Коомдук-саясый гезит
№56, 06.08.08-ж.





◄◄◄
 "Алибиден" алиги

Казак, өзбек, кыргыз журт башылары Бээжин олимпиадасына бирге бармай болушат.
- Мен өзүм менен бирге акча каражатын ала барайын,- дейт казак президенти Бээжиндеги бардык ыгым-чыгымдарды мойнума алайын деп.
- Мен өзүм менен бирге азык-түлүктү ала барайын.- дейт өзбек президенти Бээжиндеги тамак-ашты бүт мойнуна алып.
- Мен - деп ойлонуп туруп кожоюн айтат дейт,- Өзүм менен бирге үкамда ала барайын.
- Эмнеге? - деп сурашат коллегалары.
- Менин коопсуздугумду ким мойнуна алмак эле?- дептир кожоюн.

Бээжинге олимпиадага баратып кожоюн англис тилин мыкты үйрөнгөнүн айтып мактана баштайт.
- Англис тилин же кытай тилин билбесек Бээжинде кантип жүрөт элек. Мен англисче көз ачып-жумгуча эле үйрөнүп алдым.
- Кана - дейт казак коллегасы-Сүйлөп көрчү?
- Кетчуп пицца мадам…
- Сиз эмне деп атасыз?- дейт өзбек коллегасы.-Пицца италянча сөз, ал эми мадам деген французча эмеспи.
- Йей тобо! - дейт экен кожоюн жакасын карманып - Мен италянча жана французча сүйлөөр аларымды эмгиче билген эмесмин.

Бээжинде кожоюндан Ху Цзинь Тао сурап калат.
- Сиз бокстан башка спорт менен машыгасызбы?- деп.
- Албетте.- дейт кожоюн ойлонбой туруп.- Бокстан башка теннис, волейбол,футбол ойнойм, дзюдо, айкидо, каратэ, жеңил атлетика менен машыгам…
- Сиз мунун бардыгына кайсы убакта машыгып жатасыз?
- Эртеңден баштап машыгууну баштасамбы деп турам,- дептир кожоюн.

Бээжинде мамлекеттик ишмерлердин ортосунда спорттун ар түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп калат.Кожоюн Бокс боюнча Шварцнегер менен бетме-бет чыгып калат.Раунд ортосунда тыныгууда кожоюн машыктыруучусунан сурап калат:
- Кандай ойлойсуң, менин жеңүүгө мүмкүнчүлүгүм барбы?
- Албетте- дейт машыктыруучу- Эгерде сиз колуңуз менен азыркы ойногондой улам эле желпий берсеңиз, ага суук тийип, сасык тумоодон улам жеңилиши мүмкүн.

Бээжиндин четиндеги дөңгө Курманбек баатыр чыга калып кыйкырат дейт:
- Эй, миллион кытай, жекеме-жекеге ... - деп,
Миллион кытай чыгып дөңдүн артына кетишет.
Эки-үч күндөн кийин Курманбек баатыр кайрадан дөңгө чыгып :
- Эй миллион кытай жекеме - жекеге…-дейт
Дагы миллион кытай чыгып дөңдүн артына кетишет.
Үч-төрт күндөн кийин Курманбек баатыр кайрадан дөңгө келип:
- Эй, миллион кытай, жекеме-жекеге…- деп кыйкырып жатса, дөңдүн артынан көзү-башы шишиген араң жан кытай, боору менен жылып, дөңдүн капталына келет да кыйкырып атат:
- Эй, туугандар, силерди алдап атат, дөңдүн артында буктурмада "алагүү болуп алган" Акылбек мырза бардыгын кайсап атат… кайсап атат…




  Азизбектен азил кеп

Кыргыз эли кимге ишенет?
(кайым-айтыш)
Чын эле кыргыз эли кимге ишенет? Кымбатчылыктын сазына батырган бийликкеби же бийликтин көзүн ачкан оппозициягабы? К.Бакиев министрлерине айласы кеткенде: "Аялыңарды базарга жумасына бир-эки жолу жиберип тургулачы. Кымбатчылык кантип өсүп жатканын кулагыңарга кумдай куюп турсун" -деп жалдырап атат.Балким министрлерине жалдырабай эле, "матушкабыз" Танюша айымды жумасына бир эле жолу базарга жиберип турганы оң болуп жүрбөсүн. Ошондо ага жагына албай жүргөн министрлердин катындары базардан чыкпай калмак. Ал эмес министр шалардын күйөөлөрү "матушканын" оорун колдон, жеңилин жерден көтөрүшүп базарды айланчыктап калышмак.
Нурлан мырзанын айтымында биз жыргап жаткан өңдөнөбүз. Биз деген ким? Жалпы элби же президент тин айлана-чөйрөсүбү?Президенттин айлана-чөйрөсү жыргаса жыргап жаткандыр, ал эми эл болсо өз ойлорун айтышаар. Деги кыргыз эли кимге ишенет? Анда эмесе сөзгө конок берели.

Нурлан Шакиев,
Президенттин пресс-катчысы
Нурлан Шакиевдин айтымында, бийликтин ишинин натыйжалуулугунан жана эл турмушунун жакшырып баратканынан улам эл оппозицияны ээрчигенди токтотту:
"Өлкөдө алгылыктуу иштер болуп жатпайбы. Мына кымбатчылыкты эске албаганда акыркы эки жылда айлык бир топ көбөйдү. Экономикада оң жылыштар бар. Мисалы, бюджеттин үч жылда 2,5 эсеге көбөйгөнү. Элдин жашоосу оңолуп бараткан сайын оппозицияда шылтоо түгөндү.Оппозицияга эл ишенбей калды.Бийлик реалдуу түрдө иштеп жатат."

"Алиби" :
- Нурлан мырза сиз жана шефиңиз "эске албаган" кымбатчылык элди канчалык көйгөйгө салып жатканын түшүнөсүзбү? Же айлана-чөйрөңүздөгү байлыкка туйтунгандарды эл деп эсептеп, кымбатчылыкты "эске албай" жатасыздарбы? Ал эми 3 жылда бюджет 2,5 эсе көбөйсө инфляция канча эсеге өсүп, азык-түлүктөр канча эсе көбөйгөнүн Жапаровуңар айтып бере албаса көчөдөн кетип бараткан наристе баладан баштап токсондогу аксакалдан деле сурап көрсөңүздөр, элдин жашоосу оңолуп баратабы же оорлоп баратабы, сиздердин мыкты деген министриңерден мыкты айтып берет. Оппозицияга бут тосуу жагынан сиз айткандай бийлик "реалдуу түрдө иштеп жатат".

Темир Сариев
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы
Темир Сариевдин ырасташынча, мыйзамды тебелеп-тепсөө менен былтыркы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен бийлик, өлкөнүн бардык башкаруу бутактарын толук колго алганы менен элдин ишеничинен калды.Ошондой эле бийлик өкүлдөрү саясаттан көбүрөөк ишке өтүү керектигин, эл саясаттан тажап бүткөнүн, өлкө биротоло авторитаризмдин чеңгелинде калуу коркунучунда экенин белгиледи:
"Мына бүгүн мактанып, көкүрөгүн чаап отурган бийликтин "Ак жол" партиясынын аркасында колдоп коер кишиси жок. "Ак жол" азыр көз боемочулукка кирип алган. Муну былтыркы шайлоодо эл көрдү. Эгер ушундай акыбал улана турган болсо "Ак шумкар" партиясы дагы нааразычылык акцияларын уюштуруп, андай иш-чаралардын катышуучусу боло алат".

"Алиби":
- Темир мырза, бийликтин мактанып, көкүрөгүн чаап отурганын бүгүн эле көрдүңүзбү? "Ак жол" партиясынын көз боемочулукка кирип, элди алдаганын какшап атып тил деле тешилип бүттү. Бийлик оппозициянын оозун жаптык деп кыйкырып атса, "Ак шумкарыңыз" менен "Аюунун" чээнине кирип алып нааразычылыгыңызды билгизбей, ишке өтүүчү убагыңыз келди.



Тирандын керээзи
Жыйырманчы кылым тирандарга бай болгон. Николай "царь", Гитлер, Сталин, Пиночет, Хусейн сыяктуу деспот, зулум мамлекет башчылары өткөн. Саддам акебиз Иракты чейрек кылым башкарып, улуу Жорж Бушка моюн толгоп, уулу Жорж Бушка тептирип, башы баталгага кетти. Өлүм алдында алды-артын ойлоп шакирт катары эсептеген адамдарына керээз калтырып кеткен имиш. Ошол керээздеринен кыскартып жарыялап коелу дедик.

Саддам Хусейндин
Акаевке калтырган керээзи

Акаев иним аманбы?
Алыстан айтам саламды.
Падыша болуп отурган
Сагындым мен да заманды…

Жыйырма беш жыл бийледим,
Курд, шиитти бүтүн ийледим.
"Карышкыр" Бушту токмоктоп
"Бөлтүрүк" Бушка тийбедим.

"Бөлтүрүк" өсүп Буш болду,
Канатын керип куш болду.
Тептирип ийип Садакең
Айласыз күнгө туш болду.

Заман да болду арга жок.
Башымды тостум арга жок.
Күндөрүм өтүп бийликте
Күтүүдө мени дарга, "ток".

Он төрт жыл сен да бийлепсиң,
Миллиарддап доллар ийлепсиң.
Дыр коюп элден качуучу,
Келерин күн да билбепсиң.

Дагы да он жыл болгондо,
Калкыңын канын соргондо.
Саламды айтып кетмексиң,
Сарбагыш агаң Ормонго.

Саддам Хусейндин
Бакиевке калтырган керээзи

Падыша иним Курманбек,
Аскарды алыс кууган дейт.
Айтышат азыр Акүйдө,
Сузактык жакын,тууган көп.

Бетеге кетер бел калаар.
Бектер кетип эл калаар.
"Беспредел" бийлик кылса да
Тизгиндей турган "мерка" бар.

"Гансиге" АКШ базалап,
Ооганды турат жазалап.
Көрмөксөн болуп койбосоң,
Көзүңдү коет тазалап.

Орустар Кантта базалап,
Оолукса кээде мазалап.
Үркүткөн сөздү айтышат,
Үркүндү койсоң азалап.

Үркүндү жүргүн барк алып,
Мал-жандан жалгыз тарп калып.
Пушкага чыгып жылаңач,
Кытайга оогон аркалык.

Эстегин үкам Курманбек,
Бийликке келдиң… чуулган көп.
Биле жүр мендей, Аскардай,
Бийликтен деле куулган көп!!!




"Ак жол" көз
боемочуларынын Гимни
Бир - Партияга кир!
Эки - Талапкерге беки!
Үч - "Ак жолдо" бар күч!
Төрт - Каршылашты бөлүп-бөрт!
Беш - Бийликтин чөнтөгүн теш!
Алты - Айта бер далай калпты!
Жети - Кыла бер ишти чеки.
Сегиз - Шайлоочуларга акча жегиз.
Тогуз - Алдап алган добуш.
Он - Парламентке кон!
Он бир - Өкмөттү өзүң бил!
Он эки - Оозум эми беки.
Он үч - Спикерге акчүч!
Он төрт - Регламентке өт!
Он беш - Керек го эми жеш!
Он алты - Депутаттын алкы.
Он жети - Каркыра "учуп кетти"
Он сегиз - Депутаттын телегейи тегиз
Он тогуз - Курсагыңды тойгуз
Жыйырма - Адаханчик жылба?!
Жыйырма бир - Жыгылсаң кара жерге кир!!!

Бетти даярдаган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
"Алиби"











Яндекс.Метрика