presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№55, 30.07.08-ж.
  Чыкем менен чай кайнам...

"Эмне кылам,
барып кечирим сурасамбы?"
25-июль, 2006-жыл. Чыңгыз Төрөкулович менен жолугушуп, кенен отуруп маектешүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Ал мүмкүнчүлүктү Мукай менен Чынара уюштурду. Түшкө чукул Кино үйүндөгү Чыкемдин кабинетинин босогосун аттадык. Таанышып, кыскача ал-жайды сурашкандан кийин эмне үчүн келгендигимди саймедиреп кирдим.

- Чыңгыз Төрөкулович, Сиздин аброй-авторитетиңиз кыргызды дүйнөгө дүңгүрөтүп турган учур. Кээ бирде, чет өлкөгө барып калганда, кыргыз десек бүшүркөп, Чыңгыз дегенде тааныганына өзүм деле күбө болгомун. Москвадан диссертация коргоордо Сиздин "Плаханы" пушка катары колдонуп, далай профессордун алкышын алганбыз. Кыргыз элинин, касиеттүү Манас атабыздын асабасын бийик желбиретип дүнүйө элине таанытып келатасыз. Учурунда Манас эпосу талаш-тартышка капталып, "Манас биздики, Манас сиздики" - болуп атканда Сиздин туруктуу позицияңыз, ачык сөзүңүз ал талаш-тартышка чекит койдурган деп угуп жүрөбүз. Дал ошол кыргыздын Манасы сыяктуу ата-бабабыздын акыл оюну Тогуз коргоол да ушул тапта талашка кабылган учуру. Тогуз коргоол оюну шахматтан да байыркы оюн экендиги археологиялык казуулардан табылган тактанын фрагменттерин изилдөөлөрдөн улам далилденип отурат. Андай такта Шотландиянын Абердин шаарынын этнографиялык музейинде сакталып тургандыгын "Наука и жизнь" журналы 1971-жылы жазып чыккан. Экинчи бир фактыга кайрылсак: Венгр окумуштуусу Джорж Алмаашинин 1903-жылы жарык көргөн "Азиянын жүрөгүнө саякатым" деген китебинин 718-722-беттеринде тогуз коргоол оюнунун эрежелери толук берилип, ал оюн кыргызга таандык экендиги айтылат. Тогуз коргоол кыргыздын маданий мурастарынын бири экендиги жана бир дагы той-тамаша эр-эңиш, күрөш сыяктуу эле, тогуз коргоолсуз өтпөй тургандыгы баса белгиленет. Ушундан улам, Тогуз коргоол шахматтан да байыркы экендиги далилденип атса, ал оюндун табылган тактасынын жашы беш кылымга барабар болсо, боордоштордун бул оюн биздики дегендиги ичимди күйдүрөт. Тогуз коргоол оюну, боордоштор өзүнчө эл болуп түзүлө электе, аларды кара кыргыздардын составында деп жүргөндөн мурда пайда болуп атпайбы. Мен бул фактыларды кези келген жерде түз эле айтып жүрөм. 1990- жылы казак телевидениесинин түз эфирин пайдаланып да ушул оюмду ортого салгамын.
Менин үнүмдү укчуу боордоштор азайып баратат. Ошондуктан тогуз коргоолго Сиздин көңүлүңүздү буруп, биздин таламыбызды талаша жүрөөр бекенсиз деген мүдөө менен келип отурам.
Чыңгыз агай менин узун "монологумду" өтө кунт коюп, анда-санда башын ийкеп угуп отурду.
Китептин алгачкы барагына: "Кылымдын залкар адамдарынын бири Чыңгыз болсо, ал кыргыздыр. Ыйык Манасты жараткан эл кыргыз болсо, анын уулу Чыңгыздыр. Чыңгыз агай! Сиздин өмүрүңүздүн узун-узун болушун жараткандан көп-көп тилеп, иниңиз А. Чылымов" - деген жазуу менен Чыкеме өзүмдүн "Тогуз коргоол" деген китебимди жана Джорж Алмаашинин китебинин 718-722-беттеринин ксерокопиясын тартууладым.
(Ушул жерден өзүмдүн бир пикиримди айта кетүүнү туура таптым. Иштван Шантанын 2002-жылы чыккан "Менин элим да чыгыштын кулундары" деген китепчеси академик Бүбүйна Орузбаева эжебиздин котормосу менен жарыкка чыгыптыр. Мына ошол котормодо Алмаашинин ысмы Дёрдь, ал эми китеби болсо "Саякатым Азия борборуна" деп берилиптир.
1990-жылдардын тегерегинде белгилүү венгр окумуштуусу маркум Коңур Мандоки менен көп жолу чогуу болуп, далай жолу маек курган элек. Ошондо Коңур Мандоки Алмаашинин атын орусча жазсаң Георгий же болбосо Джорж деп жазсаң туура болот. Ал эми анын китебинин аты (V?ndor - utam ?zsia sz?v?be Dr. Gy?rgy Alm?sy. Dudapest. 1903) "Азиянын жүрөгүнө саякатым" деп которулат деп айтты эле. Ошондон бери мен Джорж Алмааши деп жазып келатам.)
Чыңгыз Төрөкулович "Тогуз коргоол" китебин бир топко чейин барактап, кээ бир жерин окуп да көрдү, андан соң Алмаашинин китебинен алынган копияга үңүлдү. 719-бетте комуз, кыл кыяк, чоор, так теке жана тогуз коргоолдун графикалык сүрөттөрү бар эле. Алардын алдында латын тамгасы менен жазылган жазууларды агай үн чыгарып окуп чыкты да: "Тогуз коргоол да комуз сыяктуу кыргыздын улуттук символдорунун бири эмеспи" - деп, мага кайрылды. Мен да "туура айтасыз, Чыңгыз Төрөкулович" - дедим жан-алым калбай.
- Тогуз коргоол тууралуу тарыхый материалдарды чогулта бер, ара-чолодо мени да кабардар кылып тур. Бул оюн тууралуу өз пикиримди айтууга даярмын - деди Чыңгыз агай, бул маселени соңуна чыгарып.
"Тогуз коргоол" китебинен беш-алтыны алып ала келгем. Агайдан автограф сурадым. Китептин бирине "Абдисалим Чылымовичке аксакалдык тилектер! 25.07.06." - деп жазып, калгандарына колун коюп берди.
Биз сүйлөшүп отургуча түштөнүү маалы да жакындап калгандыктан "Чыңгыз Төрөкулович, мүмкүн болсо бир жерге барып чогуу түштөнсөк" - дедим. Агай макул болду.
Түшкү тамакта чогуу болуп калышыбыз ыктымал деген ой менен бир ресторанга заказ берип койгон элем. Ошол жакка дароо телефон чалдым да, Мукай жана Чынара төртөөбүз аякка жөнөдүк. VIP залга стол даярдалган экен, залга кирип Чыңгыз агайдын төрдөн орун алуусун өтүндүм. Чыңгыз Төрөкулович залды бир айланта карап чыккандан кийин: "Төргө өзүң отур, кондиционер дал төргө урат экен, мен оолагыраак отурайын" - деди.
- Бүгүнкү жыйынды мен башкарат турбайымбы - деп тамашаладым да, жайгашып отуруп калдык.
Ал жерде бир саат кырк тогуз мүнөт отурдук. Менин кайда окуп, кайсы иште иштегенимди сурады. Көп нерселерди сүйлөшүп, баарлаштык. Анекдот да айтышып жибердик. Агай да эки анекдот айтып берип, бизди аябай күлдүрдү.
Тамактануу аяктап калганда:
- Чыңгыз Төрөкулович, Сиз кыргызды адабият аркылуу, өзүңүздүн терең философиялык көз караштарыңыз аркылуу бүт дүйнөгө тааныттыңыз. Бул жагынан алганда,кыргызды таанытуу боюнча мен Сизге жардамчы болуп жатам. Анткени, кадимки эле чөп чапкан чалгыларды чыгарып, аларды кырктан ашык өлкөгө сатып жатабыз. Биздин чалгыларды "Кыргыз чалгылары" деп 42 өлкөдө колдонуп жатышат. Үч күндөн кийин 7-8 өлкөдөн биздин дилерлер келишет. Эмдиги жылдын пландарын, чалгыларды сатыш саясаттарын сүйлөшүп, алар менен контракт түзөбүз. Мына ошондо, 28-июль күнү саат 11де жалпы чогулуш өткөрөбүз, ошол убакка Сиз биздин фирмага келип, конокторубузга бир көрүнүп, биздин абройду асманга чыгарып берсеңиз жакшы болоор эле - дедим.
Чыңгыз Төрөкулович бир маал жакшы күлүп алды да:
- Мейли барайын. Фирмаңды да көрүп кетейин, ошол күндөн бир күн мурда телефон чалышалы - деди.
Ошондогу сүйүнчүмдү сөз менен айта албасмын.
Машинага отуруп жөнөп баратканда Чыңгыз агай:
- Мен паспортко сүрөткө түшүшүм керек эле - деп калды.
Көчөнү карап, сүрөттү тез чыгарчу салонду издеп бараттык. Аңгыча Горький менен Совет көчөлөрүнүн бурчунда сүрөт салонун көрүп, машинаны токтоттум. Салондун ичине кирсек, кичинекей коридордо "Полет" тамекисин буркуратып европа тибиндеги, элүүлөргө барып калган бирөө отуруптур. Канча убакытта сүрөт даяр болот десек, 10 мүнөттө деди. Чыңгыз Төрөкуловичтин сумкасын мен көтөрүп жүрдүм эле.
- Сумканы ачсаң, менин галстугум бар - деди ал.
Чыкемдин кийгени көгүш костюм жана көк көйнөк эле. Ага галстук тага баштаганда "мындай кийим паспортко болбойт, көйнөкчөн түшө бер, костюмду компьютерде кийгизип коем" - деди фотограф. Мен да жакында эле көйнөкчөн түшүп, костюмчан сүрөт алганымды айттым.
Чыңгыз Төрөкулович стулга барып отурду. Фотограф тааныган жок. Ал анын жанына келди да: "Давай мужик, растегни пуговицы, садись вот так" - деп Чыкеме жаш баладай мамиле кылып, көйнөктүн жакасын жагжайтып отургузуп койду.
- Что - то грубовато- дедим фотографка.
- Такие люди в день приходят сотнями...- деди фотограф кебелбей.
Фотограф Чыкемдин сүрөтүн тартып алып, компьютерге жайгаштырды да, костюм тандап ал деп компьютерден костюмдардын түрүн көрсөттү. Чыңгыз Төрөкулович бир костюмду жактырды. Фотограф Чыкемдин сүрөтүн костюмга жайгаштырды эле, костюм кичинекей келип, таптакыр диспропорция болуп калды - чоң баш, кичинекей костюм. Фотограф компьютердин клавиатурасынын кнопкаларын басып отуруп, костюмду кеңейтип, узартып, акыры Чыңгыз Төрөкуловичтин келбетине жарашкан жакшынакай костюмду даяр кылып, сүрөттү ушундай чыгара берейинби деп Чыкеме кайрылды. А киши да "болот" - деген ишаратин жасады да:
- Кудая тобоо, канчалаган жылдар бою Европада жүрсөм да, сүрөтчүлөрдүн ушинтип компьютер колдонгонун көрбөптүрмүн - деп таң калды. Күлдүк.
- Жүрүңүз, сүрөт даяр болгончо машинада отуруп туруңуз - деп Чыкемди машинага узатып барып кайра фотографка келдим.
- Клиенттерге өтө эле орой мамиле кылат экенсиң, азыркы кишини тааныган жоксуңбу - дедим, атайылап жумурткадан кыр издеп.
- Ар келгендин баарын тааный беришим үчүн мен компьютер болушум керек да - деди ал басаңдап.
- Сүрөттү дагы бир карачы, мүмкүн таанырсың - дедим, ысык боткодой жармаша.
- Мага тоскоол болбочу, кудай жалгагыр - деди ал.
- Дүнүйө эли тааныган кишини, Чыңгыз Айтматовду тааныбагандан кийин сен макулуксуң - дедим, аны басынтып.
Сүрөткө үңүлө караган фотограф бир азга дабдаарып, селейип калды. Тааныды. Ордунан тура калып, менин колумду кармап, кечирим сурай баштады.
- Эмне кылам, барып кечирим сурайымбы? - деди далбастап.
- Поезд ушел. Деги ким болбосун аяр мамиле кылышың керек - дедим.
- Айтматовдун көп чыгармаларын окуганмын. Мен анын сүрөтүн чоңойтуп чыгарып алып ушул салонума асып алам - деди көзү жайнап.
- Мейлиң, ал сенин ишиң.
Чыкемдин сүрөттөрүн алып, машинага келдим.
- Мен бүгүн эс алайын, мени үйгө жеткирип кой - деди агай, мага кайрылып.
Мамлекеттик резиденциянын сол канатына келип, Чыкемдин үйүнүн кире беришинен экөөбүз дагы бир жолу сүрөткө түштүк. Жылуу коштоштук, жакын арада жолугушканга чейин дештик. А күнү Чыкем менен төрт саатча чогуу болдум.
28-июль 2006-жыл. Менин конокторум Польшадан, Украинадан, Турциядан, Россиядан, Ирандан жана Германиядан келишкен. Сааттын жебеси он бирди көздөй тызылдап чимирилип бараткансыйт. Чыңгыз Төрөкуловичтен кабар жок. Кечөө күнү эле эртең саат он бирге деп такташканбыз. Ал гана эмес, Чыкем фирмабыздан куру чыкпасын деп, калпак - чапанды да даярдап алгамын.
Саат он бир! Чыкемдин бизге келээрин менден башка жан билбейт. Чогулушту баштоом керек, элдин баары чогулган.
Чогулушум башталды.... Он бирден 20 мүнөт өткөндө секретарым записка киргизди "Чыңгыз Айтматовдон киши келди" - деп. Мен да сөзүмдү буруп коноктордон "Чыңгыз Айтматовду билесиңерби?" - деп сурадым. Баардыгы тең "билебиз, билебиз"- дешти. Анда азыр сиздерди ошол Айтматовдун жардамчысы менен тааныштырам десем кол чаап жиберишти. Өзүм сыртка чыксам Мукай туруптур.
- Биз быякка чыгып жатсак, өкүмөттөн телефон чалышып Чыңгыз Төрөкуловичти ошоякка чакырып кетишти. А киши, жок дегенде сен барып кел, конокторуна менден салам айт деп мени жиберди - деди Мукай.
Мукайдын колунда Чыңгыз Төрөкулович экөөбүздүн чоңойтулган сүрөтүбүз, сүрөттүн бир бурчунда Чыкемдин колу коюлган. Мен Мукайды "өзүң кирип конокторго Чыкемдин саламын айт, сүрөттү элдин арасында тапшыр"-дедим. Мукай менин өтүнүчүмдү аткарды.
Ошондогу биздин коноктордун Айтматовдон киши келгенине ыраазы болушкандарын, дүркүрөтө кол чабышкандарын, кандайча тааныш болгондугумду сурамжылашкандарын, зоболобуздун көтөрүлгөнүн такыр унута албайм.

Абдисалим Чылымов,
"Тогуз коргоол" федерациясынын президенти










??.??