№55, 30.07.08-ж.
 "От" дегенден ооз күйбөс

ӨКСҮК...
- Арстан ойлогонуң мышык чыгып калса кантээр элең?
- "Эр тегине тартат" менен өзүмдү өзүм курулай
жооткоткондон башка кылаар аргам кайсы?
(Атам Аске көп айтчу
азил-тамсилдеринен)

Кийинки он беш, жыйырма жылдын аралыгында кыргыз коомчулугу не деген гана тиришумдуктарды башынан кечирбеди. Элдин ар намысы, акыл-эси, нарк-насилинин уюткусу делген адеп-ахлак, ыйман-салават, аларды түптөп, калыптандыруучу маданият, адабият чөйрөсү андай кыйчалыш жагдайларга айрыкча арбыныраак урунуп-беринген шекилдүү.
Экономикабыз эшек минип турса, ага "эмгек сиңирген" ардак наамын алган эрендерибизге эсеп жетпей кетпедиби.
Өнөр жайыбыз өчөйүп, "отурган" жеринен туралбай отурса, ага "эмгек сиңирген" ардак наамын алгандардын арааны али да жүрүп турбайбы.
Марыган маданиятыбыз жок болсо да, ага эмгек сиңирген ардак наамын алышкан азаматтарыбыздын аягы көрүнбөйт, аттары бар - заттары жок сыяктуу.
Адабиятыбыз андан бетер: Сүкөм, Сокем, Төкөмдөй адабият, маданият, тил, дил, эл-журт деп жандарын ооздоруна тиштей, кара жандарын карч уруп, "каруусун казык кылып" келишкен корифейлерибиз акыры татыктуу сый - Эл Баатырлыгын алышкандан кийинки жазуучулардын бир чогулушунда карды эки тизесине төгүлгөн, жогоруда айтылган мезгилдин ичинде тапшырык негиздүү жазылган бирин-экин макалаларын эске албаганда, көркөм чыгарма жаатында жарытылуу эчтемке бербеген мыкты чыкмаларыбыздын бири оюн-чында: "и-и, эмне экен, эмки кезек биздики" деп атпайбы. Же чынеле ушул жерде дагы кезек түзүп алышканбы?
Деги кулакка жаман угулуп, көзгө суук көрүнөт экен.
Арийне, адамда, өзгөчө чыгармачыл инсанда, дымак дегендин болмогу сөзсүз, абзел. Бирок, ыйманга камчы чаап, абийирге зак келтирүү менен эмес да. Топуктуулук, сабырдуу салабаттуулук да керек го?!.
Өксүк рух, майып шаа (дух дегеним да)!
Мына, азыркы тапта адабият жаатында Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар тууралу ар кыл пикирлер айтылып, кеңири талкууланууда.
Аттиң, өзүнүн соңку жылдардагы ыйгарып берүү таржымалында өлкөбүздүн ушул баш сыйлыгы дагы нечен бузуп-бурмалоолорго, кемсинтүүлөргө кириптер болбодубу. Мен билгени, бул сыйлык өткөн өмүр, баскан жол, ошол аралыкта сиңирген эмгекке, жеткен атак-даңкка, абройго эмес, белгилүү мезгил ичинде жаралган дайындуу бир чыгаан чыгармага ыйгарылат.
Мурда көрсөтүлүп, бирок албай калган чыгарманын, анын варианттарынын, кийинки басылыштарынын талапкерлиги каралбайт жана анын авторунун бу жактан, же онайактан экенине жараша үлөштүрүп берилбейт да. Ошого карабастан, бизде андай опсуз окуялар оголе арбын болду. Шоруң каткан бу сыйлыкты, көркөм деңгээл, көтөргөн жүгүн кой, сүйлөмдөрү өткөн чак менен башталып, келээр чак менен, же жекелик менен башталып көптүк түр менен аяктаган "жылаандардын" түрлөрү тууралу, жерден эмес көктөн түшкөн, "ошояктан" бүткөн "ырлар" да алмак болушпадыбы. Ал эми Алыкул, Тоголок Молдо, Түгөлбай, Молдо Нияз атындагы сыйлыктарды чай-чамек чыгымдарын ким көтөрсө, ошолордун алып жатканын айтпаганда да, пенде экенбиз, айтылуу Сүкөм, эсил кайран Шүкөм аяк-башы жок, ошондой алешем "китептерге" "мамсыйлыкка татыктуулардын татыктуусу мына ушул" деген кыязда алакан жайып, ак баталарын берип ийген учурларды дагы башыбыздан кечирбедикпи...
Эми өткөн өттү, кеткен кетти, "болоору болду, боёсу канды" дегендей өкүнгөн менен не пайда!?.
Өксүк рух, майып шаа!
Менин бу жерде айтайын деген кебимдин төркүнү башкада…
Учкай да болсо айтылгандай, арампөш аракеттерден улам сыйкы кыйла кете түшкөн мамсыйлыгыбызга бул жолку талапкерлердин катарында айтылуу акын Омор Султановдун "Ашуу Төр" ырлар топтому бар экенин адеп окуганымда, чынымды айтайын, ак ниетимден кубандым: адам ак эмгегинин үзүрүн көрүп, акыбети акыры бир кайтмагы бар тура?!.
Кантсе да, дагы бир чоң акын, ыраматылык Салибай-аке Шатманов айтмакчы, Омор Султанов "кыргыз поэзиясындагы башбармактай болбосо дагын, ортон колдой болгон" орошон таланттуу акын. Анын чыгармачылыгы кийинки отуз-кырк жылдан бери карай кыргыз поэзиясынын күңгөй-тескейи менен ой-кырын аныктоодо өзүнө чак үлүшү бар жышаналуу көрүнүш катары каралып, бааланып келатканы талашсыз эмеспи. "Ошон үчүн Омокебиз" эл акыны атыгып, поэзия күйөрмандарынын чыныгы сүймөнчүлүгүнө айланып отурбайбы. Татыктууну татыктуу деш керек, Омокебиздин поэзиясы мындай сый, бул урматка толук татыктуу. "Эр эмгегин - эл баалайт" деген ушул да!
Ушундай аруу тилек, илгери үмүттүн жетегинде акындын "Ашуу Төрүн" колго алдым. Бардык нерсе салыштырууда гана таасын таанылып, адилет бааланат эмеспи, дегеним, сөздү куру бекер өйдө-төмөн чаргытпай, өзүмдү да, өзгөнү - мүмкүн болуучу окурманымды дагы тажатпай, "ток этер жерин айтканымда" аталган адабий "туунду" менин шаабайымды "суу сепкендей" суутуп койду.
Ооба, ошентти, өлкөдөгү эң абройлуу мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатканына карабастан ошентти.
Арийне, бул "топтомду" - "ыр жыйнак", "китеп" деген атка эле эмес, өз катарында мамлекеттик сыйлыкты алууга тап коюп жатканы болбогондо, ар бир автордо боло келген, боло берүүчү "жолу болбостук" катары гана карап, атайылап сөзгө албай деле койсок болот болчу. Андай болбогон соң… айткан кинебизди жүйөөлөгөндөн, далилдөөгө аракет кылгандан башка аргабыз жок да?!.
Кандай гана болбосун китептин, ыр жыйнактын (сөздүн чыныгы маанисиндеги) жаралышына, жарыкка чыгышына түрткү болгон, андагы чыгармалардын башын коштурган, башкача эмес, ушул турушундагыдай гана бир бүтүндүк катары кабылданышына өбөлгө түзгөн бир ойдун, философиянын, концепциянын болгону шарт. Болбосо китеп бир мукабанын ичине тиркелген ар кыл ырлардын чаржайыт топтому болуп калат. Андай бириктирүүчү, баш коштуруучу уңгу катары алардын жазылуу (эң жөнөкөйү) хронологиясын, алган темасын, таризин, жанрын ж. б. тутунса болот. "Ашуу Төрдө" а да жок, бу да жок. Эски-жаңы, мурун кийин жасылган, басылган жүздөн ашуун ырлар топтолгон, алардын дээрлик жарымына жакыны атын атап, атабаган оң-терс кайрыктагы арноолор, ушундан улам анын Омокедей чоң акындын калемине таандык экенине карабастан, бу китеп мамсыйлыктын жогорто эскерилген жобо, талаптарына жооп бербейби, төп келбейби деген сыяктуу шексинүү жаралбай койбойт экен..
Шарттуу чүргүлгөн үч бөлүктүн экөөндө, "Поэмалар" (алардын жанры жөнүндө болчу сөздүн жөнү башка) аталган үчүнчүсүндө деле ар кандай мүнөз, ыңгайда, ар кыл жылдары "ашык болуп өзүнө өзү…" жазылган ырлар, ак тилек, каалоосунан өйдөсүнүүсү, текеберлиги күч арноолор ойкелдекей жайгаштырыла берген. Поэма деген жанрдын талабына төп келээр-келбеси туурасында кеп кылбаганда дагы, тимганакей ыр, поэзия дегендин кылайган жыты жок, бирин-экисин айтпаганда, кыргыз элинин Белек Жумабаев, Чанай Жумаканов, Аскар Түлеев, Ашым Жакыпбеков, Советбек Жумадылов, Болот Миңжылкиев өңдүү атагы дубан жарган азаматтарын "айылдык агасы Мамырканов Кутчуга" кошуп, бир шыпыргы менен шыпыра "ичип жүрүп өлдү дештилеп" маркумдарды жаманаттылап, "чөнтөк", "эшек" дептерлердин деңгээлинде калган "Терс кайрыктары" Омор акындын "дүйнөсүн" толук мүнөздөп, чагылдырбас...
Өксүк рух, майып шаа!
Албетте, эмнени кандай жазып, кайда, качан басып чыгаруу ар бир автордун өз эрки, ага шек келтирүүгө эч кимдин акысы жок, бирок мамлекеттин, демек жалпы элдин атынан баа берип, барктоого келгенде бу жагдайды көз жаздымында калтырган да жарабайт. Мында жалпы адабиятыбыздын өткөн таржымалын, мурун - кийинин, ийгилик - кемчилигин, бөксө - бийигин, өзүбүздөн кийин келчү, бизден акылдуураак, маданияттуураак, талапчыл окурман журтчулугун эсибизден чыгарбаганыбыз жөн болоор. Эгерде акын Омор Султановду өзүнүн жарым кылымга жакын чыгармачылык өмүр жолунда салыштырмалуу алашем ыр жазып, начар китеп чыгарышы деле ыктымал дей турган болсок, анда ошол - мына ушул "Ашуу Төр". Аристотель "Этикасында" бир аз башкачараак айтса дагы, Сервантес "Дон - Кихотунда": "Платон менин досум, бирок чындык кымбат" дедиргендей, Омор Султановду акын катары канчалык терең урматтаганыма карабастан, колумду жүрөккө коюп, туурасын айта турган болсом, бул Омор акындын сыйлык алуучу эмес, жөн гана факты катары саналуучу китеби. Өзүн уятка калтыргысы келбесе, буга Омокем өзү деле макул болот болушу керек.
Кыргыз адабиятына, поэзиясына "Отузунчу станция", "Чарчоонун жүзүнчү ыры", "Сен жөнүндө поэма" сындуу чыныгы адабий табылга, көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрдү берген акындын "баарысы өңдүү жашап эки бет менен" деген көз ирмемдик пендечилигине алдырып, анын жакшы атын жаманаттылап албайлы, кийин соңу "Отузунчу станциядан" чыгып, "Чарчоонун жүзүнчү ырын" чалган, ара чолодо "Сен жөнүндө поэма" менен учтан түпкө жетээр обон салган Омор Султанов менен кокусунан "Ашуу Төрдө" калган Омор Султанов "араздашып, өз ара киришип-чыгышпай калбасын" десек, экинчисине сыйлык берип, биринчисинин жаңыдан карттана баштаган жаратын сыйрып, бу экөөнүн ортолорунан "от жакпайлы", эй кашайгырлар!?. Татыксыз сыйлыктан, татыктуу сыйрык көбүрөөк аброй апкелерин соңку тарых, таржымалыбыз күн сайын эмес, ирмем, кадам сайын далилдеп жатканына өзүбүз күбөбүз го!?.
"Кезеги келген кептин атасын өлтүрүп" албоо аракетинде, анан калса кыргыз адабиятынын тимганакей күйөрманы эмес, анын өйдө-төмөнүнө тикелей тийешеси бар, кесипкөй, көзү ачык, сынчыл окурманы катары "орой көз чарай", ачык айткан агадил ой-пикиримди Омокем өзү да, жалпы окурман журтчулугу дагы туура кабылдаар.
Болбосо, ар кимдин өз көйгөйү өзүндө гой?!.
Өксүк рух, майып шаа!..
Оңуту келгенде айта кетүүчү дагы бир жүйө: менин жеке баамымда мамсыйлыкты ыйгарып берүү боюнча комиссия убактысы келгенде гана чогулган болуп, шымаланып чыга келген жөнеле каттоочунун, же тагдыр чечээр машаяктын милдетин аткарбастан, мыктылардын мыктысын, татыктуулардын татыктуусун табуунун аракетинде такай изденүү менен иш алпарган жандуу, ары жигердүү сынчыл, чынчыл, абдан калыс, аракетке жөндөмдүү жамааттык уюм болгону жөн. Ошондо гана бул сыйлыктын баа-баркы өз деңгээлине көтөрүлөт, топтук кызыкчылыктардын чаңында, тебелендисинде калбайт. Ошондо гана Омокемдей болуп, иш милдети таланттарды табуу, тарбиялоо, аларга кам көрүү, баа берүү болгонуна карабастан, айланасындагы көшөкөр кошоматчылардын тилине кирип, "сүйүктүү өзүнүн" калдайган караанынын далдаасынан башкаларды көрбөй калган "улуттук" уюмдардын ыңгайсыз абалда калган төрагаларынын катары азайат.
Ошондо гана Токтосун Самудинов, Анатай Өмүрканов, Мелис Абакиров, Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов, Бейшенбай Усубалиев, Самсак Станалиев, Маркабай Ааматов, Кожогелди Кулиев, Фатима Абдалова, Алик Акималиев сыяктуу ж.б. (мында кийинчерээк салыштырмалуу жакшы китептери чыккандар аталды) таланттар Омокемдин өзүндөй болуп мамсыйлыкты алыш үчүн улуттук союзга төрага болоор күндөрүн күтүшпөйт болчу, алуунун айла-амалдарын издешпейт эле. Анан акыры болгондо… чыккан китептин шыкыты келбей… Аттиң…

Өксүк рух, майып шаа!..
Жумабек Медералиев