№56, 06.08.08-ж.
  Бектер кетет эл калат...

Турсунбай Бакир уулу, Кыргызстандын экс-акыйкатчысы, "ЭрК" партиясынын лидери:
"Бакиевди сотко берем…"
Турсунбай Бакир уулу менен болгон маегибизди "Ата-Түрк" паркынын тегерегиндеги ага тийген жер үлүшүнөн козгоп, кеп оролун ага узаттык.

- Кыргыз Республикасынын президенти "кокусунан "Ата-Түрк" паркынын жанына барып токтоп калып, үйлөрдү көрүп оозум ачылып калды",-деп жатпайбы. Ойлонуп көрсөңүз, кантип ошол жакка барып токтоп калсын? Менин угушумча, өз кезегинде ал жактан президентке жер тийбей калыптыр. Бирок, ошол мезгилде депутаттар жер участогун алып, эки-үч кабат үйлөрдү курган. Анда экинчи чакырылыштагы депутат элем, менин дагы "Бишкекте үйүм жок, жер берсеңер үй салат элем"-деген арызым бар эле. Кийин Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп шайланганымда, ошол мага бөлүнгөн жерди менин ордума шайланган депутатка берип коюптур. Ошентип жери жок калгам. Кийин Акыйкатчы мезгилимде Бишкек шаарынын ошол учурдагы мэри Медетбек Керимкуловго арыз жаздым. Мэрия ушул "Ата-Түрк" паркынын жанынан жер берген. Бирок биздин жерлер мыйзамдуу, бир дагы көчөт, бак-дарак жок. Бизден кийин алгандар паркка кирип кетиптир. Мен жеримди азыр да талашпайм. Себеби, баары эки-үч кабат үй куруп алса, менин участогум кайсыл жерде экенин да билбейм. Бир да жолу басып барбаптырмын. 2005-жылы "самозахватчиктер" жерди ээлеп алышыптыр. Жардамчымды жөнөтүп, менин жерим экени такталганда "Койгула, бул кишинин эч нерсесине тийишпейли, мунун эч нерсеси жок",-дешип участогумду бошотуп беришти. Ошондой болсо да бүгүнкү күнгө чейин фундамент дагы куюп койгон жокмун. Балам чоңойсо курат деп тек койгом.
- "Эки-үч кабат үйү бар" дегендердин катарында сиздин дагы атыңыз айтылып жүрдү эле…
- "Ата-Түрк" паркынын жанында үйүм эмес, фундаментим да жок. Ошондуктан, бүгүнкү күнү мыйзамга туура келсе, анда талашпайм башка жерден участок беришсин. Негизи жер алуу маселесин экиге бөлсө болот: мыйзамдуу алгандар жана мыйзамсыз алгандар деп. Бакиев эмне үчүн башка жерден участок алгандарга унчукпайт да, ал эми "Ата-Түрктүн" жанынан алгандар жакпай калды. Ойлонуп көрсөм, ал жакта бир фамилия бар экен. Ал мурдагы депутат Нышанов деген фамилия. Ошол Нышанов үчүн Бакиев депутаттыкка өтпөй калды эле. Бакиевдин кекчилдиги бар эле, мүмкүн ошол фамилияга атаандашкандыр. Бишкек шаарынын токойлоруна, парктарына бир эле үйлөр эмес, ресторандар, кафелер, автоунааларды токтотуучу жайлар кирип кеткен. Мына, Түштүк дарбазаны алабызбы же башка жерлерди алабызбы. Бирок бул тууралуу президентибиз негедир унчукпайт. Мен кайра дагы айтып коеюн. Эч таарынычым жок бул жерди бербей коюшса. Бирок мыйзам боюнча мага баары бир Мэрия жер бериш керек. Себеби, Бишкекте менин жерим жок.
- Мэрия баары бир башка жерден жер берет дегенге кепилдик барбы?
- Анда мен мыйзамдын негизинде соттошушум керек. Чынында эле менин Бишкекте да, Ошто да үйүм жок. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрдүм.
Менин угушумча, К. Бакиев баш болуп, бардык бир туугандары эки кабаттуу особняктарда турат экен. Кээ бири азыр да 700 миң долларга үй алганы камданып турушуптур. Бирок, менде андай акча жок.
- Жумушсуз, үйдө отуруп эрикпей элесизби?
- Үйдө отургандын экинчи жакшы тарабы бар экен. Акыйкатчы болуп турганда күнү-түнү иштеп, тууган, достордон алыстап кетиптирмин. Азыр болсо досторум кайда чакырса барып рахаттанып жатам. Туугандарымдын капачылыктарын жоюп дегендей. Мурда балдарым, кыздарым, неберелеримдин чоңоюп калышканына баам салбай калыптырмын.Эми ошолорго суктанып, өзүмдү ата, чоң ата катары алып жүрөйүн деп тилек кылуудамын. Дагы бир жолу Акыйкатчы болуп шайланганда ден соолугумдан айрылат элем. Азыр мына-ден-соолукту чыңдаганга убакыт бар. "Эмне болсо дагы жакшы жагына" деген турмуштук урааным бар. Бийликке кызмат кылбоонун да жакшы жагы бар экен. Себеби, алар менен кошо булганбайсың, чатак иштерине жооп бербейсиң.
- Бийликтен кызмат сураган жоксузбу?
- "Бакиев жумуш бербей жатабы, эмне кылып жүрөсүз?"-деп баары сурашууда. "Кыргызстандын Акыйкатчысы жөнүндө, мыйзамда" жазылган "Акыйкатчынын мөөнөтү бүткөн соң ошол деңгээлде, андай жок болсо өзүнүн макулдугу менен башка мамлекеттик иш берилиш керек" деп. Ушул жөнүндө Бакиевге беш жолу кат жөнөттүм. "Урматтуу президент мырза, мыйзамга баш ийиңиз" деп. Мен президентке мыйзамга баш ийүүнү үйрөтүшүм керек. Эл карап турат. Эгерде президент өзү мыйзамды тебелеп турса, анда башкалар жөнүндө унчукпай эле коелу. Бүгүн бийлик мага кызмат берсе, эртең отставкага кетем. Себеби бул бийлик менен иштеше албайм. Ушуну билип президент да, Садыркулов да жооп бербей жатышат. Акүйдөгү мен жакшы билгендер, Оштун аксакалдары, Карасуунун аксакалдары, жакшы мамилелеш саясатчылар "Ортомчу бололу, президентке кирели, иш сурап берели, ал үчүн унчукпай туруңуз, президентти сындабаңыз,башкаларга окшоп кошоматчы болуңуз, мактаңыз",- дешүүдө. Бирок, кызмат колдун кири. Дайыма таза болушум керек, эки жүздүүлүк кылып, калп айтып кошоматчылыкка бара албайм. Акырет күнү жооп берүүнү эстен чыгарбоо керек!
- Катты канчадан бери жөнөтүп жатасыз?
- Былтыр августтан бери. Дагы кат жиберем, эми "заказной". Жооп келеби, келбейби эми президентти сотко берем. Себеби, президент мыйзамга баш ийбесе эч качан Кыргызстан өнүкпөйт. Тескерисинче, өзү таң калып отурат "Эмне үчүн мыйзамдар аткарылбайт. Эмне үчүн менин айтканым ишке ашпай жатат?" деп. Өзү ушундай болсо, анан ким анын айтканын аткарат. Ошон үчүн көз боемочулукту токтотуш керек. "Электр энергиясы кымбаттайт, тезек камдагыла, үч фазаны өчүрүп, көмүргө өткүлө" деп айтканына жараша президент өзү үлгү болсун. "Мына үч фазаны өчүрүп салдым, мына көмүр сатып алдым, тезек турат от жагам"-деп өзүн Кыргызстанга көрсөтсүн. Эки-үч кабат үйлөрдө дагы өзүнүн туугандары жашайт. Баарынан баш тартыш керек "Мына урматтуу элим, мен дагы силер өңдөнүп эки-үч кабат үйдө эмес, бир кабат үйдө жашап жатам"-деп. Адилеттү падышанын жүрөгү ушундай болот. Эл жарыксыз күлала болуп отурганда, Акүйдө, менмин деген атка минерлердин үйүндө жарык күнү-түнү өчкөн жок. Ошондуктан, элдин да кыжыры келип жатпайбы. Кечээ, Чүйдөгү досторума барсам, баары тезек жыйып атыптыр. "Эмне болду?"-десем, "Президент айтты го"-деп мыскылдашат. Карапайым элдин эсебинен атка минерлер байып, ичип-жеп, жыргап жашап жатат. Тескерисинче алар элге баш ийип, отчет бериш керек эле. Кудай баарыбызды бирдей жараткан. Эч ким президент, премьер-министр болуп туулган эмес.
- Акыйкатчы болуп кандайча шайланып калдыңыз эле?
- Жогорку Кеңеште "Кыргызстан аймактары" деген фракциянын жетекчиси элем. Кыргызтандын акыйкатчысы деген мыйзамды мен иштеп чыккам. Ж. Казакбаев, А. Базаркулов, Т. Акун, Д. Садырбаев, А.Мамбеталива, М. Иманалиевдер Акыйкатчыга талапкерлигин койгондо, менин фракциямдан Тажиниса Абдрасулова айтып калды "Мыйзамдын автору сиз, өзүңүз Акыйкатчы болбосоңуз башка ким мыйзамды ишке жакшы аткарат"- деп менин талапкерлигимди сунуштады. "ЭрК" партиясы да көрсөттү. Ал кезде Жогорку Кеңеш азыркыга караганда тазараак эле, президенттин айтканын да карашчу эмес. Ошондо да А. Мамбеталиеваны президент айтты, ошону өткөрөлү деп, "телефон укуктарын" кенен колдонуп, 8 миң доллардан беришип, жыйынтыгында жашыруун добуш менен өтүп кеттим. Ал турсун эсимде бар Кубатбек Байболов "Кантип Турсунбай Бакир уулу өтүп кетти!?"-деп таң калып, ачуусу келген. Эч ким көзөмөлдөй албай калган. Бул жолкусу депутаттар президент айтты дешип бюллетенди бири-бирине көрсөтүп туруп ташташты. Кудайга шүгүр, беш жыл берген антыма жараша иштеп бердим.
- Азыркы Акыйкатчынын ишмердүүлүгөн өзгөчөлүктөрдү байкадыңызбы?
- Турсунбек Акунду Акыйкатчынын аппаратына Чолпон Баекова жетелеп келгенде жалпы чогулушта эскерткен эле, "Мурдагы Акыйкатчы түзүп кеткен нерсени сактап калсаң, бул сенин эң чоң эмгегиң", деп. Өкүнүчтүүсү ошол бар нерсени жокко чыгарып жиберди. "Ушунча адамды кызматтан кетирдим" деп мактанып ал адашып жатат. Акыйкатчы аппараты министрлик эмес. Адам укугун коргоочу конституциялык орган. Өзгөчө мамлекеттик орган болуп эсептелсе да адам укугун коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматкерлерге каршы жана башка мамлекеттик органдарга каршы орган. Себеби, мамлекеттеги адам укугун коргоп жатат. Президент менен кеңешип, отчет берем дегени таптакыр туура эмес. Акыйкатчы президенттен да, Жогорку Кеңештен да, Өкмөттөн да көз карандысыз болушу керек. "Баш ийип, сиздин айтканыңыздан чыкпайм" дегени "адам укугу корголбойт" деген сөз.
Буга чейин башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары бизди үлгү катары тутат эле . Азыр коңшу өлкөлөрдөгү акыйкатчыларга окшоп бийликке сөзү өтпөгөн, тиши өтпөгөн бир органга айландырып салышууда. Азыркы Акыйкатчы "Мен бир дагы арызды карабайм. Бул жер арыз кароо конторасына айланып кетиптир",-деп айтып жатпайбы. Бул Акундун туура эмес түшүнүнгү. Адамдар сотко, министрге, аким, губернаторго, айыл өкмөттөргө, милицияга ишенбесе, анан кайда арызданат. Бул айтканы мурдагы бейөкмөт деңгээлинен көтөрүлбөй жатканы.
- Ушул сөзүңүз Акыйкатчы органынын бүгүнкү күндө кереги жок деген пикирлерди колдогонсуйт?
- Азыркы күндө ушундай түшүнүккө келип калдык. Элдин арызы каралбаса, башка мамлекеттик органдардан карапайым калкты коргой албаса, анда Акыйкатчынын элге канча кереги бар?!
- Соттошуп да жүрдүңүз эле, аягы тынчыдыбы?
- Акыйкатчы болуп иштеп турганда мен жөнүндө ушак сөздөрдү таратып, жалган жалаа жапкандыгы үчүн Турсунбек Акунду сотко берген элем. Бирок, эң кызыгы менин эмес, анын арызын биринчи карап берип сот аны уттуруп койду. Ошол эле "Алиби" менен "Де-фактонун" маселесин чечкен Биринчи май сотунун төрайымынын орун басары Мадина Давлетбаева. Мени жамандаган, ушактаган адам жеңип чыгып жатат. Шаардык сотко кайрылсак, алар деле ошол пикирди айтышты. Себеби, презиленттик Администрациянын жетекчиси М. Садыркулов Турсунбек Акун тарапка болушуп жаткан экен. Сот да алардын айтканынан чыкпады. Эми мен кайрадан арызымды берейин деп жатам.
- Кайрадан сотко кайрылганда деле акыйкат каралганга ишенимиңиз барбы?
- Сот арызымды акыйкат карап берет деген ишенимден алысмын. Бирок, тарых үчүн сотко беришим керек. "Бул күндөр да өтөт! Хандар келет, кетет, а эл калат" деген сөз бар эмеспи.
- Кайрадан жеңилсеңиз дагыбы?
- Ооба, кайрадан жеңилсем дагы. Акаев мезгилинде кээ бир соттор эрдик көрсөтүп Акүйдүн айтканын кылбай адилет чечим чыгарышчу эле. Мүмкүн ошондой жүрөгү таза, колу таза судья чыгып калаар. Беш кол тең эмес, бул дүйнөдөн болбосо да, аркы дүйнөдөн корккондор бардыр. Соттордун эч болбосо 5 -10 пайызы таза деп ишенгим келет. Баары эле балит, паракор эмес да.
- Сиз жетектеген "ЭРК" партиясы да өзүн конструктивдүү оппозиция деп жарыялады эле. Анан атайын демилге менен К. Бакиевге кайрылдыңыздар эле, жооп болдубу?
- Биз июндун башында президентке кайрылганбыз. "Кыргызстандын жашоо деңгээли түшүп кетти. Эл кыйналып калды.Күзүндө тирешүү күчөп, эл толкундашы мүмкүн. Аны бийлик сезбей жатат" деп. Июль ичи бүт саясий күчтөр менен тегерек үстөл өткөрүңүз, президент мырза деп. Бирок, президент жооп бербей тескерисинче, Акыйкатчы институтуна эсептөө палатасын, кийин улуттук коопсуздук комитетти жөнөтүптүр. "Турсунбай Бакир уулун чукулап, бир нерсе тапкыла" деп. Алар мени текшерип башташты. Бул менин демилгеме жооп болду. Ошого карабастан, өзүмчө саясатчы катары Кыргызстандагы стабилдүүлүктү, тынчтыкты сактап калуу үчүн көп саясатчылар менен сүйлөшүп жатам. Анын ичинде бийликтебиз дегендер да, өзүн радикал оппозиция дегендер да бар. Көбүнчө көз карандысыз саясатчылар менен сүйлөшүүдөмүн. Булардан сырткары жер-жерлерде, айыл-шаардын өзүнүн формалдуу эмес лидерлери бар. Бир жумадан кийин түштүккө барам, бүгүнкү күнү түштүктө нааразычылык күчөп жатат. Себеби түштүктүн калкы түндүккө караганда кедей. Жумуш жок, тамак-аш, курулуш материалдары кымбаттаганда эл кыйналып калды. Мындай нааразычылыктардын артында түрдүү сөздөр айтылып жатат. Эми буюрса күзгө даярданабыз.
- Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасыздар?
- Кыргызтандын экономикалык, саясаты мындай темп менен кете берсе алдыда эки жол бар же Кыргызстандан баары үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кетиши керек, бүгүнкү күнү бул тенденция көрүнүп турат. Бирок, Кыргызстандан баары чыгып кетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, нааразычылык акциялар башталса кан төгүлбөсүн деген аракеттебиз. Убадаңарды аткара албай жатасыңар, мамлекетти башкара албайтасыңар бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергиле, шайлоо таза өтсүн, шайлоо бурмаланбасын деген талаптарды коебуз. Бир эле өзүн ойлобогон, элдин тагдырын чечкен Жогорку Кеңеш,анан президент, өкмөт келсин деп сунушташыбыз керек. Биз түзүп жаткан кыймылдын ураны: "Туугандуу бийликте ыйман жок, туура бийликте тууган жок!".


Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Алиби"