен чатагы дайым жандай жүргөн маркум Баяман Эркинбаев жөнүндө коомчулукта убагында кандай гана сөздөр айтылбады. 24-март окуяларынан кийин Орто Азиянын "демократиялык аралчасынан" "криминалдык аралчасына" айланган Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө салмактуу орду бар, а түгүл Кыргызстандын түштүгүндөгү нарко-базардын башкы кожоюну дегенге чейин барышса, бир катары кыргыз спортун эл аралык деңгээлде көтөрө алган, дайыма карапайым элдин таламын талашып, камын көргөн кыргыздын чыныгы патриоту, ал гана эмес Баяман Кыргызстандын эл Баатыры атанууга татыктуу инсан дегендер да чыгышкан.
Кандай болгон күндө да "эл тараза, эл сынчы" демекчи, Баяман Эркинбаев мамлекет казынасынан капчыгын кампайтып, элим-жерим деп күйүмүш болгон кээ бир саясатчы сөрөйлөрүбүзгө караганда, өзүнүн кара күчү менен ушунча деңгээлге көтөрүлүп, аз да болсо элине кызмат кылып кетти-десек туура болоор.

Тиленбек АЗЫК,
"Алиби"




  Кырсык

Токмокто автобус тоголонуп…
"Кырсык каш кабактын ортосунда" деп коет эмеспи элибизде. Ошондой кырсык 20-июлдан 21 не караган түнү Бишкек-Торугарт автожолунун 64-чакырымында болуп өттү. Сегиз адамдын кырчындай өмүрлөрү кыркылып, отуздан ашык жүргүнчү оор жаракат алышты.

Мээ кайнаткан жайдын ысык аптабында көгүлтүр Ысык-Көлгө барып эс алышкан казакстандык 53 жүргүнчүнү Чолпон-Атадан Алматы шаарына ташып бара жаткан "Сетра" маркасындагы автобус Токмок шаарынын четиндеги Дунларов көпүрөсүнөн бет маңдай чыккан "Мерседес 220-Е" маркасындагы жеңил автоунаа менен кагышып, кырсыкка учураган. Алты киши ошол жерде каза болуп, экөө ооруканадан үзүлүшкөн.
Кырсыкка учурашкан жүргүнчүлөрдүн жыйырма беши Токмок шаардык бейтепканасына жеткирилсе, жетөө Чүй облусттук бириккен ооруканасына жаткырылган. Ал эми үч жүргүнчү эс учуна келе албай, абалдары өтө оор бойдон калууда.
"Жайыраак айдаңызчы"-деп жүргүнчүлөрдүн сурангандыгына карабастан, "Эртерээк бажы постунан өтүшүм керек"- деп кулак салбай, саатына 150 чакырым ылдамдыкта айдап бара жаткан "Сетра" киши ташуучу автоунаасынын айдоочусу, Чолпон-Ата шаарынын тургуну Алмаз Абылаев да учурда оор абалда.
Ал эми В 18-63 Х номерлүү "Мерседес 220-Е" жеңил автоунаасынын айдоочусу токмоктук Молдобеков Алмаз кырсык болгон жерден жан таслим болгон.
ИИМдин басма-сөз кызматы "алдын ала жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, бул кырсыктын башкы себепчиси "Сетра" автоунаасынын шопуру болгон, анткени түн ичинде киши ташуучу ири автоунааны мындай ылдамдыкта айдабашы керек эле" деп билдирген.
Ысык-Көлдү көздөй тынбай каттаган машиналарды улам-улам токтотуп, ар бир постто акча өндүрүп атып катуу чарчап, бул түнү МАИчилер таттуу уйкуга кетишкенби же чогулткан акчаларына катуу майрамдап жүрүшкөнбү, айтор катуу ылдамдыкта келе жаткан бул автоунааны көз жаздымда калтырышып, бул жол кырсыгынын болуп өтүшүнө шарт түзүп отурушат.
Эскерте кетсек, кырсыкка кабылган бул автоунаа Чолпон-Ата-Алмата-Астана авто каттамы боюнча бара жаткан жана жүргүнчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү казакстандык эс алуучулар болушкан.




Токмоктогу автокырсыктан каза болгондор:

1- Молдобеков Алмаз Каныбекович 22.09.1976, "Мерседес 220-Е"
автоунаасынын айдоочусу
2 - Тагашова Салтанат Азреновна 10.09.1984 Алматы шаары.
3 - Амаева Надежда Шутиновна 25.05.1961 Алматы шаары.
4 - Ананьевна Анастасия Валентинвона 10.09.1962 Алматы шаары
5 - Касымова Ибадет Толугаевна 09.09.1962 Алматы шаары
6 - Касымов Захит Хамитович 09.10.1989 Астана шаары
7 - Ганиева Зайнура Муратовна 1982 Алмата шаары
8 - Рахматуллина Надира Ясаровна 1986 ж.. Алматы шаары
КРИМ САПТАР
Чек арачы полковникти кескилеп өлтүрүштү
Ушул жылдын 17-июль күнү Ибраимова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эс алуудагы орусиялык чек ара кызматчысын өлтүрүп кетишти.
Окуя болгон жерге келишкен оперелер бул адам Орусия Федерациясынын чек ара кызматында эмгектенип, пенсияга чыккан полковник наамындагы Игорь Мелихов экендигин аныкташты. Элүү жаштагы Игорь Мелиховду бешинчи кабаттагы өз батиринин жанында лифттин ичинде сегиз жолу бычак менен сайгылап өлтүрүшкөн.
Отставкадагы полковник өмүрүнүн акыркы жылдары Бишкек шаарында жашап, чакан бизнеси менен шугулданып келген.

Күзөтчүнү күзөтчү өлтүрүп…
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери жеке күзөт агенттигинин кызматкерин өлтүрүп кеткен кылмышкерди колго түшүрүштү.
15-июль күнү Чүй проспектисинде жайгашкан өз үйүндө "Барракуда" жеке күзөт агенттигинде эмгектенген 30 жаштагы Владимир Гутовдун өлүгү табылган.
Бишкек шаардык ГУВД кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кечинде изин суутпай, маркум В.Гутовдун кесиптеши Сергей Матаев кармалып, учурда сурак берүүдө.

Мыкаачы күйөө
Ыссык-Көл областына караштуу Тоң районунда өз аялын өлтүрүп, көмүп таштаган көлдүк жигит кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай ушул жылдын 28-июнь күнү Кажы-Сай кыштагынын 56 жаштагы тургуну үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан өз аялын сабап, өлтүрүп алган.
Кылмыш изин жашыруу максатында бул эргул кошуна досу менен өз короосуна аялын көмүп таштаган.
"Кыңыр иш кырк жылда билинет"-демекчи, он беш күндөн ашык өз короосунда көмүлүп жаткан бул аялдын мыкаачы күйөөсү учурда сурак берүүдө.

Эрнис БАЛБАК,
"Алиби"