№57, 08.08.08-ж.
 "Бээжин-2008ден" берекелүү кайткыла!

Олимпиада майрамы башталды!
Ошентип, 2008-жылдын 8-августу да кирип келип, көптөн күткөн төрт жылдыктын чыныгы спорт майрамы-ХХIХ жайкы Бээжин Олимпиадалык оюндары старт алып, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун назары Бээжин тарапка бурулуп отурат.

Буга чейинки олимпиадалык оюндарга караганда, бир кыйла саясатташып кеткен быйылкы Бээжин Олимпиадалык оюндары 8-августтан 24-августка чейин КЭРдин ордо калаасы Бээжин шаарында "Жалгыз дүйнө-бир кыял" деген ураандын астында өтмөкчү.
ХХIX Жайкы олимиадалык оюндарда бардыгы болуп спорттун 28 түрү боюнча мелдеш жүрүп, 16 миңден ашуун спортчулар жана расмий өкүлдөр катышат. Ал эми жеңүүчүлөргө бардыгы болуп, 302 комплект медаль тапшырылат. Дээрлик он алты күнгө созулуучу Бээжиндин керемет спорт жашоосун 5500 журналист жана 16 000 ар кайсы өлкөлөрдүн телекомпания өкүлдөрү чагылдырып турмакчы.
Дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери катышкан бул ири спорттук майданга өлкөбүз Кыргызстандан 20 спортчубуз катышып, өз күчүн сынашат.
Тарых барактарына кайрылып көрсөк, Кыргызстан өзүнүн эгемен жашоосунда эл аралык деңгээлдеги мындай чоң таймашка эң алгачкы жолу 1992-жылы Барселона шаарында өткөн 25-Олимпиадалык оюндарда катышып, өлкөбүздүн намысын беш спортчу коргоп келишкен.
Ал эми 2000-жылы Сидней шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 50 спортчу менен барып, эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында эң алгачкы олимпиадалык медаль-коло байгелүү болуп кайтышкан.
Акыркы жайкы олимпиадалык оюндар өткөн Эллада жергесине Кыргызстандан 30 спортчу барып, тилекке каршы "Афина-2004төн" алатоолук бүркүттөр кур кол кайтышкан эле.
Анда эмесе, Бээжинге аттануучу ак калпактуу Кыргызстандын эр азамат уул-кыздары, кыргызымдын кызыл туусун кытай жеринде бийигирээк көтөрүп, мыкты ийгиликтерди жаратып келишиңиздерге тилектешпиз!