Коомдук-саясый гезит
№56, 06.08.08-ж.





◄◄◄
  Арман

Көөнөрбөс сүйүү
Тайгүлүк тагдырдын сыноосуна кимдер тушукпайт. Бири кыйынчылыкты жеңип чыкса, кээ бири жаңылыштык артынан жаңылыштык кетирет. Өкүнүч, арман аларды ээрчип жүрөт. Капыстан жолугуп, сыр чечкен ушул адамдын өксүктө калган тагдырын өз сөзү менен окурмандарга тартуулайлы.

… Ортодон отуз жылдан ашуун убакыт өтүптүр.
Экөөбүздүн үй-жайыбыз бөлөк, очор-бачар болуп калсак да, жалындуу жаштык курагыбызды, экөөбүз алгач таанышкан күндү унута албай, көп учурда сенин элесиң көз алдыма тартыла түшөт. Учур өткөндө баары унутулар дегеним менен улгайганыма карабай, өзүңдү эстейм. Ичтеги бугумду чыгаруу үчүн кайрадан жолугушууну эңсейм. Бирок, бул кыялым ишке ашары күмөн. Кантсе да, экөөбүздүн жолубуз эки башка, ой-мүдөөбүз эки бөлөк.
… Май айы эле… Мугалимдик кесипте эмгек жолуңду баштаган элең. Окуу жылы аяктап калган учурда кездештик. Жоокердик милдетим аткарып, өргүүгө келгем. Капысынан таанышып калбадыкпы?
Сыр чечишип, айылдын чет жакасында көпкө сейилдедик. Ушакка чалдыгарыбызды жаштык кылып эске албаптырбыз. Тез-тез жолугуша баштадык. Сага жолукпай калган күндөрү бук болуп, бир гана сенин элесиң көз алдыман кетпейт. Удургуган сезимиме өзүм ээ боло албай… Бир гана сен иштеген мектепти шынаарлап…
Адаттагыдай мектепке бардым. Ата-энелердин чогулушу болуп жаткан экен, кыңайта ачылган эшиктен сенин назик добушуңа кулак төшөп, ар кыймылыңа суктана карап тургам… Сен менин келгенимди сездиңби, "жалт" карадың да, сөзүңдү уланта, аяр басып каалгага келдиң: "Бир аз күт, азыр чыгам", - дедиң күлмүңдөгөн көздөрүң бажырайып…
Келгендер тарай баштады. Аңгыча толмочунан келген, тотугуп калган бир адам класска кирип кетти. Аны окуучулардын ата-энеси го, - деп камырабай, чыгарыңды күтүп тургам. Сен менин атымды атап, кыйкырган үнүңдү уктум да, босогого качан, кантип жеткенимди билбейм, кирип бардым.
… Ал адам сенин колуңду толгой бекем кармап, бурчка сүрүп баратыптыр. Чачтарың жайылып, кол сумкаңдагылар чачылып калыптыр. Ызага буугуп, кемерди колго имерип жатып: - Тарт колуңду, акмак, кызды кое бер! - деп өктөм сүйлөдүм. Ал сени кое берип, биз бири-бирибизди тооруй, тиреше түштүк. Сен бетиңди эки колуң менен бекем басып, эшикке жүгүрүп чыгып кеттиң. Эркекче сүйлөштүк, аягы кепке келиштик.
- Сенин сүйлөшкөн кызың беле? - деди ал.
- Ооба, экинчи тийишсең башкача сүйлөшөбүз, - дедим өрөпкүп.
- Билген эмесмин. Өзүңө буюрсун! - деди да чыгып кетти. Чачылган буюмдарыңды чогултуп, мугалимдер бөлмөсүнө алып бардым. Сен өзүңдү оңтойсуз сездиң. Үн-сөзсүз жашаган таякеңдин үйүнө жеткиздим да кечинде келер убагымды айтып, коштоштук…
… Таякеңдин кызы экөөңөр суу алган арыкта туруптурсуңар. Ал эки челекти көтөрүп үйгө кетти. Экөөбүз мектепти имериле бергенде сени кучагыма кыстым, жүзүңдөн сүйөйүн дегенимде, "булт" эте кучагымдан чыгып кеттиң. Мен кайрадан буга аракет жасабадым. Күн кылкылдап, уясына жаңы батып баратканда, кол кармаша ээн талааны кыдырып, сыр чечиштик. Сөзүбүз түгөнбөдү, бирок ошондо эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү эстей албайм. Азыр жүрөгүмдү ооруткан бир гана сөзүң кулагыма жаңыра берет.
Түндүн бир оокумуна чейин шынарлашып, кайрадан мектепке келдик. Кеткибиз келбесе да, коштошо турган учур болуп калган.
- "Корком", - дедиң. - "Керек десе, күчкө салып ала качып кетем", - дейт… Аптыгып кеттиң да, ийниме башың жөлөп, шыбырай үн каттың:- Корком, корком. Ишеничтүү жерге табыштап кетсең, ала качып кетсе эмне болот?
Чачыңдан сыладым да:
- Сени эч ким ала качалбайт. Сенин бир тал чачыңа доо кетпейт, - дедим ишенимдүү.
Ай, атт-и-иң! Ошондогу энөөлүгүмдү айт. Чечкиндүү чечим чыгарып, сени көшөгөгө киргизип кетпегеним үчүн азыр да өзүмдү күнөөлөйм. Сенин ошол бир ооз сөзүңө ошол кезде маани бербеген аңкоолуктан, өзүңдөн түбөлүккө ажырап каларымды сезбептирмин…
Атам менен апама жөнөр күнү гана сыр кылып айтууга туура келди. Алар жемелешти, сени көшөгөгө киргизип кетүүнү да сунушташты. Жаштыгымданбы, жамандыгымданбы, айтор өзүңөр көз салып, болочок келиниңерди коргоп алгыла, - деп тим болдум. Сага жолукканча шашылдым. Экөөбүз 30-майда борбор шаардан жолугушканга убадалаштык. Атам менен апамдын сунушун сага айтканга батынбай, дагы бир чоң ката жибердим. Арман күн а-ай, ошондо ар бир сөзгө, ар бир ишке акыл жүгүртүп аңдабаганым, акыры түбөлүк өксүккө, күйүткө туш кылаарын неге ойлободум?!
Убадалашкан күнү сен борборго келбедиң, үч күн автовокзалды айланып, сага жолукпай кетип баратканыма ичим эңшерилип, жүрөгүм сыздап, аргасыз алыс сапарга жөнөп кеттим. Аскер бөлүгүнө төрт күнгө кечигип бардым. Казарманын босогосун аттаганда эле ротанын командири өзүнө чакырды.
Кечигип келгениме жаза жарыяларын күттүм, бирок ал бети-башын бырыштырып, мени аялуу көз караш менен карады да, бири-бирине удаа келген телеграмма менен катты колума карматты.
Телеграммада: "-Кызды ала качып кетти!" - деген бир гана сүйлөм. Канчалык өзүмдү бекем кармайын десем дагы, эркиме көнбөй, көзүмдөн жашым агып жатты. Ошондо гана сенин сөздөрүңдүн маанисин түшүндүм, бирок кеч болуп калган эле…
Тагдырдын таш боордугун карачы! Көрсө, ал сени айылдан ала качалбай, өз айылыңдан алып кеткен тура! Үйдөгүлөргө кабар берип кой, - деген сөзүңдү кодоо Рыспек он чакты күндү өткөрүп айткан экен. Максатым башка эле, аскердик окуу жайына өткөн менен келечек карьерага көз жумуп баса бердим. Оюмда бир гана сен… Басып өтөр жолуңду акмалайм, бирок дагы чоң ката жибердим. Бетме-бет жолугуп, өзүңдү алып кеткенге аракет жасабадым. Жыл айланбай мен да бирөөнү ала качтым да, шаарга кеттим. Себебин билбедим, уксус ичип алыптыр, - деген ушакты уктум.
Арман дүйнө… Эмне үчүн ошол кезде ар бир кадамымда кечирилгис жаңылыштыктарды кетирип жаттым. Өзүмдү өзүм алдоого өттүм. Мезгил бардыгын өзү дарылайт, - деген ишенимим орундалган жок. Үй-бүлөм менен болгондо, көп нерсе билинбейт. Жалгыз болгон мезгилде сенин жаркын элесиң көз алдымдан кетпейт. Көзүмдө жаш жок, жүрөк ыйлайт. Көңүлүм өксүк, сени жоктойт. Кайда экениң билсем да, сенин кайын-журтуңдун алдында басмырланбасын деп жолугууга баргандан ийменем.
… Өмүрүм өксүү менен өтүп барат. Арадан нечен жылдар өтсө да, сенин элесиң көз алдыман кетпейт. Үмүтүм үзүлбөй, эртеби, кечпи кездешериме ишенич менен жашап келем. Көөдөнүмдө белгисиз ыр саптары жаңырат:
… Капыстан кайрып алган канатым бар,
Кайгыга чөгүп кетчү адатым бар.
Карааның кубат кошуп жашап келем
Канча жыл бүтпөй келген жараатым бар…
Ишке ашпаган тилек, үзүлбөгөн үмүттөр…
Көңүлүн өйүгөн сырын ачкан улгайган адамдын ичиндеги бугун чыгарып, башын төмөн сала илкий узап бара жаткан караанын узата карап, махабат эч качан көөнөрбөс касиетке ээ тура, - деп кала бердим.

Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"




КЫЛТАК
Кайда баратабыз?!
81 жаштагы кемпирди, 4 жаштагы наристе кызды зордуктап…
Акыркы күндөрү адам деген атка татыксыз, айбандык кумары үчүн баарына даяр эки аяктуу "аңги" замандаштарыбыздын төбө чачты тик тургузган кылыктарын көрүп туруп, ушундай деңгээлдеги адамдардын бар экенине ишенбей кетесиң.
Буга чейинки сандарыбызда, небересиндей кызды же пайгамбар жашындагы чоң энесиндей адамдарга кол салып, зордуктаган көптөгөн кылмыш фактыларын жазган элек. Дал ушундай жүрөк титиреткен кылмыш фактысы 2-август күнү Алай районуна караштуу Гүлчө айылында катталган. Бул айылдын 41 жаштагы тургуну 81 жаштагы алсыз кемпирди күч колдонуп зордуктап таштаган.
Гүлчөлүк бул "аңги" чоң апасындай адамга асылса, Аламүдүн районуна караштуу Восток айылынын тургуну, 37 жаштагы М. Нурсеитов 4 жаштагы наристе кызды зордуктоого аракет кылган.
Ал эми 1-август күнү 30 жаштагы кеминдик бир киши 15 жаштагы жердешин күч менен зордуктап салса, ошол эле күнү Бишкек шаарына караштуу Көлмө жаңы конушунун тургуну 1989-жылы туулган А. Карабаев М.Ганди көчөсүндө жайгашкан "Жаштар" паркында кечки саат 9.30 чамасында 1953-жылы туулган аялды зордуктаган.
"Жооштун үйүн коногу бийлейт" болуп, жогорудагыдай "эки аяктуу айбан" мекендештерибиз аз келгенсип, кыргыздын кыздарына чет элдик башка улуттун адамдары да көзүн кызартып, кол салууга өтүштү. Өткөн айдын 29да түркиялык Асур Феткулон аттуу жигит Бишкектин чок ортосунда жайгашкан "Таш-Рабат" соода үйүнүн жанынан 21 жаштагы кызды зордуктап таштаган.
Эскерте кетсек, жогорудагыдай зордуктоо иштери эки-үч күн ичинде эле катталып отурат.

Ток...
Электр тогуна урунуп өлүштү
Өткөн айдын 28-июлунда бир эле күндүн ичинде Кара-Балта менен Бишкекте эки адам токко урунуп, оо дүйнөгө сапар тартышты.
Бишкектик В.Галлар аттуу адам өз гаражында автоунаасын оңдоп жатып кокустуктан токко урунуп өлсө, карабалталык 60 жаштагы Е.Цегельнюк бул жарыкчылыктагы кызыксыз жашоосуна тоюп, 220 вольттук электр тогуна атайын урунуп, өз жанын өзү кыйды.

Эки-экиден чабышып…
Өлүм алып келген чатактар
ИИМдин басма сөз кызматы чыр-чатактын айынан бири-бирин бычактап, сабап өлтүргөн эки кылмыш ишинин бетин ачты.
Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылынын тургуну, 33 жаштагы В. Ждановду ич ара чатакташуудан чогуу жашаган шериги, 1969-жылы туулган Мальнова аттуу айым бычак менен бышып алган.
Ал эми 2-август күнү Кичи-Кемин айылынын тургуну 61 жаштагы С. Касымалиевдин дене-башы көгөрүп, башы жарылган денеси табылган.
Бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн Кемин райондук РИИБинин кызматкерлери тарабынан ошол эле айылдын тургуну 38 жаштагы Ы. Иманалиев кармалып, чатакташуунун айынан айылдашын сабап өлтүрүп койгондугун моюнга алган.

Уурунун жолу кууш
Машине уурдаганга "маш" жигит колго түштү
Жакында Октябрь райондук РИИБинин оперлери тарабынан автоунааларды уурдоо менен шугулданган бишкектик жигитти колго түшүрүштү.
Август айынын алгачкы күнү баш калаабыздын Ж. Пудовкин көчөсүнөн Ш. Бурналиев аттуу адамдын "Мазда-626" маркасындагы автоунаасын айдап качкан 1979-жылкы М. Уразов аттуу адам милиция кызматкерлери тарабынан изи суубай торго илинген.
Бул эргул "маздага мас болуп" бул үлгүдөгү автоунааларды жанындай көрөт окшойт, буга чейин да, 22-май күнү шаардын түштүк аймагындагы 5-кичирайонунан дал жогорудагыдай "Мазда-626" үлгүсүндөгү машинени уурдап кеткендиги аныкталды.
Учурда эки автоунаа тең өз ээлерине ошол бойдон аман-эсен кайтарылып, автосүйүүчү Уразов болсо оңой оокатка азгырылгандыгы үчүн мыйзам алдында жооп бергени турат.

Арам тамак аш болбойт
Жарым миллион эл акчасын жеп алып…
Ушул жуманын 4-август күнү Майлуу-Суу шаарында жайгашкан "Кыргызпочтасынын" башкы бухгалтери капчыгын кампайтам деп капканга кармалды.
Майлуу-Суулук кемпир-чалдарга деп мамлекет тарабынан бөлүнгөн 515 миң сомдун 28 миңдейин элге берип, калган жарым миллионго жакын элдин акчасын сол чөнтөгүнө кымтый койгон башкы эсепчи арам акчаларын эсептеп бүтө электе, Финполиция тарабынан кылтакка илинип, камакка алынды.

Акула
Бир нече адам чөгүп өлүштү
Өткөн айдын аягында бир нече мекендештерибиз сууга чөгүп өлүштү.
Ош шаарына караштуу Сарай кыштагынын тургуну 9 жаштагы Кудайбердиев 28-июль күнү Ош шаарындагы "Миң-Булак" бассейнине чөгүп өлгөн. Ал эми жогорудагы кырсыктын эртеси 29-июль күнү Ысык-Көл областына караштуу Тамчы айылында эс алып жүргөн токмоктук 18 жаштагы Б. Хумухамбетов чөгүп өлсө, Талас областындагы Чат-Базар айылынын тургуну А. Төлөгөнов аттуу жигит да сууга чөгүп өлгөн.

Эрнис БАЛБАК,
"Алиби"









Яндекс.Метрика