№56, 06.08.08-ж.
  Уккан кулакта жазык жок

Бектур Асанов кантип иштен алынган?
Спорт жана дене-тарбия агенттигинин директорлук кызматынан Бектур Асановдун кантип бошонгонун уктуңар беле? Укпасаңар угуп алгыла.
Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Бектур Асновду Ак үйдүн 7-кабатына чакырат.
Сүйлөшүп олтурганда, Бектур мырза агасына эркелеп:
"Курманбек ака, иштей берейинби?"- деп сураса, президент: "Үка, кыжаалат болбой, тынч иштей бер"- деп инисин тынчытып коет.
Асанов президенттин иш бөлмөсүнөн кабылдамасына чыкса эле, Бакиевдин жардамчысы кирейин деп жатыптыр.
Анан эле анын колунан "Бектур Асанов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынды"- деген Жарлыктын долбоорун көрүп калат.
Мындайды күтпөгөн Асанов эмне кылаарын билбей, бозоруп, катуу намыстанып, жардамчысын президентке киргизбей туруп, ошол жерден эле "өз каалоом менен кызматтан кетириңиз"- деген мазмундагы арызын жазып берет. Маалыматтарга караганда, ошол күндөн ушул күнгө чейин "Эрк" партиясына да келбей жүрүптүр. Себеби, парламентке болгон шайлоодо "Курманбек Бакиев менен революцияда чогуу болгом, ал киши капа болуп калат"- деп өзү мүчө болгон "Эрк" партиясына жардам колун суна албай койгон экен. Анан Бакиев үчүн эле эмес, эл үчүн да чын дилинен кызмат кылган ушундай адамды президент иштен алганча, башкаларды алса болмок.
Балким, "саясатта түбөлүк дос жок, түбөлүк кызыкчылыктар бар"- деген ой үстөмдүк кылып кеткен чыгар.




  Тарс...

Полковник Анвар Алиевди атып кетишти
Бишкекте 4-август күнү КР ИИМинин наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары, 39 жаштагы милициянын полковниги Анвар Алиевди атып кетишти.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү кечки 22.45тер чамасында авто токтотуучу жайдан үйүн көздөй кайтып келаткан А. Алиевге белгисиз кылмышкерлер тарабынан 7 ок чыгарылган. Натыйжада милициянын полковнигинин башына 4 ок тийип, бейтапканага жетпей эле жан берген. Бул кылмыш ишинин негизги себеби катары анын кызматтык ишмердүүлүгү каралууда. Себеби, жакында эле наркобарондордун Тажикстандан келген каналы буулган. Анвар Алиев өлөөр алдында, Рустам деген атты айтып туруп, жан берген. Айрым оперлердин айтымында, Рустам деген милиция кызматкери экен.
Окко учкан Анвар Алиев милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин небереси, Орусиянын ФСБсында иштеп, Кыргызстанга президент болот деген генерал-майор Бахтияр Алиевдин кичүү иниси экендигин белгилеп кеткибиз келет. Анын бул кызматка олтурганына 6 гана айдын жүзү болгон.
Буга чейин да кылмышкерлердин колунан каза болгон Уран Алиев, Чыныбек Алиев менен Анвар Алиев бир фамилияда болгону менен алардын ортосунда тууганчылык байланыш жок экендигин айткыбыз келет.




  Уктуңарбы?

Президенттик резиденциянын жетекчиси иштен алынды
Бир кездердеги КДКнын башчысынын орун басары, президенттик резиденциянын башчысы Владимир Черноморец да 5-август күнү кызматынан кол
жууду.
Бийлик ага эч бир сөз айтпай туруп, кызматынан бошотуп коюптур. Жок дегенде, аталган кызматта иштеп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип коюшса туура болмок беле деп кетет экенсиң. Кантсе да эскирип калган "Ала-Арча" резиденциясын оңдоп-түздөп, жаманбы, жакшыбы Курманбек Бакиевдин бийликке келүүсүнө опол- тоодой салым кошкон инсандардын бири. Шайлоо маалында Проненко, Малеванная менен Черноморец маңдай терин төгүп, орустардын добуштарын алып берген эле. Же бийлик убагында колдонуп, кереги жок болгондо көчүккө тепмейди, оюн көрөбү?
Ии, баса, Черноморецтин ордуна президенттин иш башкармалыгынан Балбак Түлөбаев барып олтурганын баса белгилеп кеткибиз келет.




  Эй, калайык, калың журт!

Кыргызстанда элчи болуу үчүн түстүү революцияга катышуу керекпи?
Өздөрүн келишпес оппозиция эсептеген журналисттер Замира Сыдыкова, Рина Приживойт 2005-жылдагы революциянын эртеси эле бийликке келген Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп, элчилик кызматка кетип калышканы баарыбызга белгилүү.

Алардан кийин Кубан Мамбеталиев да президентке кирип, "Кыргызстанда көп туура эмес иштер болуп жатат. Тилим да, колум да кытышып жатат. Мындайда мен унчукпай тура албайм. Андан көрө мени алысыраак кетириңиз"- деп Австриядагы элчилик кызматка олтурду.
Өлкөбүздө ар кандай саясий окуялар, "Алиби" жана "Дефакто" гезиттерин президенттин инисинин баласы соттотуп жатса, мурдагы журналист катары, "журналистская солидарность" катары өздөрүнүн калыс оюн айтууга жарабай, эч нерсени көрбөгөнсүп, укпагансып жумшак креслолордо олтурушат. Саясий чөйрөдө аларга болгон нааразычылк күч. Себеби, алар ээлеген кызматтарында өздөрүнүн жеке маселелерин чечүү менен гана алек болушууда.
Австрия жана ОБСЕ өлкөлөрүндөгү элчибиз Рина Приживойт болгарга күйөөгө тийип алып, жыргап жүрөт. Дегеле дүйнөлүк практикага ылайык, эгер дипломат чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып кетсе, бийлик аны автоматтык түрдө кызматынан бошотушу керек эле же ошол дипломат өз ыктыяры менен карьерадан жеке турмушум маанилүү- деп кызматын өткөрүп берүүсү керек эле. Кайсы гана мамлекет болбосун, өзүнүн сыры болот. Анан ошол сырды башка өлкөнүн жаранына айтпайт деп ким кепилдик бере алат? Балким, ал бир өлкө тарабынан кандайдыр бир операцияны ишке ашырып жаткандыр. Себеби, психологияда аныкталгандай, көптөгөн сырдын баары төшөктө жатканда айтылат. Рина айым Австриядагы кыргыздарды оңой менен кабыл албаганы аз келгенсип, Австриядагы Орусиянын элчилигинен чыкпайт экен.
Замира Сыдыкова болсо, АКШда эле эмес, БУУда да элчи десек болот.
Жок дегенде ушул айым, президентке кайрылып: "Ай, Курманбек Салиевич, гезиттер менен соттошпой эле коелу, шерменде болобуз"- деп үн кошуп койсо, соттор миллион сом айып салбайт эле го...
Бул го бул дейли, өкүндүргөнү аталган элчиликтер өздөрүнүн иш кагаздарын, иштерин орус тилинде жүргүзүшкөнү. Макул Приживойтту кыргызча билбейт дейли, бирок К.Мамбеталиев менен З.Сыдыкова кыргыз тилинде сопсонун эле сүйлөп, жаза алышат го. Андыктан, башка улуттун өкүлдөрү эне тилибизди, то есть, мамлекеттик тилди сыйлабаса да, кыргыздар өздөрү сыйлашаар. Эне тилибизге болгон элчилердин мамилесине Тышкы иштер министри Эднан Карабаев көз салып турбаса болбойт. Себеби, элчилер Кыргызстандын жүзү, чет элдиктер аларды көргөндө орусту эмес, чыныгы кыргызды көргөндөй болушу керек.




  Төбө чачың тик турат

Кыргызстандагы америкалыктын үйүндө 26 автомат табылды
АКШнын жарандары ижарага алып жашап жаткан Бишкектеги Ынтымак жаңы конушундагы үйдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды.
ИИМдин билдиргенине караганда, үйдүн жер төлөөсүндө 26 автомат, 6 пулемет, 2 гранатомет, 4 снайпер, 6 тапанча жана аларга салына турган миңден ашык ок-дарылар табылган.
Аталган үйдө АКШнын элчилигинде иштеп, дипломатиялык кол тийбестиги бар кызматкерлер жана алыскы Америкадан жаңы келген 10 аскер кызматкери бар экен.
Учурда бул иш Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелүүдө.
Мындай чатактан соң, Американын Кыргызстандагы элчилиги курал-жарактар өкмөттүн уруксаты менен алып келингенин баса белгилеп, америкалык аскерлер терорристтик топтор менен күрөшүү боюнча машыгууларды үйрөтүү үчүн кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен келгенин билдиришти.
Бирок, Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Чегара кызматы, Улуттук гвардия, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик да АКШдан эч кандай интсрукторлорду чакырбаганын маалымдашты. Ким менен машыгууларды өткөрөөрүн Улуттук коопсуздук комитети да билбейт экен. Анда аларды ким чакырды?

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"