Коомдук-саясый гезит
№56, 06.08.08-ж.





◄◄◄
  Азыркынын "Алдар көсөөлөрү"

БОСТЕРИЛИК
БОЗ ИНГЕН
(же Кредиттик союздардагы криминалдык оюндар)
"Заманың бөрү болсо бөрү,түлкү болсо түлкү бол" деген мезгил кыргыздын кыйырына жетти. Алдым-жуттумчулук жашообуздун бардык чөйрөсүн ээлеп, алтургай бийлеп алды. Бүгүн биз ошол "безпределдин" бир үзүмү жөнүндө гана кеп куралы деп турабыз.

Окуянын башы 2004-жылдын 13-декабрына таандык. Балким бул күн, "13" деген сан, христиан дининдеги мамлекеттерде шайтан тооруган күн катары кабыл алынгандан улам, Кичинемолдоевдерге да өзүнүн тескери таасирин тийгизип кеткенби деп да болжоп коесуң. Ушул күнү Ысыккөл районундагы Бостери айылынын Бакир Исмаилов атындагы №40 үйдүн ээси Кичинемолдоев Акылбек Нурланович Кыргыз Республикалык Кредиттик Союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясына таандык "Зукунд" фирмасы менен 50 миң сомго келишим түзөт. Кичинемолдоевдер өздөрүнө таандык жогоруда аты аталган даректеги үйдү күрөөгө, (залогго) коюп, кредитке 50000 сом алышат. Бирок, колго тийгени 48000 сом дейт кредитор.
Мезгил өтүп, алынган кредитти кайтаруу мезгили келип жетет. Кредиторлор төлөмдөрдү колдон келген өлчөмдө кайтарууну башташат. Кредитти утуру төлөй беришип, этегинде эсебин таппай калышат. Дегенибиз, алынган акча "Зукунд" фирмасынын эсебине эмес, ушул эле финансы мекемесинин жетекчиси Асымкүл Элеманованын жеке чөнтөгүнө түшүп тургандыгында . Бирок ар жолку акчалай кириштөөлөр тиешелүү квитанциялар аркылуу "Зукунд" фирмасынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн. (Төлөмдөр боюнча квитанциялар толугу менен кредитордо сакталуу.) Тагыраак айтканда, 50 миң сомдун ордуна Кичинемолдоевдер 182миң 656 сом төлөөгө мажбур болушкан. Буга кошумча, аталган дарек боюнча жайгашкан беш бөлмөлүү үйүн алдырууга кириптер болуп жатышат. Мындай чечимди Ысыккөл областтык райондор аралык экономикалык соту кабыл алган. Мына ушундай, адам тагдырын аңдабастан кабыл алган токтомду токуудан мурда, "Эл эмне дейт?" деген суроону койду бекен сот мырзалар?!
Кырдаал мынчалык оорлой баштаганда, кредитор Акылбек Кичинемолдоев Ысыккөл облустук сотуна арыз менен кайрылууга аргасыз болду. Кандай дебейли, сот акыйаттыгына ишеничтен үмүт үзгөн жок. Төмөндө Акылбектин Ысыккөл областтык сотунун төрагасына жазган арызынан айрым үзүндүлөрдү келтиребиз.
"Мен Сизге адилеттик издеп, тагдырымды тебелебей, туура чечим кабыл алат деген илгери үмүт менен кайрылып жатамын. Анткени, Экономикалык иштер боюнча райондор аралык соттун №ЭД-54-08 иши боюнча 14-май, 2008-жылдагы кабыл алган чечимине макул эмесмин. Биринчиден, бул соттук процесске жоопкер катары мен катышкан эмесмин, экинчиден, доогер Элеманова Асымкүл да катышпады. Бул жерде Элеманова Асымкүлдүн күнөөсү чоң, ал бизди алдап, акчабызды өз пайдасына жумшап жүргөнүн эми билип отурабыз. Мунун баарын көрүп-билип туруп, Кредиттик Союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы эмне үчүн мени эскерт-кен эмес?".
Жогорудагы арыздан белгилүү болуп тургандай, "Зукунд" кредиттик союзу айылдык карапайым адамдарды түркүн жолго салып, алардын акчаларын алдап,өз пайдасына чегерип келгендиги айдан ачык көрүнүп калды. Балким, "Зукунддун" тырмагына илингендер жалгыз жарым эмес, Акылбек Кичинемолдоевдин кейпин кийгендер мүмкүн ондап саналат. Андыктан мындайлар бар болсо, өзүңөрдүн мыйзамдуу укугуңарды азыртан талап кылбасаңар эртең кеч болуп калчудай. Ал эми Кредиттик Союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы эмне үчүн жогорудагыдай аракеттерди ишке ашырууга жол ачып, финансылык "махинацияларды" жүргүзүүгө мүмкүндүк түзгөн? Балким, аталган финансы компаниясы "балык башынан" дегендей, өзү да кызыкдар болуп жүрбөсүн?
Ушундай ойдун жетегинде Республикалык Кредиттик Союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясынын босогосун аттадык. Келгенибиздин чоо-жайын билдирсек, эшик кайтарган эжекебиз бул маселе боюнча карыздарды кайтаруу бөлүмүнө кайрылуу зарыл дейт. Ошентип аталган Финансы компаниясынын карыздарды кайтаруу бөлүмүнө баш бактык. Өзүн: "Рамзез Измайлов, бөлүмдүн юристи, жетекчи адисмин" деп тааныштырган жаш жигит, "Зукунд" кредиттик союзунун лицензиясы Улуттук банк тарабынан эчак эле кайтарылып алынгандыгын маалымдады. Ошондой эле учурда аталган кредиттик союз соттошуп жаткандыгын кошумчалады. Демек, "Зукунд" иш жүзүндөгү ишмердүүлүгүн токтоткон. Рамзез Измайловдун айтымында, кредиторлордун төлөмдөрү финкомпанияга кириштелбегендиги жекекчиликке да белгилүү. "Зукунд" Кредиттик Союзунун жетекчиси Асымкүл Элеманова кетирилген чыгымдардын ордун толтурууга тийиш.
Эмнеси болсо да бул чуулгандуу окуяга акыркы чекитти Ысыккөл областтык соту коет деген ишенимдебиз. Райондор аралык экономикалык сот Кичинемолдоевдердин тагдырына кичине болсо да адилеттик кылса болмок. Андай болбогон күндө,бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдырын ташка чаап, үстүндөгү үйдү алып коюу жөнүндөгү чечимди кабыл алууга сот мырзалардын дити кантип барды экен?
Дагы эле арыз ээси Акылбектин жазган катына кайтып келсек, "Эмне үчүн?" деген суроолордун түрмөгүнө кабыласың. Ал минтип жазат: "Экономикалык сотко чакырган сайын, дайыма катышып жаттым. Соттук териштирүүлөргө Элеманова Асымкүл бир дагы жолу келген жок. 2008-жылдын 14-майындагы соттук процесске Кредиттик Союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясынын Ысыккөл областы боюнча өкүлү А.Шералиевдин Асымкүл Элеманованын атынан катышуусу таңкалычтуу. Демек, алар да Асымкүл Элеманова менен бирге, мен төккөн акчаларды чогуу жеп жүрүшкөн. Эмне үчүн алар Элемановага чоң суммадагы акча төгүлгөндөн кийин анын жоопкерчилигин талап кылышпайт? Эмне үчүн экономикалык сот Элеманованын катышуусу жок соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп, кайдыгерлик менен чечим кабыл алат? Мен аз акча алып, төрт эсе өлчөмүндө төлөп берип, андан да заңгыраган үйүмдөн , ата конушумдан ажырашым керекпи? Бул мен үчүн өлүмгө барабар. Атам Нурлан мындан 6 жыл мурда каза болгон. Эки карындашым, бир иним бар. Алардын көргөн күнү эмне болот? Апам болсо жалгыз бой.
Урматтуу сот! Сиздерден суранарым, бул ишке адилет, ак ниет мамиле кылып, туура чечим кабыл алып бериңиз".
Акылбектин арызы мына ушундайча аяктайт. Ырас, Ысыккөл областтык экономикалык иштер боюнча соту да кайсы бир негиздерге таянып, ушундай бүтүмгө келген болушу толук мүмкүн. Бирок адам тагдыры, айрыкча, азыркы оор кырдаалда кай жагынан карабайлы, аяр мамилеге муктаж. Ушул жагдай, келерки соттук териштирүүлөрдө эске алынат деген үмүт бар. Ысыккөл областтык соту Кичинемолдоевдердин кичине эмес проблемасына абийир сотун да эске алып, кийлигишет деп турабыз. Анткени, гезитибизге кайрылган ар бир атуулдун тагдыры бизди терең түйшөлтүп, ойго салып келет.

Асангазы Бердикеев,
"Алиби"











Яндекс.Метрика